СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математикалык чемпионаттар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Математикалык чемпионаттар»

Темасы:Математикалык чемпионаттар

Сабактын максаты

көрсөткүчтөр

1

Окуучулар математикалык сабаттуулугун жана билгичтиктерин, алган билимдерин бекемдешет.

Математика сабагында өтүлгөн темаларды эстей алышса

2

Логикалык ой жүгүртүүсүн калыптандырышат.Эс тутумдарын өстүрүшөт.

Берилген сууроолорго ой жүгүртүү менен жооп бере алышса

3

Топ менен иштөө жөндөмдүүлүктөрүн арттырышат .Жолдошчулук сезимдерин ойготушат.

Иш учурунда бири-бирин сыйлай билишсе



Жабдылышы:накыл сөздөр,ТСО,панно,желекчелер, упайлар,Брейн-ринг

оюну , ж.б.

Тиби: таймаш

Жүрүшүү: Уюштуруу. Саламдашуу .Жагымдуу маанай тартуулоо:(музыканын коштоосу менен партанын үстүндөгү сүрөттөдү туурашат).

Алтын эрежени кабыл алышат.(Математикалык учкул сөздөрдү окуу менен таркатманын артындагы сүрөттөрдү илишет ).

Топко бөлүү: Фигуралар менен бөлүнөт.Кыздар көп бурчтуктар тобу болушат.

Балдар үч бурчтуктар тобу болушат.

Көп бурчтуктар тобуна кыздар жана бир ата –эне олтурат.

Үч бурчтуктар тобуна балдар жана бир ата –эне олтурат.

Топ мүчөлөрү менен тааныштыруу .

Мен алып баруучу :3-А классынын мугалими Раимбекова Динармын

“Кыздын кырк чачы улуу”-дейт кыргызда .Анда сөз кезеги кыздарда болсун.

Мен :Аймира көп бурчтуктар тобунун капитаны болом .3 досум бар.

Нуржамал сентябрь айынын бери 5 китеп окудум.

Айбийке туулган күнүм 21-июнда болот.

Мен 3-А классында окуган Султандын апасымын .

Чоку болот тоолордун бийик жери,

Чокудай бол кыргыздын жигиттери дегендей кеп кезеги балдарда болсун .

Мен Султан 3 бурчтуктар тобунун капитаны болом .

Мен Элхан жакында 10 го чыгам .

Мен Адилхан 5 ке окуган окуучуларды жакшы көрөм.

Мен Элнура 4 баланын энесимин .Элхандын апасы болом.

Рахмат кол чабуулар .

Мугалимдин сөзү: Урматтуу балдар силер менен эң кызыктуу “Математикалык бийиктикке” саякатка барабыз.Жолубуз узак жана татаал.Бийиктикке жетүү үчүн көп деген тапшырмаларды аткарабыз .

1-тур:Команданын атын жактоо .(Ар бир топ өз командасынын атын жактайт,эмне үчүн ушул атты коюшканы жөнүндө кыскача айтышат.Ураандары мене )

2- тур:”Чыгармачыл аянтча “деп аталат .( Кыркылган фигуралар менен окуган жомокторунун каармандарын чаптап жасашат)

3- тур:”Брейн- ринг”оюну аркылуу суроолорго жооп беришет .

( 5 категория бар .Ар бир категорияда 3 төн суроо түзүлгөн .Оюнчулардын тандоосу аркылуу суроолор ачылат.Минута белгиленет.Даяр болсо шыр айтса болот.Желекчелер көтөрүлөт.)

4- тур:Математикалык 7 керемет боюнча кроссворд толтуруу.

( Суроолор окулат билген топ туура жообун ватманга жазат)

5- тур : Капитандар таймашы деп аталат .(Бул жерде капитандар калыстар тарапка өтүп барышат да ,таякчалар менен берилген амалдын жообуна тууралап бир эле таякчаны жылдыруу менен амалды аткарышат)

Ар бир турда жыйынтык чыгарылып турат. Кара кылды как жарган калыстар тобунун мүчөлөрү менен тааныштырат .

Эң жогорку упай 2 .Туура жооп үчүн.

Жарым-жартылай жооп 1 упай .

Жооп болбосо упай жок.

Ар бир тапшырма бүткөн сайын упайларды айтып туруу үчүн калыстарга сөз берилип турат.

Топтор даяр болсо баштайлык .

Эң бир терең керемет бар илим кайсы?

Жер жүзүндө бааланбайт анын баркы .

Предметтер талабын багындырган,

Математика илимдердин ханышасы.

1-тур:Командалардын атын жактоо ..Кана кезекти үч бурчтуктар тобуна берели.

Биздин топтун аты үч бүрчтук ,

Үч бурчтук биздин топ

Ал үч бурчтук болбосо ,

Анда ал биздин топ эмес.(кыймыл менен көрсөтүү)

Ураан: Билим алуу менен бийиктиктерди багындырабыз. (хор менен)

“Кыз кылыгы менен” Көп бурчтуктар тобун тосуп алалы.

Көп бурчтуктарбыз,

Көп нерселерге суктанабыз.

Көп нерсени билели деп ,

Көкөлөп учабыз.(ыр түрүндө айтышат)

Ураан:Көп окуп,көптү билгим келет.

Рахмат.Сөз калыстарда .Упай берүү .

Жашоодо так болушту,

Турмүшта сак болушту ,

Достукка бек болушту,

Кеч кирип,таң атаарын,

Математика үйрөтөт.

2-тур “Чыгармачыл аянтча”деп аты айтып тургандай алдыңарда кесилген фигуралар турат . Чаптоо менен жомок каармандарын жаратуу.Убакыт берүү (5 мин)

Иштерин калыстар текшерип, упай беришет.

Эс алуу мүнөтү :Биз эс алууга бара жатабыз .Түшөнүү учуру жакындап келе жатат.Мен Динар өзүм менен дарбыз алдым деп айтам да ,оюнду улайм .(Ар бир оюнчу өзүнүн атын айтып алгын нерселерин кошо айтат).

Математика турмуш менен бир кандаш,

Үйрөнгөнүң жашоо менен тең тайлаш.

Акыл-эсти жай-жайына таптаган,

Эсеп чыгар аны менен бел байлаш.

3- тур: “Брейн-ринг”оюну .Суроолорго жооп берүү.Алдынкы упай алган топ оюнду баштайт.Эрежесине бир аз токтолуу.

Калыстарга сөз,упай берүү.

4-тур :Математикадагы 7 кереметти таап кроссворд толтурушат .

1.Сандар

2.Амалдар

3.Фигуралар

4.Формулалар

5.Таблиацлар

6.Бирдиктер

7.Процент

Калыстарга сөз берүү .Упай берүү.

5- тур: “Капитандар таймашы “.Таякчалардын жардамы менен берилген амалды тууралап чыгарышат .Бир эле таякчаны жылдыруу менен .Тез аткаруу

Жалпы жыйынтыкты чыгаруу :Калыстар курамына сөз берүү .Сыйлоо аземи.

Рахмат урматтуу калыстар тобу ишинизднрге ийгилик.

Мугалимдин сөзү:Ойчулдукка,тапкычтыкка,

Чыгармачыл эмгекте да ,оор кырдаалда да ,

Матиматика биздин таяныч

Ошондуктан бүгүн биз

Математика илимине алкыш айтабыз !

Ушуну менен иш чарабызды жыйынтыктайбыз .Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат .Саламатта калгыла .


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Похожие файлы

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!