СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мекенимдин тагдыры. ( Класстык тарбиялык саат)

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мекенимдин тагдыры. ( Класстык тарбиялык саат)

Просмотр содержимого документа
«Мекенимдин тагдыры. ( Класстык тарбиялык саат)»



Сабактын темасы: Мекенимдин тагдыры

Сабактын максаты: Билим берүүчүлүк максат:Кыргыз Республикасынын тарыхы, суверендүүлүк алган жылдан берки өзгөрүүлөр, дипломатиялык байланыштар боюнча кыскача маалымат алышат. Кыргызстандын өнүгүүсүнө эмне тоскоол жана Мекен үчүн жоопкерчилик түү экенин белгилөө. Өнүктурүүчүлүк максат: Мекенинин келечеги жөнүндө өз ой пикирин билдиришет. “Кыргызстандык” деген жарандык биримдикти калыптандырууга багыт алышат. “Менин өз айылыма кошкон салымым” кыскача ой пикир алышат. Таалим-тарбия берүүчүлүк максат: Жалпы адамзаттык жана улуттук-руханий баалуулуктарды баалоого жана сактоого, атуулдук, толеранттуулук, Ата Мекенин сүйүүчүлүк, мекени менен сыймыктануу, тынчтыкка умтулуу, инсандык негизги сапаттарын калыптандырууга , башка этностор менен бирдикте “Биз Кыргызстандыкпыз!” деген сезимге тарбиялоо.

Сабакта пайдаланылуучу каражаттар: . Кыргыз Республикасынын картасы; . Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана гербинин сүрөттөрү тартылган плакаттар; . Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин тексти; . Слайд жана видео көрсөтүү үчүн проектор, тексттер, ак барак, маркерлер, стикерлер ж. б.

Күтүлүүчү натыйжалар:

. Кыргыз тарыхы, Кыргыз мамлекети жөнүндө өз ойлорун эркин айтып бере алса; . Өз өлкөсүнө кандай салым кошорун белгилей алса; . Мекен үчүн ар бир атуулдун жоопкерчиликте экенин сезе билсе; . Келечек тууралуу ой жүгүртүү эң оболу биздин Кыргызстандагы эртеңки турмушубузду , өнүгүүбүздү кандай көрөрүн түшүндүрүп бере алса;





. “Кыргызстандык”деген жарандык биримдикке жетүу үчүн өз ара сый-урмат, адам укуктарын сактоо жана башкаларды басмырлабай жашоо жолу менен жетүүнү аныктап бере алса, ар бир жарандын милдети жана укуктары тууралуу билсе; . Ата Мекен , патриоттуулук, айылымды өнүктүрүү ж.б. боюнча өз түшүнүгүн айтып, презентация жасай алса.

Сабактын жүрүшү:

Мугалим: Классты 3 топко бөлүп алуу: Кыргыз Республикасынын географиялык жайгашуусу, кен байлыктары, тарыхы, белгилүү, атактуу инсандары тууралуу кыскача суроолорго жооп алуу аркылуу бөлүнөт. Жооптор: Ооба, жок, мүмкүн деген гана жооп болот. Берилген жооп аркылуу гана топторго бөлүнөт. 1-топ: Ооба деп жооп бергендер, 2- топ: Жок, 3- топ: Мүмкүн деген жоопту бергендер. Мисалы: КРнын аянты 198,5км квадратпы? Окуучунун жооп бергенине карата топко барат. Берилген тапшырмаларды берилген убакта, кыскача,кызыктуу кылып даярдоо керек. Презентация учүн топтун бардык мүчөлөрү. Алар ар кандай көрүнүштө даярдалышы мүмкүн. ( Ар бир топтун чыгармачылыгына чектөө жок)

Тапшырма:

1-топ: Кыргыз Республикасынын символдору боюнча маалымат берет. Символ деген эмне? ( кыскача маалымат берүү)

Мамлекет болуу үчүн алгач анын чек арасы, Конститутциясы, гимни, туусу, герби, эли болуу керек. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун ар биринин өз тарыхы бар. 1991-жылдын 31-августунда көз карандысыздыкка ээ болгон жаңы мамлекетке – Кыргыз Республикасына жаңы символдорду кабыл алуу талап кылынган. Кыргызстандын мамлекет-тик символикасына КРнын Конституциясынын атайын бөлүмү арналган. (мугалим толуктоо киргизсе болот, канчанчы статья). Мамлекеттик символика- КРнын мамлекеттик көз карандысыздыгын жана эгемендүүлү-гүн аныктап турат.

Мамлекеттик символдор: герб, туу, гимн. Символ – башкы белги. Мамлекеттик символика - көз карандысыздыктын жана эгемендүүлүктун белгиси. ( сүрот, слайд, ыр, гимндин текстти ж. б. көрсөтүшөт).



2-топ: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу. КРнын мамлекеттик туусун кантип сүрөттөп берүүгө болот?

КРнын мамлекеттик туусу кызыл түстө. Ал кыргыз элинин байыркы элдерден экенин билдирип турат. Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн доорунда кыргыз кагандарынын ордосунун төбөсүндө кызыл туу желбиреп илинип туруучу. Айкөл Манас бабабыз өз элинин Ата Журтунун эркиндиги үчүн Көк асабанын астында курөшкөн. КРнын мамлекеттик туусунун дал ортосунда алтын нурларын кырк бөлүнтүп чачыраткан кун алкагы тартылган. Кырк саны- кырк уруудан куралган кыргыз элинин эң байыркы эл экендигинин күбөсү. Күн алкагынын ортосунда - боз үйдүн түндүгү.

Туунун кызыл түсү- акыйкаттыкты, нарк-дөөлөттү жана каармандыкты, нурга бөлөнгөн, алтын кун- бейпилдикти жана байлыкты билдирет. Ал эми түндук – ата конуштун, укум-тукум улоонун, Кыргызстандын бардык элдерине, кеңири мааниде айтканда, бүткүл дүйнөгө, ай-ааламга карата мээрмандыктын символу. КРнын мамлекеттик туусу 1992- жылы 5- мартта КРнын президентинин резиденциясынын – Өкмөт үйүнүн төбөсүнө орнотулган. ( видео, сүрөттөр ж.б. көрсөтүлөт).

3-топ: Кыргыз Республикасынын малекеттик герби. –КРнын мамлекеттик гербинде тартылган ак шумкар жоомарттыктын жана кыраакылыктын, тоолуу өлкөнүн жалпы жарндарынын мүдөө- максаттарынын бийиктигинин символу. Көгүлтүр Ысык – Көлдун жана Ала – Тоонун ак мөңгүлүү аскаларынын артында нурун чачылта күн чыгып келе жатат. Көл жана Күн жаратылыштын сулуулугунун. Өмүр булагынын жана күч-кубаттын символу. Айланта тартылган алтын түстүу тасманын оромунда гы буудайдын машагы жана чанактары ачылган ак пахта – токчулуктун, эмгекчилдиктин белгиси. Алардын катарында гербдин үстү жана асты жагында “Кыргыз Республикасы” деп жазылган. Малекеттик герб 1994- жылы 14- январда бекитилген. Авторлору: А. Абдраев, С. Дубанаев ( сүрөт, слайд ж.б. ).

Талкууга: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни тууралуу. Гимн деген эмне?

-Класс жалпы гимнди ырдашат. – Талкуу: Гимн – бул салтанаттуу ыр. КРнын мамлекеттик гимни – биздин Ата Мекенибиздин улуулугу жана ажайып кооздугу жөнундө салтанаттуу ыр.





Авторлору: Сөзүн жазгандар: Ж. Садыков, Ш. Кулуев. Обону: Н. Давлесов, К, Молдобасановго таандык. Слайд көрсөтүлөт: Мында Кыргызстандын өсүп – өнугүшүно салым кошкон тарыхый инсандар, кыргыз тарыхы, жаратылышы, эли, каада-салты ж.б. жөнундө баяндалат.( Мугалим түшундүрмө берсе болот).

Сөздук менен иштөө: Мамлекет, патриот, мекен, каада-салт, символ, жаран, толеранттуулук, милдет ж.б.

Кыргызстан дүйнөнун бир бөлүгү көз карандысыз. Эгемендүү мамлекет. Мында 6млн ашуун киши жашайт. Бизде 100дөн ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Биз – кыргыздар, орустар, казактар, өзбектер, тажиктер, дунгандар, уйгурлар ж.б. этностор – баарыбыз Кыргызстандын бирдиктүү элин түзөбүз. “Биз Кыргызстандыкпыз” деген идеяны туу тутушубуз керек. Кыргызстандын өнүгүшүнө мамлекет катары өсүшүнө салым кошушубуз керек. Кыргызстандын жаратылышы кооз, кен байлыктарга өтө бай өлкө. Келечек биздин колдо. Биз Кыргызстандын татыктуу жараны экенин далилдеп, дүнөго таанытууга аракеттенебиз. Мамалекеттин өнүгүшү улут аралык биримдик, ынтымак, билимдүү жаштарда. Ар бирибиз мамлекеттин патриоту болушубуз керек. Акылмандан “Патриотизм деген эмне?” деп сурашканда, ал “Патриотизм – бул менин өлкөм бардыгынан мыкты деген ишеним. Анткени бул өлкөдө сен туулгансың, Ата Мекенди сатпа!” деп жооп берген экен. Демек, Кыргызстандын кайсы жеринде болбойлу – ал биздин МЕКЕН, Биздин КЫРГЫЗСТАН! Ал эми Кыргызстанды өнүктүрүү жана гүлдөгөн мамлекетке айландыруу, “ Кыргызстан – бардык этностордун бирдиктүү Мекени” деген идеяны ишке ашыруу – менин жана сенин эмгегиң, ынтымагың жана милдетиң!

Жалпы тапшырма: Эгерде биздин мамлекетибиз өнүккөн, билимдүүлөрдүн өлкөсү болсун деп ар бириңер барактан жүрөкчө жасап ага адамда кандай жакшы сапаттар жана баалуулуктар болушу керектигин жазгыла ( 2-3мин). Ар бир жүрөкчө Кыргызстаным деген жабыштырылат.

Жыйынтыктоо: Ар бир окуучуга таркатмалар берилет, мында сүйлөмдөр, макалдарды улоо керек. Мисалы: Ата Журтум...., Мекенден айрылганча .... ж.б. (мугалимдин чыгармачылыгы менен)

Сабакка катышкан ар бир окуучуга рахмат айтып, сабакты жыйынтыктоо.

Үй тапшырмасы: “Мен өз айылымдын өнүгүшүнө кандай салым кошо алам?” ( эссе жазуу)






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!