СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз Республикасынын Президенти

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

тарых багыты боюнча билим алган студенттер үчүн

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз Республикасынын Президенти»

Кыргыз Республикасынын президенти - Президент мамлекет башчысы болуп саналат. Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат. Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 6 жылга шайланат. Бир эле адам эки жолу Президент болуп шайлана албайт. Кыргыз Республикасынын президенти болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.

Президенттин штандарты.

Кыргыз Республикасынын президентинин штандарты

Кыргыз Республикасынын Президентинин штандарты Кыргыз Республикасындагы Президенттик бийликтин айырма белгиси жана символу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президентинин штандарты Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка киришкенде тапшырылат. Кыргыз Республикасынын Президентинин штандартынын түп нускасынын турган жери Кыргыз Республикасынын борбор шаары - Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясындагы кызматтык кабинет болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президентинин штандартынын дубликаты республиканын борбор шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясынын үстүнө, Кыргыз Республикасынын Президенти аларда болгон убакта башка резиденциялардын үстүнө, Кыргыз Республикасынын Президентинин транспорт каражаттарына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги менен катар орнотулат; Мамлекет башчысынын катышуусу менен болгон салтанаттуу жана башка аземдерде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги менен катар орнотулушу мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин штандарты (желеги) кеңдиги 50 мм алтын тасма жана алтын чачыктар менен жээктелген кызыл түстөгү (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин түсүндөгү) кездеме болуп саналат. Кездеменин кеңдиги анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Геометриялык борборунда алтын тегерек орун алып, анын диаметри желектин кеңдигинин бештен үчүн түзөт. Алтын тегеректин борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин стилдештирилген сүрөттөлүшү жайгаштырылат: алтын түстөгү айлананын борборунда жайгаштырылган канаттары жайылган ак шумкар жана арткы планда жайгаштырылган көл, Ала-Тоонун кыркалары жана алтын сымал түстөгү шоолалары бар чыгып келе жаткан күн. Айлананы тегерете алтын менен: "Кыргыз Республикасынын Президенти" деген жазуу жайгаштырылат. Жазуунун тамгаларынын өлчөмү алтын тегеректин диаметринин жетиден бирин түзөт. Штандарттын сабына мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын Президентинин фамилиясы, ысымы жана атасынын аты менен анын шайлануу мөөнөтүн көрсөткөн дата чегип түшүрүлгөн күмүш тээк бекитилет. Штандарттын сабы найзанын учу түрүндөгү алтын түпөк менен бүтөт.



Президенттин белгиси.

Кыргыз Республикасынын Президентинин белгиси Кыргыз Республикасындагы Президенттик бийликтин айырма белгиси жана символу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президентинин белгиси Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка киришкенде тапшырылат. Кыргыз Республикасынын Президентинин белгисинин турган жери Кыргыз Республикасынын борбор шаары - Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясындагы кызматтык кабинет болуп саналат.

Президенттик бийликтин символу - Кыргыз Республикасынын Президентинин белгиси белгиден жана белгинин чынжырчасынан турат. Кыргыз Республикасынын Президентинин белгиси 7500 үлгүдөгү алтындан даярдалат жана эки элементтен турат;

  • байыркы оймо шарданынан - байыркы кыргыздардын эң сыйлуу кудайларынын бири болгон Ыйык Умай Энеден - анын Ааламдын үстүнө каалгый учкан канаттуу түрүндөгү символдук сүрөттөлүшүнөн;

  • Кыргыз Республикасында жашаган элдердин бүтүндүгүнүн, бөлүнбөстүгүнүн жана көп түрдүүлүгүнүн символу болгон, иштетүүсү жана сапаты боюнча өзгөчө алтын сымал түстөгү цитринден (массасы 105,2 карат, диаметри 35,5 мм).

Белгинин чынжырчасы алтындан даярдалган жана бири-бирин кайталаган элементтерден туруп, алардын бир бөлүгү түндүк түрүндө, башка бөлүгү борборуна Кыргыз Республикасынын администрациялык түзүлүшүнүн символу болгон ири бермет жайгаштырылган симметриялык сегиз нурлуу алтын жылдыз түрүндө болот. Белгинин чынжырчасынын жогорку бөлүгүндө жайгашкан пластинанын арткы жагына мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын Президентинин фамилиясы, ысымы жана атасынын аты менен анын кызматка кирген убактысы чегерилип жазылат.











Президент

Сүрөтү

Иштөө мөөнөтүнүн башталышы

Иштөө мөөнөтүнүн соңу

Кошумча мааымат

1

Аскар Акаевич Акаев

27-октябрь 1990-жыл

11-апрель 2005-жыл

2005-жылдын 5-апрелинте, Курманбек Бакиев башында турган элдик көтөрүлүштө өз ыйгарым укуктарын өткөзүп берген

2

Курманбек Салиевич Бакиев

14-август 2005-жыл

7-апрель 2010-жыл

2005-жылдын 11-апрелинен 14-августуна чейин - президенттин милдетин аткаруучу кызматын өтөгөн.

3

Роза Исаковна Отунбаева

19-май 2010-жыл

31-декабрь 2011-жыл

(Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөтүнүн декретининин негизинде)

Кыргыз Республикасынын өткөөл президенти

4

Алмазбек Шаршенович Атамбаев

31-декабрь 2011-жыл

1-декабрь 2017-жыл

Кыргыз Республикасынын 4-чү президенти

5

Сооронбай Жээнбеков

1-декабрь 2017-жыл

1-декабрь 2023-жыл

Кыргыз Республикасынын 5-чи президенти



Кыргыз республикасынын Президенти Кыргыз республикасынын Конституиясынын 3-бөлүмүндө каралган.

60-берене.

1. Президент мамлекет башчысы болуп саналат.
2. Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат.

61-берене.

1. Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 6 жылга шайланат.
2. Бир эле адам эки жолу Президент болуп шайлана албайт.

62-берене.

1. Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.
2. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. 30 миңден кем эмес шайлоочунун колтамгасын топтогон адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат.
Президентти шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

63-берене.

1. Президент кызматына киришерде Кыргызстандын элине ант берет.
2. Президенттин ыйгарым укуктары жаңы шайланган Президент кызматка киришкен учурдан тартып токтотулат.
3. Президент өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде өзүнүн саясий партияга мүчөлүгүн токтото турат жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу кандай гана болбосун аракеттерин токтотот.

64-берене.

1. Президент:
1) ушул Конституцияда каралган учурларда Жогорку Кеңешке шайлоолорду дайындайт; ушул Конституцияда каралган тартипте жана учурларда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;
2) жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда жана тартипте жергиликтүү кеңештерди таркатууну жүзөгө ашырат.
2. Президент:
1) мыйзамдарга кол коет жана элге жарыялайт; мыйзамдарды каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайтарат;
2) зарыл учурларда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналыштарын чакырууга жана каралууга жаткан маселелерди аныктоого укуктуу;
3) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында чыгып сүйлөөгө укуктуу.
3. Президент:
1) Жогорку соттун судьяларынын кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча Жогорку Кеңешке сунуштайт;
2) Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку соттун судьяларын кызматынан бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштайт;
3) Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт;
4) Судьялар кеңешинин сунушу боюнча конституциялык мыйзамда каралган учурларда жергиликтүү соттордун судьяларын бошотот.
4. Президент:
1) Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин макулдугу же болбосо Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экиси жактырган Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча Башкы прокурорду кызматтан бошотот; Башкы прокурордун сунушу боюнча анын орун басарларын дайындайт жана кызматтан бошотот;
2) Өкмөт мүчөлөрүн – коргоо, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин, ошондой эле алардын орун басарларын дайындайт жана кызматтан бошотот.
5. Президент:
1) Улуттук банктын төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди Жогорку Кеңешке киргизет; Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасынын орун басарларын жана башкарма мүчөлөрүн дайындайт, мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтан бошотот;
2) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет;
3) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин кызмат ордуна шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет;
4) Эсептөө палатасынын Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган мүчөлөрүнүн ичинен Эсептөө палатасынын төрагасын дайындайт жана аны мыйзамда каралган учурларда бошотот.
6. Президент:
1) өлкөнүн ичинде жана анын чегинен сырткары жерлерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;
2) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Премьер-министр менен макулдашуу боюнча эл аралык келишимдерге кол коет; көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды Премьер-министрге, Өкмөт мүчөлөрүнө жана башка кызмат адамдарына өткөрүп берүүгө укуктуу;
3) ратификациялоо грамоталарына жана кошулуу жөнүндө грамоталарга кол коет;
4) Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындайт; аларды кайра чакыртып алат; чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын кабыл алат;
7. Президент Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу маселелерин чечет.
8. Президент Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамын аныктайт, дайындайт жана кызматтан бошотот.
9. Президент:
1) мыйзамга ылайык уюштурулган Коргоо кеңешин жетектейт;
2) конституциялык мыйзамда каралган негиздер болгон учурда өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми зарыл болгондо аны айрым жерлерде алдын-ала жарыялабай туруп киргизет, ал жөнүндө Жогорку Кеңешке токтоосуз билдирет;
3) жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт; Кыргыз Республикасына баскынчылык жасалганда же түздөн-түз баскынчылык коркунучу туулганда согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет;
4) өлкөнү коргоонун жана анын жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыктарында согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
10. Президент:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлайт;
2) Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгарат;
3) жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды жана башка атайын наамдарды ыйгарат;
4) ырайым кылууну жүзөгө ашырат;
5) өзүнүн аппаратынын түзүмүн аныктайт, анын жобосун бекитет жана жетекчисин дайындайт.
11. Президент ушул Конституцияда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

65-берене.

Президент Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында аткарылышы милдеттүү болгон жарлыктарды жана буйруктарды кабыл алуу аркылуу өз ыйгарым укуктарын ишке ашырат.

66-берене.

1. Президент арызы менен кызматынан кеткен учурда, ушул Конституцияда каралган тартипте кызматтан четтетилгенде, ошондой эле оорусу боюнча ыйгарым укуктарын аткара албай калганда же ал каза болгон учурда Президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
2. Президент оорусуна байланыштуу өз милдеттерин аткара албай калганда Жогорку Кеңеш өзү түзгөн мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен Президентти мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат.

67-берене.

1. Президент кызматтан четтетилгенден кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
2. Президенттин аракеттеринде кылмыш белгилери болгону жөнүндө Башкы прокурордун корутундусу менен бышыкталган Жогорку Кеңеш тарабынан кылмыш жасагандыгы жөнүндө коюлган айыптын негизинде гана Президент кызматынан четтетилиши мүмкүн.
3. Президентти кызматтан четтетүү үчүн ага каршы күнөө коюу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча жана Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо гана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынышы керек.
4. Президентти кызматтан четтетүү жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими Президентке каршы күнөө коюлгандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы керек. Эгерде бул мөөнөттө Жогорку Кеңештин чечими кабыл алынбаса, коюлган күнөө четке кагылды деп эсептелинет.

68-берене.

1. Ушул Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарат. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарууга мүмкүн болбогон учурда Президенттин ыйгарым укуктарын Премьер-министр аткарат.
Мөөнөтүнөн мурда Президентти шайлоо Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлөт.
2. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого, Өкмөттү кызматтан кетирүүгө укуксуз.

69-берене.

1. Ушул Конституциянын 67-беренесинде белгиленген тартипте кызматынан четтетилгенден башка бардык мурдагы президенттер Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген наамга ээ болушат.
2. Экс-президенттин статусу мыйзам менен белгиленет.



Президенттин Аппараты

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин камсыз кылуу максатында түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын Президентине тикелей баш ийген мамлекеттик орган болуп эсептелет.

Президенттин Аппараты мамлекеттик жана расмий тилдеги аталышы бар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар юридикалык жак болуп эсептелет.

Президенттин Аппараты өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

Президенттин Аппаратынын негизги милдеттери жана функциялары

Президенттин Аппаратынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин билдирген мамлекет башчысы катары камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин камсыз кылуу;

- мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эриш-аркак иштөө боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин уюштуруу;

- мамлекеттик башкаруунун сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо, ошондой эле бүткүл мамлекеттик кызматты өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин уюштуруу;

- Кыргыз Республикасынын элинин башын бириктирүү жана ынтымагын сактоо, этностор аралык жана жарандык сабырдуулукту өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин уюштуруу;

- жергиликтүү коомчулуктун потенциалын күчөтүү жана жарандык коомдун институттарын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин уюштуруу;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин эксперттик-аналитикалык, маалыматтык жана укуктук жактан камсыз кылуу.

Милдеттери аткаруу үчүн Президенттин Аппараты төмөнкүдөй негизги функцияларды жүргүзөт:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкүлөр менен эриш-аркак иштөөсүн уюштурат:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын администрациялык ведомстволору, мамлекеттик башка органдары жана мекемелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен;

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору менен;

- коргонуу жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан төмөнкү чараларды кабыл алуусуна багытталган сунуштарды мамлекет башчысы үчүн иштеп чыгат:

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы катары коргонуу жана улуттук коопсуздук, өзгөчө же согуш абалын киргизүү, өлкөнүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо, конституциялык түзүлүштү жана коомдук тартипти сактоо боюнча мыйзамдарда каралган башка чараларды көрүү маселелери боюнча;

улуттук коопсуздукту, укуктук тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча укук коргоо жана мамлекеттик башка органдардын ишин координациялоо жана контролдоо боюнча;

Кыргыз Республикасынын коргоо кеңешинин бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эриш-аркак иштөөсү боюнча;

- Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин ишин камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен эриш-аркак иштөө боюнча мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын ишке ашырууну төмөнкүдөй камсыз кылат:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги мыйзам чыгаруу процессинин абалы жана анда каралуучу маселелер жөнүндө мамлекет башчысын үзгүлтүксүз маалымдайт;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан мамлекет башчысына кол коюуга берилген мыйзамдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине корутундуларды даярдайт;

Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон мыйзамдарды элге жарыялоону же мамлекет башчысынын чечими менен каршы пикир берилген мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайтарууну камсыз кылат;

кадрдык маселелер боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өткөрүүнү камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору менен өз ара аракеттенүү боюнча мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылат; ачык-айкын иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылат;

- сотторду шайлоо, дайындоо, бошотуу, алардын ыйгарым укуктарын токтотуу, кызматынан четтетүү, ротация жүргүзүү (которуу) маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылат;

- сотторду шайлоо, дайындоо, бошотуу, алардын ыйгарым укуктарын токтотуу, кызматтан четтетүү, ротация жүргүзүү (которуу) боюнча документтерди даярдоону камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын иштеп чыгууга катышат;

- акча-кредит саясатын ишке ашырууга анализ жана мониторинг, финансылык аудит жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарандык жана эл аралык коомчулук, диний уюмдар, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат;

- эл аралык делегациялардын жана уюмдардын, өкмөттүк эмес жана диний уюмдардын өкүлдөрүн кабыл алууну уюштурат;

- жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду жүргүзүү жана аларды таркатуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйындарына катышуусун камсыз кылат;

- Президенттин Аппаратынын компетенциясына кирген маселелер боюнча жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн жумушчу комиссиялардын, топтордун, консультациялык кеңештердин жана комиссиялардын ишин координациялайт;

- Кыргыз Республикасынын тиешелүү нормативдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин буйруктарын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппарат жетекчиси) чечимдерин каттоону жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык, ырайым кылуу, мамлекеттик сыйлыктар, билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча комиссиялардын ишин камсыз кылат;

- мамлекеттик башкаруунун сапатына, ошондой эле бүткүл мамлекеттик кызматты өркүндөтүүгө мониторинг жана баалоо жүргүзөт, тиешелүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине киргизет;

- өлкөдөгү мамлекеттик кызматтын жана кадрдык саясаттын абалына, Президенттин Аппаратынын кызматчыларынын кесиптик даярдыгынын деңгээлине анализ жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын Президенти дайындоочу же ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш кылуучу кадрларды кызматка дайындоо боюнча сунуштарды мамлекет башчысынын кароосуна киргизет;

- мамлекет башчысы дайындоочу жана аны менен макулдашылуучу кызмат адамдарын кызматка дайындоодо жана кызматтан бошотууда материалдарды тариздейт, ал кызмат адамдарынын мамлекеттик кызмат өтөөсү менен байланышкан маселелерди чечет, алардын өздүк иштерин жүргүзөт;

- Президенттин Аппаратынын кызматчыларын даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат, алардын этикалык нормаларды сактоосу боюнча иштерди жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын элинин башын бириктирүү жана ынтымагын сактоо, этностор аралык жана жарандык сабырдуулукту өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин иш-чараларын уюштурат;

- жергиликтүү коомчулуктардын ээлеген ордуна жана ишине анализ жүргүзөт жана алардын потенциалын күчөтүү, жарандык коомдун институттарын андан ары өнүктүрүү боюнча тиешелүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине киргизет;

- жарандык, саясий башпаанек берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринин долбоорлорун даярдайт;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын, мамлекеттик сыйлыктарын, аскердик жогорку же башка наамдарды, класстык жана атайын чиндерди, квалификациялык класстарды жана дипломатиялык рангдарды ыйгаруу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине киргизет;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарандарга ырайым берүүсүн жүргүзүүнү камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин укуктук камсыздоону жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна жана Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин нормативдик укуктук актыларынын долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт;

- өлкөнүн ичиндеги экономикадагы жана социалдык чөйрөдөгү абал жөнүндө маалымат менен Кыргыз Республикасынын Президентин камсыз кылат;

- өлкөдөгү жана чет өлкөдөгү учурдагы коомдук-саясий абал жөнүндө маалымат менен Кыргыз Республикасынын Президентин камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин учурдагы ишин камсыз кылууну, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин келечектүү жана учурдагы иш пландарын даярдоону уюштурат;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин региондорго барууларын уюштурат;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен эл аралык иш сапарларды, расмий жолугушууларды жана мамлекеттер аралык мүнөздөгү башка иш-чараларды камсыз кылууну уюштурат;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча региондордо инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзөт;

- мыйзамдарды кодификациялоону жана системалоону жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйруктарынын жоболорун расмий түрдө чечмелөө (түшүндүрүү) жөнүндө чечимдердин долбоорлорун даярдоону камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппарат жетекчисинин чечимдеринин жана тапшырмаларынын сапаттуу аткарылышын контролдоону камсыз кылат;

- иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурат;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин, ошондой эле Президенттин Аппарат жетекчисинин чечимдерин жана тапшырмаларын, өздүк корреспонденцияны тиешелүү түрдө тариздөөнү жана жиберүүнү камсыз кылат;

- жарандарды кабыл алууну, жарандардын каттарын жана арыздарын кароону, ошол кайрылуулар боюнча жетекчиликтин тапшырмаларынын аткарылышын контролдоону уюштурат, арыз ээлерине жоопторду даярдайт;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана анын аппаратынын ишин маалыматтык коштоону, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары менен эриш-аркак иштөөнү жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн башка функцияларды жүргүзөт.

(КР Президентинин 2011-жылдын 4-февралындагы ПЖ N 26 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Президентин Аппаратынын укуктары

Бул Жободо каралган милдеттерди аткаруу жана функцияларды жүргүзүү үчүн Президенттин Аппараты өзүнүн милдеттеринин жана функцияларынын чегинде төмөнкүдөй укуктарды жүргүзөт:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына берет;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринин жана тапшырмаларынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча маалыматты жана материалдарды мамлекеттик органдардан белгиленген тартипте сурап алат;

- Президенттин Аппаратынын компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу комиссияларды, топторду, консультациялык кеңештерди жана комиссияларды белгиленген тартипте түзөт;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппарат жетекчисинин тапшырмасы боюнча кызматтык иликтөөлөрдү белгиленген тартипте жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбаган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине карата тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет;

- өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн башка укуктарды жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилиги

Президенттин Аппаратын Президенттин Аппарат жетекчиси жетектейт, аны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.

Президенттин Аппарат жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президентинин тикелей жетекчилиги алдында иштейт жана ушул Жободо белгиленген компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча аткаруу, контролдоо жана тескөө функцияларын жүргүзөт.

Президенттин Аппарат жетекчисинин орун басарлары болот, аларды Президенттин Аппарат жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.

Орун басарлардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүнү Президенттин Аппарат жетекчиси жүргүзөт.

Президенттин Аппарат жетекчиси:

- Президенттин Аппаратынын милдеттерин жана функцияларын аткаруу максатында мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары менен эриш-аркак иштейт;

- Президенттин Аппаратына жалпы жетекчилик жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын Президенти дайындоочу кызмат адамдарын кошпогондо, Президенттин Аппаратынын кызматкерлерин мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;

- Президенттин Аппаратынын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза берүү чараларын колдонот;

- Президенттин Аппаратынын компетенциясына кирген маселелер боюнча милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;

- Кыргыз Республикасынын Президенти дайындоочу Президенттин Аппаратынын кызматкерлерине карата сыйлоо же тартиптик жаза берүү чарасын колдонуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине киргизет;

- жумушчу комиссияларды, топторду белгиленген тартипте түзөт;

- Президенттин Аппаратынын чыгымдарынын сметасынын чегинде финансылык каражаттарды тескейт;

- Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын соттордогу өкүлчүлүктөрү үчүн доогер жана жоопкер катары ишеним катка кол коет;

- Президенттин Аппаратынын милдетин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.

Президенттин Аппаратынын Жетекчиси зарыл болгон учурда коомдук башталышта (Президенттин Аппаратынын штаттык санынан тышкары) Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин кеңешчилерин дайындай алат.

(КР Президентинин 2011-жылдын 4-февралындагы ПЖ N 26 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин Президенттин Аппарат жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.

Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси бөлүмдү жетектейт жана Президенттин Аппаратынын кызмат адамдары жана жетекчилиги, башка мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары менен болгон мамилелерде бөлүмдүн атынан чыгат.

Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери төмөнкүдөй укуктарга ээ:

- Президенттин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдар, кызмат адамдары менен кызматтык кат алышууну жүргүзүүгө;

- Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин, Өкмөттүн, мамлекеттик башка органдардын жыйындарына белгиленген тартипте катышууга;

- Президенттин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматтарын угууга;

- тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелерди чечүүгө катыштыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларын, ошондой эле мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрүн белгиленген тартипте тартууга;

- тиешелүү түзүмдүк бөлүм жөнүндө жободо каралган башка ыйгарым укуктарды жүргүзүүгө.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!