Просмотр содержимого документа
«Мен коррупцияга каршымын»
№ 3 ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ОРТО МЕКТЕБИ
КЛАССТЫК СААТ
5-КЛАСС
МУГАЛИМИ: МЫРЗАГЕЛДИЕВА Э.К.
МЕН ТАЗА БОЛСОМ, СЕН ТАЗА БОЛСОҢ, КООМ ДА ТАЗА БОЛОТ. ИСХАК РАЗЗАКОВ
САБАКТЫН ТЕМАСЫ:
КОРРУПЦИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?
САБАКТЫН МАКСАТЫ:
- Мыйзамга каршы келген жана укук бузуу иш-аракети катары каралган коррупцияга болгон терс мамилесин калыптандыруу;
- Коррупция менен күрөшүү жолдорун көрө билүүгө үйрөнүү
Жаңы тема:
Балдар, бүгүн биз силер менен актуалдуу теманы, жашообузда тилекке каршы тез-тез жолуктурган көрүнүштү карайбыз.
- Пара
- Сатып алуу;
- Кыянаттык кылуу;
- Опузалап (коркутуп) алуу;
- Белек.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш- жаза кодексине ылайык: «Коррупция»
Бийликтик ыйгарым укуктарга ээ болгон бир же бир нече кызмат адамдарынын айрым адамдар же топтор менен материалдык, кандай болбосун, башка жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле, алар тарабынан бул жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды жеке жана юридикалык жактарга берүү, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарына коркунуч түзүүчү укукка каршы туруктуу байланыштарды түзүүдө атайылап жасалган жосун».
1978-жылы 17-декабрда БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган укук тартипти колдоо үчүн кызмат адамдарынын жүрүм- турум Кодексине ылайык: «Коррупция- милдеттерди аткарууда кандайдыр бир аракеттерди аткаруу же аткарбоо, же алынган, же берилген белектердин, сөз берүүлөрдүн, ар дайым мыйзамсыз алуунун жыйынтыгындагы аракеттер же аракетсиздик”.
Официалдуу коррупция менен күрөшүү күнү - 9-декабрь БУУ тарабынан бекитилген.
Эгерде бул Кылмыш – жаза кодексиндеги аныктаманы көңүл буруп окусак, «коррупция» атайылап жасалган жосун катары мүнөздөлөт (мындайча айтканда, адам алдын ала эмне жасап жатканын билген жана түшүнгөн), «системалык байланыш» кызмат адамы жана үчүнчү адамды ортосундагы мыйзамсыз пайда алуу максатында. Пайда ар түрдүү болот: акчалай, материалдык нерсе катары, кызмат көрсөтүү, мүлктү өткөрүп берүү, белектерди берүү ж.б. Мыйзам тарабынан 8 жылдан 15 жылга чейин мүлктү конфискациялоо менен эркинен ажыратуу каралган.
Жыйынтыктоо:
Коррупция деген эмне? Паракорчулуктан алыс болуу үчүн эмне кылыш керек?
Билимдүү келечекке умтулуп, мыкты окуучулардан бололу! Кийинки сабакта көрүшкөнчө!