СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Математика предметин окутууда окуучунун деңгээлине жараша диференцирленген мамиле"

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Математика предметин окутууда окуучунун деңгээлине жараша диференцирленген мамиле"»

XXI кылым – илим менен техниканын кылымы деп айтып келебиз. Илимде да, техникада да болуп көрбөгөндөй чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Ушундай заманда биз 20-30 жыл мурдагы методдорубуз менен эле балдарды окута берсек, анда биз алардын келечегин уурдаган болоорубуз айкын. Бүгүн мен сиздерге “Математиканы окутуп-үйрөтүүдө деңгээлдерге бөлүп алуунун актуалдуулугу” жөнүндө сөз кылам. Бул менин автордук методикам эмес. Методисттер тээ качантан бери эле окуучуга диференцирленген мамиле, б.а. жекече мамиле деп безилдеп келе жатышат. Болгону ошол диференцирленген мамилени математикада кандай кылып иш жүзүнө ашыра алдым, ошол боюнча гана ой бөлүшөм.

Баарыныздар байкагандай 1-4-класстарда бардык балдардын эң жакшы көрүп, сүйүп окуган предметтеринин сап башында математика турат. Анан эле 5-класстан ары өткөндө окуучулардын көңүлү аз аздан калып олтуруп, бир кездеги математиканы жакшы көрүп окуган бала жек көрүп чыга келет. Мунун себеби эмнеде? деген суроо туулат. Албетте программа татаалдашат, улам жаңы түшүнүктөр кошулуп олтурат. Мына ошол кезде көңүл сыртында калган бала акырындык менен четтей баштайт. Анда эмне кылуу керек ар бир баланы процесске үзгүлтүксүз катыштырып туруу үчүн кантебиз деген маселелер жаралат. 45 мүнөттүк сабакта ашып барса 10-15 бала доскага чыгып мисал-маселе чыгарышы мүмкүн. Класста 40-45-окуучусу болгон мектептер бар. Математика сабагында ар бир мисал-маселени чыгарууга катышып, активдүү болуп турбаган балада түшүнүксүз суроолор уламдан-улам көбөйө берет. Анда бардык баланы процесске активдүү тартуу үчүн мен сиздерге классты деңгээлдерге бөлүп алып окутууну сунуштайт элем. Ар бир бала уникалдуу жана индивидуалдуу. Аларга биз өзүнүн чама-чаркына ылайык гана тапшырма беришибиз керек.

Ал үчүн классты А, Б жана С деген үч деңгээлге бөлүп алабыз. Кааласаныз аларды математика сабагында үч катарга бөлүп же үч топ кылып отургузсаныз да болот. Же болбосо жуптарда бир деңгээл боло тургандай кылып жайгаштырууга да мүмкүн.

А деңгээл – бул математиканы өздөштүрүүдө кыйналган, математикалык билиминин фундаментинде көп мүчүлүштүктөр бар болгон окуучулар

Б деңгээл – бул А га караганда жогору, мисалдардын формуласын пайдаланып, ордуна коюп эсептөөдө кыйналбаган, орточо математикалык жөндөмгө ээ окуучулар

С деңгээл – бул өз алдынча изденип да, теманы өз алдынча окуп түшүнүп алууга, маселелерди чыгарууда бир нече жолдору сунуштай алган чыгармачыл окуучулар.

Класста баарынан өзгөчөлөнүп, математикадан олимпиадага барам деп изденген да балдарыбыз бар. Аларды С+ деңгээли деп койсонуз да болот.

Анда класска үч башка тема өтмөк белем деп чочулоонун да кажети жок. Тема ошол эле, жалпы. Болгону тапшырмаларды берүүдө сизден изденүү талап кылынат. Маселен 8-класска Алгебра сабагынан “Квадраттык теңдемелер” деген теманы өттүк дейли.

А деңгээлге тапшырма: Төмөнкү теңдемелердин ичинен квадраттык теңдемени тапкыла жана анын a, b, c коэффициенттерин бөлүп көрсөткүлө:

А) Б)

В) Г)

Б деңгээлге тапшырма: Төмөнкү квадраттык деңдемелерди чыгаргыла:

1) 2)

3) 4)

С деңгээлге тапшырма: Тик бурчтук формасындагы жалпак экрандуу телевизордун паспортунда экрандын узуну туурасына 4:3 катышындай катышат, ал эми диагоналы 25 дюйм (1 дюйм=2,54 см) деп жазылган. Телевизордун экранынын узуну жана туурасы канча см экендигин эсептегиле.

деген сыяктуу тапшырмаларды, долбоордук иштерди берсе болот. Баарын чыгарып, эми кайсыны чыгарайын деп мугалимдин шаштысын алган балдар бар. Аларды С+ деп атап, аларга кошумча олимпиадалык маселелерди берсениз болот.

Текшерүүдө дагы мугалим убакыттан уттурбашы жана ар бир деңгээлдеги окуучулар башкалардын да мисал-маселеси менен тааныш болушу үчүн А нын тапшырмасын Б, Б нын тапшырмасын С, С нын тапшырмасын С+ текшерип, түшүнбөгөн жеринде жардамдашып турса болот.

Бул окуучуларды жакшы-жаман деп бөлүүгө алып келет дешиңиз мүмкүн. Жок, андай эмес. Бул ар бир баланын туруктуу өнүгүшүнө алып келет. Үйдө да 5-жашар кызыңызды дандырга нан жап деп урушпайсыз да, дандырга нан жапканды билбей атат деп капа да болбойсуз. Андан көрө чаң аарчы деген тапшырма берсениз, кызыңыз да апама жардам берип жатам деп мунун кубануу менен жасайт. Класста да ар бир окуучу математикадан коюлган тапшырмаларды чыгара алганына кубанат, шыктанат, умтулуу пайда болот. Анан албетте сиз А деңгээлде өзүн эң жакшы көрсөткөндөрдү Б га, Б дан эң жакшы окугандарын С га өткөрүп туруңуз. Жыл аягына чейин А да эч ким калбай класста жалаң Б жана С деңгээлдери болуп калса андан да жакшы.

Баалоо кандай болот? Мен ар бир окуучунун күндөлүгүнө 5А, 4Б же 3С деген сыяктуу баалардын жанына деңгээли менен кошо көрсөтүп коюп берем. Ар бир деңгээлдин өзүнүн 5и, 4ү, 3ү жана 2 си бар. С деңгээлдеги бала А нын мисалын көзүн жумуп чыгара алат, бирок өзүнө берилген маселени начар чыгарса мен ага 3 деген баа коем жана бул нерсени жыл башында жакшы түшүндүрүп берем. Мен ойлогом анда А деңгээлде тапшырма оңой ал жакта 5 алуу мүмкүнчүлүгүм көп болот деп баары А га карап качат го деп. Жок, тилекке жараша балдар алдыга умтулат экен. Андан көрө 3С деген бааны өйдө көрүшөт.

Сөзүмдүн аягын белгилүү Совет педагогу математик-физик Виктор Федорович Шаталовдун сөзү менен жыйынтыктагым келип турат: “Окуй албаган бала болбойт, окута албаган мугалим болот”. Окуудагы жакшы жыйынтыктын кепилдиги – бул мугалим тарабынан класста түзүлгөн жагымдуу, чыгармачыл атмосфера. Муну Шаталов “туздалган бадыраң принциби” деп атаган. “Эгерде банкадагы туздалган сууга бадыраңды салсаң ал кааласа да, каалабаса да туздалган болот” деп айтканы бар. Андыктан бардык бала окууга, ишмердүүлүккө тартылган класста окубай олтурган баланын өзү болбойт. Баарыңыздарга мугалимдик ишмердүүлүгүңүздөр үзүрлүү, жемиштүү жана эң башкысы окуучуларга пайдалуу болушун каалайм.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!