СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыздуу уйдо кыл жатпайт

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыздуу уйдо кыл жатпайт»

Кыздуу уйдо кыл жатпайт.



Сабактын максаты:
1. Кыздардан талап кылынуучу аруулук, асылзаадалык жонундо тушунук алат.
2. Омуру орнок баатыр кыргыз кыздары жонундо маалыматын толуктайт.
3. Адептуулукко, патриоттуулукка тарбияланат. Элдик каада-салтты, урп-адатты баалоого кондуруу. Улууларды урматтоого, кичуулорду сыйлоого чакыруу.

Сабактын жабдылышы: Суроттор, макал-лакаптар жазылган плакатттар
    
Сабактын журушу:


1. Уюштуруу:
Сабактын темасы, максаты боюнча тушунук беруу.


2. Жаны тема:
“Кыздуу уйдо кыл жатпайт” деп, кыздарды тазалыктын, сарамжалдуулуктун, тыкандыктын сакчысы катары сыпаттап келишет.
Бабаларыбыз кызга өзгөчө маани берип, "Кыргыз кызын сыйлайт" деген улуу салт бар тура, көрсө. Ошондо да Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза өңдөнгөн баатыр кыздар, ошондой эле Каныкей, Айчүрөк, Зулайка, Айганыш сыяктуу аруулуктун, асылзаадалыктын үлгүлөрү жомокко айланган чыгар. Ошого жараша кыздарга да өзгөчө талап коюлуп, "Жакшы кыз - жакадагы кундуз", "Кызга кырк үйдөн тыюу" деп, алардын аялуу асылдуулугун аздектешкен. Кыздар да адебин сактап, өз баасын бийик кармашкан эле деп, тамшанып калат улуулар...
  Бугун биз, кыргыздын белгилуу, таданттуу кыздарынын кыздар жонундогу ой-пикирин окуп королу.
Актриса Жамал Сейдакматова: Табиятынан кыз бала назик жан
Биздин убакта кыздар табиятынан назик болушуп, ороңдогонду билишпейт болчу. Азыркы заманда кыздардын кылыгы да башкача болуп кетпедиби. Кыздарыбыздын көпчүлүгүнүн жүрүш-турушу эркекке окшоп калды. Табиятынан кыз бала назик жан болуп, мырзаларга жасаган мамилеси жылуу-жумшак болушу шарт. Бекеринен аялзатын үйдүн куту дешпейт да. Жолдошунун сөзүн эки кылбай, балдарына таалим-тарбия берип, ысык чайын, даамдуу тамагын дарсторконго жая коюп, жолдошун тосуп алса, мына ошондо аялдын мээрмандыгы билинет. Илгери кыздарды аябай катуу кармашчу да, тамак ичкенде акырын, үнүбүздү чыгарбастан иччүбүз. Ошол убакта табигый косметикаларды колдонор элек. Биздин замандагы мырзаларыбыз кызга ашык болуп калса, тердеп-кургап кат жазышчу, атайын өзүнүн почточусу болор эле. Кудум "Эрте келген турналар" тасмасындагыдай, Султанмурат менен Мырзагүлдүн сүйүүсүндөй болчу. Жүзаарчыга сүйүктүүсүнүн атын жазып, ортомчу жеңелер аркылуу берип жиберишчү. Анан бир-бирине жылдызы келишсе, жолугушуп сүйлөшүп, үйлөнүшөр эле. Мындай сүйүү эми азыркыларга жомок болуп калды да.

Ырчы Саламат Садыкова: Батыштын жапайы адаты тумоодой каптап кетти
Азыркы кыргыздын кыздары... Албетте, ыймандуу, адептүү кыздарыбыз да толтура. Бирок ошентсе да, маданиятты таратуу милдети башында турган айрым алып баруучу жаштарыбыз жөнүндө азыноолак айтып кетким келет. Атайын жаштарга арналган каналдар ачылбадыбы. Ошондогу жаш алып баруучу кыздарды көрүп алып ушунчалык иренжийм. Обу жоктонуп, себепсиз жалжактап күлө берет, мына ошондон азыркы кыздарда нарк кетип жатпайбы. Анткени, көкүрөгүндө руханий байлыгы жок.
Илгертен айтылган "Кызга кырк үйдөн тыюу" деген бар болчу. Мектептен баштап ийменүү деген болор эле. Мейли улуу киши болсун, мейли кичүү киши болсун, алардан кымырынып-кымтынып турчубуз.
. Кыз-жигиттин ортосунда керемет, ыйык, бир таза дүйнө бар эле. Азыркыларга бул жомок болуп кала берди. Батыштын жапайы адаты тумоодой каптап кетти. Түнкү клубдар, казино, кийген кийими, ашата сөгүнүп сүйлөгөнү, деги койчу, кайсы бирин айтпасам да жалпыбызга маалым да. Өзүбүзгө кайрылып келиш үчүн, коом өзгөрүлүшү шарт. Экранда жалаң кыргыздын өзүнүн касиетине ылайыктуу, элдин наркына, сөөлөтүнө ылайык көрсөтүүлөрдү жандандырса.

Ырчы Анапия Райымбекова: Кынабын тапкан кылыктуулар
Кыздардын өз орду бар болчу. Азыр кыз баланын наркы кеткени-эркек балага караганда кыз бала көп болгону. Заманга жараша кыздар батыштын тасмаларын, сериалдарын көрүп, ошолорду туурап өзгөрүштү. Үйдөгү тарбиядан ата-эненин сөзүн укпай, жеңил ойлуулукка тез азгырылып жатышат. Беш кол тең эмес дегендей, ата-эненин тарбиясын алып, созулган кыздар да бар. Тилекке каршы, ошол акылдуу кыздар бактысын таппай калып, же тапса да, ашкере кылыгынын жоктугунан ажырашып кеткендери да бар.. Азыр сүйүү күнү деп атайын белгилеп жүргөн 14-февралды майрам катары көрбөйм. Ошол күнү өзүмөн-өзүм уяла берем. Биздин убакта кыздарга сөз айтыш өтө кыйын болчу. Азыр,тескерисинче, кыздар балдарга сөз айтып калган учур болуп калды. Азыркы кыздар заманга шылтоолойбу, айтор, түшүнбөйм...
Бышыктоо:
Ата-бабаларыбыз тузгон улуу адептик-ыймандык нарк-дөөлөттөрду муноздогон макал-лакап, накыл создордон айтып бергиле. Аларды чечмелегиле.
Сыйлаганга аш таппасан, сыпаалыкка соз тап.
Улууга урмат, кичууго ызаат.
Сыйласан сыйлуу болосун.
Сыйлашпаган тууганын, сыр айтпаган душмандай.
Сый сыйга жарашат, сый билбеген адашат.
Уят олумдон катуу.
Сабырдын тубу сары алтын.
Жылуу созго жылан ийнинен чыгат. Ж.б.


3. Жыйынтыктоо:
  “Карынын кебин капка сал” дегендей, ата-энебиз, улуулар айткан насаат создорду кунт коюп угуп, конулго туйуп, озубузду адептуу, ыймандуу, нарк- насилдуу болуп чоноюууга, келечекте “жакшы” адам болууга умтуулуубуз керек экен. Азыр баарынар эле ушул ойго кошулсанар керек деп ойлойм. Биз ошондо ата-энебиздин максат-тилегин орундап, аларды эч качан уятка калтырбайбыз.


4. Уйго тапшырма беруу:
  Озунордун жаман сапаттарынар барбы ойлонуп коргуло. Аларды жакшы сапаттарга алмаштырууга болобу?


4



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!