СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математика мугалиминин жалпы адистиги.

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Математика мугалиминин жалпы адистиги.»

Математика мугалиминин жалпы адистик компетенттүүлүктөрү:

1. Социалдык-экономикалык, маданий компетенттүүлүк (улуттук тил, адабият (коммуникация), философиялык, социологиялык, маданият таануучулук, саясат таануучулук, дин таануучулук, экономикалык, дене тарбиялык, этикалык, эстетикалык).

2. Илимий теориялык компетенттүүлүк (математикалык, физикалык, химиялык, биологиялык, астрономиялык, дүйнөнүн илимий сүрөттөлушү, табигый билимдердин философиясы жана тарыхы).

3. Психологиялык -педагогикалык компетенттүүлүк (жалпы педагогикалык, жалпы психологиялык, Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү билим берүү системасы, мектеп, үй-бүлө, коомчулуктун биримдиги, психопедагогикалык илим изилдөө иштери, педагогикалык чеберчилик, мектеп таануу, билим берүүнүн философиясы жана тарыхы),

4. Кесиптик-технологиялык компетенттүүлүк (предметти терең билүүсү, окутуунун максатын жана милдетин аныктоо, окутуунун мазмунун жана көлөмүн аныктоо, окутуу принциптерин ишке ашыруу, окутуу методдорун тандоо жана колдонуу, каражаттарды тандоо жана колдонуу, окутууга шарт түзө билүү, окуучулардын окуу иштерин уюштуруу, класстан жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруу, окуучулардын билимдерин, билгичтиктерин, компетенттүүлүктөрүн текшерүү, өз ишин жыйынтыктоо жана баалоо).

Мамлекеттик стандартта окуучулар ээ боло турган негизги компетенттүүлүктөр көрсөтүлгөн, ал эми предметтик стандартта конкреттүү предметтик, башкача айтканда, окуучулардын математика боюнча ала турган компетенттүүлүктөрү иштелип чыккан.

Окуучунун компетенттүүлүгү – алган билимин, окуудан жана жашоодон алган тажрыйбасын, билгичтиктерин реалдуу турмушта пайда болгон көйгөйлүү маселелерди чече билүү жөндөмү.

Окуучулар ээ боло турган жалпы компетенттүүлүктөр:

маалыматтык компетенттүүлүк (маалыматты түзүү, сактоо, берүү, мурда түзүлгөн жана керек болгон маалыматты издөө, табуу, кабыл алуу, иштетүү, жыйынтыктоо, сактоо, пайдалануу);

социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк (кайсы бир маселелер боюнча билимге ээ болуу, аны колдонуу боюнча өз оюн, көз карашын башкалардын ойлору, көз карашы менен айкалыштыра билүү даярдыгы);

өз ишин уюштуруу жана маселелерди чечүү компетенттүүлүгү (окуу жана башка иштердин максатын түшүнүү, ага жараша жасалуучу аракеттерди тандоо, аракеттин удаалаштыгын аныктоо, аракетти аткаруу, максатка жараша милдеттерди коё билүү, аны чечүүнүн оптималдуу жолдорун табуу, маселени чечүү, жыйынтык чыгара билүү).

Математиканы окутуу процессинде калыптандырылуучу предметтик компетенттүүлүктөр:

ээ болгон билимдерин жана билгичтиктерин практикада жана күнүмдүк турмушта пайдалануу;

жөнөкөй математикалык моделдерди куруу жана изилдөө;

статистикалык мүнөздөгү маалыматтардын талдоосу, график, диаграмма түрүндөгү реалдуу сандык көрсөткүчтүктөрдү талдоо.

Математика боюнча бул предметтик компетенттүүлүктөрдүн ар бири өз кезегинде тиешелүү түрдө жогорудагы үч негизги компетенттүүлүктүн калыптанышына салым кошот.

Өзөктүү жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн байланышы

Билим берүүдөгү заманбап маселелерин чечүүнүн бирден-бир шарты окуучулардын билим берүүчү өзөктүү компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу болуп эсептелет. Мында негизги ролду математика ойнойт.

Математика окуу предмети катары өзөктүү компетенттүүлүктөрдү калыптандырууда белгилүү каражаттар жана мүмкүнчүлүктөргө ээ. Математика же анын усулдары бар болбогон бир дагы предметти жолуктурууга мүмкүн эмес. Математиканын объектилеринин образдары окуучуларды күнүмдүк турмушта курчап турат. Математика формулаларды жөн гана эстеп калып, аны кайра айтып берүүгө гана эмес, талдоо, колдонгон формулалардын маңызын түшүнүү, маселелерди, теңдемелерди, теңдемелер системаларын чыгаруунун ыкмаларын рационалдаштыруу жөндөмдүүлүгүн калыптандырат.

Өзөктүү компетенттүүлүктөр:

Маалыматтык компетенттүүлүк;

Социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк;

Өзүн-өзү уюштуруучулук жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүгү.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!