СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математика-илимдердин падышасы

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

математика кружогуна катышкан балдардын таймашы.окуучулар шыктанышат билимдери тереңдейт

Просмотр содержимого документа
«Математика-илимдердин падышасы»

Саламатсыздарбы урматтуу агай-эжелер жана

“Математика-акылдын ачкычы” аттуу Акыл ордо оюнунун катышуучулары!

Анда эмесе оюнубузду ачык деп жарыялоого уруксат этиңиздер.

  • Билим ообушат, акыл жугушат.

  • Билмдүүгө бир айт,билимсизге миң айт.

  • Билим алуу ийне менен кудук казгандай

деген макалдар бекеринен кыргыз элине ооздон оозго муундан муунга айтылып келе жаткан жок. Андыктан бул оюндун катышуучулары илимдин падышасы болгон математика сабагын терең урматтаган жана өздөштүргөн окуучуларыбыз менен таанышып алалы.

Анда мен оюндан шарты менен тааныштырып өтсөм.Таймаш 3турда өтөт, тапшырмалар 8категорияга бөлүнгөн,ар бир категорияда 9дан суроо бар,ар бир суроого 10 упай берилет.

11окуучу __3айланат__33суроо--3окуучу кетет.

8окуучу__3айланат__24суроо—4окуучу кетет.

4окуучу__3айланат___12суроо.


Категориялар төмөнкүлөргө бөлүнөт.

  • Улуу адамдардын учкул сөздөрү

  • Макалдар

  • Табышмактар

  • Кыргыздын чен бирдиктери

  • Формулалар

  • Теоремалар

  • Эң эң эң

  • Мээге чабуул


Түшүнүктүү болсо анда баштадык балдар силерге ийгилик каалайм


Учкул сөздөр

10- “Математика акылдын гимнастикасы”

(М.И Калинин)

20-“Математика-илимдин падышасы Арифметика-

математиканын падышасы” (К.Ф Гаусс)

30-“Акын сыяктуу кыялданбаган адам,математик

боло албайт”(С.В Кавалевская)

40-“Математика акылга акыл кошот,логикалык ой-

жүгүртүүгө үйрөтөт”(М.И Калинин)

50-“Акылды өркүндөтүү үчүн математиканы окуу

керек”(М.В Ломоносов)

60-“Дүйнөдөгу тилдердин эң кыскасы жана көркөмү-

математика”(Лобачевский)

70-“Теорияга караганда,көнүгү иштөө эсте

калат”(И.Ньютон)

80-“Адамдын улуулугу анын ой-жүгүртө билүү

жөндөмдүүлүгүндө”(Б.Паскаль)

90-“Жаратылыш өзүнүн закондорун математиканын

тили менен формулировкалайт”(Г.Галилей)


Макалдар

10-12пайгамбардан (1кудай артык)

20-Балалык адамга 2келет (1-жашында 2-карыганда)

30-Ат баспайм деген жерин (3басат)

40-1күн уруш болгон үйдө (40күн береке качат)

50-5тогоол жай болбойт пейили тар (бай болбойт)

60-Арык койдун терисин 6 ашатсаң да (ий болбойт)

70-7саны кошулган макал билесиңби?

80-80 чыга жашаңыз (серкенин этин ашаңыз)

90- 90гу чоң эне бак дөолөткө (ээ болот)


Табышмактар

10- Үй-бүлөбүз 341 тууганбыз

Белибизди бир чылбыр менен бууганбыз

1де өйдө 1де тоодо 1де чөлдө

Жашап оокат кылганбыз.(Боз үй)

20- Биздин айыл 2айыл

Өйүз бөйүз кошуна

Үй-бүлөбүз барабар

Үй-башында 9дан. (9коргоол)

30- Эртең менен 4аяктап,күндүз 2аяктап ал эми кечинде 3аяктап басат.

(Адам баласы-төрөлгөндө эмгектейт,эки буттап басат,карыганда

таяк таянып басат)

40- Кыркырак акем өлөм дейт

40 уулу аны жөлөйм дейт.(Түндүк уук)

50- Териси бар түгү жок,эти бар сөогү жок

Карды толо 1000боло,1таттуу тапкын тамаша (коон)

60- 60 киши аякташат, эртең менен туруп таякташат(кирпик)

70- Эл уктаса да 50бай акемдин 2улагы уктабайт (кулак)

80- 2эмес 3ботко

Көтөргөнүн кактайт отко

Күйдүм быштым дебестен

Так ортодо турат го (тулга)

90- Жалгыз көздү, жалгыз буттуу

1кемпир бар эң күлүк (Ийик)


Кыргыздын чен бирдиктери

10-Ата-бабаларыбыз колдонуп келген узундук бирдиктерин атап бер.

(таман,карыш,чыканак,кулач,чакырым)

20-Ата-бабаларыбыз колдонгон бир кундүк убакыт бирдигин атап

бер.(Таң атпай, күн чыкканда,шашке,чак түш,түш

оогондо,бешим,кеч курун, кеч, түн түн ортосу)

30-Ылдамдык бирдиктери.(м\сек,км\саат)

40-Кыргызда колдонулган салмак бирдиги.(бут,чейрек,челек,кап)

50-Кыргызда колдонулган көлөм бирдиктери.

(чымчым,ууч,кочуш,баштык,кап)

60-Чейрек эмнени түшүндүрөт. (Өлчөмдүн 1\4 бөлүгүн)

70-Кыргыздар колдонгон аянт

бирдиктери.(бармак,басым,алакандай,үй-ордундай)

80-Саноо бирдиктери (бир,улүш,жер жайнаган,түмөн сансыз)

90-Чакырым канча узундукту түзөт.(1км)


Формулалар

10-Ылдамдыктын формуласы? (V=S\T)

20-Аралыкты табуу формуласы? (S=V*T)

30-Айлананын узундугу эмнеге барабар? (C=2 )

40-Кубдун көлөмү эмнеге барабар? (V=A*3)

50-Призманын көлөму эмнеге барабар? (V-SH)

60-Эки чекиттин ортосундагы аралык? (AB\2=(X2-X1)\2+(Y2-Y1)\2

70-Айлананын теңдемеси кандай? (X2+Y2=R2)

80-Убакытты табуу формуласы?(T=S\V)

90-Шардын көлөмү? (V=4\3πr3)


Теоремалар


10-Теорема деген эмне?(Далилдөөнү талап кылган сүйлөм)

20-Үч бурчтуктун ички бурчтарынын суммасы эмнеге барабар? (1800)

30-Төрт бурчтуктун ички бурчтарынын суммасы эмнеге барабар?

(3600)

40-Пифагордун теоремасы. (гипотенузанын квадраты катеттеринин

квадраттарынын суммасына барабар)

50-Фалестин теоремасы? (бурчтун жактарын кесип өтүүчү параллель

т.с бурчтун бир жагын барабар кесиндилерге кесип өтсө анда алар

бурчтун экинчи жагын да барабар кесиндилерге кесип өтөт)

60-Трапециянын орто сызыгынын теоремасы? (Трап. орто сызыгы

негиздерине параллель жана негиздеринин суммасынын

жарымына барабар)

70-Виеттин теоремасы? (келтирилген квадраттардын теңдеменин \

тамырларынын суммасы экинчи мүчөнүн карама-каршысына

барабар ал эми эки тамырларынын көбөйтундүсү бош мүчөгө

барабар)

80-Косинустар теоремасы? (Үч бурчт. бир жагынын квадраты калган

эки жагынын квадраттарынын суииасына, ал жактарынын жана

алардын арасындагы бурчтун косинусунун эки эселенген

көбөйтүндүсүнө барабар)

90-Синустар теоремасы? (Ар кандай үч бурч. жактарга каршы жаткан

Бурчтарынын синусуна пропорциялаш болот)


Эң эң эң

10- Эң кичине эки орундуу сан? (10)

20-Кыргыз жериндеги эң бийик чоку? (Жеңиш чокусу-7439м)

30- Кыргыз жериндеги эң узун дарыя? (Нарын -535км)

40-Жер шаарындагы эң чоң материк? (Евразия-54млн км2)

50-Дүйнөдөгү эң бийик тоо? (Гималай-8848м)

60-Кыргыз жериндеги эң терең көл (Сары челек)

70- Кыргыз жериндеги кызыл китепке кирген эң кооз гүл жана

анын мекени?( айгүл гүлү-баткен)

80-Эң бийик пирамида кайсы жерде жайгашкан жана кандай

аталат? (Египет Хеопс)

90-Энелерибиздин эң улук баш кийими жана ага канча

узундуктагы кездеме керектелет? (Элечек 30м-50м чейин)


Мээге чабуул

10-1үй-бүлөдө 2атасы 2баласы бар бардыгы канча адам бар?(3)

20-1үй-бүлөдө 5бала ар биринин 1карындашы бар,бары канча

адам? (6)

30-1кг таш оорбу же 1кг пахтабы? (=)

40-Төо куш өзүн кушмун десе болобу? (жок.сүйл. албайт)

50-Кайсы санды бутунан өйдө көтөрсө кичине болот? (9)

60-Даярдаганга болот жегенге болбойт? (сабак)

70-Канча айда 28күн бар? (ар бир айда)

80-(-1,0,1,2,3,4,5)сандардын суммасы чоңбу же көбөйтүндүсүбү?

(сумм-14,көбөйт-0)

90-Төрт бурчтуктун бир бурчун кесип салса канча бурч пайда

болот? (5)






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!