СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыздардын улуттук мамлекетүүлүгүнүн түзүлүшү жана чыңдалышы // 9 класс, Кыргызстан тарыхы

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

1924-1936 жылдар - Кара Кыргыз автономиялык облусу, Кыргыз АССРи, Кыргыз ССРи

Просмотр содержимого документа
«Кыргыздардын улуттук мамлекетүүлүгүнүн түзүлүшү жана чыңдалышы // 9 класс, Кыргызстан тарыхы»

Кыргыздардын улуттук мамлекетүүлүгүнүн түзүлүшү жана чыңдалышы

Кыргыздардын улуттук мамлекетүүлүгүнүн түзүлүшү жана чыңдалышы

План Кыргыз тоолуу облусун түзүү аракеттери. Улуттук мамлекеттүүлүктү калыптандыруу боюнча мындан аркы иш-чаралар. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү. Кыргыз автономиялуу облусун автономиялуу республикага айландыруу. Кыргыз АССРнин союздук республикага айландыруу.

План

  • Кыргыз тоолуу облусун түзүү аракеттери.
  • Улуттук мамлекеттүүлүктү калыптандыруу боюнча мындан аркы иш-чаралар.
  • Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү.
  • Кыргыз автономиялуу облусун автономиялуу республикага айландыруу.
  • Кыргыз АССРнин союздук республикага айландыруу.
1. Кыргыз тоолуу облусун түзүү аракеттери. Түркстан АССРинин курамына кирген кыргыздар Жети-Суу, Сырдарыя, Фергана жана Самарканд облустарына бөлүнүп, өз өкмөттөрү болгон эмес. Бул облустарда жашаган кыргыздар азчылыкты  түзгөн жана анын натыйжасында алардын кызыкчылыктарына дайыма эле  тийиштүү көңүл бурулган эмес.

1. Кыргыз тоолуу облусун түзүү аракеттери.

Түркстан АССРинин курамына кирген кыргыздар Жети-Суу, Сырдарыя, Фергана жана Самарканд облустарына бөлүнүп, өз өкмөттөрү болгон эмес.

Бул облустарда жашаган кыргыздар азчылыкты түзгөн жана анын натыйжасында алардын кызыкчылыктарына дайыма эле тийиштүү көңүл бурулган эмес.

Буга байланыштуу 1921-жылы Алма-Ата шаарында өткөн жыйында Түркстан АССРинин курамында тоолуу Кыргыз областын түзүү маселеси көтөрүлгөн. Бирок маселе чечилген эмес, анткени Жети-Суу жана Сыр-Дарыя облусун Казак АССРине өткөрүп берүү болжолдонгон.

Буга байланыштуу 1921-жылы Алма-Ата шаарында өткөн жыйында Түркстан АССРинин курамында тоолуу Кыргыз областын түзүү маселеси көтөрүлгөн. Бирок маселе чечилген эмес, анткени Жети-Суу жана Сыр-Дарыя облусун Казак АССРине өткөрүп берүү болжолдонгон.

25-март, 1922-жылы Түркстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчылыгы Түркстан Республикасынын курамында Тоолуу Кыргыз облусун түзүү жөнүндө чечим кабыл алган. 26-мартта Түркстан Кичи Президиуму административдик борбору Кочкор айылы болгон Пишпек, Каракол, Нарын жана башка тоолуу райондорунун курамында Тоолуу кара Кыргыз облусунун түзүү жөнүндө токтомду бекиткен.
  • 25-март, 1922-жылы Түркстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчылыгы Түркстан Республикасынын курамында Тоолуу Кыргыз облусун түзүү жөнүндө чечим кабыл алган.
  • 26-мартта Түркстан Кичи Президиуму административдик борбору Кочкор айылы болгон Пишпек, Каракол, Нарын жана башка тоолуу райондорунун курамында Тоолуу кара Кыргыз облусунун түзүү жөнүндө токтомду бекиткен.
Бирок Тоолуу Кыргыз облусу түзүлө баштаганда эле бул маселе улутчул жана уруулук багыттагы ар кандай топтордун ортосундагы пикир келишпестиктердин аренасына айланган. Алардын бири - А.Сыдыков башында турган , Тоолуу Кыргыз облусун жактаган. Экинчиси - Р. Кудайкулов баш болгондор - каалаган эмес. Р. Кудайкуловду Ташкентте жана Алматыда казак улутундагы жетекчилер колдоштчу.

Бирок Тоолуу Кыргыз облусу түзүлө баштаганда эле бул маселе улутчул жана уруулук багыттагы ар кандай топтордун ортосундагы пикир келишпестиктердин аренасына айланган.

Алардын бири - А.Сыдыков башында турган , Тоолуу Кыргыз облусун жактаган.

Экинчиси - Р. Кудайкулов баш болгондор - каалаган эмес. Р. Кудайкуловду Ташкентте жана Алматыда казак улутундагы жетекчилер колдоштчу.

4-июнь, 1922-жылы Жети-Суу партиясынын обкому Пишпекте 425 делегаттын катышуусу менен уюштуруу съездин чакырган. Бирок өз ишин баштаганга чейин эле Сталиндин түздөн-түз көрсөтмөсү боюнча жыйын токтогулган. Ошентип, кыргыз элинин өзүнүн региондук мамлекеттик бирикмесин түзүүгө болгон алгачкы аракеттери ишке ашкан жок.
  • 4-июнь, 1922-жылы Жети-Суу партиясынын обкому Пишпекте 425 делегаттын катышуусу менен уюштуруу съездин чакырган.
  • Бирок өз ишин баштаганга чейин эле Сталиндин түздөн-түз көрсөтмөсү боюнча жыйын токтогулган. Ошентип, кыргыз элинин өзүнүн региондук мамлекеттик бирикмесин түзүүгө болгон алгачкы аракеттери ишке ашкан жок.
2. Улуттук мамлекеттүүлүктү калыптандыруу боюнча мындан аркы иш-чаралар.   1924-ж. январь айында Түркстан Республикасынын Советтеринин 12 чи жыйынында кыргыз делегаттарынын тобу РКП (Б) БКга жана СССР БАКынын улуттар кеңешине кыргыздардын саясий келечеги бүдөмүктө экендиги тууралуу баяндама кат менен кайрылган…

2. Улуттук мамлекеттүүлүктү калыптандыруу боюнча мындан аркы иш-чаралар.

  • 1924-ж. январь айында Түркстан Республикасынын Советтеринин 12 чи жыйынында кыргыз делегаттарынын тобу РКП (Б) БКга жана СССР БАКынын улуттар кеңешине кыргыздардын саясий келечеги бүдөмүктө экендиги тууралуу баяндама кат менен кайрылган…
10-март, 1924-жылы Түркстан бийлик өкүлдөрүнүн биргелешкен жыйынында Түркстан АССР БАКын төрагасы жана Түркстан КП (Б) БКнын жооптуу катчысы Рахимбаев баяндама жасады. Анын билдирүүсүндө кыргыздардын тагдыры тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Ошону менен бирге, баяндамачынын берилген суроолорго берген жообунан Фергана облусунун кыргыздары менен Жети-Суу облусунун кыргыздарын бириктирип, андан соң анын негизинде Казак Республикасынын курамында автономиялуу облус түзүү болжолдонуп жатканы айкын болду. Жыйынга катышкандардын ичинен Ишенаалы Арабаев гана нааразылыгын билдирди…

10-март, 1924-жылы Түркстан бийлик өкүлдөрүнүн биргелешкен жыйынында Түркстан АССР БАКын төрагасы жана Түркстан КП (Б) БКнын жооптуу катчысы Рахимбаев баяндама жасады. Анын билдирүүсүндө кыргыздардын тагдыры тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Ошону менен бирге, баяндамачынын берилген суроолорго берген жообунан Фергана облусунун кыргыздары менен Жети-Суу облусунун кыргыздарын бириктирип, андан соң анын негизинде Казак Республикасынын курамында автономиялуу облус түзүү болжолдонуп жатканы айкын болду. Жыйынга катышкандардын ичинен Ишенаалы Арабаев гана нааразылыгын билдирди…

3. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү. 14-октябрь, 1924-жылы – РСФСР дин БАКы Түркстан АССРинин, Бухара жана Хива Республикаларынын калкынын эркине ылайык Орто Азия элдерин улуттук мамлекеттерге бөлүү жөнүндө токтом кабыл алган. Кара-Кыргыз Автономиялык облусуна мурдагы Түркстан АССРинен: Жети-Суу облусу боюнча - дээрлик толугу менен Пржевальск, Нарын, Пишпек уезддери, Наманган уездинин 10 болуштугу, Фергана облусунун Кокон уездинин 2 болуштугу, Сыр-Дарыя облусунун Аулие-Ата уездинин (Талас участогу) 14 болуштугу кирген.

3. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү.

  • 14-октябрь, 1924-жылы – РСФСР дин БАКы Түркстан АССРинин, Бухара жана Хива Республикаларынын калкынын эркине ылайык Орто Азия элдерин улуттук мамлекеттерге бөлүү жөнүндө токтом кабыл алган.
  • Кара-Кыргыз Автономиялык облусуна мурдагы Түркстан АССРинен: Жети-Суу облусу боюнча - дээрлик толугу менен Пржевальск, Нарын, Пишпек уезддери, Наманган уездинин 10 болуштугу, Фергана облусунун Кокон уездинин 2 болуштугу, Сыр-Дарыя облусунун Аулие-Ата уездинин (Талас участогу) 14 болуштугу кирген.
  Облустук статистикалык бюронун маалыматы боюнча, Кара-Кыргыз АОнун калкы 828,3 миң адамды түзгөн. Алардын 63,5 % ын кыргыздар, 15,4% ын өзбектер, 16,8% ын орустар түзгөн. Башка улуттар 4,3% түзгөн.

  • Облустук статистикалык бюронун маалыматы боюнча, Кара-Кыргыз АОнун калкы 828,3 миң адамды түзгөн. Алардын 63,5 % ын кыргыздар, 15,4% ын өзбектер, 16,8% ын орустар түзгөн. Башка улуттар 4,3% түзгөн.
Абдыкадыр Орозбеков (1889-1938) - советтик партиялык ишмер. КАОнун аткаруу комитетинин төрагасы. 1927-1937 - жж. - Кыргыз АССРинин БАК төрагасы. Жалган жалаа менен камакка алынып, атууга өкүм кылынган . 1938-жылы май айында катуу оорудан кийин каза болгон. 1956-жылы акталган.

Абдыкадыр Орозбеков (1889-1938) - советтик партиялык ишмер. КАОнун аткаруу комитетинин төрагасы. 1927-1937 - жж. - Кыргыз АССРинин БАК төрагасы. Жалган жалаа менен камакка алынып, атууга өкүм кылынган . 1938-жылы май айында катуу оорудан кийин каза болгон. 1956-жылы акталган.

4. Кыргыз автономиялуу облусун автономиялуу республикага айландыруу.   1-февраль, 1926-жылы - Бүткүл россиялык БАКы Кыргыз автономиялуу облусунун аймагынын жетиштүүлүгүн, анын чет мамлекеттер менен чектеш экендигин, өзүнүн экономикасынын бар экендигин, тили жана маданияты өнүккөнүн эске алып, Кыргыз автономиялуу облусун Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасына кайра түзүү жөнүндө токтом кабыл алган.

4. Кыргыз автономиялуу облусун автономиялуу республикага айландыруу.

  • 1-февраль, 1926-жылы - Бүткүл россиялык БАКы Кыргыз автономиялуу облусунун аймагынын жетиштүүлүгүн, анын чет мамлекеттер менен чектеш экендигин, өзүнүн экономикасынын бар экендигин, тили жана маданияты өнүккөнүн эске алып, Кыргыз автономиялуу облусун Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасына кайра түзүү жөнүндө токтом кабыл алган.
Ошентип, Кыргызстан, РСФСРдин курамында өзүнүн мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүнүн жаңы этабына кирди. Бул окуя 7-12-мартта (1927-ж.) өткөн Кыргыз АССР Советтеринин жыйынында мыйзамдаштырылган. 12-март, 1927-ж. - БАКтын биринчи сессиясы -курамында 17 мүчө жана мүчөлүккө 6 талапкер болгон БАКтын Президиумун бекиткен. Кыргыз АССРинин БАК Президиумунун төрагасы болуп Абдыкадыр Орозбеков шайланды. Сессия ошондой эле республиканын өкмөтүн - Эл комиссарлар советин түздү. Жусуп Абдрахманов ЭКСтин төрагасы болуп дайындалды. Ошентип, жаңы автономиялуу республиканын бийлик органдары жана башкаруу органдары түзүлдү .
  • Ошентип, Кыргызстан, РСФСРдин курамында өзүнүн мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүнүн жаңы этабына кирди. Бул окуя 7-12-мартта (1927-ж.) өткөн Кыргыз АССР Советтеринин жыйынында мыйзамдаштырылган.
  • 12-март, 1927-ж. - БАКтын биринчи сессиясы -курамында 17 мүчө жана мүчөлүккө 6 талапкер болгон БАКтын Президиумун бекиткен. Кыргыз АССРинин БАК Президиумунун төрагасы болуп Абдыкадыр Орозбеков шайланды. Сессия ошондой эле республиканын өкмөтүн - Эл комиссарлар советин түздү. Жусуп Абдрахманов ЭКСтин төрагасы болуп дайындалды. Ошентип, жаңы автономиялуу республиканын бийлик органдары жана башкаруу органдары түзүлдү .
Абдрахманов Жусуп (1904-1938) - советтик партиялык ишмер. 1927-жылдын мартынан Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин төрагасы. 1933-ж. жалган жалаа менен кызматтан алынып , Самара шаарына, андан кийин Оренбург облусуна иштөөгө жиберилген. 1937-жылы контрреволюциячыл

Абдрахманов Жусуп (1904-1938) - советтик партиялык ишмер. 1927-жылдын мартынан Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин төрагасы. 1933-ж. жалган жалаа менен кызматтан алынып , Самара шаарына, андан кийин Оренбург облусуна иштөөгө жиберилген. 1937-жылы контрреволюциячыл "Алаш-Ордо" уюмуна таандык деген жалаа менен камакка алынып, Оренбургдан Фрунзеге алып келинген. 5-ноябрь, 1938-жыл. "Социал-Туран партиясына" "кылмыштуу"мүчөлүгү үчүн атылган. 1958-жылы акталган.

5. Кыргыз АССРнин союздук республикага айландыруу.   1936 — жылдагы СССРдин Конституциясына ылайык Кыргыз АССРи Кыргыз ССРи болуп кайра түзүлгөн, ал эми 23-март, 1937-жылы Кыргыз ССРинин Конституциясы кабыл алынган.

5. Кыргыз АССРнин союздук республикага айландыруу.

  • 1936 — жылдагы СССРдин Конституциясына ылайык Кыргыз АССРи Кыргыз ССРи болуп кайра түзүлгөн, ал эми 23-март, 1937-жылы Кыргыз ССРинин Конституциясы кабыл алынган.
Суроолор Кыргыз улуттук мамлекетин түзүүгө эмне негиз болду? Кыргызстандын улуттук мамлекеттүүлүгү үчүн күрөштө кандай кыйынчылыктар пайда болду.  Кыргыз элинин улуттук мамлекеттүүлүгүн калыптандыруу үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр жана шарттар болгон?  Кыргыз автономиялуу облусун автономиялуу республикага айландыруу тууралуу айтып берсеңиз.

Суроолор

  • Кыргыз улуттук мамлекетин түзүүгө эмне негиз болду?
  • Кыргызстандын улуттук мамлекеттүүлүгү үчүн күрөштө кандай кыйынчылыктар пайда болду.
  • Кыргыз элинин улуттук мамлекеттүүлүгүн калыптандыруу үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр жана шарттар болгон?
  • Кыргыз автономиялуу облусун автономиялуу республикага айландыруу тууралуу айтып берсеңиз.
Үй тапшырмасы  Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Ишенаалы Арабаев жөнүндө эссе жаз (Бирөөсүн танда)

Үй тапшырмасы

  • Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Ишенаалы Арабаев жөнүндө эссе жаз (Бирөөсүн танда)


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!