СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргызстан XX к. алгачкы он жылдыктарында // 9 класс, Кыргызстан тарыхы

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Россия империясынын курамындагы Кыргызстан (1855-1917)

Просмотр содержимого документа
«Кыргызстан XX к. алгачкы он жылдыктарында // 9 класс, Кыргызстан тарыхы»

Кыргызстан XX к. алгачкы он жылдыктарында

Кыргызстан XX к. алгачкы он жылдыктарында

План Кыргызстан-Россия империясынын колониясы. Аймактык административдик башкаруу Сот бийлиги. Экономикалык абал. Кыргыз жерлерин массалык түрдө тартып алуу

План

  • Кыргызстан-Россия империясынын колониясы. Аймактык административдик башкаруу
  • Сот бийлиги.
  • Экономикалык абал. Кыргыз жерлерин массалык түрдө тартып алуу
1. Кыргызстан - Россия империясынын колониясы. Аймактык административдик башкаруу 20 кылымдын башында Кыргызстан Россия империясынын колониялык ээлиги катары калган. Кыргыз аймактары Түркстан генерал-губернаторлугунун курамына кирген жана Жети-Суу, Сырдарыя, Фергана жана Самарканд облустарынын ортосунда бөлүштүрүлгөн.

1. Кыргызстан - Россия империясынын колониясы. Аймактык административдик башкаруу

  • 20 кылымдын башында Кыргызстан Россия империясынын колониялык ээлиги катары калган.
  • Кыргыз аймактары Түркстан генерал-губернаторлугунун курамына кирген жана Жети-Суу, Сырдарыя, Фергана жана Самарканд облустарынын ортосунда бөлүштүрүлгөн.
Кыргызстан облустар (губерниялар), облустар  уезддер деп бөлүнгөн. Уезддер өз кезегинде айылдарды камтыган волосторго (болуштуктарга) бөлүнгөн. Болуштук 1— 2 миң короодон (үй-бүлөдөн), айылдар 100-200 короодон турган. Бардыгы болуп 73 волост түзүлгөн.
  • Кыргызстан облустар (губерниялар), облустар уезддер деп бөлүнгөн. Уезддер өз кезегинде айылдарды камтыган волосторго (болуштуктарга) бөлүнгөн. Болуштук 1— 2 миң короодон (үй-бүлөдөн), айылдар 100-200 короодон турган. Бардыгы болуп 73 волост түзүлгөн.
Аймактагы бардык бийлик генерал-губернатордун колунда болгон. Облустардын жана уезддердин башында орус чиновниктери турган. Алар, адатта, падышалык офицерлер болушкан, анткени басып алынган жерлерди башкаруу жарым-жартылай аскердик мүнөздө болгон. Айылдарды башкаруучу жана болуштук кызматтарга манаптар, байлар жана бийлер тандалып алынган, алар падышалык бийликтин көрсөтмөлөрүн так жана туура аткарган.
  • Аймактагы бардык бийлик генерал-губернатордун колунда болгон. Облустардын жана уезддердин башында орус чиновниктери турган. Алар, адатта, падышалык офицерлер болушкан, анткени басып алынган жерлерди башкаруу жарым-жартылай аскердик мүнөздө болгон.
  • Айылдарды башкаруучу жана болуштук кызматтарга манаптар, байлар жана бийлер тандалып алынган, алар падышалык бийликтин көрсөтмөлөрүн так жана туура аткарган.
Башкаруучу волостной (болуш) деп аталган, ал эми айыл башчысы — старшина (старчын). Кызмат үчүн болуш жылына 500-700 рубль, ал эми старчын 100-200 рубль алган.
  • Башкаруучу волостной (болуш) деп аталган, ал эми айыл башчысы — старшина (старчын). Кызмат үчүн болуш жылына 500-700 рубль, ал эми старчын 100-200 рубль алган.
2. Сот бийлиги. Кыргыз айылдарында сот бийлиги бий менен казы лардын колунда болгон. Казы сот иштерин шарияттын негизинде чечкен. Ал эми бийлерди болуштар менен бир убакта 3 жылдык мөөнөткө шайлашкан. Бир волосто 8 бийге чейин болгон. Бийлер соту адат эрежесине ылайык иш жүргүзгөн. Бийлердин соту менен гана чектелбестен, падышалык бийлик өзүнүн сот органдарын түзгөн. Бул соттордун өкүмү боюнча, колониялык бийликтин кызыкчылыгына коркунуч туудурган адамдар аскер сотуна чейин жоопко тартылышкан.

2. Сот бийлиги.

  • Кыргыз айылдарында сот бийлиги бий менен казы лардын колунда болгон.
  • Казы сот иштерин шарияттын негизинде чечкен.
  • Ал эми бийлерди болуштар менен бир убакта 3 жылдык мөөнөткө шайлашкан. Бир волосто 8 бийге чейин болгон. Бийлер соту адат эрежесине ылайык иш жүргүзгөн.
  • Бийлердин соту менен гана чектелбестен, падышалык бийлик өзүнүн сот органдарын түзгөн. Бул соттордун өкүмү боюнча, колониялык бийликтин кызыкчылыгына коркунуч туудурган адамдар аскер сотуна чейин жоопко тартылышкан.
 3. Экономикалык абал. Кыргыз жерлерин массалык түрдө тартып алуу   Кыргызстан Россия империясынын башка колониялары сыяктуу эле арзан чийки заттын булагына айланган. Жер-жерлерде аз сандагы өнөр жай ишканалары түзүлө баштаган.

3. Экономикалык абал. Кыргыз жерлерин массалык түрдө тартып алуу

  • Кыргызстан Россия империясынын башка колониялары сыяктуу эле арзан чийки заттын булагына айланган. Жер-жерлерде аз сандагы өнөр жай ишканалары түзүлө баштаган.
Кыргызстандагы өнөр жай ишканаларынын жалпы саны 1913-жылга карата 569 га жеткен. Жумуш күнү 12-14 саатка созулган, ал эми жергиликтүү элге эмгек акы аз төлөнгөн (2 эсе аз көчүп келгендерге караганда). Эмгек шарттары өтө оор болгон. 1913-жылы Кыргызстандын бардык калкынын 12% жакыны шаарларга жашаган.
  • Кыргызстандагы өнөр жай ишканаларынын жалпы саны 1913-жылга карата 569 га жеткен.
  • Жумуш күнү 12-14 саатка созулган, ал эми жергиликтүү элге эмгек акы аз төлөнгөн (2 эсе аз көчүп келгендерге караганда).
  • Эмгек шарттары өтө оор болгон.
  • 1913-жылы Кыргызстандын бардык калкынын 12% жакыны шаарларга жашаган.
Кыргыздардын жерлерин биротоло ээлеп алуу жана бул аймактарда өзүнүн бийлигин бекемдөө максатында падышачылык 1867-жылдан тартып Кыргызстанды орус-казактары жана көчүп келген дыйкандар менен отурукташтыра баштаган.
  • Кыргыздардын жерлерин биротоло ээлеп алуу жана бул аймактарда өзүнүн бийлигин бекемдөө максатында падышачылык 1867-жылдан тартып Кыргызстанды орус-казактары жана көчүп келген дыйкандар менен отурукташтыра баштаган.
Көчүп келгендер иштетүүгө ыңгайлуу 30 ондук – десятина (1 ондук - 1,09 га) жер алышкан. Алар бардык салыктардан жана аскердик милдеттүүлүктөн 15 жылдык мөөнөткө бошотулушкан.
  • Көчүп келгендер иштетүүгө ыңгайлуу 30 ондук – десятина (1 ондук - 1,09 га) жер алышкан.
  • Алар бардык салыктардан жана аскердик милдеттүүлүктөн 15 жылдык мөөнөткө бошотулушкан.
Суроолор Колония деген эмне? Кыргызстан качан жана кантип Россия империясынын колониясына айланган? Кыргызстан колониялык менчикке айланганын көрсөткөн фактыларды келтиргиле. Административдик башкаруу системасы кандайча курулган? Падышалык Орусиянын жер-суу саясаты Кыргызстанда кандай максаттарды көздөгөн?

Суроолор

  • Колония деген эмне?
  • Кыргызстан качан жана кантип Россия империясынын колониясына айланган?
  • Кыргызстан колониялык менчикке айланганын көрсөткөн фактыларды келтиргиле.
  • Административдик башкаруу системасы кандайча курулган?
  • Падышалык Орусиянын жер-суу саясаты Кыргызстанда кандай максаттарды көздөгөн?
Домашнее задание Теманы окуп келүү

Домашнее задание

  • Теманы окуп келүү


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!