СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили жана адабияты

Нажмите, чтобы узнать подробности

Табу жана эвфемизмдин тилдик фактыларын, ал үчүн өбөлгө түзгөн ар кыл жок нерсеге ишенген ойлоп табылган ар кандай диндик көз караштагы тарыхый, этнографиялык малыматтарды биримдикте, бирин - экинчисине байланыштуу тандаганда гана алардын эң бир татаал көп сырдуу түйүнү чечилип, алардын себептери аныкталарын айта кетүүгө туура келет. Мунун түпкү маңызы мифологияга барып такалат.

Ааламдын жаралышы, аны башкаруучулар жөнүндө ой жүгүртүүлөр өзгөчө чыгыштагы Месопатамияда (Тигр жана Ефрат дарыяларынын ортосундагы аймак) өкүм сүрүп, мифологиялык дүйнө тааным биринчилерден болуп ушул жерде пайда болгон. Мисалы, кудайлардын пайда болушу жөнүндөгү көз караштарын алып карасак: Тиомат менен болгон согушта вавилондук кудай Мардук каза болуп, анын негизинде башка кудайлар пайда болгон деген көз карашын айтышкан. Алгачкы коомдо жашаган адам баласы жаратылыштын ар бир кубулушун, оору-сыркоолорду, табийгый кырсыктардын бардыгын тең кандайдыр бир сыйкырдуу күчкө ишенип, ага сыйынышып, андан коркуу сезими менен күн көрүшкөн. Ошентип, алгачкы коомдун жан дүйнөсүндө миф орчундуу орунга чыгып, коомдук аң-сезимдин универсалдык формасына айланган. Оттун, кол өнөрчүлүктүн ж.б. пайда болушуна дагы табышмактуу карашкан. Ошентип,  сыйкырдуу күчтөргө карата каада-салттар пайда боло баштаган, аларга болгон ишеним күчөгөн андан улам мифологиялык көз караш жаралган.

Адамзаттын маданий турмушундагы мифологиянын ролун жана ордун Ф.Энгельс,

В.Г.Белинский, Н.Г.Чернышевский, Н.А.Добролюбов, ошондой эле Г.В.Плеханов,

А.В.Луначарский, М.Горький ж.б. белгилеп кетишкен.

Советтик окумуштуулардын басымдуу көпчүлүгү карманып жүргөн теория боюнча миф - бул чындыкка такыр коошпогондук, ал каерде пайда болуп, каерде жашабасын аны чындыктай, тарыхый реалдуулуктай кылсак, фантастикалык түрдө түшүндүрүү жана баяндоо. Тагыраак айтканда, мифология - бул философиялык, көркөм-эстетикалык категория, ал байыркы адамдардын дүйнө, турмуш, коом кубулуштары, көрүнүштөрү жөнүндө ой толгоо, элестүү түшүнүгүнүн өзгөчө системасы.

Мифология - коомдук аң-сезимдин адамзат тарыхынын байыркы этабынын асыл жемиши. Мифологиянын табияты татаал жана карама-каршылыктуу. Ал, бир жагынан, элдик искусствонун эстетикасы менен байланышып кетсе, экинчи жагынан, диндик ишенимдер,  көз караштар белгилүү даражада тутумдашат.

Дүйнө кубулуштарын, көрүнүштөрүн өздөштүрүү зарылдыгын жана кокустугун, чындыгын жана мүмкүнчүлүгүн,  натыйжаларын, алардын ички себептерин, мифтик, фантастикалык ченемдер менен түшүндүрүү негизги орунда турат. Мифология жандуу образдарга өтө бай. Мифологиялык образдык система байыркы адамдардын дүйнө, турмуш көрүнүштөрүн, кубулуштарын өздөштүрүп, таанып билүүдөгү синкреттик каражат катары чыгат. Анын эволюциялык кыймылы фетиштик, анимистик жана антроморфтуу баскычтар боюнча өтө жана улам кайталангыс белгилер, сапаттар менен толукталат. Мифологиялык образ бара-бара эстетикалык көркөм негизге ээ болуп, элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүндө жашайт. Элдин рухий муктаждыктарын, керектөөлөрүн канааттандыруучу куралга айланып чыга келет.

Мифтин жекече өзгөчөлүгү байыркы дүйнөдө ачык көрүнөт. Анткени байыркы дүйнөдө айлана-чөйрөнү, жаратылышты, ааламды түшүндүргөн илимдин ордун ээлеген жана функциясын аткарган, ошондой эле элдин рух маданиятын да аныктаган. Мына ошондуктан байыркы коомдо миф сүрөттөгөн же түшүндүргөн окуялар, көрүнүштөр, өздөрүнүн фантастикалуу экенине карабастан, алар реалдуу кабыл алынган. Кийин мифологиядан коомдук аң-сезимдин формалары болгон дин, искусство, философия, адабият, идеология ж.б., бөлүнүп чыккандан кийин, мифтин жаңы мезгили башталат. Демек, миф - адам баласынын жан дүйнө (духовный) маданиятынын эң алгачкы формасы катары диний ишенимдерди (ырым-жырымдырдын пайда болушу), саясий көз караштарды (уруулар ортосундагы биримдикти сактоосу), искусствонун түрлөрүн (аңчылыкка, ырым-жырымдарга байланыштуу айтымдардын келип чыгышы) философияны (дүйнөнүн жаралышы тууралуу ой жүгүртүүлөр ж.б.) бириктирип турган.

Мифтин интеллектуалдык өзгөчөлүгү, ошол коомдогу адамдардын ой-жүгүртүүлөрү конкреттүү эмоционалдык, поэтикалык образдарда, метофараларда чагылдырылганы.

Мифологиялык түшүнүктө жаратылыш кубулуштары менен маданият жакындашкан, адамдык сапат курчап турган чөйрөгө өткөрүлгөн, жаратылыш күчтөрү, аалам адам кейпине келтирилген, жандандырылган. Тиги дүйнө менен бул дүйнө дайыма карымкатышта жашайт деп эсептелген. Мисалга алсак, коомдук өнүгүштүн алгачкы баскычында жашаган Сибирдеги самаед, Түштүк Индиядагы утода, монголдордо, Сахарадагы туарег, Япониядагы айн жана Борбордук Африкадагы акамба элдеринде каза болгон адамдардын атын атоого тыюу салынган. Себеби ал адамдын аты аталса, жин-шайтандар угуп, билип калышып, аны кыйноого алат деп түшүнүшкөн. Аталган элдеги адам аттарынын ичинен жаныбарлардын, бак-дарактардын, тоо-таштын атына уйкаш аттар көп болгон. Ал адамдын көзү өтүп кеткен соң, анын аты менен аталган нерсенин баардыгынын тең аттарын өзгөртүп атоо пайда болгон [1, 47 б.].

Табу – бул полинезиялык сөз, кыргызча  «өзгөчө белгилөө» деген маани берет. Алгачкы коом адамдарынын жаратылыштан сырткары жашоочу кандайдыр бир кереметтүү күчтөргө болгон ишениминин натыйжасында кыймыл-аракетке, сөзгө же буюмга тыюу салуу адаты табу деп аталат [4, 96 б.].

Табу сөзүнүн маңызы төмөндөгү аныктамада да чечмеленген: “Табу (полинезий тилдеринин биринде taбөлүү, белгилөөpuтаптакыр бөлүнгөн”) 1) Алгачкы адамдардын табияттан тышкары турган күчтөрдүн пайда болушунан сактануу максатында колдонулган диний тыюусу; 2) социалдык-саясий, тарыхый маданий, этикалык же эмоционалдык факторлордун негизинде келип чыккан айрым бир сөздөрдү айтууга тыюу салуу.

Табунун келип чыгышы төмөндөгүдөй социалдык-экономикалык себептерге байланыштуу: анын биринчиси – тарыхый жактан байыркылыгы, экинчиси – табу коомдук маданияттын өнүгүшүнүн бардык этаптарында колдонулушу мүмкүн. Табунун максаты – “атоо – сөздү колдонуудан чыгаруу”. Табунун механизими атоону алмаштыруу, башка сөздөр менен айтуу, атоону өзгөртүп жиберүү аркылуу ишке ашат”.

Англиялык окумуштуу Джеймс Фрезер табуну магия принциптеринин бири деп жазат. Анын ою боюнча: «табу - бул алгачкы адамдардын ааламды башкарган табияттан тышкары күчтөрдү баш ийдирип алууга негизделген иш-аракеттери жана түшүнүктөрүнүн системасы» [5, 45 б.].

Бизди курчап турган ааламдын ар кыл нерселери байыркы доордо адамдарга түздөнтүз таасирин тийгизе алат деп түшүнгөн. Табу дүйнөнүн көптөгөн тилдеринде сакталып калган жана орун алган.

Табу тилге гана таандык болгон кубулуш эмес, ал адам ишмердүүлүгүнүн дээрлик бардык тармагында (ойлоосунда, ишинде, кыймыл-аракетинде ж.б.) жолугат. Бул терминди полинезия Тончо аралдарында жашаган оборигендерди (жергиликтүү адамдарды) изилдеген белгилүү англис капитаны Ж.Кук 1771-жылы эң биринчи табуга байланыштуу ири салт бар экендигин аныктап, терминдин жаралышына негиз болгон. Кийинчерээк табу илимий термин катары колдонула баштаган [1, 34б.].

«Лингвистикалык энциклопедиялык сөздүкө» табу менен эвфемизм сөздөрү мындайча түшүндүрүлөт. Табу (полинезия сөзү кыргызча тыюу) “белгилүү бир сөздү(сөз айкашын) же энчилүү атты айтууга жол берилбеген б.а. тыюу салынган сөз.” Табу кубулушу тил (кеп) аткарган кызматы боюнча  магиялык (сыйкырдуу) күчкө ээ болот деген ишенимге негизделген.

Табу адегенде аңчылык кесибинде пайда болуп, калыптанып өнүккөн. Аңчы аң уулоо максатында уу кылынган жапайы жаныбарлар (аңдар, кайберендер) алдын ала сезип, билип калбас үчүн алардын аттарын айтууга болбойт деген ишеним, көз караш өкүм сүргөн. Ошондуктан жапайы жаныбарлардын аттарын каймана түрдө туюндурган тергөө сөздөрүн колдонушкан.

Аңчылык кесибинде өкүм сүргөн табу бара-бара турмуш-тиричилигине, анын ар кыл тармактары менен ар түрдүү чөйрөсүнө тарап, тынымсыз өсүп-өнүгүүнүн аркасында энчилүү адам аттарына да кулачын жайган.

Адамдар жаш жана жыныс өзгөчөлүктөрүнө карабастан, адамга кас, азыткы күчтөрдөн сактануу, алдын алуу максатында энчилүү аттарды айтууга тыюу салып, аларды ар кыл тергөө сөздөрдү колдонуп туюнтушкан, жана ошондой эле, бардык оорулардын ар бирин атаган аттарды жана өлүм-житимди анын ар түрдүү кырдаалын атаган. Атаган сөздөргө тыюу салып, алардын ордуна орун басарлык милдет аткарган шартына ылайык тергөө сөздөрүн колдонушкан ( ЛЭС, М., 1990, стр. 501 ).

Табу маселесинин пайда болушу, калыптанышы, башка илимдер менен болгон байланышы сыяктуу маселелерге көптөгөн окумуштуулар кайрылышып, изилдөө эмгектерин жазышкан. Орус лингвистери Д.К.Зеленин, А.А.Реформатский, Б.А.Ларин, А.А.Булаховский, Н.И.Толстой ж.б., изилдешкен.

Просмотр содержимого документа
"Кыргыз тили жана адабияты"

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!