СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Кубдун жана тик параллелепипеддин көлөмү" боюнча сабактын иштелмеси, 9-класс

Категория: Геометрия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Кубдун жана тик параллелепипеддин көлөмү" боюнча сабактын иштелмеси, 9-класс»

Назгүл Каныбекова Геометрия

Ош мамлекеттик университетинин 11-класс

“Билим” лицейинин математика мугалими


САБАКТЫН ТЕМАСЫ: КӨЛӨМ ТҮШҮНҮГҮ. ПАРАЛЛЕЛЕПИПЕДДИН, ЦИЛИНДРДИН, КОНУСТУН КӨЛӨМДӨРҮ


САБАКТЫН МАКСАТЫ:

Сабактын максаты:

Көрсөткүчтөрү:

Когнитивдик:

Окуучулар көлөм, көлөмдү өлчөөнүн бирдиктерин түшүнүшөт жана параллелепипеддин, цилиндрдин, конустун көлөмдөрүн эсептей алышат.

-Параллелепипеддин, цилиндрдин жана конустун көлөмдөрүн эсептеп таба алса;

-Бул фигуралардын көлөмдөрүнүн ортосундагы жалпы байланышты жана айырмачылыкты ажырата алса;

Жүрүм-турумдук:

Окуучулар практикалык ишмердүлүгүндө зарыл болгон математикалык билимдерге жана көндүмдөргө (тактыкка, ырааттуулукка) ээ болушат.

-Айлана-чөйрөдөн мейкиндик фигураларды тааныса жана чиймесин чийе алса;

-Көйгөйдүн берилишине жараша чыгаруу жолдорун сунуштаса;

Баалуулук:

Өз алдынчалуулук, сынчылдык, математикалык каражаттар менен реалдуу турмуштагы процесстерди салыштырып, анализдей алышат.

-Топ менен иштей алса;

-Өз позициясын коргой алса же өз катасын моюнуна ала билсе;

Cабактын тиби:

Жаны материалды өздөштүрүү

Сабактын формасы:

Сабак-эксперимент

Предмет аралык байланыш:

Физика, экономика, алгебра

Сабактын жабдылышы:

Проектор,  компьютер, экран, таблица, параллелепипеддин, цилиндрдин, конустун макеттери, медициналык ийне, суу, 2 даана ажаткана кагазы

Сабактын ыкмасы:

Көйгөйгө багытталган окутуу (КБО)


Күтүлүүчү натыйжалар

Негизги компотенттүүлүк-төр

Предметтик компотенттүүлүк-төр

11.3.1.11. Маселелерди чыгарууда геометриялык чоңдуктардын маанисин эсептей алат.


Маалыматтык НК1

Эсептөөчүлүк ПК1

11.3.2.11 Геометриялык жоболорду ырааттуу логикалык ой-жүгүртүүлөрдү жүргүзүү менен далилдейт жана аларды маселелерди чыгарууда колдонот. Өз оюн башкаларга далилдей алат


Социалдык-коммуникативдик


НК2

Аналитика-функционалдык


ПК2

11.1.1.2 Практикалык ишмердүүлүк жана турмуш менен байланышкан маселелерди чыгара алат.



Өз ишин уюштуруу жана өз көйгөйүн өзү чече билүү

НК3

Көрсөтмөлүү-образдык

ПК3



Сабактын жүрүшү:

Сабактын этабы

Убакты

сы

Мугалимдин

ишмердүүлүгү

Окуучулардын иш-мердүүлүгү

1

Шыктандыруу

2-3 минут

“Бул менин бүгүнкү маанайым, силерге да сабакта ушундай маанай каалайм” – деп жылмайып турган быйтыкча көрсөтөт.

Көзүбүздү жумабыз, тегерек баш чийебиз, эки көзүн, кашын, мурдун, оозун, кулагын тартабыз. Эми көзүбүздү ачабыз.

Окуучулар берилген кагазга көздөрүн жумуп туруп жылмайып турган быйтыкчаны, көзүн, оозун, кулагын тартышат. Аны жанындагы окуучуга көрсөтүшөт

2

Топторго бөлүнүү

(Психологиялык-логикалык кызыкчылыгына карай)


3 минут

4 ыктыярчыны доскага чыгарып, багыттоочу суроолор менен топторго бөлөт. Суроолор:

1) Силер падыша болсонор кимди вазир кылып шайламаксыңар?

2) Вазир казынаны кимге тапшырат?

3) Казыначы ачкычты кимге ишенип бермек?

4) Кимге сыр айтса болот?

5) Акыркы тамагынды ким менен бөлүшмөксүң?


4 ыктыярчы доскага чыгып, өзүнө бирден вазир тандашат. Вазирлер казынаны кимге тапшырууну чечишет. Казыначылар ачкычты кимге ишенип тапшырса болорун айтышат. Сакчылар кимге сыр айтса болорун көрсөтүшөт. Сырга бекем инсандар акыркы тамагын ким менен бөлүшүм жей турганын ачыкташат.

Топтор:Параллелепипед, конус, цилиндр жана көлөм тобу

3

Үй тапшырмасын текшерүү

(Мыкты конструктор оюну)

4-мин

Мурунку сабакта айлануу телолоруна макет жасап келүүгө берилген тапшырмаларын бир катар карап чыгат.

Топтордун ишмердүүлүгүнө байкоо салат.

Окуучулар үйдөн макет жасап келүүгө болгон жекече тапшырмаларын бириктирип, топ менен бир комбинация жасашат.

4

Окуучулардын билимин актуалдашты--руу

7-8 минут

Мугалим окуучулардын көӊүл буруусун топтоштуруу, жаӊы сабактын темасын жана максатын аныктоо үчүн кыскача талкуу уюштурат. Баалоо критерийлерин жарыялайт.

1-тапшырма: Мугалим: Бир жолу мен магазинге ажаткана кагазын алууга барсам мага сатуучу төмөнкүдөй эки вариантты сунуш кылды. Баалары бири 12 сом, экинчиси 15 сом. Эгерде алар бирдей эле материалдан жасалган,бирдей эле тыгыздыкта оролгон, бирок биринчи 12 сомдук кагаздын бийиктиги 15см, диаметри 12 см, ал эми экинчи 15 сомдук кагаздын бийиктиги 12 см, диаметри 15 см болсо мен кайсы кагазды сатып алуу менен бир жылга канча сом үнөмдөй алам?

Эскертүү: Үй бүлө мүчөлөрүнүн саны 5 тен ашпаган бүлө үчүн айына орто эсеп менен көлөмү 1200см3 болгон кагаз керектелет.


Окуучулар

көнүл буруп, жаңы теманы, сабактын максатын аныкташат.

Мугалим таштаган көйгөйдүн үстүндө топтордо талкуу жүргүзүшөт. Кайсы кагазды сатып алуу үнөмдүү экендигин топ менен кеңешип, тандашат. Балким айрым топтор экөөндө эч кандай айырма жок деген чечимге да келиши мүмкүн.



5

Жаңы теманы түшүндүрүү

15-20-минут

Фигуралардын көлөмдөрү кандай табыла тургандыгын айтып берет.

Vпараллелепипед=abc

Vцилиндр= r2h

Vконус= r2h





2-тапшырма:

Бизнесмен Алтынбашов балдар үчүн натуралдык шире чыгарууну ойлоду. Рынокко жаңылык киргизүү үчүн ал ширенин идиштерин тик параллелепипед, цилиндр жана конус формасында жасоону чечти. Эгерде алардын жоондугу, бийиктиги жана баасы бирдей болсо, сатып алуучу Кардарова кайсы формадагы ширени сатып алса көбүрөөк суусундук иче алат?


Формула боюнча жогорудагы 1-тапшырманы эсептеп чыгып, өз позицияларын жакташат. Ошону менен бирге кымбат кагазды сатып алуу тескерисинче үнөмдүү экендигине ынанышат.



Окуучулар берилген фигураларга сууну милилитрлерге бөлүнгөн медициналык ийнелер менен ченеп куюп көрүп, формула аркылуу эсептеген жыйынтыктарын салыштырышат. Берилген таблицаны толтурушат.

Сатып алуучу Кардарова цилиндр формасындагы идишке куюлган ширени сатып алса көбүрөөк суусундук иче ала турганына ынанышат.

6

Рефлексия

2-3 минут

Окуучуларга

Мен үчүн ____________жаңы болду.

Мен үчүн __________түшүнүүгө кыйын болду

Мен үчүн _________кызыктуу болду.

деген суйлөмдөр жазылган карточкаларды таркатат.


5

Сабактын жыйынтыгын чыгаруу. Баалоо

2 мин

Сабактын башында балдарга тааныштырылган критерийлердин негизинде топторду баалайт. Ар бир тапшырма боюнча топтордун топтолгон алтын тыйындарын эсептеп, баа коет.

30-40 балл “5”

20-29 балл “4”

5-19 балл “3”

0-4 балл “2”

Ар бир тапшырманы аткаруу учурунда топтогон алтын тыйындарынын суммасын чыгарышат.

6

Үй тапшырмасы

1 мин

Тайпалык тапшырма: Бассейн куруу

1-тайпа Бассейндин чиймесин чийүү

2-тайпа Бассейндин макетин жасоо

3-тайпа Бассейнге канча куб метр суу батарын эсептеп, ынгайлуу жолун сунуштоо

4-тайпа Бассейн курууга кете турган чыгымдардын болжолдуу суммасын түзүү


Тапшырманы толук түшүнүшөт жана топ менен кеңешип көйгөйдү кандай чечүүнү ойлонушат.



2



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!