СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

“Ат атоочтун түрлөрү. Жактама жана шилтеме ат атоочтор” темасында кыргыз тили сабагынын иштелмеси

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«“Ат атоочтун түрлөрү. Жактама жана шилтеме ат атоочтор” темасында кыргыз тили сабагынын иштелмеси»

Кыргыз тили сабагынан “Ат атоочтун түрлөрү. Жактама жана шилтеме ат атоочтор” темасы боюнча “Филология” усулдук бирикмесинин башчысы М.А.Кахаров тарабынан сунушталган сабактын иштелмеси.

Сабак: Кыргыз тили

Класс: 6 -“__”

______________ 2019 жыл.



Сабактын планы


Бекитемин

Окуу бөлүмүнүн башчысы:

__________________________

_______.______________2019ж.


Сабактын кептик темасы: Жайкы эс алуу

Грамматика: “Ат атоочтун түрлөрү.

Жактама жана шилтеме ат атоочтор”

Лексика: кайырмак, балык уулоо, карагат, кызылгат, козу карын,
маданий борбор, жайгашкан, жашынмак

Сабактын максаттары:

Тилдик максат:

Кептик-катнаштык максат:

Социомаданий максат:

Жаңы лексика менен таанышышат, активдештиришет.
Ат атоочтун түрлөрү, жактама жана шилтеме ат атоочтор жөнүндө маалымат алышып, аларды кебинде пайдалана алышат.

Тема боюнча суроолорго жооп беришет,
тексттин мазмунун түшүнүп, ар түрдүү
кырдаалдардагы суроолорго жооп бере
алышат, диалогго катыша алышат.

Жупта, топто
иштешет.

Көрсөткүчтөр- күтүлүүчүүчү натыйжалар: жогоруда айтылгандар максатка жетти дейбиз, эгерде...

Окуучулар жаңы лексиканы, ат атоочтун түрлөрүн, жактама жана шилтеме ат атоочтортор-ду кебинде туура пайдалана алышса.

Тема боюнча суроолорго жооп бере алса, тексттин мазмуну боюнча суроолорго жооп бере алышса, диалогго катыша алышса.

Жуптарда, топтордо иштей алышса.

Сабактын тиби:

Сабактын формасы:

Колдонулуучу ыкмалар:

жаңы теманы өздөштүрүү

жеке, жупта жана топто иштөө

чаташкан логикалык чынжырчалар

Колдонулуучу каражаттар: окуу китеби, сүрөттөр, таблицалар


Сабактын жүрүшү:


I. Уюштуруу этабы. Окуу ишмердүүлүгүнө мотивдештирүү.
Мугалим балдарды сабакка уюштурат.
«Силер билесиңерби?» оюну. Мугалим окуучулардан жайкы эс алуу
жөнүндө эмнелерди билерин айтып берүүсүн суранат. Балдар ойлорун
айтышат. Класста жалпы талкулоо жүргүзүлөт.
II. Билимдерин актуалдаштыруу.
а) Балдар менен сабактын максаттарын талкууланат.
б) Лексикалык иш. Мугалим сабакта өтүлүүчү жаңы сөздөр менен
окуучуларды тааныштырат. Сөздөрдүн маанисин сюжеттүү сүрөттөр
аркылуу түшүндүрөт.
III. Жаңы материалды өздөштүрүү.
а) «Эсиңе тут!» рубрикасы менен иштөө. Мугалим окуучулардын көңүлүн окуу китебиндеги таблицага бурат.


Окуучулар жактама жана шилтеме ат атоочтор менен таанышышып, берилген ат атоочтор менен сүйлөм түзүшөт.
б) 1-көнүгүү боюнча окуучулар диалогду толукташат.


в) 2-көнүгүү боюнча окуучулар сүрөттөр боюнча таяныч сөздөрдү
пайдаланып сүйлөмдөрдү түзүшөт.
Жупта иштешип, ар бир жуптан
бир жооп кабыл алынат.



г) 3-көнүгүү боюнча окуучулар тексттер менен өз алдынча таа-
нышып, сүрөттөр менен дал келтиришет.
Жоопторун далилдеп берүү
керек.


IV. Өтүлгөн материалды бышыктоо.
а) 4-көнүгүү боюнча окуучулар таблицаны толтурушат.


б) Угуу. Мугалим же окуучу кулактандыруу окуп берет. Окуучулар
кулактандыруу эмне жөнүндө экенин айтып беришет.


в) Текст менен иштөө. Окуучулар тексттер менен өз алдынча таа-
нышышат. Кичи топтордо талкуулашып, берилген суроолорго жооп
беришет.


V. Баалоо. Мугалим окуучуларды төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча
баалайт:
– грамматикалык материалды өздөштүрүүсү;
– суроолорго жооп берүүсү;
– активдүүлүгү.

VI. Сабактын жыйынтыгы. Рефлексия.
Окуучулар сабак боюнча суроолорго жооп беришет.

VII. Үйгө тапшырма. 7-көнүгүү боюнча мугалим сүрөттөрдү иретке келтирип, чакан аңгеме түзүүгө тапшырма берет. Окуучулар таяныч сөздөрдү пайдаланып аңгеме түзүшөт. Окуучуларды баалоодо төмөнкү критерийлер пайдаланылат.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!