СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кызыктуу маалыматтар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Автор: Бакай Алмаз Воскресенье, 10 мая 2015 г. в 06:28

Эң...Эң...Эң... Эң жаш хан  Англиялык хан Генрих VI  1422-жылдын 1-сентябрында  тогуз айында такка олтурган.    Эң көп балалуу ата  Марокколук султан Исмаил дүйнө жүзү боюнча эң көп балалуу ата болуп эсептелет. Камкор ата 548 уулун жана 340 кызын тарбиялайт.    Эң акылдуу бала Ганеш Ситам-палам ааламдагы эң акылдуу бала деп айтылат. Жети жашар бала сабактардын баарын дароо эле өздөштүрүп коёт. Мындай деңгээли менен ал 13 жашында бакалавр даражасына жетсе болот.    Эң жаш музыкант Вольфганг Амадей Моцарт 3 жашында музыка жазып баштаган.    Эң көп төрөлгөн Кытайдагы уул балдардын тагдыры Кытайда эл өтө эле көп болуп, аймагында батпай бараткандыктан ата-энелерге бир балалуу болгонго гана уруксат берилет. Жыйынтыгында болсо кытайлыктар: “бир балалуу болгонго жараша уулдуу болгонубуз жакшы” дешип, УЗИ кыз баланы көрсөткөн учурда көпчүлүгү боюнан алдырып салуу адаты салтка айланып кеткен. Азыр ошондуктан Кытайда аялдардын жетишсиздик коркунучу  күч алган. Алар эркектерге караганда 20 миллионго аз.    Эң жаш өспүрүм ата-эне Эң жаш ата-эне 8 жана 9 жаштагы өспүрүмдөр болушкан. Алар 1910-жылы Кытайда жашашкан.    Башка улуттардан бир жашка улуу корей балдары  Кореяда бала тогуз айга чыкканда эле жаш берип коюшат. Ошондуктан алар башка өлкөлөрдүн балдарынан дайыма бир жашка улуу.    Эң көп төрөлгөн эм балдар Нигерияда эм балдар абдан көп төрөлөт. Бир учурда эле 11 эм бала төрөлөт (жалпы 22).  Японияда да эм кыздар көп төрөлөт. Бир учурда 250 төрөт болот.    Эң эски оюнчук Археологдордун тапкан оюнчуктарынын эң эскиси 3000 жылга сакталып калганы белгилүү. Ал Байыркы Персиянын аймагынан табылган жана азыр Луврда сакталуу.    Эң атактуу тиши бар төрөлгөн атактуу ымыркайлар Жок дегенде 2000 ымыркайдын ичинен бирөө тиши менен төрөлөт. Негизи бала эмчек эмгенде алаксып жана апасынын эмчегин оорутпаш үчүн биринчи тиши жок төрөлүш керек. Кызыгы тиши менен төрөлгөн балдардын арасына эң атактуу адамдар да кирет экен. Мисалы, Юлий Цезарь, Ганнибал, Шарлеман, Наполеон, Муссолини жана Гитлер.    Эң көп сүйлөгөн немис балдары Заманбап технологияны эң бат үйрөнүүчү жана баарлашууну жакшы көргөн балдар немис улутундагылар экен. Тогуз жашында алар экинчи уюлдук телефондорун көтөрүп калышат.     

Просмотр содержимого документа
«Кызыктуу маалыматтар»

Балдар тууралуу эң кызыктуу фактылар

Автор: Бакай Алмаз Воскресенье, 10 мая 2015 г. в 06:28

Эң...Эң...Эң...
Эң жаш хан 
Англиялык хан Генрих VI  1422-жылдын 1-сентябрында  тогуз айында такка олтурган. 
 
Эң көп балалуу ата 
Марокколук султан Исмаил дүйнө жүзү боюнча эң көп балалуу ата болуп эсептелет. Камкор ата 548 уулун жана 340 кызын тарбиялайт. 
 
Эң акылдуу бала
Ганеш Ситам-палам ааламдагы эң акылдуу бала деп айтылат. Жети жашар бала сабактардын баарын дароо эле өздөштүрүп коёт. Мындай деңгээли менен ал 13 жашында бакалавр даражасына жетсе болот. 
 
Эң жаш музыкант
Вольфганг Амадей Моцарт 3 жашында музыка жазып баштаган. 
 
Эң көп төрөлгөн Кытайдагы уул балдардын тагдыры
Кытайда эл өтө эле көп болуп, аймагында батпай бараткандыктан ата-энелерге бир балалуу болгонго гана уруксат берилет. Жыйынтыгында болсо кытайлыктар: “бир балалуу болгонго жараша уулдуу болгонубуз жакшы” дешип, УЗИ кыз баланы көрсөткөн учурда көпчүлүгү боюнан алдырып салуу адаты салтка айланып кеткен. Азыр ошондуктан Кытайда аялдардын жетишсиздик коркунучу  күч алган. Алар эркектерге караганда 20 миллионго аз. 
 
Эң жаш өспүрүм ата-эне
Эң жаш ата-эне 8 жана 9 жаштагы өспүрүмдөр болушкан. Алар 1910-жылы Кытайда жашашкан. 
 
Башка улуттардан бир жашка улуу корей балдары 
Кореяда бала тогуз айга чыкканда эле жаш берип коюшат. Ошондуктан алар башка өлкөлөрдүн балдарынан дайыма бир жашка улуу. 
 
Эң көп төрөлгөн эм балдар
Нигерияда эм балдар абдан көп төрөлөт. Бир учурда эле 11 эм бала төрөлөт (жалпы 22). 
Японияда да эм кыздар көп төрөлөт. Бир учурда 250 төрөт болот. 
 
Эң эски оюнчук
Археологдордун тапкан оюнчуктарынын эң эскиси 3000 жылга сакталып калганы белгилүү. Ал Байыркы Персиянын аймагынан табылган жана азыр Луврда сакталуу. 
 
Эң атактуу тиши бар төрөлгөн атактуу ымыркайлар
Жок дегенде 2000 ымыркайдын ичинен бирөө тиши менен төрөлөт. Негизи бала эмчек эмгенде алаксып жана апасынын эмчегин оорутпаш үчүн биринчи тиши жок төрөлүш керек. Кызыгы тиши менен төрөлгөн балдардын арасына эң атактуу адамдар да кирет экен. Мисалы, Юлий Цезарь, Ганнибал, Шарлеман, Наполеон, Муссолини жана Гитлер. 
 
Эң көп сүйлөгөн немис балдары
Заманбап технологияны эң бат үйрөнүүчү жана баарлашууну жакшы көргөн балдар немис улутундагылар экен. Тогуз жашында алар экинчи уюлдук телефондорун көтөрүп калышат.   
 
Эң көп майрамдалган балдарды коргоо күнү
Дүйнө жүзүндө балдарды коргоо күнүн бир күн майрамдашса, Сейшелде балдарды коргоо күнүн бир ай бою белгилешет. 
 
“Ур токмок үчүн бала”
15-18-кылымдарда Англияда “ур токмок үчүн бала” түшүндүрмөсү бар болчу. Бул көрүнүштө ханзаадаларды тарбиялашчы жана күнөөлөрү үчүн жазалашчы. Албетте ханзаадалардын өзүн эмес (Хандын тукумуна кол тийгенге уруксат берилген эмес), алар менен чогуу тарбия алышкан балдарды. Тажрыйба көрсөткөндөй мындай ыкмалар оң жыйынтыктарды көрсөткөн. Анткени ханзаадалар ур токмок үчүн дайындалган балдар менен гана ойногонго акылары бар болчу. Аларды канча жазалаган сайын, алар акыл-эстүү, боорукер, жөнөкөй болуп чоңоюшкан.   
 
17-кылымдагы балдардын китепканасы
17-кылымда  Людовик XIV өз баласына тарбия берүү максатында  атайын рим жана грек классикасын үйрөтүүнү көздөп атайын китепкана ачылсын деп буйрук берген. Китептер абдан көп болгондуктан анын максаты  28 жылдан кийин гана ишке ашкан. Бул учурда баласына китепкана кереги жок болуп калган. 
  
Америкадагы жоголуп кеткен 7 миллион бала
1987-жылы 15-апрелде Америкада мыйзамдуу түрдө 7 миллион бала жоголуп кеткен. 
 
Ата-эне болуу убактысы
Европалыктар орточо эсеп менен алганда 29 жашында ата-эне болушат. Ал эми орусиялыктар 20 жашынан баштап, Индияда 19 жашынан, ал эми бизде 18 жаштан баштап ата-эне болгонго акылары бар. 
Апасынын канынын  тобу 1, ал эми атасыныкы 2 болсо, анда күтүүсүздөн  3 тобундагы бала төрөлөт.  Баланын канынын тобу ата-энесинин бирөөсүнүкү менен айкалышат же экөөнүн жыйындысынан келип чыгат.   
 
Фараон Рамзестин 160 баласы
Фараон Рамзестин 160 баласы болгон, албетте ар башка аялдан. Тамаша же күлкүлүү  катары угулушу мүмкүн, бирок азыр презерватив чыгарган компаниянын аты “Рамзес” деп аталат. 
 
Үй-бүлөлүк жылуулук   
“Үй-бүлөлүк жылуулукту”  сан менен көрсөтсө болот экен. Мисалы, үй-бүлөдө эки чоң жана эки кичинекей баланын жылуулугу  1300 киловатт/ саат жылуу энергияны көрсөтөт. 
 
Сакчылары бар балдар бакчасы
Дүйнө жүзү боюнча  бир гана Румынияда  сакчалылары бар балдар бакчасы бар. Балдар бакчасынын аймагында атайын сакчыларга арналган курулуштар бар. Сакчылар атактуу байлардын балдарынын баскан-турганын көзөмөлгө алып турушат. 
 
Аяз атанын айынан жумуштан кеткен мугалим
Мындан бир нече жыл мурун Уэльсте кичинекей класстарга сабак берген бир мугалим Аяз ата жок деп айтып койгону үчүн жумуштан бошотулган. 
 
Төө үстүндө жарыш
Араб өлкөлөрүндө кичинекей балдардын “төө үсүндө жарыш” мелдеши абдан атактуу. Бул мелдешке 3 жана 4 жаштагы балдар катыша алышат. Балдар чоңдорго караганда абдан жеңил жана алар коркок болушкандыктан көбүрөөк бакырышат. Ошондуктан төөлөр батыраак чуркашат. 
 
3-4 жашар балдардын суроосу
Статистика эсептегендей  кичинекей бөбөктөр 3-4 жашында күнүгө 12000 сөз айтышат жана 900гө жакын  суроо беришет. 
 
Жакшы
Японияда “жакшы эмес”, “жаман” деген сөздөр балдарга таптакыр колдонулбайт. 
 
Күчтүү ымыркай
Бир айлык балага караганда  бир жумалык ымыркай күчтүүрөк. 
Жаңы төрөлгөн бала кызыл, жашыл түстөрдү көрөт, бирок көк түстү көрбөйт. 
 
Ден соолугу чың баланы үйдөн төрөш керекпи?
Данияда 80% айымдар өз үйүндө төрөшөт, анткени балдарынын ден соолугу чың болушун каалашат. 
 
Сары чачтуу балдардын алсыздыгы
Сары чачтуу бөбөктөр кара чачтуу балдарга караганда аба ырайынын алмашышына сезимтал болушат. Өзгөчө ар кандай ооруларга туруштук бере албай, эмдөөдөн, стресстен  кийин аба ырайынын өзгөрүүлөрүн көтөрө албай, иммунитети алсыз болуп калат. 6 айдан 1-2 жашка чейинкилер.   
 
Чылым чегип кыздуу болгуңуз келеби?
Япон окмуштууларынын ою боюнча, ата-энелер канчалык көп чылым тартса, ошончолук кыздуу болгонго мүмкүнчүлүгү көп болот. Чындыгында жыйынтыкка жетиш үчүн күнүнө 20дан ашык чылым чегиш керек. Ойлонуп көрүңүздөр, ушундай жол менен кыздуу болгуңуздар келеби?     
 
Балдардын психикасына терс таасирин тийгизген жарнама
Швецияда 12 жашка чейинки балдарга жарналамалардын кайрылуусу тыюу салынган мыйзам бар. Алардын ою боюнча жарнама алардын психикасына терс таасирин берип коюшу мүмкүн.   
 
Аттактуу ысымдар
АКШда акыркы жылдары кыздарга атактуу - «Шанель»,  «Армани», а балдарга болсо  – «Найк» жана «Лексус» аттарын ыйгаруу модага айланып кеткен. 




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!