СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 5902017-жылдын 18-августундагы № 4962017-жылдын 30-августундагы № 544 , 2018-жылдын 7-декабрындагы № 573 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1-бап. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты (мындан ары - Мамлекеттик стандарт) төмөнкүлөрдү белгилейт:

1) жалпы орто билимдин коомдук макулдашылган артыкчылыктарын;

2) жалпы орто билимдин максаттарын жана милдеттерин;

3) негизги компетенттүүлүктөрдүн тизмесин жана аларга жетүүнүн деңгээлин;

4) билим берүү тутумунун деңгээлинде, мектептин, класстын жана айрым окуучулардын билиминин натыйжаларына баа берүүнүн негизги принциптерин;

5) мектептик билим берүүдөгү уюштуруу жана методикалык (технологиялык) өзгөртүүлөрдү.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Мамлекеттик стандарт төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

1) мектептик билим берүүнүн бардык баскычтарда бардык билим берүү тармагында белгиленген максаттарды жүзөгө ашырууну;

2) окуу жүгүн ылайыкташтыруу үчүн билим берүү тармагында предметтерди интеграциялоо үчүн методикалык негиздерди;

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Мамлекеттик стандарт компетенттик негизде билим берүү тутумун курууну камсыз кылган жана коомдун социалдык тапшырыгы менен мектептик билим берүүнү макулдашкан жөнгө салуу документтеринин (же куррикулум) тутуму аркылуу жүзөгө ашырылат:

1) предметтик стандарттар;

2) окуу пландары;

3) окуу-методикалык комплекстер.

4. Мамлекеттик стандарт предметтик стандарттарды, окуу планын жана негизги билим берүү программаларын иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат.

5. Окуу планы 7 билим берүү тармагынан турат, алардын ар бири өзүнө белгилүү предметтерди, анын ичинде - интеграцияланган предметтерди камтыйт. Билим берүү тармактары Мамлекеттик стандартта белгиленген негизги компетенттүүлүктү (ушул Мамлекеттик стандарттын тиркемеси) эске алуу менен коом жана ар бир адам үчүн актуалдуу баалуулук белгилерге, Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунун негизги чакырыктарына жараша калыптанат.

6. Мамлекеттик стандарт билим берүү процессинин катышуучуларынын ар биринин - билим берүүнү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, мектептин администрациясынын жана мугалимдердин, окуучулардын өзүнүн, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүнүн билим берүүдө белгилүү натыйжаларга жетишүү үчүн жоопкерчилик чөйрөсүнө өзгөрүүлөрдү бекемдейт.

Бул үчүн билим берүүнү башкаруу органдары билим берүү тармагында саясатты иштеп чыгууда стратегиялык, программалык документтерди жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга бизнес-коомчулуктун, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн, ата-энелерди, окуучулардын өздөрүн тартат.

7. Мамлекеттик стандарт Кыргыз Республикасында мектепке чейинкиден жогорку кесиптик билим берүүгө чейинки билим берүү тутумун куруунун бирдиктүү методологиясын камсыз кылган компетенттүү-багытталган стандарттар тутумунун бир бөлүгү болуп саналат.

8. Мамлекеттик стандартты кайра кароо жана жаңылоо мектеп окуучуларын даярдоонун Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтеринде бекемделген стратегиялык артыкчылыктарга, иш берүүчүлөрдүн керектөөлөрүнө, окуучулардын жана алардын ата-энелеринин суроо-талаптарына ылайык келишин камсыз кылуу максатында беш жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат.

9. Ушул Мамлекеттик стандартта негизги түшүнүктөр жана атоолор төмөнкү мааниде пайдаланылат:

базалык жалпы билим берүү предметтери - мектептик билим берүүнүн бардык баскычтарында жана профилдеринде бардык окуучулар үчүн милдеттүү болуп саналган предметтер;

базистик окуу планы - милдеттүү предметтердин тизмесин, аларды окутуунун ырааттуулугун, окуу жүгүнүн көлөмүн жана формасын белгилеген документ;

мамлекеттик компонент - менчигинин түрүнө карабастан бардык типтеги мектептер үчүн милдеттүү болгон мамлекеттик стандарттардын талаптарын жүзөгө ашырган мектептик билим берүүнүн окуу планынын бөлүгү;

жалпы мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандарты - ченемдик-укуктук документ, ал:

мектептик билим берүүнүн бардык баскычтарында билим берүүнүн бардык тармактарында белгиленген максаттарды жүзөгө ашырууну камсыз кылат;

билим берүү процессин жөнгө салат;

улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде билим берүү тутумун өнүктүрүүнү камсыз кылат;

жеке билим берүү траекториясы - педагогдун ата-энелер менен бирге өз ара аракеттенүүсүндөгү координациялык, уюштуруучулук, консультациялык ишмердигинде жүзөгө ашырылган ар бир окуучунун тийиштүү жөндөмдүүлүгүнө, мүмкүнчүлүгүнө, жүйөлөрүнө, таламдарына ылайык жеке билим берүү максаттарын жүзөгө ашыруу боюнча алардын окуу ишинин элементтеринин белгилүү ырааттуулугу:

инклюзивдик билим берүү - балдарды сегрегациялоонун ар кандай формаларын четке каккан ийгиликтүү окуу жана социалдашуу үчүн шарттарды түзүү аркылуу бардык окуучулардын керектөөлөрүнүн жана муктаждыктарынын ар түрдүүлүгүнө улуттук билим берүү тутумунун багытталышынын жана таасир кылышынын динамикалуу процесси;

билимдин сапаты - билим берүүнүн натыйжасынын ар кандай билим берүү субъекттеринин (окуучулардын, педагогдордун, ата-энелердин, иш берүүчүлөрдүн, бүтүндөй эле коомдун) күткөндөрүнө же алар алдыга койгон максаттары менен милдеттерине ылайык келүү даражасы;

негизги компетенттүүлүк - социалдык, мамлекеттик, кесиптик тапшырыкка ылайык аныкталган, окуу предметтеринин базасында жүзөгө ашырылган жана окуучунун социалдык тажрыйбасына негизделген көп функциялуулукка ээ болгон жана предметтен жогору турган билим берүүнүн өлчөнүүчү натыйжасы;

компетенттүүлүк - белгилүү бир кырдаалда (окуу, жеке жана кесиптик) билимдин жана ыктын ар кандай элементтерин өз алдынча колдонууга адамдын интеграцияланган жөндөмү;

компетенция - окуучуну (үйрөнүүчүнү) билим алууга даярдоого карата мурдатан коюлган, анын белгилүү бир чөйрөдөгү натыйжалуу үзүрлүү иши үчүн зарыл болгон социалдык талап (ченем);

куррикулум - компетенттүүлүк негизде билим берүү тутумун курууну камсыз кылган, билим берүүнүн натыйжаларына, окуу процессин уюштурууга талап койгон жана мектептик билим берүүнү коомдун социалдык тапшырыгы менен макулдашкан жөнгө салуучу жана багыт берүүчү документтердин тутуму;

билим берүү тармагы - адамдын ишмердигинин белгилүү чөйрөсүнө тиешелүү, илимий жана практикалык иштин педагогикалык жактан жатыккан тажрыйбасы түрүндө берилген билим берүүнүн мазмуну;

билим берүү процесси - педагогдордун түздөн-түз катышуусу менен ар кандай түрдөгү сабактар жана окуучунун өз алдынча сабактары формасында, ошондой эле окуучулардын жана бүтүрүүчүлөрдүн сынактары, зачеттору, аттестациялоонун башка түрлөрү сыяктуу окутуунун жана тарбиялоонун уюштурулган процесси. Билим берүү программаларын ишке ашыруу билим берүү процесси аркылуу жүзөгө ашырылат;

белги - бул символ, окуучулардын окуудагы жетишкендиктеринин баасын цифралар, тамгалар, сүрөттөр же жаңсоолор менен шарттуу-формалдык түрдө, сандык туюндуруу;

баа - окуучуларды баалоонун жыйынтыктарын сандык жана сапаттык чагылдыруу;

баа берүү - окуучулардын алардын этикалык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө жана алар тарабынан турмуштук зарыл болгон компетенцияларга ээ болуусуна, ошондой эле бул иштин билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарынын талаптарына ылайык келүүсүн аныктоо үчүн окуучулар, мугалимдер, ата-энелер менен эки жактуу байланышты жүзөгө ашырууга багытталган маалымат арттыруучу ишин өлчөө, интерпретациялоо жана талдоо процесси;

предметтик компетенттүүлүк - негизги компетенттүүлүккө карата мамиле боюнча жекече компетенттүүлүк, билим берүү натыйжаларынын топтому түрүндө айрым предметтердин материалдары менен аныкталат;

предметтик стандарт - окуучунун билим алышынын, аларга жетишүү ыкмаларын жана предметтин алкагында өзгөрүүлөрдүн натыйжаларын жөнгө салган документ;

долбоор - практикалык же теориялык маанилүү маселелерди чечүүдө жетишиле турган, окуучулардын өз алдынча жана топтук ишин талап кылган натыйжаларга багытталган мектеп окуучуларынын когнитивдик (таанып-билүү), аффективдик (эмоционалдык-баалуулук) жана жүрүм-турумдук ишмердигин уюштурууну камсыз кылуучу педагогикалык технология;

профилдик билим берүү - билим берүү процессинин түзүмүн, мазмунун жана уюштурулушун өзгөртүүнүн эсебинен окуучунун кызыкчылыгын, шыгын жана жөндөмдүүлүгүн кыйла толук эске алууга, жогорку класстын окуучуларынын билим алуусун улантуу жагындагы кесиптик кызыкчылыктарына жана ниеттерине ылайык алардын окуусу үчүн шарт түзүүгө мүмкүнчүлүк берген окутуунун дифференциациялоо жана жекелештирүү каражаты;

натыйжалар (билим берүүчү) - негизги жана предметтик компетенттүүлүккө ээ болуу деңгээлинде билдирилген билим берүү процессинин белгилүү этабында окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктеринин топтому;

баа берүү тутуму - жетишкендиктерди өлчөөнүн жана окутуу маселелерин диагноздоонун, эки жактуу байланышты түзүүнүн, окуучуларга, мугалимдерге, ата-энелерге, мамлекеттик жана коомдук түзүмдөргө илим берүүнүн абалы, маселелери жана жетишкендиктери жөнүндө маалымат берүүнүн негизги каражаты;

окутуу технологиясы - билим берүүнүн максаттарына жана натыйжаларына жетишүүгө жана өлчөөгө багытталган окуу процессин уюштуруунун ыкмаларынын жана методдорунун тутуму;

билим берүү процессинин катышуучулары - окуучулар, педагогикалык кызматкерлер, билим берүү уюмунун башкаруучу жана окуу-көмөкчү персоналы, окуучунун ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү);

окутуунун максаты - күн мурунтан берилген жана сыпатталган шарттар, окуучунун келечектеги ишинин ыкмалары; билим алуунун натыйжасында ээ болгон иштин мүмкүн болгон түрлөрүнө карата анын жөндөмү;

мектептик стандарт - билим берүү уюму иштеп чыгып, бекиткен жана конкреттүү билим берүү уюмунун компетенциясынын чегинде окуу-тарбиялоо процессин уюштуруу боюнча анын өзгөчөлүгүн чагылдырган документ;

мектептик билим берүү - тарбиялоо жана билим берүү системасы, ал коомдогу активдүү иши үчүн жетиштүү болгон, анын баскычтарына тиешелүү билимди, ыктарды, тажрыйбалык көндүмдөрдү камсыз кылат.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)

2-бап. Жалпы мектептик билим берүүнүн максаттары, милдеттери жана натыйжалары

10. Билим берүүнүн максаты: улам өзгөрүп жаткан көп түрдүү дүйнөдө жеке жана коомдук жыргалчылыкты камсыз кылган инсандын жарандык жана кесиптик ишке даярдыгы.

11. Билим берүүнүн милдеттери:

- окуучунун курактык өзгөчөлүгүнө ылайык педагогикалык жактан жатыккан адамзаттын илимий жана практикалык жетишкендиктеринин негизги өзөгүн өздөштүрүү;

- ийгиликтүү социалдашуу максатында жарандык маданиятты, толеранттуулукту, өз укуктарын коргой билүүнү калыптандыруу;

- коммуникативдик компетенттүүлүгүн, маек кура билүүнү, маңыздуу компромисстерди издеп жана табууну калыптандыруу;

- окуучуларда өз алдынчалуулукту, демилгелүүлүктү жана өзүн тыкан алып жүрүү жөндөмдүүлүгүн, өз жосундары жана өз өмүрү үчүн жоопкерчиликти ала билүүнү тарбиялоо;

- ачык маалыматтык-билим берүү мейкиндигинде, өз алдынча издөө, окуу ишмердигинде багыт алып жана иштей билүү жөндөмүн өнүктүрүү;

- ар бир бала үчүн анын коомго аралашуусун камсыз кылуу жана билим алуусуна бирдей укуктарды берүү.

12. Компетенттүүлүк билим берүүдө билим алуунун натыйжалары катары билим берүү процессинин белгилүү этабында негизги жана предметтик компетенттүүлүгүнө ээ болуу деңгээли менен көрсөтүлгөн окуучунун билимдеги жетишкендигинин топтому алынат. Билим берүү натыйжаларына окуучулардын калыптанган баалуулук максаттары жана окутуунун натыйжалары кирет, башкача айтканда бүтүрүүчүлөрдүн жеке, жарандык жана кесиптик керектөөлөрүн жүзөгө ашырууну камсыз кылган ар бир окуучунун негизги жана предметтик компетенттүүлүккө ээ болуу деңгээли үчүн жеке натыйжалары кирет.

13. Мамлекеттик стандарт төмөнкүдөй баалуулук максаттарга багытталган окуучунун жеке мүнөздөмөсүнүн калыптанышын камсыз кылат:

- Ата Мекенди сүйүү, улуттук салттарды урматтоо жана Кыргызстандын маданий жана табигый байлыктарына сарамжалдуу мамиле кылуу;

- негизги демократиялык жана жарандык укуктарды, эркиндиктерди түшүнүү, кабыл алуу, эркиндиктин адептик маанисин жоопкерчилик менен ажыралгыс байланышта түшүнүү, жеке тандоо жасап жана аны коргой билүү;

- социалдык, саясий, маданий турмушта толеранттуу жүрүш-туруш, өз өлкөсүнүн жана дүйнөнүн элдеринин маданий, руханий дөөлөттөрүн өздөштүрүү менен бир учурда эне тилге жана маданиятка аралашуу үчүн негиз катары маданияттардын көп түрдүүлүгүнүн баалуулугун аңдап-түшүнүү жана кабыл алуу;

- өзүн-өзү урматтоого жана инсандык потенциалды жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү, заманбап социалдык-экономикалык шартта жеке жыргалчылыкты камсыз кылган жигердүү эмгектик ишке даяр болуу;

- туруктуу өнүгүү принциптерин жолдоо, коопсуз жана дени сак жашоо ыңгайынын ченемдерин кармануу, техниканын жана технологиялардын өнүгүшүнүн социалдык жана экологиялык кесепеттеринин алдын-алуу.

14. Окутуунун натыйжасы катары Мамлекеттик стандарт негизги компетенттүүлүктүн тизмесин жана калыптануу деңгээлин аныктайт.

15. Негизги компетенттүүлүк болуп конкреттүү предметтердин мазмуну аркылуу калыптануучу жана ишке ашырылуучу, окуучунун социалдык тажрыйбасына негизделүүчү билим берүүнүн натыйжасы саналат.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)

16. Билим берүү процессинде негизги компетенттүүлүккө окуучулар төмөнкү шарттарда ээ болушат:

- окуу процесси окуучунун өз ишинин уюштурулушу жана натыйжасы үчүн өз алдынчалуулугун жана жоопкерчилигин өнүктүрүүгө багытталган;

- окуучулар жалпы билим берүүнү уюштурууда жана сабактан тышкары жана класстан тышкары иштерде долбоордук, изилдөө, социалдык иштерди жүргүзүүдө окутуу процессинде билим берүү ишинин ар кандай түрлөрүн жүргүзүүгө кошулган;

- окуучулардын максаттарды алдыга коюп жана ага жетишүү тажрыйбасына ээ болушу үчүн жагдайлар түзүлгөн;

- баа берүүнүн негизинде окуучунун жекече билим берүү траекториясын туруктуу түзөтүп туруу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынган;

- мектептердин педагогдору билим берүү жана тарбиялоо ишинде компетенттүү мамилени көрсөткөн.

17. Адам жеке жана кесиптик чөйрөсүндө пайдаланган ресурстардын (маалыматтык ресурстар, башка адамдар жана адамдардын топтору, жеке сапаттары жана адамдын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү) категориясына ылайык төмөнкү компетенттер негизги болуп саналат:

1) Маалыматтык компетенттүүлүк - өз ишин пландаштыруу жана жүзөгө ашыруу, негиздүү тыянактарды калыптандыруу үчүн маалыматтарды пайдаланууга даярдык. Маалымат менен иштей билүүнү талап кылат: жетишпеген маалыматты максатка умтулуу менен издөө, айрым фрагменттерди салыштыруу, гипотезаларды бирдиктүү талдоо жана коюу ыкмаларына ээ болуу. Адамга сын көз менен ой жүгүртүлгөн маалыматтын негизинде акылга сыярлык чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.

2) Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк - өз умтулууларын башка адамдардын жана социалдык топтордун таламдары менен айкалыштырууга даярдык, өз көз карашын позициялардын ар түрдүүлүгүн таануунун жана башка адамдардын (диний, этностук, кесиптик, инсандык) баалуулуктарына урмат менен мамиле кылуунун негизинде цивилизациялуу коргоп калуу. Маектешүүдө зарыл маалымат алууга даярдык жана аны жеке, социалдык жана кесиптик маселелерди чечүү үчүн оозеки жана жазуу жүзүндө билдирүү. Милдеттерди чечүү үчүн башка адамдардын ресурстарын жана социалдык институттарды пайдаланууга мүмкүндүк берет.

3) "Өз алдынча уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү" компетенттүүлүгү - маалыматта, окуу жана турмуштук жагдайларда карама-каршылыктарды табууга жана ар кандай ыкмаларды пайдалануу менен аларды өз алдынча же башка адамдар менен өз ара аракеттенүү менен чечүүгө, ошондой эле андан аркы аракеттер жөнүндө чечимдерди кабыл алууга болгон даярдык.

18. Компетенттүүлүктөрдүн калыптануу деңгээлин аныктоо үчүн окуучулардын өз алдынчалуулук деңгээли жана милдеттерди чечүүдө ишмердиктин пайдаланылган түрлөрүнүн татаалдыгы негиз болуп саналат.

19. Негизги компетенттүүлүктүн калыптанышынын үч деңгээлин бөлүп көрсөтүүгө болот:

1) биринчи деңгээл (репродукциялык) окуучулардын үлгүлөрдү (аракеттерди аткаруунун дайындалган алгоритми) жолдой билиши менен мүнөздөлөт;

2) экинчи деңгээл (продукциялык) курамы боюнча жөнөкөй иштерди аткаруу, ишмердиктин өздөштүрүлгөн алгоритмин башка кырдаалдарда колдонуу жөндөмү менен мүнөздөлөт;

3) үчүнчү деңгээл (креативдик) өз алдынча конструкциялоо жана негиздөө элементтери менен татаал курамдагы ишмердикти жүзөгө ашырууну түшүндүрөт.

20. Окутуунун ар бир баскычында окуучулар анын курактык жана жеке өзгөчөлүктөрүнө ылайык жана билим берүү шарттарын эске алуу менен бардык деңгээлдеги компетенттүүлүктөргө ээ болот.

21. Маалыматтык компетенттүүлүк.

Аспект

1-деңгээл

2-деңгээл

3-деңгээл

Милдетти чечүүгө ылайыктуу булактарды издөө

- издөөнүн берилген параметрлерин жолдоо менен маалыматтарды табуу;

- берилген маселе боюнча маалымат булагын өз алдынча табат;

- берилген ишмердик милдеттерине ылайык (анын жүрүшүндө изделген маалыматты пайдалануу зарыл) маалыматты издөө пландаштырылат;

- тигил же бул булактарды пайдаланууну негиздейт;

- алдыга коюлган милдетти чечүү үчүн кандай маалымат бар экендигин, кайсынысы кем экендигин аныктайт;

- сунуш кылынган ашкере маалыматтардан милдеттерди чечүүдө зарыл болгон маалыматты бөлүп көрсөтөт

- ишмердиктин милдетине таянуу менен тигил же бул типтеги маалыматтарды пайдаланууну негиздейт;

- милдетти чечүү үчүн жеткиликтүүлүк жана ылайыктуулук көз карашынан алынган маалыматка баа берет;

- маалыматтык издөөнүн аяктагандыгы жөнүндө өз алдынча жана жүйөлүү чечим кабыл алат;

- аныктамаларды, энциклопедияларды пайдаланат, китепте мазмуну, ал эми сайтта шилтемелер боюнча багыт алат.

- карточкалык жана электрондук каталогдордон, Интернеттин издөө тутумдарынан пайдаланат;

- библиографиялык басылмалардан, мезгилдүү басылмалардын макалаларынын тизмелеринен пайдаланат

- берилген маалыматты кайсы типтеги булагынан издөө керектигин көрсөтөт же маалыматтык издөө милдетине ылайык булакка мүнөздөмө берет;

Маалыматты алып чыгуу жана адеп иштетүү

- бир же бир нече булактардан (анын ичинде оозеки сөздөн) бир негиз боюнча маалымат алып чыгат жана анын алкагында берилген түзүмдү тутумга салат

- бир же бир нече булактардан эки жана андан ашык (анын ичинде оозеки сөздөн) негиздер боюнча маалымат алып чыгат жана анда берилген түзүмдүн алкагында тутумга салат, суроо берүү менен диалогдо кошумча маалымат алат, бир тема боюнча маалыматтарды баштапкы тутумга салуу үчүн жөнөкөй түзүмдү өз алдынча берет;

- бир же бир нече булактардан эки жана андан ашык негиздер боюнча маалыматты алып чыгат жана маалыматтык издөө милдетине ылайык өз алдынча аныкталган түзүмдө аны тутумга салат;

- негизги ойду аныктоо менен монологдо, диалогдо, дискуссияларда (топтордо) иш жүзүндөгү баа берүүчүлүк маалыматтын негизги мазмунун, себептик-натыйжанын байланышын, сүйлөп жаткан адамдын окуяларга жана аракеттеги адамдарга мамилесин кабылдайт

- статистикалык булактан, тарыхый булактан, көркөм адабияттан берилген суроо боюнча маалыматты алып чыгат;

- статистикалык булактан, тарыхый булактан маалыматты алып чыгууну өз алдынча алып чыгат жана жүзөгө ашырат;

- графика жана символдор менен берилген жөнөкөй маалыматтарды ачып көрсөтөт

- графикада берилген жөнөкөй (бир курамдык) же формалдаштырылган (символдук) маалыматты текстке жана андан кайра которот

- графикада берилген курамы боюнча татаал (көп аспекттүү) же формалдаштырылган (символдук) маалыматты текстке жана андан кайра которот

Маалыматтарды иштетүү жана анын негизинде чечимдерди кабыл алуу

-маалыматтын жетишсиздигин же өзүнүн маалыматты түшүнбөстүгүн көрсөтүү менен суроолорду берет

- маалыматтын аныктыгын текшерүүнүн мугалим сунуш кылган ыкмасын жүзөгө ашырат;

- текшерүүгө муктаж болгон маалыматты өз алдынча көрсөтөт, жана маалыматтын аныктыгын текшерүү ыкмасын колдонот;

- маалымат булагынан белгилүү тыянактарды негиздеген аргументтерди бөлүп көрсөтөт

- берилген критерийлер боюнча алар жөнүндө маалыматты салыштырып талдоонун негизинде объекттер, процесстер, кубулуштар жөнүндө тыянак чыгарат, конкреттүү шарттарда жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрдү колдонуу жөнүндө тыянак жасайт

- алар жөнүндө маалыматты салыштырып талдоонун негизинде объекттер, процесстер, кубулуштар жөнүндө тыянак чыгарат, тандалган эмпириялык маалыматтардын негизинде жалпылоону жасайт;

Маалыматтарды берүү

- алынган маалыматтарды так баяндайт

- алынган маалыматты чечилүүчү милдеттин контекстинде баяндайт;

- маалымат берүүнүн стратегиясын өз алдынча иштеп чыгат жана аны берилген милдетти, аудиторияны ж.б. эске алуу менен сунуш кылат;

- бир формада алынган маалыматты башка форматта сунуш кылат

- оозеки чыгып сүйлөө жана жазуу жүзүндөгү продукта берилген жанрда маалыматты сунуш кылат;

- оозеки бетачарды түшүнүүнү жеңилдеткен жазуу жүзүндөгү продукту даярдайт

22. Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк

Аспект

1-деңгээл

2-деңгээл

3-деңгээл

Коммуникациялык кырдаалды талдоо

- стандарттуу коммуникациялык кырдаалда өз ролун жана өнөктөрдүн позицияларын аныктайт (мен киммин, кандай максаттар бар, катышуучулар ким, алар жөнүндө эмне билем)

- өз позициясын жана коммуникациялык кырдаалдын катышуучуларынын позицияларын, алардын социалдык ролун жана ниеттерин сырттан берилген коммуникациялык максаттар менен салыштырат, алардын мүмкүн болуучу позицияларын ролдорун, сүйлөө амплуасын жана ниеттерин аныктайт

- коммуникациянын жагдайын жана анын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн өз алдынча баалайт жана божомолдойт

Коммуникациялык ишти пландаштыруу жана даярдоо

- стандарттуу планга ылайык өзүнүн жүрүм-турумун жана коммуникациялык милдеттерин аныктайт

- берилген максаттын негизинде сүйлөнүүчү сөздүн планын, максаттуу аудиторияны жана чыгып сүйлөө жанрын даярдайт

- стандарттуу кырдаалда өзүнүн коммуникациялык жүрүм-турумунун планын түзөт;

- коммуникациялык милдетке ылайык оозеки же жазуу жүзүндөгү тексттин (максат - аудитория) мазмунун түзөт жана түзүмүн аныктайт

- коммуникациялык жагдайдын өнүгүшүнө божомолго негизденүү менен маалыматты оозеки же жазуу жүзүндө баяндоо ыкмасын тандайт;

- коммуникациялык жагдайга негизденүү менен коммуникациялык милдетти (максат-роль-аудитория) өз алдынча жүзөгө ашырат;

Коммуникациялык милдеттерди жүзөгө ашыруу

- алдыга коюлган коммуникациялык милдетке жана берилген социалдык ролго ылайык берилүүчү маалыматтын мазмунун калыптандырат;

- берилген үлгү боюнча жөнөкөй түзүмдөгү аргументти түзөт;

- берилген үлгү боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө стандарттарга ылайык өз оюн тариздейт;

- оозеки жана жазуу жүзүндө башкаларга (башкалар) берилген маалыматтарды кабылдайт;

- мугалим берген коммуникациялык форматта өнөк (өнөктөр) менен өз ара аракеттенүүнү колдоого алат

- берилүүчү маалыматтын мазмунун түзөт жана алдыга коюлган коммуникациялык милдетке ылайык социалдык ролду тандайт;

- өз позициясын түшүндүрүү менен аргументтерди келтирет;

- коммуникациянын алдыга коюлган максатына жана адресатына ылайык белгилүү жанрдын жана түзүмдүн оозеки жана жазуу жүзүндөгү формасындагы (белгилүү формаларынын ичинен) стандарттарга ылайык өз оюн тариздейт;

- башкалар (башкаларга) берилген маалыматты кабылдайт, тандалган формада (оозеки же жазуу жүзүндө) маалыматтын мазмунун берет;

- коммуникациялардын бир нече форматтарын билет жана сапаттуу кайра чагылдырат

- социалдык ролду жана коммуникациялык милдетти (жагдайга жараша) өз алдынча аныктоо менен берилүүчү маалыматтын мазмунун түзөт

- талкуулоо үчүн сунуш кылынган позицияларга "жактап" жана "каршы" жүйөлөрдү тизмектейт, өз позициясына негиздеме берет;

- коммуникациялык жагдайга ылайык коммуникациянын максатын, дарегин жана жанрын өз алдынча аныктоо менен иштетилген маалыматты оозеки жана жазуу жүзүндө тариздейт;

- башкаларга (башкалар) берилген маалыматты оозеки же жазуу жүзүндө адекваттуу интерпретациялайт;

- коммуникациянын ар кандай форматтарына ээ болот, коммуникациялык жагдайга ылайык аларды өз алдынча тандай билет;

Коммуникациянын ийгиликтерине баа берүү (рефлексия)

- жүзөгө ашырылган коммуникациялардын күчтүү же чабал жактарын белгилейт;

- коммуникациянын айрым жактарына тиешелүү жеке тыянактарды калыптандырат;

- жүзөгө ашырылган коммуникацияларга эмоционалдык деңгээлде баа берет ("жакты" - "жаккан жок") мисалдарды келтирет

- коммуникациялардын натыйжаларын талдайт жана катышуучулардын позицияларынын күчтүү же чабал жактарын белгилейт;

- коммуникациялар боюнча жалпы тыянак чыгарат, аларды жарым-жартылай максаттар менен салыштырат;

- коммуникациялардын айрым аспекттерине баа берет жана негиздейт

- катышуучулардын позицияларынын күчтүү жана чабал жактарын жана аларга өзүнүн катышуусун белгилөө менен коммуникациянын натыйжаларын талдайт;

- жалпысынан жүзөгө ашырылган ишмердик боюнча жүйөлүү тыянак чыгарат жана аларды коммуникациянын максаттары менен салыштырат;

- жүзөгө ашырылган коммуникациянын маанисинин даражасына, натыйжалуулугуна өзү үчүн баа берет:

- эмнени билдим

- эмнени түшүндүм

- эмнени үйрөндүм

23. "Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү" компетенттүүлүгү

Компетенттүүлүк аспекттери

I деңгээл

II деңгээл

III деңгээл

Көйгөйдү аныктоо

- мугалим берген параметрлерге ылайык сунуш кылынган кырдаалга талдоо жасайт;

- маалыматта же кырдаалда карама-каршылыктарды табат (белгилейт);

- алар эмне менен айырмалана тургандыгын көрсөтүү менен реалдуу жана каалагандай кырдаалды сыпаттайт

- каалаган кырдаалды негиздейт, чыныгы кырдаалды талдайт жана каалаган жана чыныгы кырдаалдын ортосундагы карама-каршылыктарды аныктайт;

- көйгөйдүн пайда болуусунун мүмкүн болуучу айрым себептерин көрсөтөт;

- мугалим берген логикалык схемалардын негизинде чыныгы жана каалаган кырдаалга талдоо жасайт;

- кырдаалга өз алдынча талдоо жасоонун негизинде маселени аныктайт жана баяндайт;

- маселеге талдоо жасайт (анын себептерин жана анын жашап турушунун кесепеттерин көрсөтөт);

- маселени чечүүнүн мүмкүн болуучу жолдорун баяндайт жана негиздейт

Максаттарды коюу жана пландаштыруу

- берилген максаттын шартында милдеттерди коет;

- алдыга коюлган милдеттерди чечүү үчүн сунуш кылынган ишмердиктин түрлөрүн тандайт;

- милдеттерди чечүү боюнча кадамдардын ырааттуулугун түзөт

- берилген маселеге адекваттуу максат коет;

- милдеттерди, адекваттуу максаттарды коет;

- ага баа берүүнүн берилген критерийлеринин негизинде (мүнөздөмөлөрдү сыпаттоо менен) өз ишинин продуктусу өз алдынча пландаштырат

- маселени чечүүнүн альтернативдүү ыкмаларын талдоонун негизинде алдыга максат коет;

- максатка жетишүүдө келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер жана тоскоолдуктарды көрсөтөт жана алдыга коюлган максаттарга жетишүүнү негиздейт

Технологияларды колдонуу

- оозеки жана жазуу жүзүндөгү нускамалар боюнча технологияларды туура көрсөтөт (аракеттердин ырааттуулугу)

- мурда белгилүүлөрдүн


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!