СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили жана адабияты

Нажмите, чтобы узнать подробности

Асан  менен  мен жакшы жомок жөнүндө аңгемелештик.

Бул сүйлөмдө  мен деген сөз  ат атооч,1-жакты көрсөтүп, ким? деген суроого жооп берди да, жактама ат атооч болуп турат.

Алар көк бөрү оюнуда биринчи орунду ээлейт.

Алар деген  ат атооч сөз, кимдер? деген суроого жооп болуп түшүп,  жактама ат атооч экендигин билгизди

Ал деген жактама ат атооч кээде шилтеме ат атоочтук мааниде да колдонулат.

Эгерде ал деген сөз аныкталгычсыз айтылса,жактама ат атооч болот.

Мисалы:Ал окуду. Ал иштеди.

Аныкталгыч менен бирге айтылса,шилтеме мааниде колдонулат.

Мисалы: Ал окуучу жакшы окуйт. Ал балдар  өтө тартиптүү.

Эскертүү: Ал деген жактама ат атооч шилтемелик мааниде колдонулганда аныктоочтун  милдетин аткарат.

 

Ал деген ат атооч кээде а түрүндө да айтыла берет.

Мисалы: А дүйнө кетсем мейличи, аман-эсен эл калсын.

1.Жактама ат атоочтор жекелик,көптүк санда айтыла берет: мен,сен,биз,силер,алар.

2.Жөндөмөлөр  менен жөндөлөт: менин,мага, мени, менде,менден;

Биз,биздин, бизге, бизди,бизде, бизден.

3.Ал,алар деген ат атоочтон башкаларына жак мүчөлөрү аркылуу ат атоочтордун өзгочөлүгунө  карай уланат: менмин,сенсиң,сизсиз,бизбиз,силерсиңер,сиздер, сиздерсиздер.

4.Жалпы таандык –ныкы (-ыкы) мүчөсү жалганат: меники,сеники, аныкы, силердики, биздики.

Жактама ат атоочтор синтаксистик  жактан сүйлөмдүн  ар түрдүү мүчөсүнүн милдетин аткарат.

Мисалы:

1.Мен бөпөлоп өстүргөн  ата-энеме көп милеттүүмүн. (Мен-ээси)

2.Ырдаган-биз.  (Биз-баяндооч)

3.Кымбаттуу окуучулар,биз силерди жардамга чакырдык. (силерди-толуктооч)

4Алардын оюна эми түшүндүм. (Алардын- аныктооч)

Китебибиздеги 374-көнүгүүнү үйдөн аткарабыз.

1.Текстеги кээ бир сөздөрдү ат атоочторго  алмаштырабыз.

Мисалы: эр Тайлак-ал ж.б.

2.Ал деген ат атоочту жөндөйбүз.

«Мен – сен – биз» «Мен – сен – биз» көнүгүүсү биргелешип окуу үчүн курал болуп кызмат кылат.

Үйгө тапшырма:

 Аткаруу тартиби

1. Тема айтылат же ачык суроо берилет, окуучулар ата энелери менен бирдикте жекече ой жүгүртүшөт жана өз ойлорун кагазга жазышат.

2. Андан кийин окуучулар ата-энелер менен жуптарга бөлүнүшүп иштешет жана жуптарда өз ойлору менен бөлүшүшөт.

3. Жуптарда окуучунун идеялары эске алынган кыскача баянды түзөт.

«Кайра окуу» Окуучулар өзүнүн жообуна/пикирине/позициясына же башканын пикирине/позициясына далил табуу үчүн текстке кайрылышат. Аткаруу тартиби 1. Мугалим «кайра окуу» бүтүндөй текстти кайталап окуп чыгуу эмес, маанилүү жана негизги учурларды (фрагменттерди) аныктоо экенин окуучуларга түшүндүрөт. Бул көнүгүүнү «Мен издейм» деп аталган процесске кошууга болот, анын максаты өз көз карашына кошумча далилдерди издөө болуп саналат. 2. Текстти кайра окуу өзүнүн жообун/көз карашын/позициясын тексттеги маалыматтар менен бекемдөө көндүмдөрүн өнүктүрүүдөн сырткары андагы маалыматты, тексттин аты, өзгөчө шрифт менен белгиленген сөздөр аркылуу тез табуу көндүмдөрүн машыктырууга колдонулат.

«Рефлексия» Жаңы билимдерди эстеп калыш үчүн окуучуларга укканы, жасаганы, көргөнү же окуганы тууралуу ойлонуу үчүн убакыт керек болот. Рефлексия боюнча көнүгүүлөрдө адатта окуучулардан өз ойлорун жазуу түрүндө атайын баракта баяндоо талап кылынат, андан кийин алардын рефлексиялык жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн аныктоо үчүн аларга багыттама суроолор берилет. Бул көнүгүү эркин темага карата жазылган дилбаяндардан айырмаланат. Сабакты пландоо баскычында, айрыкча жаңы билимдерди буга чейинки билимдери менен байланыштыруу үчүн багыттама суроолорду берүү пайдалуу. Рефлексиялык жөндөмдөр кээде окуучуларга анын деңгээли башкалардан төмөн эместиги же туура кабыл алгандыгын ырастаганы менен, мындай маалыматты дайыма эле бере бербеш керек. Аткаруу тартиби Мугалим рефлексияны текшерүү үчүн китептин бир бетин аныктайт. Ал беттин көчүрмөлөрүн окуучуларга таркатат. Доскага багыттама суроо жазылат. Окуучуларга ойлонууга жана жооп жазууга убакыт берилет. Окуучуларга анын маанисин жеткирүү үчүн баа коюуга болгону менен, рефлексия баалоо предмети болуп саналбайт. Окуучулар жаңы билимдерди өздөштүрүп жатканда, рефлексиянын

Үлгүлүү окууда тажрыйбалуу окурман болуп мугалим же болбосо окуучулардын ичинен бир окуучу окууга болгон дилгирлигин жана кызыгуусун билдирип, үлгүлүү окууну кѳрсѳтүп берет. Үлгүлүү окуу: • эмнени ойлогонду эмес, кантип ойлонгонду үйрѳтөт; • ылдам жана көркөмдөп окууга мүмкүнчүлүк берет; • окуучулардын сөз байлыгын кеңейтип, аларга тил байлыгын ачат; • текстке болгон кызыгууну арттырат; • текстти угуп кабыл алуу жөндөмүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт; • окурмандарга кѳрүп элестетүүгѳ жана сын кѳз менен карап ой жүгүртүүгѳ жардам берет.

Үлгүлүү окуу боюнча сабак кандай өткөрүлөт? Тиешелүү текстти тандоо. Тигил же бул кѳндүмдүн ар турдүү формаларын кѳрсѳтүүчү, мисалы чечмелөө боюнча башкы тема аныкталат. Окурмандык жүрүм-турумду кѳрсѳтүү үчүн «үн чыгарып ойлонуу» ыкмасын колдонуу зарыл. Бул учурда тексттин тандалган бѳлүгүнѳ колдонула турган, окутуунун стили эске алынат. Сабак учурунда 1-кадам. Түшүндүрүү. Окуунун жүрүшүндѳ кѳрсѳтүлүүчү окурмандык жүрүм-турум жана бүгүнкү сабакка эмне үчүн ушул текст тандалып алынгандыгы түшүндүрүлѳт. 2-кадам. Китеп менен таанышуу жана окуу. Мугалим окуучуларды текст менен тааныштырат. Тексттин мурдатан дайындалган жеринде «үн чыгарып ойлонуу» үчүн жана окурмандык жүрүм-турумду кѳрсѳтүү үчүн тыным жасалат. «Үн чыгарып ойлонууга» болжолдуу суроолор: «Бул тема мага эмнени берет?», «Азыр эле окуган текстти мен түшүндүмбү?», «Чыгармадагы болгон окуяларды мен так элестете алдымбы?» 3-кадам. Үлгүлүү окууну аяктоо. Окуучулар окулган текстти дагы бир ирет карап кѳрүшөт. Мында басым сабактын темасы аныктаган окурмандык жүрүм-турумга жасалат. 4-кадам. Кайталоо. Үлгүлүү окуудан кийин окуучулар окурмандык жүрүм-турумду биргеликте, башкарып жана ѳз алдынча окууда сынап көрүшөт (тѳмѳндү караңыз).

Бир нече мааниге ээ болгон сөздөр (омонимдер) окуучулар үчүн өзгөчө кыйын, анткени башталгыч класстардын окуучулары үчүн контекстке жараша бир сөздүн көптөгөн маанилерин табуу дайыма эле оңойго турбайт. Балдар сөздүктөн бир нече маанини таба алышат, бирок тексттин контекстине туура келген маанисин аныктоодо кыйынчылык жаралышы мүмкүн. Ошондуктан мугалим окуучулардын керектүү маанини аныктоосуна жардам берүүсү керек. Мисалы: ак төмөнкүлөр болушу мүмкүн: а) түс; б) сүт азыктары; в) таза. Же курал деген сөз а) аскер куралы; б) бир нерсени аткаруу үчүн курал (бул ишти аткаруу үчүн эң жакшы курал). Сөздүк менен иш алып баруунун багыттарынын бири антонимдерди жана синонимдерди колдонуу болуп саналат. Сөз тексттен туура кабыл алынышы, бардык кошумча маанилери менен түшүнүктүү болушу, активдүү сөздүккө кирип, керектүү кырдаалда өз алдынча колдонулушу зарыл. Синонимдер менен иштөө кенже курактагы окуучулардын сөздөрдүн лексикалык маанисин аңдап түшүнүүсүнө, кепте кайталоону болтурбоо үчүн чыгармачыл оозеки жана жазуу иштерин аткарууда сөздү так колдоно билүүсүн калыптандырууга багытталат. Синонимдерди колдонуу боюнча көнүгүүлөр ар түрдүү. Мисалдар 1. Мааниси окшош сөздөрдү танда. Бул сөздөрдү катыштырып сүйлөм түз. Душман – каршылаш, бири-бирине өч. Кайгыруу – көңүл чөгүү, маанайы түшүү. 2. Мааниси окшош сөздөрдүн бирин танда. Быйыл (ысык, аптаптуу, мээ кайнаткан, дем болгон) жай келди. Токой (жанданды, ойгонду, түсүнө келди). Алдыда көйкөлгөн эгин талаасы, (көгүлтүр, мелжиген) асман. Антонимдер менен иштөө буюмдарды, кубулуштарды, жүрүмтурумду салыштырууга, бири-бирине каршы коюуга, жыйынтык чыгарууга үйрөтөт. Мисалдар 1. Макалдарды окуп, мааниси боюнча карама-каршы болгон сөздөрдү тап. Макалдын маанисин түшүндүр. Ачуу – душман, акыл – дос. Аз сүйлөп, көп ук. Душман сүйдүрүп айтат, дос күйдүрүп айтат. Синонимдер, антонимдер Бир нече мааниге ээ болгон сөздөр (омонимдер) 16 Келгиле, окуйбуз! Сөз байлыгы Фразеологиялык сөздөрдү окуп-үйрөнүү сөз байлыгын кеңейтүүгө; окуучулардын кебин өстүрүүгө; таанып-билүү ишмердигин активдештирүүгө; кебинде фразеологиялык түрмөктөрдү колдонууга үйрөтүү үчүн жардам берет. 2. Түшүп калган сөздү ордуна кой. Акылдуу эл камын ойлойт, акылсыз (жакындарын, досторун, байлыгын, өз камын) ойлойт. Жаш келсе – ишке, кары келсе – (түшкү тамакка, конокко, ашка). 3. Дилбаянда эки кубулушту салыштыр: «Кышкы токой жана күзгү токой». «Кичинеден чоңго», «Синонимдер» көнүгүүлөрү «Сөз байлыгын өстүрүү боюнча болжолдуу көнүгүүлөр» бөлүмүндө. Фразеологиялык сөздөрдү иликтепүйрөнүү Фразеологизм же фразеологиялык түрмөк – тилдеги сөздөр сыяктуу эле мурдатан даяр түрдө колдонулуп келе жаткан, курамы боюнча туруктуу, мааниси боюнча бүтүн сөз айкашы же сүйлөм. Бардык фразеологизмдер алгач конкреттүү окуяларды, кубулуштарды, фактыларды билдирүү үчүн колдонулган. Акырындык менен түрдүү себептерден улам биринчи маанисине бир жагынан окшош, бирок башка нерсени билдирүү үчүн кыйыр түрдө колдонула баштаган. Бул фразеологизмдерге өзгөчө образдуулукту жана көркөмдүктү берип турат. Мисалдар Сыртка чыксам караңгы экен. Сыртка чыксам көзгө сайса көрүнгүс экен. Ийгилигиңди угуп, абдан кубандым. Ийгилигиңди угуп, төбөм көккө жетти. Кийин түшүнүп, өкүнүп калдым. Кийин түшүнүп, бармагымды тиштеп калдым. Фразеологиялык түрмөктөр – бул грамматиканын бөлүмдөрүн бекемдөө, сөз байлыгын кеңейтүү жана окуучулардын кебин өстүрүү үчүн эң сонун материал. Фразеологизмдердин келип чыгышын (этимологиясын) билүү окуучулардын үйрөнүлүп жаткан предметке карата таанып билүү кызыгуусун жогорулатат жана кругозорун кеңейтет. Фразеологияны окутуу балдарды фразеологизмдерди укканга, аларды тексттен көрө билип, түшүнүүгө гана эмес, аларды активдүү, стилистикалык жактан өзүн актаган түрдө кебинде, күндөлүк баарлашуусунда колдонууга үйрөтүшү керек. «Фразеологизмдер менен иштөө» көнүгүүсү «Сөз байлыгын өстүрүү боюнча болжолдуу көнүгүүлөр» бөлүмүндө.

 

Просмотр содержимого документа
"Кыргыз тили жана адабияты"


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!