Просмотр содержимого документа
«Математикалык жанылмачтар»
Тема: Математикалык жаңылмачтар.
Математика предметине байланыштуу жаңылмачтар окуу китептерде берилген эмес. Матема- тикалык жаңылмачтар негизинен окурмандардын кыргыз тилине болгон кызыгууларын, соз байлыктарын арттырат. Эс тутумун , логикалык ой жүгүртүүлөрун өстүрөт. Эне тилибиздин улуулугун даңазалап , сүйлөө кебин ыкчамдатып, чыгармачылыкка шыктандырат. Сандарга байланыштуу айрым бир жаңылмачтар кыргыз тилиндеги адабияттарда кездешет.
Математиктер маселе менен машыгат,
Мазмундуу мисалдарга малынышат.
Маанилерин маалымдап маашырланса,
Мээлеген максаттарын маңыздашат.
Аныкталган , такталган теоремабы?
Такталбай аныкталган аксиомабы?
Такталып, аныкталбаган теоремабы?
Аныкталбай такталган аксиомабы?
Параллелепипеддештирилгендерден сиздерби же болбосо
Паралеллеограммдаштырылгандардансыздарданбы?
Төрт бурчтук көп,
Көп бурчтук төрт.
Көп бурчтуктан көп,
Төрт бурчтук төп.
Бул көп грандык,
Кай төрт грандык .
Бул төрт грандык,
Бул көп грандык.
Апал сызды төрт бурчтук,
Үпөл сызды үч бурчтук.
Апал сызмак үч бурчтук,
Үпөл сызмак төрт бурчтук.
Чийме чийген Чыныбай,
Ченөө чечкен Чаныбай.
Чыныбай ченөө чечмелесе,
Чаныбай чийме чиймелемек,
Чыныбай чийме чиймелесе,
Чаныбай ченөө чечмелемек.
Сен иштеген көнугүү,
Маселего теңи эле,
Калгандары тендеме.
Мен иштеген көнүгүү,
Теңи болсо теңдеме,
Калгандары маселе.
Адашпайбыз дагы эле.
Аныкталган аксиомабы?
Такталбаган теоремабы?
Такталганы аксиомабы?
Аныкталбаган теоремабы?