СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кургак учук жөнүндө маалымат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кургак учук жөнүндө маалымат»

КУРГАК УЧУК ДЕГЕН ЭМНЕ? АЛ КАНТИП ЖУГАТ?
Кургак учук – кургак учук микобактерияларын чакыруучу инфекциялык оору. Кургак учуктун микобактериясы (палочкалар) 1882-жылы германиялык Роберт Кох тарабынан ооруган адамдын какырыгынан аныкталган. Ал ушунчалык жандалбастаган, жашоого ыңгайлашкан инфекция болгондуктан оңойлук менен өлө койбойт. Ооруган адам жерге какырып салгандан кийин дагы инфекция өлбөй 10 ай жашайт. Какырык кургап абага көтөрүлүп чыгып, башка адамдарга жугуп калышы мүмкүн. Бул микобактерия сууда 150 күн жашап, сүттө жана майда 10 ай, сырда 19 ай, тоңдурулган этте 1 жылга чейин жашайт. Микобактерия түз тийген ультра нурунан, ачуу тийген күн нурунан жана кайнаткандан гана өлөт. Инфекциянын булагы – оорулуу адам. Кургак учук адамдан адамга гана жугат. Ал оору менен мал оорубайт. Кургак учук аба аркылуу жөтөлгөндөн, чүчкүргөндөн, катуу сүйлөгөндөн жугуп калышы мүмкүн. Кургак учуктун ачык түрү менен ооруп, дарыланбай жүргөн адам бир жылда 10-15 адамга ооруну жуктурушу мүмкүн. Кургак учук адамдын бардык органдарын, өзгөчө өпкөнү 80%, сөөктү жана муундарды – 16% жабыркатат. Ооруну жуктуруп алган адам 2 жумадан ашык тынбай жөтөлө берсе, көкүрөгү ооруса, демиксе, кан түкүрүп калса, арыктай баштаса, тез чарчаса, түнкүсүн тердей баштаса, тамактануусу начарласа анда бул кургак учуктун белгилери. Кургак учук оорусунун коркунучун социалдык көрсөткүчтөр да аныктайт. Мисалы, шарты жок, жаман жашагандар, тое тамак жебегендер, доктурларга кайрылууга мүмкүнчүлүгү чектелгендер, мигранттар, жумушсуздар, түрмөгө кесилгендер көп оорушат.




Кохтун таякчалары
Негизинен бул оору өпкөсүндө кургак учук оорусу бар, ал карыганда бактерияларды бөлүп чыгарган кишиден жугат. Бактериялар демекчи, бул көзгө көрүнбөгөн абдан кичинекей туберкулёз таякчалары, мисалы аларды лабораторияда микроскоп алдында 1000-1200 эсе чоңойтуп караганда гана көрүнөт. Бул микробду 1882-жылы 24-мартта немец окумуштуусу Роберт Кох ачкан. Ошондуктан бул бактерияларды көпчүлүк жерде Кохтун таякчалары деп келишет. Ушул таякчалардын ачылуусунун негизинде 100 жылдан кийин бүткүл дүйнөлүк ден-соолукту сактоо закону бул күндү кургак учук менен күрөшүү күнү деп белгилеген.
Кургак учук таякчалары 3 айга чейин кургакчылыкта -26 градус С ге чейин муздаткычта, спиртке да өлбөй туруштук беришет. Түз тийген күндүн нурунда жарым саатка чейин жашашат. Бул микробдун мындай өзгөчөлүктөрү кургак учук оорусунун канчалык коркунучтуу экенин, аны менен күрөшүү канчалык кыйынчылыкты туудурганын ачык-айкын далилдейт.







ООРУНУ АЙЫКТЫРУУ
Мурда кургак учук менен ооруган адамды дарылаган медиктер дары-дармекти берип гана чектелишкен. Оорулуулар болсо айрым учурда ичип, айрым учурда ичпей ыргытып жиберишчү экен. Азыр врач оорулуунун маңдайында туруп, дарыны тилинен ары жутканын сөзсүз текшерет. Мындай катуу талап акыркы жылдарда аргасыздан киргизилген. Анткени, жылдап дарыланган адамдан натыйжа чыкпай, ал тургай башка бирөөгө жугузууга мүмкүнчүлүгү болуп калбасын деген негизди да карашууда. Эгер оорулуу адам өзүнүн оорусу бар экенин билип туруп дарыланбай, сактанбай, башка бирөөлөргө жуктурган болсо ал сөзсүз административдик жана кылмыш жоопкерчиликтерине тартылат. Ушул тапта Кыргызстандын мыйзамдык актыларына ылайык кургак учук менен ооруган адам толук бекер дарыланат. Дары-дармектер эл аралык уюмдар аркылуу алынып келинүүдө. 2011-2012-жылдар үчүн кургак учук боюнча каржылоо грантынын жалпы суммасы 7,1 млн. долларды түзөт. Адам оорудан айыгыш үчүн күчтүү дарылар менен кошо күчтүү жана витаминдүү тамактарды жеши керек. Ооруга кымыз да жакшы жардам берээри аныкталган.






ДҮЙНӨНҮ КАПТАГАН КУРГАК УЧУК
Дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 8,9 млн. адам ооруйт. Анын 80%ы 15 жаштан 50 жашка чейинки адамдар. Жылына кургак учуктан 2 миллиондой адам кайтыш болуп турат (күнүгө 4400, саатына 8 оорулуу). Анын 720 миңдейи аялдар. Кыргызстанда жыл сайын кургак учук менен ооруган 5,5-6 миң адам каттоодо турат. Ал эми каттоодо жоктору канча? 1882-жылы табылган бул оору арадан 100 жыл өткөндөн кийин кандай абалга келди? – деген суроонун үстүндө 1982-жылы окумуштуу врачтар тегерек столдо отуруп акылдашкан. Ошондо бул социалдык оору экени, ар тараптуу жардам болмоюнча муну бир гана врачтар жеңе албасы аныкталып, 24-мартты кургак учукка каршы күрөшүү күнү деп жарыялашкан. Анткени, 100 жылда бул оору дүйнөнү кудай ургандай каптап кеткени аныкталган. Кыргызстанда адистер башка өлкөлөргө салыштырмалуу кургак учук менен ооругандар өзүнүн нормасынан ашык деп айтышат. Алсак, 100 миң кишиге айрым өлкөлөрдө 40-50дөн киши туура келсе, бизде дайыма 100 миң кишиге 100 киши туура келүүдө.









Кимден жана эмнеден жугат?
Кургак учук 90 га чейин аба аркылуу жугат. Ошондуктан чаңдан, турмуш эмеректеринен жана тамак-аш аркылуу жугушу мүмкүн.
Эгерде өпкө кургак учугунун өтүшүп кеткен оор, аябай тараган түрү менен ооруса энеден курсактагы балага жугушу мүмкүн, бирок, көпчүлүк учурда ымыркай төрөлгөндөн кийин энесинен жуктурат.


Кургак учуктун белгилери:
Үч жумадан ашуун жөтөл;
Жалпы алсыздык жана тез чарчоо;
Табиттин (аппетит) жана салмактын төмөндөшү;
Чыйрыгуу;
Түнкүсүн тердөө;
Көкүрөктүн оорушу;
Бул белгилердин бирөөсүн байкасаңыз, токтоосуз өзүңүздүн үй-бүлөлүк дарыгериңизге медициналык жардамга кайрылыңыз! Дарыгер өпкөдө кургак учуктун болушуна күмөн санаса, анда оорулуудан какырык анализин алат.








Сиздин организмдин коргоо күчтөрү сизди кургак учуктан сактай алат.
Ал үчүн сиз:
Таза, күчтүү тамак-аш жеңиз;
Таза абада көбүрөөк болуңуз;
Гимнастика менен машыгыңыз;
Тамеки, алкоголдук ичимдиктер жана баңги заттардан алыс болуңуз.




















Түзгөн:МАМАТКАЛИЛОВА ШАРИПА ЭРГЕШОВНА


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!