СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кылым кыйырындагы кыргыз калпагы же түнөгүнөн узап бараткандар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кылым кыйырындагы кыргыз калпагы же түнөгүнөн узап бараткандар»

Начало формы

Конец формы

Кылым кыйырындагы кыргыз калпагы же түнөгүнөн узап бараткандар Сабактын максаты: Окуучуларга ак калпактын негизги касиетин жана пайда болу тарыхын айтып берем жана калпактын улуттук баш кийим экендигин т\ш\нд\ръм. Сабактын ж\р\ш\: Окуучулар менен саламдашып Мугалим :

Кыргызда «ак» деген сөз көп маанини камтып, ак дилден чыккан жакшы

жөрөлгөлөргө багышталган, жакшылыктын жышааны катары айтылат. «Башың агарсын», «Башыңдан ак калпагың түшпөсүн» деген сөздүн тереңинде элибиздин узак кылымдардан берки турмуштук тажрыйбасынан топтолгон көөнө акыл-ой топтомдору жатып, жүрөктүн түпкүрүнө түнөтүп, көңүлгө түйөр насаат бар. Ак сөз, ак бата, ак ниет, ак Алатоо, ак (айран, сүт, кымыз), ак бешик, ак өргөө – булардын баары бийик мазмунду камтыган, элибиздин аруу тилек, тунук акылынан жаралган баалуулуктар болуп саналат. Мына ошол баа жеткис асыл маданиятыбыздын башатында турган калпакты кадыресе кийимдей кабыл алганыбыз менен, анын көп сырлары бар экенин баарыбыз эле биле бербесек керек..

Калпак – кыргыз элинин улуттук менталитетин чагылдырып турган символдуу баш кийим. Жүрөгү кыргыз деп соккон ар бир кыргыз атуулу үчүн калпак жөн гана баш кийим болбостон, элибиздин өткөн тарыхын тулку боюна сиңирген өзүнчө асыл мурас. Элибизде баш кийимди улуу көрүшөт. Бирөөгө тартууга бербейт, ыплас жерге койбойт. Адам акыл-эси менен улуу болсо, баш кийим анын коштоочусу болуп эсептелинет. Калпактын ар бир саймасы өзүнчө сырды билдирип, адамзат жашоосун коштоп жүргөн карама-каршылыкты (ак, кара) таңууласа, ошол эле мезгилде адам менен табияттын ажырагыс гармонияда экендигин билдирет. Ошондой эле, анын пирамида сымал формасы адамдын ден соолугунун жакшырышына өбөлгө болуп, ысыкта ысыкты өткөрбөй, суукта жылуулукту сактап турушу чоң мааниге ээ. Чокусу көк тиреген Ала-Тоого түспөлдөш болуп, элибиздин бийик ой-санаасын, өткөн турмушунун изин күзгү сыяктуу таасын чагылдырып турат. Дүйнө элдеринин ичинен калпакты бир гана кыргыз эли кийишет. Бир аз формасы өзгөртүлгөн башка түрүн боордош элдерден кезиктирүүгө болот. Бирок, ички жана сырткы мазмуну шайкеш келген баш кийими менен кыргыздар өзгөчөлөнүп турат. Кыргыз эли көчмөн турмушта бозүйдө жашагандыгынан улам, ара төрөлгөн баланы калпакка салып, аны керегенин башына илип, күн сайын жылдырып турушкан. Ошондой эле, калпак көз тийүүдөн сактайт деген жана жыт магиясы боюнча ооруган адам өз калпагын жыттаса, оорусунан айыгып кетүүсү тууралуу элдик ишеним кеңири тараган. Учурда калпактын өнүктүрүлгөн, өзгөчө, аялдар үчүн жаңы формалары модельерлер тарабынан тигиле баштады. Албетте, бул – жагымдуу көрүнүш. Калпакты эки адамдын же болбосо эки улуттун ортосундагы ынтымакты бекемдеп турган данакер катары элибиз белекке тартуулашат. Көп улут жашаган өлкөбүздө элибиздин энчисине бүткөн калпакка карата мамиле бир аз өзгөргөндөй туюлат. Көчөдө болсун, башка жерде болсун, айтор, калпак кийген кыргыз мырзасын чанда кезиктиресиң. Кылымдар кыйырынан, жылдар санагынан өтүп келген улуу муундардын калтырган ыйык тумарын аздектөө – ар бир кыргыз жаранынын вазийпасы


/йгъ тапшырма : Калпактын с\рът\н тартуу


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!