СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Манас таануу" интелектуалдык таймаш.

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Манас таануу" интелектуалдык таймаш.

Просмотр содержимого документа
«"Манас таануу" интелектуалдык таймаш.»

«Манас таануу» интелектуалдык таймаш.

Манас таануу интелектуалдык таймашы окуучуларга тарыхты үйрөтүп, мекенчилдик сезимдерин жогорулатат.

Манас таануу таймашынын максаты:

1. Билим берүүчүлүк:

«Манас» экилтиги боюнча окуучулардын алган билимдерин андан ары тереӊдетүү максатында эпос тууралуу түзүлгөн ар кандай суроолор менен билимдерин бышыкташат жана өз алдынча түзүлгөн суроолор боюнча ой жүгүртүп иштешет.

2. Өнүктүрүүчүлүк:

Окуучулар өз алдынча «Манас» эпосун изилдеп, образдарды анализдеп, бири – бирине образдын өзгөчөлүгүн, маанисин чечмелеп бере алышат.

3. Тарбия берүүчүлүк:

Окуучулар эпостогу каармандар аркылуу айкөлдүккө, кечиримдүүлүккө, намыскөйлүккө, достукка бекем болууга тарбияланышат.

Мугалимдин сөзү:

Арыбаӊыздар, ар намысын туу туткан уюткулуу кыргыз элим. Биз бүгүн 8 – 9 – класстардын арасында өтчү «Манас таануу» таймашын баштайбыз.

Кыргыздын улуу акыны Байдылда Сарногоев айткандай

Кыргызым бүтпөс ырымсыӊ,

Кыярбас кызыл туумсуӊ.

Сан жагыӊ чакан болсо да,

Сапатыӊ менен улуусуӊ –

дегендей, сапаты менен улуу болгон кыргыз эли илгертен Манас айтып, аны урпактарына мурас калтырып, ушундай чоӊ эпосту оозеки бизге чейин жеткирген улуу калк. Айтылуу Манас баатырдын урпактарына салам айтып, бүгүнкү оюнду баштайбыз. Эӊ оболу эки тарап менен тааныштыра кетсем. 1 – топ 9 – класстын кыздарынан түзүлгөн «Каныкей» тобу. Ал эми акылман Каныкей энебиздин атын алып келген топтун атаандашы

8 – класстын кыздарынан түзүлгөн «Айчүрөк» тобу.

Эми сиздерди оюндун эрежелери менен тааныштырып кетейин.

1. Ар бир топ бири – бири менен саламдашат.

2. Экилтиктен 6 суроо.

3. Күтүлбөгөн суроо.

4. Сыр куржун сөз чечмей.

5. Серепчиден суроо.

6. Өз ара бири – бирине суроо беришет.

Таймаштын жүрүшүн баалап туруш үчүн серепчилерди дайындайбыз. Серепчинин саны үч адамдан турат.

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Рахматова Бактыгүл Барпиевна.

Кыргыз тили жана адабияты мугалим Насирова Гулипа Абдыкадыровна.

Тарых мугалими Төрөгелдиева Динара Абдураимовна.

Анда эмесе, эки тарпка ийгилик каалап, таймашты баштайбыз.

1 – топ. «Каныкей» тобу:

Салам айттым кыргызымдын тоосу болуп,

Салам айттым жамгырымдын суусу болуп.

Салам айттым комузумдун күүсү болуп,

Салам айттым кыргызымдын кызы бол.



Кылымдап атын өчүрбөй,

Кымбатуу кыргыз калкым бар.

Урматтап ал жай сурашкан,

Улуудан калган салтым бар.



Та салтын ардактап,

Аманданып алалы.

Ассалоому алейкум,

Атаандашым аманбы.



Манастан алган сабакты,

Үйрөнгөм бир топ санатты.

«Каныкей» тобу ийилип,

Калкына айтат саламды.



Журт энеси Каныкейдин акылы,

Убагында эр тукумун сактаган.

Кылымдардан кылымдарды карытып,

Кыргыз элин биримдикте кармаган.



Туйгу мүнөз асыл заттын сырттаны,

Шыктандырып эр жигитке дем.

Айткан сөзү, ак батасыэрлерге,

Жоо бетинде эр жигитке күч берген.



Дилгирлиги анын элге белгилүү,

Алдын – ала баарын билип баамдаган.

Көрөгөчтүк касиети эненин,

Кыргыз элин көп балээден сактаган.



Алтын колдуу, чебер айым уз эне,

Эр шайманын өзү камдап узаткан.

Кан майданда шаймандары эрлердин,

Сактап калган бетке келген ажалдан.



Барга көпбөй, жокко чөкпөй энебиз,

Кадам сайын келечегин ойлого.

Өзүм дебей,элим деген кан айым,

Бөлүнбө деп далай ирет боздогон.



Манасым, улуу баяным,

Жашоонун берген маӊызын.

Мурастап бизге калтырган,

Баш ийем сизге манасчым.



Манасым, гүл баяным,

Улууга урмат кылганым.

Улантып ушул идея,

Бутактап ырга айлансын.



Аялзатында жок сарамжалдуулугу,

Кара кылды как жарган калыстыгы,

Энелик мээримдин тереӊдиги,

Эч кимде жок акылмандыгы,

Элде жок уз чеберчилиги.

Демек, Каныкейдин акылмандыгын, уздугун, калыстыгын, сарамжалдуулугун баалап биз тобубуздун атын «Каныкей» - деп койдук.

Биздин ураан:

Манасты Манас кылган Каныкей!

Чачылганды жыйнаган Манас!

Үзүлгөндү улуган Манас!

Жаша Манас!

Бар бол Манас!

Манас! Манас! Манас!



2 – топ. «Айчүрөк» тобу:

Кыргыз, кыргыз,кыргыз деген ким өзү,

Айбаты курч, ташты жарат мүнөзү.

Жүрөгүндө жанып турган оту бар,

Кыргыз эли чагылгандын бир өзү.



Салам айтам Манас ата добушунан,

Салам айтам кеӊ кыргыз конушунан.

Салам айтам ташты жарган тарыхынан,

Салам айтам «Айчүрөк» тобунун атынан.



«Айчүрөк» деп атадык атыбызды,

Аруулукту алган үчүн Манастан.

Аруу сактап жүрөбүз затыбызды,

Аруулукту көргөн үчүн Манастан.



Ак тамгын кылайтып,

Арка чачын сулайтып.

Оймок ооз, бото көз

Айчүрөктөй

Кыздары сулуу кыргыздын (хор).



Аркардай басып керилип,

Ак мончоктой төгүлүп.

Элечек кийип койкоюп,

Айчүрөктөй

Апасы слуу кыргыздын.(хор)



Жер бетине кар жааса,

Карды көр да этин көр,

Кар үстүнө кар тамса,

Канды көр да бетин көр.



Адамзат пендеси окуп улуу Манасты,

Тапкан нуру не болот?

Канча кылым карытып,

Келген сыры не болот?

Барктап,баалайтбаарысы,

Касиети не болот?



Адамзат пендеси окуп улуу Манасты,

Тапкан нуру нарк болот,

Кылымдарды карытып,

Келген сыры сөз болот.

Таалимин алып Манастын,

Таасына анын карк толот.

Биздин ураан:

Кулалы таптап куш кылган, Манас!

Курама жыйып журт кылган, Манас!



Манас күн нур!

Манас кыргыз руху!

Бар бол Манас! Жаша Манас!

Манас! Манас! Манас!



2. Экилтиктен 6 суроо:

1. Манстын төрөлгөнүн Жакыпка ким сүйүнчүлөп барат? (Акбалта)

2. Көкөтөйдүн ашында Коӊурбайдын көзү кайсы тулпарга түшөт? (Мааникерге)

3. Алмамбеттин окуясы. Манастын түшүн айтып бер?

4. Каныкейдин өз аты ким? Чечмелеп бер. (Санирабига)

5. Семетей Таласка жол тартат. Таластын оозунан аны Манастын эмнелери тосуп алат? (Кумайык ити, Акшумкары, желмаян төөсү)

6. Канчоронун чыккынчылыгы. Семетейдин кайып болушу айтып бер.



3. Күтүлбөгөн суроо: «Каныкей» тобуна.

1. Айбанбозду Манаска ким берет? (Кошой)

2. Акбалтанын небереси ким? (Канчоро)

3. Алмамбеттин атасы салдырган шаар. (Туӊша)

4. Байдын балдары ким? (Бакай,Тайлак)

5. Бакдөөлөттүн атасы ким? (Чаян)

6. Арчаторуну Манаска ким тартуу кылат? (Бокмурун)



Күтүлбөгөн суроолор: «Айчүрөк» тобуна.

1. Атка артып жүрүүчү чоӊ мылтык. (Жазайыл)

2. Бокмурун кимдин баласы? (Көкөтөйдүн баласы)

3. Бүгүнкү Эркеч – Тамдын баштапкы аталышы. (туӊша бел)

4. Жакыптын токолу ким? (Бакдөөлөт)

5. Жезнай деген эмне? ( Музыкалык үйлөмө аспап)



4. Сыр куржун. Көөнө сөздөрдү чечмелөө. «Каныкей» тобуна берилген сөз жана макал.

Абузамзам – көөнө сөз. Мааниси (араб сөзү) кол менен жасалган көлчө.

Макал. «Бирөөнүн элинде султан болгуча, өз элиӊде ултан бол» - деген макалды чечмелеп, мисал келтиргиле.

Сыр куржун. Көөнө сөздөрдү чечмелөө. «Айчүрөк» тобуна берилген сөз жана макал.

Мамырчылык – көөнө сөз. Мааниси (араб сөзү) бейкутчулук,тынччылык.

Макал. «Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман» - деген макалды чечмелеп, мисал келтиргил.



5. Эпостогу аялдардын образдарын ачып анализдеп беришет. «Манас» эпосу боюнча алган билимдерин жыйынтыктап ,толукташ үчүн эпостогу аялдардын орду жана алардын сулуулугун, акылмандыгын, эмгегин, жасаган иштерин баалап, сыпаттап беришет.

«Каныкей» тобу: Чыйырды,Каныкей, Кыз Сайкал – үч аялзатынын образын ачып беришет.

«Айчүрөк» тобу: Айчүрөк, Чачыкей, Бакдөөлөт үчөөнүн образын анализдешет.



6. Сарепчилерден бир суроо

«Каныкей» тобуна. «Манас» - кыргыз рухунун туу чокусу» - деп ким айткан. (Ч. Айтматов)

«Айчүрөк» тобуна. «Манас» кыргыздын баардык мифтеринин, жөө жомокторунун, ылакаптарынын энциклопедиялык жыйнагы» - деп кайсы казак окумуштуусу айткан.

(Чокон Валиханов)

Кошумча суроолор. ( талап кылынган учурда берилет)

«Манас» эпосунун темасы жана идеясы айтып бер.

«Семетей» эпосунун темасы жана идеясын айтып бер.



7. Өз ара суроо. Бири – бирине өздөрү даярдап келген суроолорун беришет.

8. Жыйынтыктоо: Кара кылды как жарган калыстар тобуна сөз берилет.

9. Мугалимдин сөзү: «Манас» эпосун окуп үйрөнүү менен эпостун ички маани – мазмунуна сүӊгүп кирсек, анда улуу нарк, улуу элдик пелагогика, эрдик, сулуулук, сүйүү, достук, элдин тарыхы, дини, салты, сөз берметтери, ыйман, ызаат, намыс ушунун баарын өзүнө камтып турат.

«Манас» эпосу – кыргыз элин жок болуп кетүүдөн сактаган, бар болуп жашоого үйрөткөн, кыйынчылыктарды жеӊип чыгууга такшалткан Улуу Сабак.

Мындай баа «Манас» эпосун көтөрө чалгандык эмес. «Манас» байыркыны, бүгүнкүнү, эртеӊкини бириктирип турган бүтүндүк. «Манас» эпосун жогору баалап Аскар Акаев мындай дейт: «жер үстүндө кыргыз барда, адамзат жашап турганда «Манастын ыры да, сыры да бүтпөйт.

Демек, канчалык Манасты окусак да бүтпөс сабак – деп «Манас таануу» таймашын аяктайбыз. Аманчылыкта жүз көрүшкөнчө сак саламат болунуздар!

Көӊүл бурганыӊыздар үчүн чоӊ ырахмат!.


























Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!