СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили 4-кл Нан кайдан келет

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили 4-кл Нан кайдан келет»


Сабак: Кыргыз тили жана окуу 4-класс

Сабактын темасы: Окуу сабагы. Нан кайдан келет?

Сабактын тиби: билимдерди жана билгичтерди өздөштүрүү сабагы.

Сабактын усулу: интерактивдүү

Сабак өтүүнүн формасы: суроо жооп, аңгемелешүү, өз ара окутуу, оюн ж.б.

Сабактын жабдылышы: китеп, түстүү сүрөттөр, ж.б.

Сабактын максаты:

1

Билим берүүчүлүк: окуучулар «Нан кайдан келет?» жомогунун мазмунун окуп түшүнөт жана эмне кылыш керек? деген суроого жооп берүүгө машыгат

2

Тарбия берүүчүлүк: окуучуларды эмгекти сүйүүгө, талыкпай эмгек кылууга, нандын кайдан келгенин билип, ысырап кылбоого тарбиялоо

3

Өнүктүрүүчүлүк: окуучулардын кабыл алуу жөндөмүн, таанып-билүү, ой жүгүртүү, эс тутумун, логикасын, окууга болгон кызыгууну өнүктүрүү

Негизги компетенттүүлүк


  • Маалыматтык;

  • Социалдык коммуникативдик:

  • Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү


Предметтик компетенттүүлүк

ПК1

Жаңы лексикалык сөз айкашындагы тыбыштарды туура айтат.

ПК2

Окуу китебинде берилген текстти тыным жасап окуйт.

ПК3

Сүрөттөргө сүйлөм түзүү менен сөз байлыгын өстүрүшөт

ПК4

Тексттен эмне кылыш керек? деген суроого жооп берген сөздөрдү аныктайт.

ПК5

Тексти адабий тилде көркөм окуп, түшүндүрүп, которо алат.

Күтүлүүчү натыйжалар:

-эмне кылыш керек? суроосуна жооп бере алат; -жаңы лексикалык сөздөрдүн маанисин түшүнүп, сүйлөм түзө алат; - көркөм окуунун ыкмаларын өздөштүрүшөт; - так жана туура сүйлөөгө аракет кылышат; -жомоктун мазмунун айтып бере алат; -сөздөргө суроо бере алат; -туура жаза алат; -ролдоштуруп окуй алат; -макал окуп маанисин түшүнө алат.

Сабактын жүрүшү:

Сабактын этаптары

1. Окуучуларды сабакка уюштуруу

Мугалимдин ишмердүүлүгү:

Саламдашуу, окуучуларды журнал боюнча жоктоо. Мотивация берүү

Кутман таң. Мен силерди көргөнүмө кубанычтамын.

Маанайыңар кандай?

Бүгүн күн канчасы?

Ким бүгүн нөмөөтчү? Кимдер келген жок?

Бүгүнкү сабакка даярсыңарбы

Анда жакшы маанай менен сабакты баштадык

Бүгүнкү сабакка керек боло турган китеп, окуу куралдарын алгыла.

Окуучулар.саламдашуу, сабакка көңүл буруп, бири- бирине жагымдуу маанай каалоо.

2. Актуалдуу маселелер

Мугалим: Кымбаттуу балдар !Өзүңөр байкап тургандай ,бүгүнкү сабагыбыз эмнелер тууралуу? Туура айттыңар . Албетте нан тууралуу.Эми балдар жер соко сүйрөгөн трактор менен айдаларын билесиңер .Ушуга байланыштуу бир табышмак айтып берейин албетте силер аны таба аласыңар Талаа иши билгени Темир тулпар мингени Май жыттанган колдору Тапчы муну ,ким деги?(тракторчу) Азаматсыңар ! Жер айдалып бүткөндөн кийин жерге үрөн себилет. Буудай жакшы өсүш үчүн көп аракеттерди жасаш керек. Суусуз өсүмдүк өсөбү?Албетте өспөйт.Суу суугарган кишини сугатчы деп атайбыз. Буудай ысыкта бышат. Аны эмне менен чабабыз? Камбайн менен .Азаматсынар! Табышмак айтайын тапкылачы. Аргымактай жулунган Ак буудайды сугунган Тазалаган кызыл дан Барасында чубурган. Туура айтасыңар камбайн дандын нан болгонго чейинки жолу бир кыйла узак. Жыйналган кызыл дан эми кайда жол тартат?Кампага .Туура балдар .Анан буудай тазаланат ,кургатылат андан соң тегирменге жөнөтүлөт. Ал жерден ун болуп тартылат .Ун нан заводуна жөнөтүлүп ,ал жерден түркүн нан жасалат. Көрдүңөрбү балдар нандар бизге жетип келиш үчүн эмгек жасалат. Бүгүнкү биздин окуу сабагыбызда орус эл жомогу “Нан кайдан келет?” болмокчу. Биз жомоктун мазмуну менен таанышып көнүгүүлөрдү аткарабыз. Окуучулар суроолорго жооп беришет. Табышмактын жандырмагын табышат

3.Жаңы теманы түшүндүрүү

КЕЛГИЛЕ, СҮЙЛӨШӨЛҮ:

Мугалим: Балдар окуу китептеги 57 беттеги сүрөттү карагыла. Сүрөттө кимдерди көрүп турасыңар? Алар кайда? Абышка карышкырга эмне берип жатат?

Келгиле эми бүгүн биздин сабакка керек болчу жаңы сөздөр менен таанышып алалы. Биринчи хор менен кайталайсыңар анан жекече окуйсуңар.

Жаңы сөздөрдү эсиңерге туткула!

тегиздеш керек – надо вравнимать семиртиш керек – надо удобрять

чабыш керек – надо косить тегирмен – мельница

Мугалим: Балдар эми ушул сөздөргө сүйлөм түзгүлө.

М: Буудай эгиш үчүн жерди тегиздеш керек ж.б

Окуучулар жаңы лексикалык сөздөрдү айтып, сүйлөм түзүшөт.

Мугалим: Эми биз жомокту окуп баштайлы. Биринчи менин артыман үн чыгарып кайталап окугула андан соң ар бириң ролго бөлүп окуйсуңар. (Мугалим доскадагы сүрөттөрдү көрсөтүп түшүндүргөнчө окуйт)

Мугалим: Балдар эми жомокту бөлүктөргө бөлүп окуп, анын мазмунун талдайбыз.

Мен атын атаган окуучу окуйт. Калгандары карап турушат.

Абышка токойдо кимге жолукту?

Абышка карышкырга эмне берди?

Карышкыр нанды жактырдыбы?

Ал абышкадан эмнени сурады?

Дыйкан карышкырга нан алганга макул болдубу. Абышка карышкырга эмне деп жооп бергенин окуйбуз. Кийинки мен атаган окуучулар окуйт.

Абышка карышкырга эмнени үйрөтө баштады?

Абышка карышкырга биринчи эмнени кеңеш берди?

Андан кийин эмне кеңеш берди?

Карышкыр абышкадан эмнени сурады?

Тегирмен деген эмне?

Ушуну менен эле бүттүбү? Дагы эмне кылыш керек?

Окууганды улантабыз аягы эмне менен аяктайт экен окуп көрөлү. Окуй элек окуучу окуйт

Аягында карышкыр эмне кылды?

Карышкыр нансыз эле жашай алабы?

Карышкыр эмне жейт?

Бул жомок бизге эмнени үйрүтөт?

Окуучулар жомокту ролго бөлүп окуп, ар бир тексттин маанисин айтып суроолорго жооп берет.

Мугалим: Ошентип, биз текстти талдап, жакшы түшүндүк, окуганды үйрөндүк. Эми аны толугу менен окуп чыгалы. Үн чыгарып, туура, бүт сөз менен окуйбуз. Бири окуса, башкалары анын артынан ээрчийт.

Окуучулар өз ара окуп чыгышат.

4. Жаны теманы бышыктоо

Жуп менен иштөө. Мугалим: Эми балдар 3-көнгүүнү карап. Эмне кылыш керек? суроосуна жооп жазгыла

Окуучулар суроолорго жоопторду дептерине жазышат

Эсиңе тут!

барыш

көрүш керек

айдаш

5.Талкуулоо үчүн суроолор

Мугалим: Балдар 4-көнүгүүдүгү сүйлөшүнүн үлгүсүн ролго бөлүп окугула.

Окуучулар ролго бөлүп окушат. Нанды жасаш үчүн көп эмгек кетерин билишет.

6. Сабакты жыйынтыктоо

Мугалим: Эч бир эртең мененки, түшкү же кечки тамак нансыз болбойт. Адамдар күн сайын дасторконубузда ысык, даамдуу, жумшак нан болушу үчүн көп күч жумшашат. Анан ошончо кол өскөн нандын камын көрүшүбүз керек. Нанды ыргытпа, катып калган нанды канаттууларга берсе болот. Бекеринен “Нандан улуу тамак жок” деп айтылган эмес

Бүгүнкү сабакта эмне жөнүндө сүйлөштүк?

-нандын кантип жасаларын

-жомок окудук

-суроолорго жооп бердик

Ушуну менен сабак аяктады. Көрүшкөнчө саламатта калгыла.

7. Үйгө тапшырма берүү 5-көнүгүү макалды жаттоо

8. Баа коюу Окуучулардын билими, катышуу жөндөмдүүлүгүнө карап бааланат.

-баарына жетишесе алса

“5”

-5-6 шартты гана аткарса

“4”

-жарымы аткарылса

“3”




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!