СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Менин туулган жерим" дилбаян

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Менин туулган жерим" дилбаян»

Ы сык-Көл облусу, Ысык-Көл району

Жапар Шабиров атындагы ОртоѲрүктү жалпы орто

билим берүү мектеби



Бар бол, Жер Эне-2023” республикалык экологиялык сынагына карата

«Менин туулган жерим»

темасында жазылган дилбаян







Аткарган: 10-а класстын окуучусу

Досукаева Жаркынай Улановна

Байланыш телефону: 0706890244

Жетекчиси: химия-биология мугалими

Молдобаева Мээрим Таалайбековна

Байланыш телефону: 0705341310





Менин туулган жерим

Кыргызстандын жаратылышы негизи өзгөрүүсүз келе жатат. Биздикиндей жаратылышы кооз жерлер аз. Жайлоолор, көлдөр, жайыттар, суулар, карагайлар, ар түрдүү жаныбарлар Кыргызстандын табияты өтө бай экендигин айгинелейт.

Туулуп өскөн айылым Орто-Өрүктү кичинекей жана кооз. Өлкөбүз тоолу өлкө болгондуктан ар тарабынан тоолор менен курчалган. Ал ар дайым сонун эскерүүлөрдү, жагымдуу сезимдерди тартуулоочу келген жер. Тынчтыктын жана жаратылыштын оазиси. Ал мага дайыма көңүлүмдү көтөрүп, эс алуума жардам берет. Айылдан жратылыштын сулуулугун баалап, жашоодогу жөнөкөй нерселерди баалап, жашоодогу жөнөкөй нерселерден ырахат алганды үйрөнө аласың. Туулуп өскөн айылым муундан-муунга өтүп келе жаткан каада-салттарга, үрп-адаттарга жык толгон жер. Айылдын эли абдан меймандос жана келген туристтер менен окуяларды, тажрыйбаларды бөлүшүүгө дайым даяр. Менин кичи мекеним мен үчүн өзгөчө жер, унутулгус көз ирмемдерге, сабактарга толгон. Ал жерден мен жоопкерчиликтүү, активдүү адам болууну, адамдын жашоосундагы баалуулуктарды тааныдым, таптым жана баалаганга үйрөндүм. Айылдын адамдары бири-бирин колдоп, керек учурда кол сунуп, жакындарын, кошуналарын оор кырдаалдарга калтырбай жардамдарын берип турушат. Айылыбыз табияттын ортосунда, адырлар, токойлор, ачык асман, дарыялар жана кыргыз бермети Ысык-Көлүбүз менен курчалган. Ак кар, көк муздан мөңгү кийген тоолор айылга кошумча кооздук берип тургансыйт. Жаратылыш менен эриш-аркак чоңойгон балдар убактысын ачык, таза абада, токойдо, жайлоодо, көл жээкте ойноп, шар аккан муздак сууга жуунганды үйрөнүшөт. Табият менен болгон бул байланыш, физикалык жана акыл ден соолугубуз үчүн маанилүү. Анткени эс алууга жана ар кандай көңүл чөгүүлөрдөн арылууга жардам берет. Балалыгым көпчүлүк учурда кооз жерлерде досторум менен ойногон жана өткөргөн бактылуу, унутулгус көз ирмемдерге байланыштуу. Көлгө баруу, тоого чыгуу, таза абадан дем алуу, карагайлардын эстен кеткис, мурунга киңип калган жыты уктаганда да жагымдуу маанай тартуулап тураары чын. Туулган жерге болгон сүйүү жөн гана сезим эмес, бул биздин бир бөлүгүбүз. Ар бир көчөнүн окуясы, ар бир үйдүн жарыгы, тарыхы, токойдогу бактардын өзүнчө бир уламышы бар сыяктуу. Күн сайын куштардын сайраганы жүрөгбүздө музыка жңырып турган сыяктуу. Бөтөн жерде султан болгончо, өз жериңде ултан бол элибиз жөн жерден айткан эмес. Кандай абалда болсок да, кандай жашасак да, кандай максаттарды багындырсак да, өз жерибизде, элибизде бактылуу өмүр сүргөнүбүз бүткүл дүйнөнүн бардык жакшылыктарынан артык деп эсептейм.

Айылым – алтын бешигим. Демиме дем, күчүмө күч берүүчүм. Атыр жыттуу талаа магдыратып жан дүйнөңдү эс алдырат. Айылды өнүктүрбөй туруп ар тараптан күчтүү өлкөнү кура албайбыз. Туулган жер ар бир пенденин жүрөгүндөгү ыйык тумары. Ким болбо, кайда болбо, кайда жүрбө убакыт сааты келет киндик каның тамган жериңди сагынып куса болуу. Айылыбызда акыркы жылдары көптөгөн өзгөрүүлөр болуп жатат. Алдаяр атындагы футбол аянтчасы курулду, элдер эс ала турчу парк ачылды жана музей түзүлдү. Ар кандай турнирлер тынбай өтүп турат. Валейбол, шахмат, тогуз коргоол, улак тартыш ж.б. 60 орундуу тигүү цехи 2 жылдан бери тынбай иштеп, айыл тургундарын жумуш менен камсыз кылып, айылда жумушсуздук азайып калды. Жолдорго, көчөлөргө жарык шамдары коюлуп, көпүрөлөр салынууда. Экотуризм дагы өнүгүү алдында турат. Чет мамлекеттен келген туристтер көбөйүп, тоолорго, көлгө суктанып, эс алып кетип жатышат. Миңдеген дары чөптөр чогултулуп, фитоборборлорго өткөрүлүүдө. Чычырканак, кара карагат, бөрү карагат ж.б.

Айылыбыздан көптөгөн мыкты кишилер чыккан. Айтылуу Ысык-Көлдүн жети акесинин бири Алдаяр уулу Мойт акенин жердеген жери. Кыргызстандын алгачкы генерал – майорлорунун бири Жапар Шабировдун туулуп өскөн жери. Айылыбыздын тарыхы айтып бүткүус өзүнчө бир тема. Ата-бабаларыбыз үркүнгө дагы барып келишкен. Айылыбыздын аянты 45,96 км 2, калкы 2000 ге чукул.

Айыл десе келет менин эсиме,

Апакемдин уй сааганы кечинде.

Чаңга ойноп бопбоз болуп, анан да,

Айыл жыты дайым менин эсимде.

Бирок менин кичи мекенимде да көйгөйлөр, кыйынчылыктар жок эмес. Азыркы учурда биздин айылдын эң биринчи көйгөйү - таштанды. Таштандыдан ит – мышыктын өлүгүнөн баштап темирди, желимдин ар кандай түрлөрүн таба аласың. Алар жыл бою чирибей айылды булгап келет. Таштанды адамдын саламаттыгына, тирүү организмдерге, малдарга, адамдарга, өсүмдүктөргө терс таасирин тийгизип, айылды булгап келет. Ар ким өзүнүн аң-сезимини, акылына калчап таштанды таштабаса, ден соолугун ойлосо, таштандынын зыянын билсе, колдонуп жаткан заттарды, буюмдарды рационалдуу, талапка ылайык, максаттуу пайдаланса таштанды аз болот эле. Таштанды салуучу урналарды коюлган менен алар аз болуп жатат. Ошондой урналар көп болсо жана аларды тазалап кеткен автоунаалар болсо, ал таштандыны кайра иштетүүчүү заводдорго алып барса, айылыбыздын эң маанилүү көйгөйү чечилет эле деген ойдомун. Мындан сырткары ата-энелер балдарын таштандыны таштабаганга үйрөтүшсө. Өзүлөрү дагы таштанды таштоодон мурун, буюмдарды колдонуудан мурун туура пайдаланып, ал буюм акыры таштанды болоорун ойлоп сарамжал, тыкан пайдаланса, алган буюмун, кийимин коп жылдарга чейин колдонгонду үйрөнүшсө. Бул таштанды элибиздин бермети болгон көлүбүздө жайкысын көбөйгөнү өкүндүрөт. Айылыбызды гана таштандыдан арылтпай Кыргызстаныбызды дагы таза кармашыбыз керек. Бул көйгөйдүн баарын өзүбүз жаратуудабыз.

Таштандыдан сырткары адамдар көп маани бербеген жайлоолордун, жайыттардын аздыгы, малдын көптүгү. Элдин мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенгени абдан жакшы. Бирок малдын көптүгүнөн жайытта чөптөр калбай, гүлдөр үрөн таштабай, тоолордо чөп калбай калып жатат. Карагайларды жыл сайын кыйып, санын азайтышууда. Бирок ордуна бир карагай тиккен адам жок. Токойлордо бадалдарды кыйып, токой жоголуу коркунучунда турат. Бир даарын кыйып жок кылышты. Эгер биз бак-дарактарды кыюууну азайтсак, анда токойлор жана көп жылдык өсүмдүктөр жер кыртышын тирүү элементи болуп, тоолордогу атмосферанын нымдуулугун көбөйтөт жана жалпы абанын табын азайтат. Натыйжада мөңгүлөрдүн сакталышына жакшы таасир берет. Жана дагы жаан-чачындын болушуна, жер кыртышынын, тоо боорлорунун бекемделишине алып келет жана көчкү, селдердин алдын алат. Мындан сырткары табият бизге жөнөкөйлүк, кичи пейилдик боюнча сабак бере алат. Жаратылыштын таасири астында биз барбыз жана бирдейбиз. Биз адамдар – ааламдын борбору эмес экенибизди, бизди курчап турган дүйнөдөгү ар кандай жаратылыштын кубулуштары эскертип турат. Биз жаратылышыбызга азыртадан кам көрүп, аны урматтообуз керек. Адамдардын баары тоону, токойду коруп, менчиктеп алышкандыктан, мал жайганга жерлер азайып калган. Көлдөгү балыктарга мамлекет тарабынан катуу көзөмөлгө алынгандан баштап, балыктар көл жээкте да сүзүп калышты. Мен өз туулган жеримди сүйөм.

Тиркелген сүрөттөр.

  1. Көчөлөргө жарыктандырууну орнотуу

  2. “Алдаяр ата” атындагы тарыхый музей

  3. Көл жээгин тазалоо иштери

  4. “Көк мойнок” жайлоосу

  5. Айылга библиотека куруунун башталышыш

  6. “Алдаяр ата” атындагы эс алуучу парк

  7. Футбол аянтчасы

  8. “Орток” жайлоосу












































































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!