СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мектептеги зордук зомбулук

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мектептеги зордук зомбулук»

Мектептеги зордук-зомбулукту жоюу багытында бийлик, эл аралык уюмдар жана жарандык коомчулук өз ара кызматташат




Кыргызстанда мектептеги зордук-зомбулукту жоюу багытында бийлик, эл аралык уюмдар менен жарандык коомчулук өз ара кызматташат. Буга байланыштуу Бишкекте “Зордук-зомбулуксуз мектеп” үлгү программасынын алкагында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Анын айтымында, программа Кыргызстан мектептеринде балдардын билим алуусуна коопсуз шарттарды түзүп берүү максатында ишке ашырылат. Белгилүү болгондой, ЮНИСЕФтин каржылык көмөгү менен Кыргызстандын Билим берүү министрлиги жана Акыйкатчы институтунун колдоосу аркылуу CAIConsulting компаниясы өлкөнүн орто мектептериндеги окуучулардын арасындагы зордук-зомбулуктун деңгээлине иликтөө жүргүзгөн. Аталган изилдөөнүн жыйынтыгы адистердин тынчсыздануусун жараткан. Сурамжылоого катышкан окуучулардын 83,4 пайызы жана ата-энелердин 53,1 пайызы мектептерде зордук-зомбулук кадыресе көрүнүшкө айланып калгандыгын айтышкан.


“Ушуга байланыштуу ЮНИСЕФ жылдын башынан бери жогорудагы программаны мектептерге жайылтуу аракетин көрүүдө. Бул программа тажрыйбага алынган мектептерде өзүнүн натыйжалуу экендигин көрсөтүп жатат. Өлкөдө бул көйгөйдү чечүү максатында аракеттенген техникалык команда түзүлүп калды. Буга чейин өткөрүлгөн семинар-окуулар мектептердеги зордук-зомбулук проблемасын чечүүнүн стратегиясын иштеп чыгууга жардам берди”,-деди ЮНИСЕФтин кызматкери.


Белгилей кетсек, бүгүн кол коюлган Меморандум Кыргызстандын өкмөтү, Акыйкатчы институту, эл аралык уюмдар жана жарандык коомдун ортосундагы мектептердеги зордук-зомбулукту жоюу боюнча өз ара кызматташуунун алкагын аныктайт





«МЕКТЕПТЕРДЕ ЗОМБУЛУК ЖОК» ДЕШЕТ.

БУГА ИШЕНЕСИЗБИ?


Мектеп иштерине, окуучуларга байланыштуу расмий

иш-чараларда “Окуучулар арасында бири-бирине зордук-зомбулук

көрсөтүү жок. Балдар мушташпай эле жакшынакай окуп

жүрүшөт. Бизде баары жайында”,- деген кыяздагы билдирүүлөр

жасалат. Бирок мектеп окуучуларынын, айрыкча эркек балдардын

чыныгы жашоосу “баары жайында” деген өңдүү билдирүүлөрдөн

 өтө эле айырмалуу.

Заманбап жаштар

Азыр кайсы гана класска баш бакпагын, окуучулардын жок дегенде 80 пайызынын колунан уюлдук телефон көрө аласың. Мугалимдерге караганда окуучулар мобилдүү экени байкалат. Жалаң уюлдук телефондор менен гана чектелбестен, азыр жаштар «интернет» илдети менен да ооруй башташты. Анан да бул виртуалдык мейкиндикке баш баккан адам эмнелерди гана таппайт. Олуттуу илимий ачылыштардан, саясаттан тартып, спорт, мода, техника, порнографияга чейин каалагандын баары бар. 
Кейиштүүсү – өспүрүмдөрүбүздүн билим көрөңгөсүн көтөрүүчү маалыматтык сайттарга эмес, туш келди маалыматтарга толгон көңүл ачуучу сайттар менен ынак болушканы.

Окуучулардын “эрдиктери” жүрөктү түшүрөт

Жумушубуздун мүнөзүнө ылайык, Кыргызстандагы ар кайсы сайттарга көз салып турабыз. Ал сайттарга мектеп балдарынын чыныгы турмушун көрсөткөн роликтер да көп жарыяланат. 
Ошол сайтты барактап отуруп, эки-үч роликке көзүбүз түштү. Алардын бири “Мушташ” деп аталса, дагы бири “Новопокровканын жигиттери “мырыктарды” минтип жазалайт...” деп жүрөт. Баш-аягы 5-7 мүнөттүк бул роликти көрүп отурган ар бир ата-эненин жүрөгү канап кетчүдөй. Новопокровкадагы бир мектептин 5-6 тың чыкма жигиттери жоош, момун балдарды четке алып чыгып, эси ооп калгыча тепкилешиптир. Анан да эсин жоготкон балакайды “жаагына чапкылагыла, кичине суу чачып эсине келтиргиле!” дешип шылкылдата эки колтуктан ала жетелеп кетишти. Бирөөнү сабап, тамаша кылып уюлдук телефонго тартып жаткан бул топтун жанынан окуучу кыздар деле унчукпай өтүп жатышат. “Кой-ай” деген киши жок. 
Экинчи роликте 14-15 жаштар чамасындагы өспүрүмдү кайсы бир имараттын ичине киргизип алып, бирөө бети-башка тепкилей сабап, аны эки-үчөө тамаша кылып, бирөөсү уюлдук телефонго тартып жүрөт. Аягында бечара баланын бетинен тамтык калган жок. 
Роликтер сайтка киргизилген күн­дөн тартып “өтө популярдуу” болуп, бир нече күн алдыңкы беттерде жүрдү. Бул арада биз териштирүү максатында ИИМдин Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнө байланышка чыга албай жаттык.







Тартип сакчыларынын бул иштерден кабары барбы?

ИИМдеги Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн ага инспектору, милициянын подполковниги Мурат Мундузбаевди жогорудагы маселе боюнча кепке тарттык.

– Чынын айтсам, мындай сайттын бар экенин да биринчи жолу угушум. Мектептеги зордук-зомбулук менен күрөшүүдө жалаң ИДНдин (өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспектор) колунан көп нерсе келбейт. Ал үчүн мектеп администрациясы, мугалимдер, ата-энелер, балдар чо­гуу-чаран иш алпарышы керек. 
Акыркы кездерде балдар арасында башкача түшүнүк пайда болгон. Мисалы, “стукач”, ошол эле сиздер айткандай “мырык” деген... Таяк жесең же бирөөгө акчаңды тарттырып жибер­сең да эч кимге арызданбашың керек. Арыздансаң “стукач” аталып, катардан чыгып каласың. Мына ушундай түшүнүктү өспүрүмдөр мээге катуу си­ңирип алышкан. Мындайда ИДН менен катар мугалимдер, ата-энелер да балдары менен тыгыз иштешсе, кейиштүү көрүнүштөр азаймак. Мына бул видеороликти эле алалы. Бул баланын бети-башы дагы бир жумача көк ала болуп жүрөрү анык. Ал сабакка кирет, үйүнө барат. Демек, ата-энеси, мугалимдер анын жүзүн көрүшөт. Эмне иш болгонун жакшылап такып сураса, анча-мынча чындык чууруп чыгары анык. 
Бир чети мектептердин жетекчилиги мындай чатактарды көпчүлүккө, бизге да жеткирбей басты-басты кылганга шашышат. Директор, завуч дегендер кызматтан кол жууп калбайын дегендей далалат кылышары да белгилүү. «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» дейт. Анын сыңарындай мектеп жетекчилери ар кандай окуяларды коомчулукка, бизге жеткизбей жаап-жашырып жүрө беришип, аягында килейген чыр чууруп чыгат. Мисалы, өткөн жылы Панфилов районундагы Каптал-Арык айылындагы окуяны алалы. Каза тапкан А.Жузумалиевдин окуясы бир эле күндө пайда боло калган маселе эмес да.
– Мушташтарды уюлдук телефонго тартып, интернетке киргизип жаткандар кылмыштын катышуучулары экени анык. Алар ажыратуунун ордуна, тескерисинче, видеого тартышкан. Бирок алардын аракетинин кичинекей пайдалуу жагы бар. Анткени алар мушташтарды жалпы эл көрө турган сайтка жүктөп коюшушту да. Болбосо, мектепте мындай зомбулуктар болуп жаткандыгын көпчүлүгүбүз билбей деле жүрмөкпүз. Ушул иши үчүн ал балдардын жазасы жеңилдеши мүмкүнбү?
– Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Алар видеого тартып алып милицияга же мугалимдерге алпарышкан жок да. Айрымдары ушундай видеолорду интернетке жүктөө үчүн атайын бирөөлөрдү мушташтырып, уюлдук телефонго тартып жатышпайбы. 
– Сиздердин бөлүмдө интернет-ресурстар менен иштеген адис­тер барбы? Ал жакта эмне иштер болуп жатат, кабар алып ту­ра­сыңарбы?
– Жалпы ИИМ боюнча бар-жогун айта албайм, бирок биздин бөлүмдө андай мүмкүнчүлүк жок. Сиз айткандай маселелер жалаң интернет менен иштей турган бөлүм, адистер керек экендигин көрсөтүүдө. Менин билишимче, Орусиянын ИИМинде интернет-ресурстар менен иштөөчү башкармалык бар. Ал жакта жалаң гана өспүрүмдөр арасындагы зомбулук эмес, порнография, алдамчылык, адамдарды кулчулукка сатуу өңдүү иштерге каршы күрөш жүргүзүлөт. Бизде да мындай бөлүм ачылар деген үмүттөбүз...

Көрсө...

Сураштыра келсек, Өспүрүмдөрдүн иштери боюнча бөлүмдө эле эмес, жалпы ИИМде интернет-ресурстарга көзөмөл жүргүзүүчү бөлүм жок экен. Муну угуп алып, “аттиң” деп калдык. Эгер виртуалдык мейкиндикке кү­нү-түнү көз салып турушса, далай кылмыштын бети ачылып, жогоруда айтылган балдар арасындагы зомбулукка да бир аз чек коюлар беле... Коомдун коопсуздугун камсыз кылуучу органдарыбыздын заман менен канатташ иштей албай жатканы кейиштүү.































«Балдар кылмыштуулугунда психологиялык-педагогикалык көйгөй».

Азыркы күндө коомубуздун алдында турган эң актуалдуу коомдук маанилүү маселелердин бири, шексиз, жаштардын арасында кылмыштардын өсүшүн төмөндөтүү жолдорун издөө жана алардын алдын алуунун натыйжалуулугун арттыруу болуп саналат.

Кылмыштуулук жашарып, туруктуу кайталануучу мүнөзгө ээ болуп баратат. Жаштар чөйрөсүнүн мындай криминалдашуусу коомду болочогунан, жакынкы келечекте болсо, коомдук тең салмак жана жыргалдан ажыратат. Бул көйгөйдү чечүүдө башкы роль социалдык педагогикага берилет. Антсе да, муну комплекстүү түрдө, коомдун бүткүл күчтөрүн тартуу менен гана чечсе болот.

Бирок, коомдун интеграциясы менен аракеттери илимий жактан негизделген, натыйжалуу технологиялар менен жабдылган социалдык педагогикалык системанын алкагында, же бекем жана туура турмуштук директивалары бар инсанды калыптандырууну камсыздаган туруктуу педагогикалык жана тарбиялык-профилактикалык таасирлер аркылуу жашы жете элек инсанды тарбиялоо менен гана ишке ашырылышы мүмкүн.

Профилактикада социалдык-педагогикалык концепция көп жылдан бери инсанды тарбия таасиринин түшүмү катары гана караган, андыктан, башка объективдүү факторлорду, мисалы, инсанга таасир эткен коомдук шарттарды эске албаган бир жактуу мамилени ийгиликтүү ашууга жол берет. Жалпысынан, мыйзам бузуунун алдын алуу сыяктуу эле, кайра тарбиялоо жараяны да бир жагынан, материалдык, интеллектуалдык жана ахлактык маданиятка инсанды тартуу жараяны катары, экинчи жагынан, жеке өнүгүү, инсандын жүрүм-турумунун оңдолушу жараяны катары көрсөтүлөт.

Мында, көбүнчө, жүрүм-турумунда кемчилиги бар жаш жигит жана кыздардын жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу деп түшүнүлгөн жеке мамиленин өзүн, чектелүү түшүнүүнү ашып өтүү маанилүү.

«Жеке мамиле,  - деп жазган А.С.Макаренко,  - өзүнчө бөлүнүп алган обу жок инсан менен алышуу дегенди билдирбейт. Жеке мамиле деп, майда мүдөөлүү жеке тарбияны өнүктүрүүгө болбойт. Окуучунун кемчиликтерине кол кабыш кылган, обу жоктугун сокурча ээрчиген, тарбия берүүнүн жана мүнөзүн оңдоонун ордуна аны менен ойноп, алпурушкан педагог байкуш... Жеке мамиле, жеке жөндөм жана ыктарына карата коомдук тарбиянын мүнөзү менен аныкталган инсан сапатынан кабар берүүдө турат».

Бул жараянды натыйжалуу башкаруу үчүн ахлактык аң-сезимди иштеп чыгарууну, оң жүрүм-турум жөндөм жана адаттарын калыптандырууну, антисоциалдык таасирлерге каршы турууга жол берген эрк аракетин тарбиялоону, микрочөйрөнү социалдык жактан оңдоону камсыз кылган профилактикалык усулдарды тандап алыш керек.

Мыйзам бузуулардын жекече алдын алуу түзүлүшүндө мындай негизги маселелерди белгилөөгө болот:

- мыйзам бузууга ыктуу, коомдук жактан терс жүрүм-туруму бар кишилерди, аларга терс таасир эткен ата-эне жана башка адамдарды убагында аныктоо;

- жаш адамдын коом менен жаңжалын болтурбоо максатында жашы жете элек мыйзам бузуучулардын курактык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүн үйрөнүү. Буга кол кабыш кылган себеп жана шарттарды жоюу;

- мыйзам бузуучуга жана анын чөйрөсүнө колдо бар форма жана усулдардын колдонулушунун натыйжалуулугун эске алуу менен жеке тарбиялык профилактикалык таасир этүү программасын иштеп чыгуу;

- тарбиялоо жана алдын алуу ишинде баардык коомдук-педагогикалык ишмердүүлүк субъектилеринин кызматташуусун жана бири-бирине өткөрүлүп берилишин, жүрүм-туруму терс өспүрүмдөрдүн жашоо образын туруктуу көзөмөл кылууну уюштуруу, жагымсыз жүрүм-турумдарга реакция кылуу жана оң жылыштарды кубаттоо.

Мыйзам бузуулардын көбөйүшүнүн негизги себептери балдардын пайдалуу нерселер менен жетишсиз деңгээлде алек болуусу, ата-эне жоопкерчилигинин төмөндөшү, үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык жетиштүүлүк деңгээлинин төмөндөшү, калктын саламаттыгынын начарлоосу, булардын ичинде, массалык маалымат каражаттарынын, кино жана телекөрсөтүүнүн, жарнаманын терс таасири болуп саналат.


  1. Коомдук уюмдар жана иштеп жаткан ишканалар менен бирге бардык субъекттердин аракеттерин биргелештирүү. Коомдук тартипти сактоо маселелеринде жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ролун жогорулатуу.

  2. Ишке ашыруу маалында пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө алдын алуу программасынын бардык субъекттеринин координациясын жана маалымат алмашуусун жүргүзүү.

  3. Коомчулукту кылмыш жана башка мыйзам бузуулардын алдын алуу жана бетин ачууга кененирээк тартуу.

  4. ММКлар аркылуу мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча жигердүүрөөк үгүт иштерин жүргүзүү.

  5. Бардык мамлекеттик жана коомдук институттар, диний уюмдар, коммерциялык ишканалардын мыйзам бузуулардын алдын алууга тартылышынын оптималдуу формаларын аныктоо.

Азыркы күнгө карата, чындыгында, айрым көйгөйлөр бар. Быйыл январда жаңы маалымат банкы түзүлгөн. Силер билгендей, биздин шаарда 94 мектеп бар. ШИИБ менчик мектеп, лицей жана колледждер менен бирге бардык билим берүү институттары менен иштешет. Алар жашы жете электер тарабынан кандай мыйзам бузуулар болуп жатканын ай сайын жалпы анализден өткөрөт, бирок, ар бир мектеп боюнча өзүнчө анализ жок.

Дал ушундан улам жаңы маалымат банкын түзүү зарылдыгы пайда болду, анда каттоого алуу датасы жасалган мыйзам бузуунун себеби жана күндүн кайсы бөлүгүндө жасалганы менен бирге көрсөтүлөт. Биз үчүн бул маанилүү, анткени, ата-энелер тарабынан начар көзөмөл жүргүзүлүүдө. Күндүн кайсы бөлүгүндө көбүрөөк мыйзам бузуулар болуп жатканын пайыз катышында аныктоо зарыл. Көптөгөн мектепте түрдүү кеңештер түзүлгөн, бирок, мектептерде ичинде сөзсүз түрдө мектеп директору, мектеп директорунун орунбасары, ата-энелер, Жашы жете электердин иши боюнча инспекциясынын инспектору кирген 7-11 кишилик Мыйзам бузуулардын алдын алуу кеңешин калтыруу гана сунуш кылынган.

Рекэттин пайда болуш себептеринин бири деп, окуучулардын социалдык жактан катмарлашуусун атамакмын. Мектептерде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн келген, кем жана социалдык жактан жабыркаган балдар бар. Бир жагынан, алар мектеп рекэтинин курмандыктары да, рэкетир да болушу мүмкүн.

Колунда бар ата-энелердин балдары да курмандык жана ошол эле учурда рекэтир болушу мүмкүн. Тилекке каршы, бул балдар: «Бул дүйнөдө баары сатылат да алынат, мага баарын жасоого болот» деп, ойлошот.

Мектептерде иштөөнүн жыйынтыгында мектеп рэкетинин курмандыктары болгон балдарды кайсы белгилер боюнча аныктоо мүмкүн экенин таптык.

Биринчи белги - баланын жүрүм-турумунун үй шарттарында өзгөрүүсү. Демейде, балдар үн катпас болуп калат.

Экинчи белги – бала мектепке барбаш үчүн такай шылтоо издейт. Балдардын айрымдары ал жерде аны рэкетир күтүп жаткандыктан, мектепке баруудан коркот.

Үчүнчү белги – бала кырдаалдан качуу өңүтүн карманып калышы мүмкүн. Башкача айтканда, ал мектепке барып жаткандай көрүнөт, эртең менен даярданат, ата-энеси менен коштошот, бирок, мектепке жетпейт, күн бою башка иштер менен алек болот, кечинде үйүнө мектептен келгендей кайтат.

Төртүнчү белги – бала өз классындагы, же мектептеги рэкетирлердин талаптарын канааттандыруу үчүн ата-энесинен көбүрөөк акча сурай баштайт.

Бешинчи белги – бала өзү менен өзү боло баштайт жана достору менен көрүшпөй калат. Көптөгөн окуучулар анкеталарда ушуну жазган, алар муну негизги белгилердин бири деп санайт. Эгер мурун бала класста ачык-айрым болгон болсо, кийин ал өзү менен өзү болуп калат да, достору менен баарлашуудан кача баштайт.

Алтынчы белги – окуудагы ийгиликтеринин начарлашы.

Дагы бир белги – баланын денесиндеги көк тактар.

Бул балдар менен жеке маектерде жана анкета жүргүзүүдө биз аныктаган мүнөздүү белгилер.




Окуучулар менен тренинг, жеке маек, жолугушуу өткөрүү кандайдыр бир натыйжа берет деген ойдобуз. Бала мектеп рэкети менен күрөштө ага бирөө жардам кыла турганына ынана баштайт. Бул тренингдерден кийин абдан көп окуучу биздин укук клиникабызга кайрылды.

Бизде окуучу агасы, же эжеси катары студентке сырын айта алган шартта окуучулар менен студенттер арасында байланыш жөнгө салынып жатканы кызыктуу. Балдардын көбү ата-энелерине көйгөйлөрүн айтуудан коркот, бирок, алар сырларын биздин студенттерге айтышат, ошон үчүн биз аларга айрым көйгөйлөрдү чечүүдө жардам кыла алабыз.

Клиникабызга жаңжал болуп бүткөн соң кайрылышканда, биз жаңжалдашкан эки тарап түзүлгөн кырдаалдан чыгуу жолун өздөрү табышы үчүн медиация өткөрөбүз.

Негизинен, жаңжалдар окуучулар арасында болуп жатканын белгилөө зарыл, мында медиация ал жаңжалдарды чечүүдө натыйжалуу ыкма, анткени, алар баары бир ошол эле мектепте окууну улантат.

Жыйынтык катары, түзүлгөн кырдаалды өзгөртүү үчүн жаңжалдардын алдын алуу боюнча алгылыктуу иш алып баруу керектигин айткым келет. Тилекке каршы, ММКлар аркылуу мектеп рэкети менен баарын коркутуп жатышат. Көп киши мектеп коомчулугу ууру мыйзамдарына жараша жашап жатканын, балдар «общакка» («орток кассага») жөнөтүү үчүн акча жыйнап жатканын айтат. Менимче, бул жөн эле балдар менен ата-энелерин коркутуу.

Мектеп рэкети менен күрөшүү жана жаңжал потенциалын төмөндөтүү үчүн социалдык педагогдорго жаңжалдар менен кантип иштөө керектигин, жаңжалдарды талдоонун кандай аспаптары бар экенин үйрөтүү керек. Эгер биз балдарга үйрөтсөк, жаңжалдарды талдоо жана чечүү аспаптарын алардын колуна тапшырсак, алар өз мектептеринде жаңжал потенциалын төмөндөтө алат. Албетте, бир заматта эле кырдаалды өзгөртө албайбыз, бул үчүн убакыт керек. Бирок, менимче, убакыт биздин пайдабызга иштейт.

Зухра Саметова: Урматтуу катышуучулар, Бишкек ШИИБнин Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири - жашы жете электер арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу, аларды убагында аныктоо, жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштардын бетин ачуу болуп саналат. ШИИБнин кызматтарынын негизги аракеттери билим берүү мекемелеринин жетекчиликтери, ата-энелер комитеттери, Балдар иштери комиссиясы жана башка коомдук уюмдар менен тыгыз кызматташтыкка багытталган.

Жалпы кылмыштуулук сыяктуу эле, жашы жете электердин кылмыштуулугунун себептери да социалдык шартталган мүнөздө. Баарынан мурун алар коомдун турмушунун конкреттүү тарыхый шарттарына көз каранды. Акыркы убакта жашы жете электердин кылмыштуулугунун жана анын тез өсүшүнүн башкы себеби - социал-экономикалык кырдаалдын чукул начарлашы деген пикир калыптанды.

Мыйзамдуу жол менен өз муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүндүгү болбогон өспүрүмдөрдүн көбү керектүү буюм жана азык-түлүккө акчаны, көбүнчө, кылмыш кылуу жолу менен таба баштайт. Жашы жете электер мектеп рэкетине жигердүү катышат, анткени, бул акча табуунун эң оңой жолу.

Экономикалык кризистин терс көрүнүштөрүнүн бири – бул жумуш орундарынын жоктугу. Бул биринчи ирээтте тарбия мекемелеринде жазасын өтөгөн өспүрүмдөрдүн ишке орношуу мүмкүнчүлүгүнүн азайышына алып келди. Мыйзам бузуулардын алдын алууда мектеп жетекчилиги, жамааты, мектептеги достор чөйрөсү өзгөчө роль ойнойт.

Балдардын мектепке барбоосу, көзөмөлсүз калышы жана жасалган мыйзам бузуулардын негизги себептери ата-энелердин балдарды окутуудагы жана тарбия берүүдөгүөз милдеттерин аткарбашы, балдардын сабактарга баруусунун көзөмөлсүз калышы жана бош убактысынын уюштурулбагандыгында жатат.

Бош убакыт маселеси – өзгөчө көйгөй. Жашы жете элек баланын бош убактысы чоң кишиникине караганда эки-үч эсе көбүрөөк. Бош убакыт көп болгон сайын мыйзам бузуу ыктымалдуулугу да ошончолук жогору болот.

Өспүрүмдөрдүн бош убактысын кыскартуу максатында жалпы орто мектептерде акысыз ийримдер жана спорт секциялары болушу керек, же болбосо, ийрим жана секция акысы жеткиликтүү болушу керек, анткени, аз сандагы ата-энелер гана мындай сабактарды төлөй алат.

Мектеп жетекчиликтери балдарды кызыктырышы керек. Жалпы орто мектептерде сегизинчиден он биринчи класска чейин окуучулардын укук билүү деңгээлин өстүрүү үчүн Конституция тууралуу, кылмыш-жаза жана административдик укук тууралуу баяндала турган предметтер киргизилиши, психология үйрөтүлүшү зарыл.

Жалпы орто мектептерде Балдар иштери боюнча комиссиянын көчмө отурумдарын өткөрүш керек.

Материалдарды кароодо мектеп администрациясы ыктымалдуу коркунуч туудурган топтогу жана мектеп ичинде каттоодо турган окуучулардын келишин камсыз кылууга милдеттүү. Балдар иштери боюнча комиссия тарабынан түрдүү мыйзам бузуулар боюнча кандай чаралар көрүлүп жатканын балдар ачык көрүшү керек.

Жашы жете элек баланын жеке кишилиги үчүн алдын алуучу таасирдин, башкача айтканда, жеке профилактиканын мааниси чоң, андыктан, мектептердин штатына балдар менен жекече иштей ала турган бирден психолог киргизиш керек, анткени, алдын алуучу таасир системасынын негизги элементи кылмыш жасай ала турган жашы жете элек балдарды дыккаттуу үйрөнүү, башкача айтканда, алардын кылмыш кылуу ыктымалдуулугунан кабар берген жүрүм-турумун, көз караштарын, жоруктарынын жүйөөсүн иликтөө болуп саналат.

Маселенин чечилиши аталган көрүнүштөрдүн диагнозун өз убагында коюуда жатат. Албетте, балдар кылмыштуулугу көйгөйүнүн чечилиши КРнын мыйзамдарына да көз каранды, аларда жашы жете электерди тарбиялоо, багуу жана окутуу милдеттерин аткарбай жаткан ата-энелер, же алардын милдетин алып жүргөн адамдарга карата административдик чаралар катаалдаштырылышы керек.

Назгүл Турдубекова: Саламатсыздарбы, тегерек стөлдүн урматтуу катышуучулары. Эмне үчүн Кыргызстандын жалпы билим берүү мектептеринде зордукту жоюу менен алек болууга чечим чыгарганыбызды кыскача айтайын.

Биздин уюм жыл сайын жалпы республикалык «Баламды мектепке алыңыз» иш-чарасын өткөрөт. Көйгөйдү чечүүдө айрым жылыштар бар болгону менен Кыргызстанда алигиче билим берүүгө жетүү көйгөйү бар. Ата-энелер биздин уюмга балабыз мектепке кабыл алынбай жатат деп, арызданышат, анткени, үй-бүлө кириш төлөмүн бере албай, же айлык төлөмдөрдү төлөй албай жаткан болот. Мындай жагдайда бала мугалимдер тарабынан кысымга алынат да, натыйжада, ал мектепти таштоого аргасыз болот. Бул жаңжал түрлөрүнүн бири.

Мугалим менен окуучу арасында жаңжал көп болот. Мугалимдер балдарга кол көтөргөн, же психологиялык кысым жана зордук колдонгон учурлар болот.

Бул жаңжалдарды чечүүнүн, бала укуктарын бардык зордук түрлөрүнөн коргоо механизмдеринин жоктугу, биринчи кезекте, алардын физикалык кол тийбестик укуктарынын одоно тебеленишине алып келе турганын белгилегим келет.

Жыл сайын Кыргызстанда 100гө жакын бала өз жанын кыят. Биздин өлкө үчүн бул чоң цифра. Албетте, өз жанын кыюу окуяларынын баары эле мектептеги зордуктан улам болбойт, бирок, алардын бир бөлүгү - баланын мектеп, же ата-эне тарабынан колдоо таппагандыгынын кесепети. Өлүмдөрдүн бир бөлүгү теңтуштар бири-бирин өлөрчө сабаган учурларда, же мектеп рэкетинин натыйжасында болот.

Биринчиден, бала барып жүргөн мектептин ички жана тышкы чөйрөсү аны бардык зордук түрлөрүнөн коргоого кол кабыш кылбайт. Балдарды коргоочу ыйгарым укуктуу органдар аларды коргоонун ордуна репрессивдүү ыкмаларды колдоно баштайт, көбүнчө, баланы ыктымалдуу кылмышкер катары карашат. Кайсы бир райондун тартип бузган балдарын, эгер алар мыйзам буза турган болсо, анда аларды эркиндиктен ажыратуу жайлары күтүп жатканын көрсөтүү үчүн Вознесеновка жашы жете электер колониясына алып барышканын ММКлардан көп эле укса болот.

Психологдор мындай экскурсияларды өткөрүүнү таптакыр тыйышат, анткени, бул учурда балада ахлактык баалуулуктардын өнүгүшү болбойт, укук билими өспөйт. Тескерисинче, ал терс тажрыйбаны көрөт. Ошондой эле ийгилик менен биз чоң кишилерди кылмыш кылбашы үчүн колонияларга алып барсак болот.

Бул совет калдыгы, бала укуктарын коргоочу ыйгарым укуктуу органдар – азыр бул Үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмү, Балдардын иштери боюнча комиссия, Жашы жете электер иштеринин инспекциясы  репрессивдүү мүнөздөгү ишмердүүлүк жүргүзчү. Алардын максаты балага мораль окуу жана коркутуу, кысым аркылуу өзүн тийиштүү түрдө алып жүрүүгө зордоо эле. Бирок, таалайлуу экенбиз, Кыргызстанды демократиялуу реформалар жүрүп жаткан өлкөлөргө кошсок болот. Бул реформалардын бир бөлүгү балдар укуктарын коргоого да тиешелүү. 2012-жылы КРнын «Балдар жөнүндө» кодексинин жаңы редакциясынын кабыл алынышы аркылуу бардык ыйгарым укуктуу органдар балдар менен алек болуп, баланы бардык зордук формаларынан коргоо функциясын аткарууга милдеттүү.

Шексиз, балдар өзүн алып жүргөн жана башка балдардын укуктарын бузган окуяларда коом алардын эркиндигин чектөөгө аргасыз болот. Бирок, көбүнчө балдар жөн эле жардамга муктаж болушат.

Азыркы күнгө карата балдар үчүн негизги жардам болуп, аларга укуктарын үйрөтүү саналат. Өз укуктарын билбеген бала башкалардын укуктарын бузбай коё албайт.

Албетте, дискриминация кылбоо сыяктуу баалуулукту бузуу болот. Тажрыйба көрсөткөндөй, балдар арасында жаңжалдар этникалык белги боюнча да чыгат. Социалдык макамдагы айырма да жаңжалга алып келет. Билим берүү системасынын өзү колдонгон айырмалар да бар. Бардык мектептерде «А» классы,  «Б» классы, «В» классы ж.д.у.с. бар. Мындайча айтканда, балдар сорттолот, андыктан, бардык мугалимдерде «А» классында тырышчаак, соо үй-бүлөлөрдөн чыккан балдар окуйт, калгандарда болсо, азыраак ийгиликтүү балдар окуйт деген стереотип, мындан улам, аларга карата түрдүү мамиле калыптанат. Албетте, бул бардык мектептерде эмес, бирок, көбүндө болот.

Мен дайыма «жабык банка» эффектисинен кеп козгойм, мында мугалимдер, окуучулар «өз ширесинде кайнайт», мектепте бир жаңжал чыкса, алар маалыматты жайылтпоого аракет кылат, бирөө өз жанын кыйган болсо, кабар берилбейт, анткени, ал үчүн жоопко тартылышат.

Тилекке каршы, бизде баланын башына түшкөн бардык көйгөйлөр үчүн мектеп гана жооптуу деп саналат.

Кыргызстан бала укуктары тармагында бардык бийлик өкүлдөрүнө тиешелүү түрдүү эл аралык документтерди ратификациялаган, ошондуктан, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары зордук, жаңжал жана мыйзам бузуулардын алдын алууга өз салымын кошуу үчүн даярданууга милдеттүү.

Бирок, тилекке каршы, азыркы күнгө карата бардык жоопкерчилик жүгү мугалимдерге жүктөлгөн. Натыйжада, мугалим билим берүүнүн сапаты үчүн, тарбия үчүн, мектептин тышында болуп жаткан нерселер үчүн жооптуу болуп калган.

«Жабык банка» эффектисине жараша көйгөйдөн чыгуу механизми жок кезде жарылуу болот, бирок, адистер кырдаал тууралуу убагында билгенде айрым кесепеттердин алдын алуу мүмкүн болмок.

Биз мектептерде зордуктун алдын алуу жана жоюуда мындай механизмди сунуш кыла алган дүйнөнүн түрдүү үлгүлөрүн изилдедик жана Европа системасында эң жакшыларынын бири деп таанылган серб үлгүсүнө токтолдук.

Бул «Зомбулуксуз мектеп» программасы, мында баланы зомбулуктан ички жана тышкы коргоо системасын түзүүгө басым жасалат. Ички компонентте баары бала үчүн жасалып жатканына басым жасалат, башкача айтканда, бардык иш-чаралар баланын катышуусу менен өткөрүлүшү керек. Балдар өздөрү катышкан мектеп командалары түзүлөт, алар мектепте зомбулукту жоюу ишинде жигердүү актерго айланат. Мугалимдер да жигердүү жардамчыларга айланып, шериктер катары бул программаны бирге жылдыра баштайт.

Бул программа бир нече жыл бою 20 мектепте сыналган, жакшы натыйжалары бар. Алгач балдар да, мугалимдер да бул программага чоң чочулоо менен мамиле кылышкан, бирок, бул программа боюнча үч жылдан бери иштеп жаткан мектептер олуттуу өзгөрүүлөр болуп, бул мектептерде атмосфера жакшырганын белгилейт.

Гүлмира Бегалиева: Саламатсыздарбы! Бүгүн биз абдан актуалдуу теманы талкуулап жатабыз. Азыр балдар таптакыр башка.

90-жылдардан бери биздин коомдо абдан көп өзгөрүү болуп өттү, башаламандыкка түштүк десек болот. Заманбап цивилизация сунуш кылган көп баалуулук пайда болду. Балдарды тарбиялоодо да таң калтыра турган мамиле колдонулууда. Үй-бүлөлөрдүн көбү азыр демократиялуу тарбия стилин тутат.

Совет мезгилинде улууларга урмат таңууланса, азыр улуу муун окуучулар жана студенттер менен бирдей деңгээлде баарлашууга милдеттүү. Бул жагынан мен баалуулуктарды жоготуудан кеп козгомокмун.

Менимче, мектептерде көйгөйлөр начар окуудан жана тартип бузуудан улам пайда болот.

Назгүл Турдубекова: Абдан кыскача комментарий бергим келет. Менимче, баалуулуктарды жоготууга болбойт, алар же бар, же жок, ошондуктан, Кыргызстан башаламандык ичинде деп айтууга болбойт.

 

Биз бүгүн мектептердеги жаңжалдарды карап жатабыз. Менимче, айыл болобу, шаар болобу, биздин мектептерде адамдын кадыр-баркын сыйлоо керектиги тууралуу айтылбайт, окуучуларга эч кимдин сени кордоого акысы жок, сенин да бирөөнү кордоого, же пас көрүүгө акың жок деп түшүндүрүшпөйт.

Эгер бир нече негизги баалуулук төрөлгөндөн бери өздөштүрүлө берсе, кийинки баалуулуктардын баары өзүнөн өзү мурункуларга кошула берет. Бул баалуулуктар аркылуу биз өзүбүзгө ар кайсы жерде: үй-бүлөдө, көчөдө, мектепте, же башка жерде оң, коопсуз мейкиндик кура алабыз.

Евгения Ким: Менде ШИИБнин өкүлүнө суроо бар. Административдик чараларды катаалдаштыруу зарыл экенин айттыңыз. Айтыңызчы, учурда балдардын укуктарын жөнгө салган мыйзамдар иштеп жатабы?

Зухра Саметова: Административдик жоопкерчилик кодексинде балдарды тарбиялоо жана окутуу милдеттерин аткарбагандыгы үчүн ата-энелерге 300 сомдон өйдө жаза салынат деп жазылган. Катаалыраак чаралар жана жазанын көбөйтүлүшү керек деп ойлойм.

Назгүл Турдубекова: Балдардын укуктарын коргоочу катары ата-энелерге баласын тийиштүү түрдө тарбиялабай жатканы үчүн жаза салууга таптакыр каршымын.

Кеп Кыргызстанда азыркы күнгө карата ар бир үчүнчү баланын кедей үй-бүлөдө жашап жатканында. Ар бир үй-бүлөдө эле ата-эненин экөө тең иштей бербейт, көбүнчө, же энеси, же атасы иштейт. Көйгөйлүү балдардын көбүнүн ата-энесинин экөө тең иштебейт.

Ата-энелерди материалдык жактан жазалай турган болсок, бала азыраак тамак жейт, өзүнүн жөндөмдүүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн азыраак мүмкүнчүлүккө ээ болот, бирок, ата-эне баланы кантип тарбиялаш керектиги тууралуу мамилесин өзгөртөт деп айтууга болбойт.

Ата-энелер үчүн оң тарбия ыкмалары боюнча курстарды өткөрүш керек. Биздин уюмдун атайын курстары бар. Ата-энелер менен системалуу түрдө белгилүү иш жүргүзүлө турган болсо, алардын балага мамилеси өзгөртүлсө, репрессивдүү ыкмаларды колдонууга караганда абдан натыйжалуу боло турганы тажрыйба жүзүндө далилденген.

Эки жыл мурун Тажикстанда начар тарбиясы үчүн ата-энелердин жоопкерлиги катаалдаштырылган. Азыркы күндө жарандык коом мунун кырдаалды начарлатканын, ата-энелер балдарын жакшыраак тарбиялап калбаганын белгилөөдө.

Нурланбек Момункулов: Жашоо баалуулуктарынын өзгөрүшү тууралуу ойго кайтайын, буга толук кошула турганымды белгилегим келет. Мисалы, аскерлик. Биздин убакта бардык жигиттер аскерге баргысы келген болсо, азыр жаштардын буга мамилеси таптакыр башка. Адам аскерге барган болсо, ага кийин кандай ат тагыла турганын айтпай эле коёюн.

Жакшы окуучунун үлгү тутулуусун каалайт элем, жакшы жүрүм-туруму жана жетишкендигин айтып жатам.

Шексиз, азыр баары жогорку билим алгысы келет. Бирок, республика боюнча ЖОЖдордун саны 54 жана баары толуп калган. Жылдан жылга ЖОЖ бүтүрүүчүлөрүнүн билим сапаты начарлап баратат. Өз факультетинин аталышын дагы билбеген студенттер бар.

Жашоо баалуулуктары абдан өзгөрдү, бул мыйзам бузуунун санынын өсүшүнө таасир эткен себептердин бири гана.

Элмира Арапова: Сизге кошула албайм. Мен Арабаев атындагы КМУнун Укук таануу кафедрасынын башчысымын, КЭУда социалдык кызмат багытын жетектейм.

Жылдан жылга жогорку билим берүү системасында студенттер үчүн орун кыскартылып, контракттын суммасы өсүүдө. Биз азыр иш жүзүндө жогорку билим берүү системасын кулатып жатабыз. Баары абитуриенттерди кабыл алуудан башталат. Бизге анекдоттогудай, өз автобиографиясын жаза албаган, «автобиография» сөзүн «ф» менен жазган адамдар келет. Ошондуктан, мында мектептен баштап билим берүү системасын карап чыгыш керек.

Мектептерде сабаттуу мугалимдер жетишсиз, сабатсыз окуучу ЖОЖго келет. Төрт жылдан бери студенттерге орус тили жана математиканы үйрөтө албай жатабыз, бирок, жаш адам жок дегенде бирдеме үйрөнүшү үчүн муну кылууга аргасызбыз. Андан кийин сабатсыз адис чыгат да, мектепке иштегени барат. Ошентип, баары кайталанат.

Назгүл Турдубекова ата-энелер менен алдын алуу иштерин жүргүзүү, курс уюштуруу тууралуу айтты. Ата-энелердин мындай курстарга барууга убактысы жок, алардын мойнунда чоң түйшүк жатат деп ойлойм, анткени, ата-эненин негизги максаты балдарын багуу.

Мектептерде ата-энелер жыйналышын өткөргөн класс жетекчилери бар экенин унутпашыбыз керек. Дал ушул ата-энелер жыйналышында биз ата-энелерди тарбиялашыбыз абзел. Буга Билим берүү башкармалыгы да көңүл бурушу зарыл.

Марсел Арстанбек уулу: Мага окуучулардын өздөрүн кызыктыруу керек деген пикир жакты, анткени, оң жигердүүлүк болбосо, баланын энергиясы терс жигердүүлүккө өтөт.

Окуучулар арасында жаңжал чыкканда мугалимдер, социологдор менен иш жүргүзүш керек, аларга үйрөтүш керек дегенге кошулбайм. Жаңжалдар окуучулардын арасында болуп жатса, түздөн-түз окуучулар менен иштеш керек, ортомчунун кажети жок.

Туура белгиленгендей, окуучулардын ой жүгүртүүсү өзгөрдү. Менимче, мурун болгондорду айтуу эмес, ушул өзгөрүүлөргө көңүл буруу керек. Жакшы болуш керек, туура жүрүш керек деп айтуу эмес, окуучулардын өздөрүн кызыктыруу керек экенин дагы бир ирет белгилейин.

Дарья Буковская: Азыр негизги жаңжал окуучулар арасында болуп жатат деген пикирдин жаңылыш экенин белгилейин. Көбүнчө, окуучулар менен мугалимдер арасында жаңжалдар көбүрөөк кезигет деп ойлойм.

Республикабызда азыр бардык тармактарда абдан чоң  реформалар болуп жатканда, көп адамдар, мугалим баарынан мурун, тарбиячы болушу керек деп айтат.

СССР убагында мугалим улуураак, ошондуктан, ага «жүгүнүш» керек деген пикир басымдуу болгон кезде абдан оңоюраак эле.

Азыр баары өзгөрдү, окуучулардын жүрүм-туруму мурункудай эмес, алар эчак ойлонуп чыгарылган эрежелерди бузушат, мындан улам мугалимдер окуучуларга агрессивдүү мамиле кылышат.

Жогорудан директорлорго, алар да өз кезегинде мугалимдерге, мугалимдер болсо, өзүн кармай албай, болгон терс нерселерди окуучуларга багыттап жатканы да тоскоолдук кылууда.

Менимче, жигердүү болушу керек болгон, ар бир иш-чарага катышкан идеалдуу окуучу образынын жашап жатканы туура эмес. Ар бир класста ушундай  «сүймөнчүк» бар, мугалимдер да баары ага окшош болушу керек экенин айтат. Бала кысымга дуушар болот жана өз дүйнөсүнө чөмүлө баштайт. Дал ушул бала рэкет жана зомбулук курмандыгы болот.

Александр Тимофеев:  Менде ШИИБнин өкүлдөрүнө суроо бар. Азыркы күндө мектептерде жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор үчүн атайын ставкалар бөлүнгөн. Бирок, менин түшүнүгүмдө алардын тапшырмасы балдарды үркүтүү эмес, алдын алуу иштерин жүргүзүү. Эреже катары, милиция кызматкери менен баарлашууда балдар өзүн ыңгайсыз сезет.

2010-жылы эле Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин окутуу программасына педагогика негиздерин киргизүүнү сунуш кылгам, анткени, алар эреже катары, балдар менен баарлашууну билбейт.

Балким, аларга психология негиздери, жалпы психология, кылмышкерлердин жүрүм-турум психологиясы өтүлөттүр, бирок, педагогикалык психология жана жашы жете элек балдар менен баарлашуу эрежелери үйрөтүлбөйт.

Азыр мектептерде иштеп жаткан ЖИИнин кызматкерлери көбүнчө жашы жете элек балдар тарабынан жасалган кылмыштардын статистикасын гана айтышат, бирок, маектин профилактикалык бөлүгүнө көңүл бурбайт. Юридикалык билими болбогону жана балдарга тиги же бу маалыматты туура жеткире албаганы менен мугалимдер профилактикалык маектерди өткөрөт.

Нурлан Момункулов: Түрдүү тегерек стөлдөрдө азыркы күнгө карата ЖИИ инспекторлору менен коопсуздук кызматы эмес, жакшы класс жетекчилери керек экенин көп жолу айткам. Социалдык педагог кызматын киргизгендей болушту, бирок, кырдаал таптакыр өзгөрбөй жатат.

Азыркы күнгө карата ЖИИнин штаты 76 кишиден 100гө чейин көбөйтүлгөн. Ар бир мектептин өзүнчө ЖИИнин кызматкери бар. Алардын мектептен башка дагы кошумча объекттери бар албетте, бирок, кырдаал алигиче өзгөрбөй жатат.

Класс жетекчи өз классына кызыкдар болгондо, ал балдар менен тезирээк жолугушуу үчүн мектепке чуркайт, ошондо мындай класстардагы балдар менен көйгөйлөр да азыраак болот.

Мен да класс жетекчи болгом, мага коопсуздук кызматы да, ЖИИнин кызматкеринин да кереги жок эле. Алар зарыл болгондо керектүү. Бирдеме болгондо байланыш телефондору бар, кайрыла турган киши бар.

Назгүл Турдубекова: Мугалимдер менен мектеп жетекчилиги гана жоопкер болушу керек дегенге кошулбайм. Жоопкерчиликти бөлүштүрүү – бул биз кол койгон эл аралык документтерге жараша Кыргыз Республикасынын милдети.

Биздин уюм мектептерде рэкетти жоюу боюнча атайын методикалык кошумча курал иштеп чыккан. Анда тиги же бул жаңжал кырдаалында эмне кылыш керектиги тууралуу психологдордун конкреттүү кеңештери бар. Биз Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгына бул куралдарды көп санда бергенбиз, бирок, азыр ЖИИнин кызматкерлеринде бул материалдардын жок экенин аныктадым.

Биз куралдарды бердик, алар болсо, айрым астыңкы түзүлүштөргө жетпей жаткан болуп жатат. Секторлор арасында, мекемелер арасында кызматташтыктын жоктугу - бул көйгөйдү чечүү үчүн мобилизациялана албай жатканыбыздын бир себеби.

ЖИИнин кызматкерлери бардыгын класс жетекчилеринин ордуна чечип жатышканын ар убакта айтышат. Мугалимдер менен сүйлөшкөнүмдө, алар ЖИИнин кызматкерлери жөн эле келип, жумушта катталып, кетип кала турганын айтышат.

Бул көйгөйдү чечүүгө биринчи кезекте ата-энелер, анан мектеп администрациясы, жарандык коом, ЖИИ тартылышы керек. Азыркы күнгө карата ата-энелер комитети мектептин материалдык-техникалык базасын камсыз кылуу үчүн гана керек. Кээде жыйналышка барасың, ата-энелер комитетинин өкүлдөрү: «Ким акча төкпөсө, анын көйгөйлөрү болот» деп коркутат. Ата-энелер комитети - бул иш жүзүндө каражат «сыгуу» топтору. Бул ата-энелер жаман болгондуктан эмес, ушундай жүрүм-турум үлгүсү коомдо кабыл алынгандыктан болуп жатат.

Эгер коом балдар укуктарын коргоо менен алек болсо, социалдык жактан кем же социалдык жактан жабыркаган балдар үчүн тынчсыздана турган болсо, мектепте зомбулук менен күрөшүп, мындай жүрүм-турум үлгүсүн көрсөтө берсе, мектептерде жаңжал потенциалын төмөндөтүү иши кыйла натыйжалуу өтөт.

Ата-энелер мектептин биринчи кызыктар кардарлары. Ата-энелердин мындай натыйжалуу жүрүм-турум үлгүсү пайда болмоюнча, мектептерде жаңжалдар менен күрөшүү абдан татаал болот. Ата-энелер комитетинин ролун алмаштырыш керек.

Элмира Арапова: Александр Тимофеевдин пикирине кошула турганымды белгилейин. Клиникабыздын ишмердүүлүгүндө ИИМ Академиясынын курсанттары бизге мектептерде орток тренингдерди өткөрүү сунушу менен кайрылган окуя болгон.

Алар менен баарлашканыбызда, алар менен бирге мектепке бара албай турганыбызды түшүндүк, анткени, алардын жүрүм-туруму, манералары жөнөкөй адамдардыкынан абдан айырмаланчу. Алгач алар үчүн өзүн кантип алып жүрүү, балдар менен кантип баарлашуу керек экени тууралуу тренингдерди өткөрүүнү чечтик, андан соң гана алар окуучулар менен иштөөгө катыша алат. Чындыгында, көптөгөн курсанттардын педагогикалык билими жок, балдар менен баарлашуу жөндөмү жок.

Марсел мугалимдерди үйрөтүү керек дегенге кошулбай турганын айтты. Мектептерде социалдык педагогдордун болушу үчүн көп убакыт күрөштүк. Азыр ким социалдык педагог болуп иштеп жатат? Дене тарбиячы, математика, биология же башталгыч класстардын мугалимдери. Аларда социалдык педагогика, мектептерде социалдык иш алып баруу жана жашы жете электер менен иштешүү жаатында билим кайдан болсун? Ошондуктан, аларга кайра үйрөтүүгө туура келет.

Назик Кубатова: Элмира Арапованы бул туюк алкак дегенине толук кошулам. Балким, мугалимдер өз предметтерин билеттир, бирок, алар аны окуучуларга түшүндүрө албайт, аларда методология да, билим берүү техникасы да жок.

Натыйжада, окуучу эптеп бүтүрөт, университетке тапшырат, кийин мектепке иштегени барат. Жаш мугалим предметин билген, бирок, аны балдарга түшүндүрө албаган көйгөй кайра пайда болот. Дал ошондуктан, азыр мугалимдерге кайра үйрөтүү зарыл деп ойлойм. 

Нурланбек Момункулов: Социалдык педагогдорго байланыштуу Россия тажрыйбасынан мисал келтирейин. Ал жерде алгач адистер үйрөтүлгөн, анан мектепте социалдык педагог ставкасы тастыкталган. Бизде болсо, алар башка өлкөлөрдүн оң тажрыйбасын ээрчип, чукул киргизилген. Чынында эле, көйгөй социалдык педагог кызматында даярдыксыз кадрлар иштеп жатканында. Биз кайрадан жакшы класс жетекчилери керек экенине кайттык.

Советтер мезгилинде мугалим болуп жумушка орношуу абдан кыйын эле. Азыркы күндө кадр жетишсиздиги бар. Мында мугалим кесибинин баркынын түшкөнүн айтуу зарыл.

Сүймөнкул Идрисов: Менде Зухра Саметовага суроо бар. Сырткы таасир барбы жана бул таасирдин мектептерде жаңжалдардын жана рэкеттин пайда болушуна күчү кандай?

Жогорку класстардын окуучуларын түзөтүү жайларына экскурсияга алып баруу канчалык тура, же канчалык жаңылыш?

Мен окуучу кезимде, биздин мектепте да рэкет бар эле, көп учурда бул ал мектептин бүтүрүүчүлөрү, жергиликтүү авторитеттер өз күчүн көрсөтүп, балдардан акча сыгып алганда сырткы таасирден улам болчу.

Менимче, окуучулардын пикирин, айрыкча, балдардын пикирин угуш керек, анткени, жаңжалдардын көбү алардын чөйрөсүндө болот.

Зухра Саметова: Рэкет окуяларынын көбү мектептин ичинде болот, ошондуктан, биз «Антирэкет» рейддик иш-чараларын жүргүзүп, мындай фактыларды аныктайбыз. Балдардын коркпошун, Жашы жете электер инспекциясына кайрылышын, башкача айтканда, бул фактыларды жашырбашын каалайбыз. Жашыруу - акча талап кылуу фактыларынын көбөйүп, күчөшүнө алып келет. Ошондуктан, жогорку класс окуучуларына: ушундай фактылар бар болсо, унчукпай койбогула, Жашы жете электер инспекциясына кабарлагыла деп кайрылам.

Жакында кыйын тарбияланган балдар үчүн колонияга экскурсияга дал ошол кайталап мыйзам бузган балдарды алып барганбыз.

Мыйзам бузуучулар жүрүм-турумдары эмнеге алып келиши мүмкүн экенин түшүнүп, өздөрү үчүн тиешелүү тыянактарды чыгарышты. Шексиз, тарбия-эмгек колонияларына экскурсиялардын оң натыйжалары бар.

Оксана Нойкина: Биз рэкеттен жабыркаган балдарды коргоо жөнүндө сүйлөп жатабыз. Мыйзам бузуучуларга карата кандай конкреттүү чаралар көрүлүп жатат?

Биздин мектепте конкреттүү рэкет окуясы болгон, бирок, мыйзам бузуучулар эч кандай жаза алган эмес. Силер алдын алуучу профилактика деп атаган нерсе бул кырдаалда орунсуз деп ойлойм.

Ооба, социалдык жактан жабыркаган үй-бүлөлөрдөн чыккан рэкет кылган балдар бар, бирок, чоң атка минерлердин балдарынын да рэкетке тиешеси болгон конкреттүү учурлары бар.

Эмгек ишмердүүлүгү сыяктуу административдик жаза колдонууга болбойбу?  Макул, адам акчалай жазаны төлөй албайт, бирок, ал иштей алат: мектептин аймагын жок дегенде беш күн бою шыпырсын, эптеп бирдеме кылсын. Мени  рэкетирлерге карата көрүлүп жаткан конкреттүү чаралар кызыктырат.

Зухра Саметова: Негизинен, азыр мындай иштердин материалдары Балдар иштери боюнча комиссиянын кароосуна жөнөтүлөт, үй-бүлөлөр профилактикалык каттоого алынат, бала менен белгилүү иштер жүргүзүлөт.

Чынында, сиз айткандай, чоң атка минер ата-энелердин жоопкерчилиги жок. Балким, коомго пайдалуу иштерди киргизүү зарыл. Азыркы учурда колубуздан бир нерсе гана келет - бул мыйзам бузуу тууралуу маалыматты ата-энелер кызматына жөнөтүү.

Назгүл Турдубекова: Бизде репрессивдүү ыкмалардан башка альтернатива жок экенин белгилеш керек. Дүйнө тажрыйбасына көңүл бура турган болсок, баланын мыйзам бузуусунун ар бир түрүнө, анын асоциалдык жүрүм-турумуна карата психологиялык, терапиялык, реабилитациялык мамилелер менен байланыштуу атайын программалар бар, мында бала өз жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча бир айлык, же жарым жылдык курсту өтүүгө милдеттүү.

Балага шарт коюшат: өз жүрүм-турумуңду өзгөртүү курсун ата-энең менен бирге өтүп, тыянак чыгарасың, же жаза аласың. Атайын курсту өтүү мөөнөтүн бузсаң, коомдук пайдалуу жумуштарды кыласың, бул жумуштарды жасоодон баш тартсаң, эркиндиктен ажыратыласың.

Жабык, жарым-жартылай жабык борборлор бар. Бала үйдө түнөп, күндүз болсо борбордо болот. Түрдүү жаза формалары бар, баланын дайыма тандоосу болот, ага оң ыкмалар бар экени айтылат, эгер бала аларга чыдабаса, терс ыкмалар колдонулат.

Бизде, тилекке каршы, азырынча тандоо жок, бала кайсы себептен улам жасабасын, ар бир мыйзам бузууга карата бир гана репрессивдүү жаза түрү бар, ошондуктан, жараяндын тараптары менен катышуучулары арасында ишеним жоголууда.

Бала мамлекет системасына ишенбейт. Мамлекет анын татаал турмуштук кырдаалдан чыгуусуна жардам кылууга милдеттүү деп саналат, бирок, бул болбой жатат.

Евгений Гречко: Болуп жаткан жаңжалдардын себептери арасында сиз улуттар аралык чыңалууну атадыңыз. Аны мектепте жумшартуу үчүн кандайдыр бир мамилелер, ыкмалар барбы?

Элмира Арапова: Албетте, биз мектеп чөйрөсүндө улуттар аралык жаңжалдарды болтурбоонун үстүндө иштейбиз. Бизде жаштар жана окуучулар үчүн иштелип чыккан тренингдердин сериясы бар, булардын жүрүшүндө заманбап мезгилде кантип сабырдуу болуу керектиги түшүндүрүлөт. Дал ушул тренингдер жаштарга өздөрүндө башка улуттарга, башка расага ж.д.у.с. болгон душманча мамилеге чыдабастык сапатын иштеп чыгууга жардам кылат. Менимче, сабырдуулук сабактары балдарга жардам кылат.

Бардык социалдык долбоорлорду азыркы күн менен ченөө мүмкүн эмес, убакыт керек. Биз түрдүү улуттагы адамдар жашаган Маевка айылында, Калыс-Ордо конушунда жана Жаңы-Жер айылындагы үч ири жаштар борбору менен иштешебиз. Бул калктуу пункттардагы балдар сабырдуулук боюнча тренингдердин сериясын өткөрүүбүздү суранып бизге кайрылды. Алгач биз мектеп лидерлерин үйрөттүк, анан алар бул тренингдерди өз класстарында өткөрүп көрдү, бул жакшы натыйжаларды берди.

Назгүл Турдубекова: Маевкада жабыркаган балдар менен иштөө тажрыйбабыз бар. Ошондой эле, биз Ош шаарында окуялардан соң көп убакыт бою иштедик, изилдөө жүргүздүк, зордук-зомбулуктан жабыркаган балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө түздөн-түз жардам көрсөттүк. Түндүктө улуттар аралык жаңжалдар чыгышы ыктымалдуу болгон очоктордо Медиация борборлорунун бирикмесин түздүк.

Тажрыйбабыз көрсөткөндөй, улуттар аралык негиздеги мектеп жаңжалдарын чечүүдө ийгилик, көбүнчө, мугалимдерден, мектеп администрацияларынын жүрүм-турумунан жана алардын түрдүү улуттагы балдарга мамилесинен көз каранды. Балдар көбүнчө өздөрүн чоң адамдардай алып жүрөт. Албетте, бул баарына тиешелүү эмес.

Системалуулуктан кеп козгой турган болсок, мамлекеттик деңгээлде чечим кабыл алууга көз каранды болгон учурлар бар - бул бардык мектептерде, бардык класстарда сабырдуулук боюнча атайын сабактардын киргизилиши.

Социалдык интеграция борборунда Кыргызстанда этникалык белги боюнча дискриминация кылбоо баалуулуктарын өнүктүрүүгө, тынчтык жаратууну өнүктүрүүгө багытталган атайын окуу китеби бар.

Азыркы учурда Кыргызстанда минтип аракет кылышат: бир жаңжал чыгат, баары өлкөнү куткарууга чуркайт, этникалык көпчүлүк этникалык азчылыкты куткара баштайт. Улуттар аралык жаңжалдарды чечүү жана болтурбоо тармагында «өрт өчүрүүчү стилинде» иштөө анча натыйжалуу эмес. Бул иш туруктуу негизде жасала турган болсо, анда натыйжалар да бекем жана туруктуу болот. Мектеп чөйрөсүндө улуттар аралык негиздеги жаңжалдашуу саясий жактан жаңылыш, тескери болуп калат.

Тилекке каршы, бизде бул азыр түндүктө да, түштүктө да болуп жатат. Окуучулардын көп бөлүгү мындай жаңжалдарга катышкан окуялар болуп жатат. Мисалы, Лебединовкада улуттар аралык негиздеги жаңжал чыгара ала турган чыңалуулар такай байкалууда.

Бул көйгөйдүн чечилиши билим берүү системасына көз каранды, баары мектептин өзүндө улуттар арасында тынчтык жана ынтымак жаратуудан башталат.

Нурланбек Момункулов: Азыркы учурга карата Кыргызстанда бул көйгөй абдан кескин деп айта албайм, улуттар аралык жаңжал жылдар бою уланып келе жаткан өлкөлөр бар.

Өлкөнүн түштүгүндө олуттуу жаңжал болгонуна карабастан, ал тез токтоду жана уланган жок.

Александр Тимофеев: Мен суроо бербейм, балдарга жөн эле мугалим катары кайралгым келет. Жаңжалдардын болуп жатканынын биринчи себеби – балдардын алар тууралуу айтпаганында.

Зухра, сиз балдарга ЖИИге кайрылуусун сурандыңыз, бирок, алар ЖИИге эмес, мугалимдерге да жаңжалдар тууралуу айтпайт, анткени, мектеп жазалоочу орган жана эрежелерди бузган балдарга карата белгилүү санкциялар колдонулат деген стереотип калыптанган.

Бирок, эреже катары, кылмыштын же мыйзам бузуунун алдын алуу кесепеттердин үстүндө иштөөгө караганда жакшыраак, ошондуктан, балдардан чоң сураныч: жаңжал кырдаалдары тууралуу кабар бергиле. Эреже катары, мектептерде өз убагында жана туура реакция кыла ала турган, түрдүү кылмыштарды же мыйзам бузууларды болтурбай коё ала турган адистерге кабарлай ала турган адамдар бар.

Дарья Буковская: Балким, бул менин гана пикиримдир, бирок, силер бир эле нерсени башка сөздөр менен айтып жатасыздар. Жашы жете электерди колонияларга экскурсияга алып баруу зарылчылыгы менин кыжырымды келтирүүдө.

Назгүл Турдубекованын баарынан мурун бул нерсе баланын психикасына терс чагылат деген оюна кошулам. Өз аракеттериңерди эмне үчүн макулдашпайсыңар, бул тууралуу пикириңерди билгим келет.

Мээрим Шамудинова: Биз мындай тегерек стөлдөрдү дал ушул түрдүү уюмдар орток иш жүргүзө башташы үчүн өткөрөбүз.

Зухра Саметова: Колонияларга экскурсияга алып баруудан мурун биз ата-энелерден, мугалимдерден чыгууга уруксат сурайбыз. Андан соң тизмелер түзүлөт. Айрым балдар ал жакта жашоо кандай экенин көрүү үчүн экскурсияга катышууну өздөрү каалайт.

Назгүл Турдубекова: Мен оң тарбия тажрыйбасы тууралуу айткым келет. Кыргызстанда бир спортчу, олимпиада чемпиону Александр Воинов бар.

Ал мурун чөнтөкчү болгон, көп жолу мыйзам бузган өспүрүмдөр тобу менен иштешкен, бирок, ал Кыргызстандын бүткүл коомчулугуна бул тарбиялануучуларды түзүк жашоого кайтаруу мүмкүн экенин далилдеген. Алардын бири кикбоксинг чемпиону, бири дизайнер болду.

Ал өз оң мисалы аркылуу кантип жашаш керек экенин көрсөткөн, белгилүү баалуулуктарды үйрөткөн. Ушундан улам ал 10 жыл ичинде бул балдарды түзүк жашоого кайтара алган, ал муну кылбаганда бул балдар эркиндиктен ажыратуу жайларында орун алмак. Ошондуктан, мен оң тарбия ыкмаларын колдойм.

Эльмира Арапова: Жаман окуучулар болбойт, жаман мугалимдер болот.

Марсел Арстанбек уулу: Силер менен биз түрдүүчө ой жүгүрткөнүбүздү айткым келет. Силер жаңжалдарды чечүүнү ойлоносуңар, мен болсо, жаңжалдардын алдын алууну ойлоном. Ооба, албетте, жаңжалдарды чечүү үчүн мугалимдер менен социалдык педагогдор керек, бирок, ишенгиле, жаңжалдардын алдын алууда социалдык педагогдорго караганда, окуучулар менен иштөө жемиштүүрөөк болот.

Ошондуктан, биз аларды чечүүнү эмес, балдарды кантип кызыктырыш жана жаңжалдардын алдын алыш керек экенин ойлонууга милдеттүүбүз.

Владислав Кудимов: Александр Тимофеев балдар эмне үчүн социалдык педагогдорго жардам сурап кайрылбайт деп сурады. Анткени, балдар социалдык педагог барып, окуучунун кырдаалын мугалимдердин бирине айтып коюшу мүмкүн, мугалим өз классына айтат, натыйжада муну бүт мектеп билип калат да, ал окуучуга «стукач» («кабарчы») деп ат коюшат деп коркот. Шаардык окуучулардын баары ууру түшүнүктөрүнө жараша жашайт.

Назгүл Турдубекова:  Орусия Федерациясында мектептерге балдар добуш берип, педагогдор курамынан өздөрү ишенген адамды тандай ала турган жаңы тажрыйба киргизилүүдө. Бул адам баланын укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу кызматкердин милдеттерин атка




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!