СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Макала" Кумтөр"

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Макала "Кумтөр"

Просмотр содержимого документа
«Макала" Кумтөр"»

А.К.Касенова



«Кумтөралтын» кени жана Кыргызстандын экономикасы

Макалада «Кумтөралтын» долбоорунун Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүшүндөгү салымы жана «Кумтөралтын» кени жөнундө кыскача маалыматтар берилди.

СССРдин кулашынан кийин Кыргыз Республикасы учун өзунун тарыхтагы тагдырын колго алуусу ,экономикасын өнүктүрүү маселесин пайдалуу чечүү максаты мезгилдин чоң талабы болуп калды.

Суверендүүлукко жаңыдан гана ээ болгон жана экономикалык кыйынчылыктарды жеңүү мезгилинде жашап жаткан Кыргызстан

үчүн ,өнүгүүнун бирден бир ыңгайлуу жолу бул-тышкы жана ички түз инвестицияга шарт түзүү милдети турат.

90-жылдардан бери массалык түрдо токтоп калууга учураган өнөр жай өндүрүштөрүн сактап калуу жана ишке киргизүү максаты чет эл аралык финансылык уюмдардын кредиттерин ,чет өлкөлүк инвестицияларды алуу жана туура пайдалануу аркылуу чечилиши мумкун.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында ири чет өлкөлүк инвестициянын негизинде иштеп баштаган өндүрүш бул 1992 жылы, 4 декабрда Кыргыз Республикасы менен Камеко Канадалык корпорациясынын Кумтөралтын кенин биргелешип өздөштүрүү боюнча Генералдык макулдашууга кол коюсунан башталган «Кумтөралтын» Долбоору болду.

Кумтөралтын кенин изилдөө 1920 жылдары үстүртөн башталып ,ал эми 1978 жылы Кыргыз геологиясынын геофизикалык экспедициясы тарабынан дүйнөлук масштабдагы ири алтын кени катары ачылган.

1988 жылы СССРдин Геология министерствосу Кыргызтандагы Кумтөралтын кенин чалгындоо иштеринин жыйынтыгын жарыялап,аны өндүрүштүк өздөштүрүү зарыл экендигине чечим чыгарган.Бирок экономикалык кыйынчылыктарга байланыштуу өздөштүрүү иштери убактылуу токтотулган.

1990 жылы перспективдүү уран кендерин издөө максатында Камеко Корпорациясынын геологдору мурдагы СССРдин өлкөлөрүндө болуп, 1992-жылы Кыргызстанда Кумтөралтын кенин карап, изилдеп чыгышкан,натыйжада «Кумтөралтын»Долбоорун түзүү жана аны ишке ашыруу боюнча жарым миллиардга жакын доллар акча каражаты каралган.Мында Камеко корпорациясы 167 млн.доллар өздүк капиталын жана ири финансылык уюмдардын , банктардын Канадалык экспортту өнүктүрүү боюнча Корпорациянын( КРЭ) 50 млн.,Европалык өнүктүрүү жана реконструкция банкынын(ЕБРР)-40 млн., Джей Пи Морган Чейз Манхеттен банкынын – 155 млн (доллар)акча каражаттары пайдаланууга тартылды.Кредиттерди төлөп берүү кепилдигин канадалык тарап өз мойнуна алган.»Кумтөралтын» Долбоору Кыргызстандын экономикалык өсүшү үчүн күчтүү таасирин тийгизди.Алсак,жалпы өнөр жай продукциянын республикалык экспортунун 45% ин,улуттук дуң продукциянын 10% ин тузот.

Кыргызстанда биринчи жолу дүйнөлүк класстагы алтын өндүрүүчү обьектинин курулушу,дуйнөнүн ири колониялары менен өз ара кызматташуусуна жана алтындын чон запасына ээ болушуна (республикалык алтын өндүрүп чыгаруу боюнча КМШ мамлекеттеринин ичинен Россия жана Өзбекстандан кийинки үчүнчү орунда,ал эми ЮАР,Канададан кийинки төртүнчү орунду ээлейт)мүмкүнчүлүк түздү.

Деңиз деңгеелинен 4000 метр бийиктиктеги,климаттык шарттары өтө оор жер экендигине карабастан,алдыңкы технологиянын жана чыгармачылыктын күчү менен алтын өндүрүүнүн жылдык көлөму 15 тен 23 тоннага алтынды бөлүп алуу ыкмасынын натыйжасында кошумча 23000 алтын унций өзү актап чыкан.Эмгектин өндүрүмдүүлүгүнүн жогору экендигинин ачык далили катары карасак,мисалы ,Россиядагы ири “Лензолото” алтын кенинде алтындын казылышы бир кишиге 2,5 кг туура келсе,ал эми Кумтөрдө бир кишиге 14 кг алтын туура келет экен.

2001-жылдагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана финансылык абалы жөнүндөгү Улуттук статистикалык Комитетинин билдируулөру боюнча :өткөн жылдарга салыштырмалуу “Кумтөралтын”кенинин салымы менен республиканын ички дүң продукциясы 73,9 млрд.сомду (1525 млн доллар)түзгөн,өнөр жай продукциясы 46,9 млрд.сомго чыгарылган.Инфляциянын деңгээли бир кыйла төмөндөгөн.Орточо айлык акы 22,4 % ке өскөн.Айтылгандарды анализдеп көрсөк ,кыска убакыттын ичинде “Кумтөралтын ”Долбоорунун эффективдүүлүгү Кыргызстан үчүн маанилүү экономикалык жылыштарды жасоого жардам берген.

Тоо-кендерин казуу секторунун статистикалык эсептөөлөрү боюнча : 2002-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 215 өндүрүштүк мекемелер катталган.Экономикалык активдүүлүгү жана өндүрүмдүүлүгү менен тоо-кен мекемелери бири –биринен кескин айырмаланып турат.Баардык аракеттеги тоо-кен мекемелери “Кумтөрдү”кошо алып караганда 31069 млн.сомго продукция чыгарышкан,ал эми “Кумтөрсүз”бул цифра 10904 млн. сомго азайып калмак.

2002 –жылы Эл аралык тоо жылында “Кумтөралтындын”10 жылдык юбилейлик салтанатында ага официалдуу эмес “Республиканын тоо –кендерин иштетүүчү өнөр жайларынын флагманы жана башкы экспорт багытындагы өндүрүш”деген титул берилди.

Кумтөралтын”Долбоорунун Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымдарынын негиздүү далилдери катарында,Долбоордун Оператору – “Кумтөр Оперейтинг Компанинин ”статистикалык билдирүүлөрүн келтире кетсек болот. Мында “Кумтөралтын”кени ачылган кундөн баштап Кыргызстандын үлүшүнө 2 млрд.сомдон ашык акчалай каражаты түшкөн,түндүк Кыргызстандын территориясында жаңы кен чыгуучу жайларын изилдөө иштери жүргүзүлгөн.”Кумтөрдүн ”эсебинен региондо туруктуу энергетикалык камсыздоо проблемасы маанилүү деңгээлдэ чечилип,бул иш үчүн 30 млн.доллар акча каражаты иштетилген.Региондун социалдык маселелерин чечүүгө жардам берүүдө.Долбоордогу шарттарга ылайык 70% жергиликтүү кадрлардын ордуна азыркы учурда 1500 дон ашык,б.а. 93% адам туруктуу жогорку акылуу жумуштар менен камсыз болду.Мындан тышкары “Кумтөралтын”Долбоорунда алдыңкы чет өлкөлук окуу жайларында кыргызстандык адистерди даярдап чыгуу маселеси да каралган.Ушул кундөрго чейин “Кумтөрдүн”жургүзгөн спонсордук,мээримдуулук ишмердуулугу уланууда.

Азыркы кундо кыргыз бийлиги канадалык алтын өндүрүүчү Centerra Cold Inc компаниясы менен тарыхый келишимге жетишти.Кумтөр кени толугу менен өлкөнүн менчигине өттү.

Президент Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин өлкө жетекчилиги эл аралык компания менен түз тирешүүгө өткөн.Республика мындай кадамга биринчи жолу барып,өзүнүн улуттук кызыкчылыгын коргой алды.

Кумтөр кенинин тегерегиндеги териштирмей республиканын соңку тарыхында тынымсыз кайталанып келген.Борбор Азиядагы эң ири алтын кени өлкөгө өнүгүү учүн эбегейсиз ресурстарды бермек,бирок кыргызстандыктар,куру дегенде көпчүлук долбоордон андай каражаттын келгенин сезе албады.Талаштын негизги предмети-канадалык компания жана КРдин ортосундагы кирешени бөлүштүрүү болгон.

Кумтор- Centerra Cold Inc.ишканасына кирешенин басымдуу бөлүгун алып келген негизги актив.Мисалы, 2020-жылы аталган компанияга кен пайданын 58 пайызын камсыз кылган.Ал тургай жалпы кирешенин 90 пайыздан ашуунун камсыздаган жылдар да болгон.

2022 –жылы 4-апрель күну президент Садыр Жапаров түз эфир аркылуу кайрылуу жасап,Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын карамагына өткөнүн жар салды.

Келишимде төмөнкү шарттар каралган:

М ындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык,башкача айтканда , “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын 100 пайыз акциясы республикабызга тиешелүү.Бул келишим Кыргызстандын тарыхында эбегейсиз зор экономикалык өзгөрүш болуп ,мамлекетибиздин гүлдөп өсүп,келечекте алдынкы өнүккөн мамлекеттердин катарына киришибизге умут болду.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!