СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мектептеги инновациялык билим берүү технологиялары

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мектептеги инновациялык билим берүү технологиялары»

4-ТЕМА. МЕКТЕПТЕГИ ИННОВАЦИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ



4.1. тапшырма. Сиз өз ишиңизде кандай педагогикалык технологияларды колдоносуз?

Мен өз ишимде интерактивдүү методдор менен бирге , программалык тестирлөө, интерактивдүү окутуу, сынчыл ойломду өстүрүү программасынын стратегиясы жана башкаларды практикалайм. Жогоруда белгиленген окутуунун жаңы технологиялары окуучулардын чыгармачыл жана интелектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу аркылуу аларды өзүн-өзү өнүктүрүү, ой жүгүртүүсүн өстүрүү, тарбиялоо, билгичтиктерин жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу максаттарын көздөп, окутуу технологиясынын мазмунун жана багыттарын бир топ оптималдаштырат.

4.2. тапшырма. Азыркы учурда кайсы педагогикалык технология салттуу деп эсептелет? Анын негизги өзгөчөлүктөрүн сүрөттөп бериңиз.


Инновация, жаңылык киргизүү – процесстердин натыйжалуулугун жогорулатуучу жана (же) сапатты жакшыртуучу киргизилген же ишке ашырылып жаткан процесс.

1. Проблемалык окутуу. Анын маңызы, максаты үйрөнүп жаткандын алдына бара-бара жана атайын максат менен билимди активдүү өздөштүрүү үчүн таанып билүүчү милдеттерди коюп баруу; билим берүүнүн максатына жетүү үчүн изденүүчү методдорду жана таанып билүүчү милдеттерди коюунун механизмдерин колдонуу.

2. Концентирленген окутуу. Анын маңыз-максаты – билим блокторун бириктирип окуу менен предметтерди терең өздөштүрүүгө аракет кылуу, мында максатка жетүүнүн башкы жолу – үйрөнүүчүнүн иш жөндөмдүүлүгүнүн динамикасын өстүрүүчү ыкмаларды колдонуунун механизмдерин пайдалануу.

3. Модулдук окутуу. Өз алдынча окуу программасы менен үйрөнүүчүнүн жекече ишмердигин өнүктүрүшү. Анын максатка жетүү механизми – окутуунун индивидуалдуу темпи жана проблемалуу мамиле.

4. Өнүктүрүп-өстүрүүчү окутуу. Мунун маңызы – үйрөнүүчү адамдын потенциалдык мүмкүнчүлүгүнө жана анын ишке ашырылышына негизденип билим берүү. Максатка жетүү механизми – үйрөнүүчүнү ар кандай ишмердүүлүктүн түрлөрүнө салып максатка алып баруу.

5. Дифференцирлеп окутуу. Анын маңызы – үйрөнүүчүнү жалпыга милдеттүү стандарттан төмөн түшүп кетпеген ар түрдүү пландалган деңгээлдеги программмалык материалдарды окуп-үйрөнүү. Максатка жетүү механизми – индивидуалдуу окутуу методдорун колдонуу.

6. Активдүү (комплекстүү) окутуу. Анын маңызы – келечектеги адистик ишмердүүлүгү үчүн предметтик жана социалдык мазмунду моделдештирүү. Максатка жетүү механизми – активдүү окутуунун методдору.

7. Оюнга негиздеп окутуу. Анын маңызы – билим берүүчү маалыматтарды издеп табуу, иштеп чыгуу жана өздөштүрүү ишмердүүлүгүнө багытталган жумуштарды өз алдынча ишке ашыруу. Максатка жетүү механизми – үйрөнүүчүнү чыгармачылык ишмердүүлүккө тартуу үчүн оюн ыкмаларын колдонуу.


4.3. тапшырма. Инновациялык педагогикалык технология эмнени билдирет?

Анын мүнөздөмөлөрү кандай?

Инновациялык педагогикалык технология- жаңыча окутууну, жаратууну, кабылдоону, баалоону, өздөштүрүүнү жана педагогикалык жаңылыкты кабыл алууну башкаруу процесси.

ХХ кылымдын башында илимде жаңы бир аймак түзүлдү, ал материалдык өндүрүштүн сферасында жаңычылыктын мыйзам ченемдүүлүктөрүн үйрөнүүнүн алкагындагы жаңы нерселерди киргизүү илими болуп саналат. Педагогикалык инновациялык процесстер батыштагы чет өлкөлөрдө 1950-жылдын акырында, ал эми Орусияда акыркы он жылдыкта атайын изилдөөнүн предметине айланды.  Кыргызстанда инновация боюнча макалалар 1990-ж. гана жарыялана баштады. «Инновация» түшүнүгү латын тилинен которгондо «жаңыны киргизүү» дегенди билдирет. Бул илимий адабиятта кээ бир процессти жүргүзүүнүн жаңыча жолу катары түшүндүрүлөт. Ошондуктан, инновация аркылуу кайсы бир системада бир сапаттык абалдан экинчи бир сапаттык абалга өтүү процесси жүрөт десе туура болот. Демек «инновациялык» процесс деген жаңычылдыкты жаратуучу, түзүүчү (иштеп чыгуучу), өздөштүрүүчү, колдонуучу жана жайылтуучу комплекстүү ишкер аракеттенүүнү өзүнө камтыйт. Мына ушул санап өткөн бардык ишкер аракеттенүүлөр окуу процессине киргизилгенде гана ал инновациялык окутууга жатат. Эгер ушул жаңыча ишкер аракеттер тарбиялык ишке, өстүрүүгө, же башкарууга байланыштуу болсо, анда ал инновациялык тарбиялоо, өстүрүү же башкаруу деп аталат.

Инновациялык окутуу окуу материалынын мазмунун, окутуунун методун жана формасын жаңылоо катары да көрүнөт. мүнөздөлөт. Эгер бардык класстарга бирдей , же бир нече класстарга жарыш түрдө жаңыча программа киргизилсе , ал модулдук жаңычылдык деп аталат.

Инновациялык педагогикалык технологиянын белгилери:

  • Жаңылануунун элементи бар;

  • Билим берүүнүн жаңы натыйжаларына (функционалдык сабаттулук, 21-кылымдын көндүмдөрү )жетишүүгө багыт алуу;

  • Окуучулардын жана мугалимдердин иш-аракетин уюштуруудагы ишмердүүлүк мамилеси;

  • Билими берүү чөйрөсунүн милдетин аткаруучу айланасындагы билим берүү мейкиндигин уюштуруу. Атайын окуу куралдарын тандоо,

  • Баланын өзгөчөлүктөрүн жана муктаждыктарын эске алуу менен анын ынсандыгын интеллектуалдык , чыгармачылык жактан өнүктүрүүгө басым жасоо.

  • Мугалим менен окуучунун ортосундагы мамиленин жаңы түрү. Мугалимдин ролу билим трансляторунан иш-аракетти уюштуруучуга айланат.


ДОЛБООРДУК ИШТИН ТЕХНОЛОГИЯСЫ

4 .4. тапшырма.

Сиз үчүн кандай жаңы маалымат? Долбоорлоо -окуучу үчүн маанилүү болгон маселени чечүү үчүн мугалим тарабынан атайын уюштурулган жана окуучулар тарабынан өз алдынча аткарылуучу иш-аракеттердин комплекси. Долбоордук окутуу технологиясы – бул илим жана инженерия менен тыгыз байланышкан технология, долбоорду түзүү, келечектеги болжолдонгон кубулуштун образын түзүү ишмердүүлүгү.

Сизди эмне кызыктырды? Долбоордун үстүндө иштөө процессинде окуучулар төмөнкүдөй маанилүү көндүмдөрдү жана жөндөмдөрдү өнүктүрүшөт: Коммуникациялык жөндөмдөр: чоңдор менен билим алуу аракетин баштоо жөндөмдүүлүгү - диалогго кирүү, суроо берүү ж.б.; талкуу жүргүзүү жөндөмдүүлүгү;өз көз карашын айта билүү; компромисс табуу жөндөмдүүлүгү;интервью алуу жана сурамжылоо өткөрүү көндүмдөрү ж.б.

Презентациялоо көндүмдөрү жана билгичтери:монологдук сүйлөө жөндөмдөрү; сөз сүйлөө учурунда өзүн ишенимдүү алып жүрүү жөндөмдүүлүгү;артисттик жөндөмдүүлүгү;сөз сүйлөө учурунда ар кандай көрсөтмө куралдарды колдоно билүү; пландаштырылбаган суроолорго жооп берүү жөндөмдүүлүгүбаалоо көнӨзүн Ө Өзүн –өзү баалоо көндүмдөрү: Эмнени баалоо керек? (б.а. эмнени баалоо керек жана эмнени баалоого болбойт); кантип баалоо керек? (б.а. бааланган нерсени кандай каражаттар менен жазуу керек); кантип баалоо керек? (б.а. баалоо процедурасы кандай болушу керек).өзүн-өзү баалоо өзүн-өзү контролдо Рефлексивдүү көндүмдөр: н чечүү үчүн билим жетишсиз болгон маселени түшүнүү; суроого жооп: берилген маселени чечүү үчүн эмнени үйрөнүшүбүз керек? Изилдөө жөндөмдөрү: өз алдынча идеяларды жаратуу жөндөмдүүлүгү, б.а. ар кыл тармактан алынган билимге таянуу менен аракеттин жолун ойлоп табуу; маалымат талаасында жетишпеген маалыматты өз алдынча табуу мүмкүнчүлүгү; жетишпеген маалыматты эксперттен (мугалимден, консультанттан, адистен) сурап билүү мүмкүнчүлүгү;көйгөйдүн бир нече чечимдерин таба билүү; гипотезаларды коюу жөндөмдүүлүгү;себеп-натыйжалаш байланыштарды түзө билүү. Биргелешип иштөө жөндөмдүүлүгү жана көндүмдөрү: жамаатык пландаштыруу көндүмдөрү;ар кандай өнөктөш менен өз ара аракеттенүүнү билүү;жалпы маселелерди чечүүдө топто өз ара жардам көрсөтүү көндүмдөрү;бизнес өнөктөштүк баарлашуу көндүмдөрү;команданын башка мүчөлөрүнүн ишинде каталарды табуу жана оңдоо жөндөмдүүлүгү. Бул педагогикалык технологияны өз практикаңызда кантип колдоно аласыз?Сабактарымда бул технологияни колдонуу үчүн атайын долбоорлор түзүп аны жүзөгө ашырам.

ИЗИЛДӨӨ ТЕХНОЛОГИЯСЫ

4.5. тапшырма.



Сиз үчүн кандай жаңы маалымат?

И зилдөө технологиясы – бул балдарга өз алдынча ача ала турган объект, процесс жана кубулуш жөнүндө маалымат берүүчү окуу процессин уюштуруу методу.

Бул технологияны окуучуларды таанып-билүү жана өнүктүрүү жаатындагы ар кандай суроолорго жооп издөө менен байланышкан эксперименталдык иштерди жүргүзүүчү изилдөөчүлөрдүн ролунда көрсөтүүгө болот. Мындай ыкма курчап турган дүйнөнүн ар кандай процесстеринин жана кубулуштарынын ортосундагы байланыштарды түшүнүүгө жана өздөштүрүүгө, алардын өнүгүү динамикасын жана аларга таасир этүүчү факторлорду аныктоого мүмкүндүк берет. Суроолорго жооп издөө окуучуларды өз гипотезаларын айтууга түрткү берет, маалымат булактарын издөөгө, жөнөкөй эксперименттерди жүргүзүүгө, натыйжаларды талдап, жыйынтык чыгарууга үйрөтөт.

Сизди эмне кызыктырды? Окуучулардын илимий-изилдөө иштери аркылуу алардын эксперименттик аймактагы активдүүлүгүн өнүктүрүү ишке ашырылышы; Изилдөө технологиясы балдарды кызыктырган суроолорго жооп табууга мүмкүндүк берип өзүлөрүн чыныгы экспериментатор катары сезүүгө шарт түзөрү;Окуучулар билимди өз алдынча таап, тажрыйбаларын, болгон билимдерин, аларды кыйынчылыктарга туруштук берүү жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонуу көндүмдөрүнө ээ болушу; Ошентип, алардын өз алдынчалык, изилдөө жүргүзүү жөндөмдүүлүгү өсөт, аларды өнүктүрүүнүн чыгармачылык жолдору калыптанышы.

Бул педагогикалык технологияны өз практикаңызда кантип колдоно аласыз?


Сабактарымда бул технологияни колдонуу үчүн атайын изилденуучу темалар тандап алып , аны жүзөгө ашырам.


КЕЙС-ТЕХНОЛОГИЯ







Сиз үчүн кандай жаңы маалымат: Кейс-технология – бул билимди өздөштүрүү эмес, окуучуларда жаңы сапаттарды жана көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган конкреттүү маселелерди-ситуацияларды чечүүгө негизделген кыска мөөнөттүү окутуунун интерактивдүү технологиясы. Методдун технологиясы төмөнкүдөй: белгилүү бир эрежелер боюнча: маселе аныкталат, реалдуу турмушта болгон конкреттүү кырдаалдын модели иштелип чыгат, окуучуларга ээ болууга тийиш болгон билимдердин жана практикалык көндүмдөрдүн комплекси чагылдырылат; ошол эле учурда мугалим суроолорду жаратып, жоопторду бекитип, талкууну колдоп, лидердин ролун аткарат. Сизди эмне кызыктырды? Кейс-технологиясын колдонууда мугалимдин ишмердүүлүгү эки фазаны камтыйт: 1-фаза:Кейс түзүү боюнча чыгармачылык иш жана аны талдоо үчүн ... -изилдөө, долбоорлоо жана методикалык бөлүктөр жактан суроолор, --окуучулардын өз алдынча иштөөсү боюнча методикалык камсыздоону иштеп чыгуу, аны талдоо боюнча алдыдагы сабакты методикалык жактан камсыз кылуу. 2-фаза : -ишти талкуулоодо мугалимдин класстагы ишмердүүлүгү, мында ал киришүү жана корутунду сөз сүйлөйт, талкууну же презентацияны уюштурат, аудиторияда иштиктүү маанайды кармайт, кырдаалды талдоодо окуучулардын кошкон салымын баалайт. Бул педагогикалык технологияны өз практикаңызда кантип колдоно аласыз: белгилүү бир эрежелер боюнча маселени аныктап алып , реалдуу турмушта болгон конкреттүү кырдаалдын модели иштелип чыгам, суроолорду жаратып, жоопторду бекитип, талкууну колдоп, лидердин ролун аткарып барам..







4.6. тапшырма.





СЫНЧЫЛ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ТЕХНОЛОГИЯСЫНЫН НЕГИЗГИ МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ (СОЖӨТ)



4.7. тапшырма. Сиз үчүн кандай жаңы маалымат: Окуучулардын окууда гана эмес, күнүмдүк турмушта да зарыл болгон акыл-эс жөндөмдөрүн өнүктүрүү (негизделген чечим кабыл алуу, маалымат менен иштөө, кубулуштардын түрдүү аспектилерин талдоо ж.б. жөндөмдөрү)-бул технологиянын максаты экенин билип алдым. Технологиянын негизи – сабактын үч фазалуу түзүмү: чакыруу, түшүнүү, ой жүгүртүү. Сизди эмне кызыктырды?: Технологиянын артыкчылыктары кызыктырды. Алар : - Ар кандай түрдөгү жана чоң көлөмдөгү маалымат менен иштөө көндүмдөрү өнүгөт; маалыматты интеграциялоо жөндөмүн өздөштүрүшөт. - ар кандай тажрыйбаларды, идеяларды жана көрүнүштөрдү түшүнүүнүн, тыянактардын жана далилдердин логикалык чынжырларын куруунун негизинде өзүнүн жеке пикирин өнүктүрүү жөндөмү калыптанат (системалык логикалык ой жүгүртүү өнүгөт). - чыгармачылык жана аналитикалык көндүмдөрдү, башка адамдар менен эффективдүү иштөө жөндөмдүүлүгү өнүгөт; башкаларга карата өз оюн так, ишенимдүү жана туура айтуу жөндөмдүүлүгү калыптанат. - Кызыктуу, мазмундуу текст түзүү үчүн колдонула турган материалды үйрөнүүдө технология эң натыйжалуу болот.

Бул педагогикалык технологияны өз практикаңызда кантип колдоно аласыз? Технологияны үйрөнүп алып, сабактарымда колдонгонго аракет кылам.



ОКУТУУНУН СИМУЛЯЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯСЫ.


4.8. тапшырма.


Сиз үчүн кандай жаңы маалымат? Окууну моделдөө – окууда билимди механикалык өздөштүрүү элементтерин жеңүүгө, окуучулардын ой жүгүртүү ишмердүүлүгүн активдештирүүгө мүмкүндүк берүүчү технология. Моделдөө – билим объекттерин алардын моделдери боюнча изилдөө; бул кубулуштарга түшүндүрмө алуу үчүн объекттердин, процесстердин же кубулуштардын моделдерин түзүү жана окуучулар тарабынан изилдөө. Окууну моделдөө технологиясы боюнча сабактардын максаты каралып жаткан объекттин ичиндеги ички байланыштарды жана мамилелерди изилдөө болуп саналат.

Окууну моделдөө технологиясынын негизги милдети билимди берүү эмес, моделдөөнүн жардамы менен окуу материалын талдоо жана жалпылоо ыкмаларын өздөштүрүү боюнча окуучулардын өздүк ишмердүүлүгүн уюштуруу болуп саналат. Сизди эмне кызыктырды? Окууну моделдөө технологиясынын негизги өзгөчөлүктөрү кызыктырды.

  • окуучулардын жогорку таанып-билүү кызыгуусун жана өз алдынча ишмердүүлүгүн түзүү жана колдоо;

  • окуучулардын психикалык аракеттеринин ыкмаларын калыптандыруу жана үйрөтүү;

  • мектеп окуучуларынын инсандык сапаттарын калыптандыруу жана өнүктүрүү;

  • мугалим менен окуучулардын ортосундагы инсандар аралык мамилелердин жогорку деңгээли.



Бул педагогикалык технологияны өз практикаңызда кантип колдоно аласыз? Моделдөөнүн этаптарын үйрөнүп ,геометриялык, математикалык, структуралык моделдер түзүү менен практикамда колдоном.

  • Моделдөөнүн максатын коебуз.

  • Объектинин бардык белгилүү касиеттерин талдайбыз.

  • Объектинин маанилүү белгилерин бөлүп алабыз.

  • Моделди көрсөтүү формасын тандайбыз.

  • Моделди түзөбүз.

  • Моделди изилдейбиз.

  • Модель боюнча алынган маалыматты изилденүүчү объектке өткөрүп беребиз.






МААЛЫМАТТЫК ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР (МКТ)




4.9. тапшырма. Сиз үчүн кандай жаңы маалымат? Маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын классификациясы жаңы маалымат болду.

    1. Педагогикалык милдеттерди чечүүгө ылайык:

  • Окуучулардын базалык даярдыгын камсыз кылууга багытталган каражаттар (окутуу системалары, электрондук окуу китептери, билимди башкаруу системалары);

  • Практикалык окуу үчүн колдонулуучу каражаттар (ар кандай семинарлар, маселе китептер, программалар, симуляторлор);

  • Көмөкчү катары колдонулган каражаттар (сөздүктөр, энциклопедиялар, билим берүүчү оюндар, хрестоматиялар);

  • Белгилүү бир чөйрөдө интеграцияланган окуу куралдары (аралык окутуу).

    1. Педагогикалык процесстин функцияларына ылайык:

  • Маалыматтык жана окуу куралдары электрондук китептерди, китепканаларды, сөздүктөрдү, маалымдамаларды жана башкаларды камтыйт;

  • Интерактивдүү каражаттар: электрондук почта кутулары, электрондук телеконференциялар (вебинарлар) ж.б.

  • Издөө куралдары каталогдор жана издөө системалары менен көрсөтүлөт.

    1. Маалыматтын түрүнө жараша:

  • Тексттик маалыматты камтыган маалыматтык жана электрондук ресурстар (окуу-методикалык колдонмолор, тесттер, маселе китептери, сөздүктөр, энциклопедиялар, практикумдар ж.б.);

  • Визуалдык маалыматты камтыган маалымат жана электрондук ресурстар (презентациялар, иллюстрациялар, портреттер, фотосүрөттөр, видео-турлар, макеттер, диаграммалар ж.б.);

  • Аудио маалыматты камтыган маалыматтык жана электрондук ресурстар (музыкалык аудиожазуулар, сүйлөө көнүгүүлөрү, жаратылыш үндөрү ж.б.);

  • Аудио жана видео маалыматтарды камтыган маалыматтык жана электрондук ресурстар (ар кандай предметтик экскурсиялар, лекциялар ж.б.);

  • Комбинацияланган маалыматты камтыган маалыматтык жана электрондук ресурстар (окуу-методикалык колдонмолор, көйгөйлүү китептер, сөздүктөр, илимий макалалар ж.б.).

    1. Педагогикалык процессте МКТны колдонуу формасына жараша:

  • Сабактык;

  • Сабактан тышкары.

    1. Окуучу менен өз ара аракеттенүү формасына жараша:

  • Асинхрондук байланыш режиминин технологиясы – "offline";

  • Синхрондук байланыш режиминин технологиясы – «online».



Сизди эмне кызыктырды? Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуунун негизги аспектилери ичинен окуу-методикалык аспект – МКТнын колдонулушуна негизделген:

  • Белгилүү бир тема же предметтин бөлүмү боюнча визуализацияларды түзүү (плакаттар, таблицалар, мультимедиялык презентациялар ж.б.);

  • Издөө, изилдөө иштерин уюштуруу үчүн (ойдон чыгарылган же реалдуу турмуштук кырдаалдарды, математикалык моделдерди, лабораториялык эксперименттерди, уюмдун ишин, белгилүү бир физикалык процесстин агымын чагылдырган анимацияларды, ж.б. окшоштурууга мүмкүндүк берүүчү программалар)

  • Индивидуалдык мини-тесттерди түзүү;

  • Тренажерлорду, үй тапшырмаларын, өз алдынча тапшырмаларды ж.б. түзүү үчүн.

Бул педагогикалык технологияны өз практикаңызда кантип колдоно аласыз? Мектептер компьютерлер менен камсыз болуудо, сабактарды мектептеги мүмкүнчүлүктөргө жараша МКТ ны колдону менен жүргузобүз.



4.10. тапшырма. Биринчи тилкеге инновациялык педагогикалык технологиялардын негизги өзгөчөлүктөрүн жазып алыңыз. Көрсөтүлгөн технологияларды бул белгилердин (+ же -) жардамы менен баалаңыз.


4.1. Таблицасы. Инновациялык технологиялар

Инновациялык технологиянын

чен-өлчөмдөрү

Педагогикалык технологиялар

Долбоор-

дук иш

техноло-

гиясы

Изилдөө

технология-

сы

Кейс-техно-

логия-

сы

М

К

Т

СО

ЖӨТ

Моделдөө технологиясы

1

Жаңылануунун элементтери бар.


+

+

+

+

+

+

2

Билим берүүнүн жаңы натыйжаларына (функционалдык сабаттуулук, 21-кылымдын көндүмдөрү ж.б.у.с.) жетишүүгө багыт алуу..


+

+

+

+

+

+

3

Окуучулардын жана мугалимдердин иш-аракетин уюштуруудагы ишмердүүлүк мамилеси.

+

+

+

+

+

+

4

Билим берүү чөйрөсүнүн милдетин аткаруучу айланасындагы билим берүү мейкиндигин уюштуруу, атайын окуу куралдарын тандоо.


+

+

+

+

+

+

5

Баланын өзгөчөлүктөрүн жана муктаждыктарын эске алуу менен анын инсандыгын интеллектуалдык, чыгармачылык жактан өнүктүрүүгө басым жасоо.


+

+

+

+

+

+

6

Мугалим менен окуучунун ортосундагы мамиленин жаңы түрү. Мугалимдин ролу билим трансляторунан иш-аракетти уюштуруучуга айланат

+

+

+

+

+

+



4.11. тапшырма. Өзүңдү текшер.


1. Берилген жооп варианттарынан «педагогикалык технология» түшүнүгүнүн туура аныктамасын табыңыз.

  1. Бул технологияга адекваттуу билим берүүнүн педагогикалык мыйзамдарын, принциптерин, максаттарын, мазмунун, формаларын, ыкмаларын жана каражаттарын долбоорлоо жана практикалык колдонуу системасы.

  2. Ийгиликтин кепилдиги болгон педагогикалык ишмердүүлүктү илимий жактан так иштеп чыгуу жана кайра чыгаруу. ⌵

  3. Окуунун бардык аспектилерин камтыган көйгөйлөрдү талдоо жана көйгөйлөрдү чечүүнү башкаруу үчүн адамдарды, идеяларды, инструменттерди жана иш-чараларды уюштуруу жолдорун камтыган татаал, интеграциялык процесс.

2. Берилген мисалдардан туура жоопту табыңыз: инновация бул ...

  1. Системанын ичиндеги өзгөртүүлөр, жаңы киргизүүлөр.⌵

  2. Сабакка жаңы ыкмаларды киргизүү.

  3. Салттуу эмес ыкма менен сабакты өткөрүү.

3. Берилген варианттардан сынчыл ой жүгүртүүгө үйрөтүүнүн ыкмаларын көрсөтүңүз.

  1. Оозеки, визуалдык, практикалык, лабораториялык, көйгөйлүк-издөө, компьютердик.

  2. Лекция, кино көрсөтүү, лабораториялык метод, компьютер, репродуктивдүү, мээ чабуулу, биргелешкен окуу.

  3. Өркүндөтүлгөн лекция, инсерт, синквейн, кластер, мээ чабуулу, концепциялар таблицасы, Т-диаграмма, биргелешкен окуу. ⌵

4. Долбоорлоо бул:

  1. мугалим тарабынан атайын уюштурулган жана окуучулар тарабынан өз алдынча аткарылуучу, студент үчүн маанилүү болгон, буюмдун жаралышы менен аяктаган маселени чечүү боюнча иш-аракеттердин жыйындысы; ⌵

  2. эксперименттерди жана байкоо жүргүзүү;

  3. билимди өздөштүрүү үчүн эмес, окуучуларда жаңы сапаттарды жана көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган конкреттүү маселелерди-кырдаалдарды чечүүгө негизделген кыска мөөнөттүү окутуу технологиясы.



Жыйынтыктап көрөлү:


4.12. тапшырма. Педагогикалык технологияларды тизмектеп, алар тууралуу билимиңдин көлөмүнө жараша пирамиданын бөлүктөрүнө жаз.


2.ДОЛБООРДУК ИШТИН ТЕХНОЛОГИЯСЫ


3.ИЗИЛДӨӨ ТЕХНОЛОГИЯСЫ


4.КЕЙС-ТЕХНОЛОГИЯ


6.СЫНЧЫЛ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ТЕХНОЛОГИЯСЫНЫН НЕГИЗГИ МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ (СОЖӨТ)


5.ОКУУНУ МОДЕЛДϴϴ ТЕХНОЛОГИЯСЫ

1.МААЛЫМАТТЫК ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР (МКТ)





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!