Просмотр содержимого документа
«Конус. Кесилген конус»
Тема: Конус. Кесилген конус
Сабактын максаты:
- Конус жана кесилген конус жөнүндө түшүнүктү жана алардын беттеринин аянттарын табуунун формулаларын билишет.
- Формулаларды пайдаланып конустардын беттеринин аянттарын таба алышат.
Баалоо үчүн критерийлер
- Конус жана кесилген конус жөнүндө түшүнүктү билсе;
- Конустардын беттеринин аянттарын табуунун
формулаларын билсе;
- Конустардын беттеринин аянттарын таба алса;
- Маселе иштей алса.
- Сабакка активдүү катышса;
- Маселе иштөөдө формулаларды колдоно алса.
Кайталоо үчүн жана жаңы темага өбөлгө түзүүчү суроолор:
- Цилиндр деп эмнени айтабыз?
- Цилиндрдин радиусу жана огу кайсылар?
- Цилиндрдин бетинин аянты эмнеге барабар?
- Цилиндрдин каптал бетинин аянты эмнеге барабар?
- Цилиндрдин толук бетинин аянтынын формуласын жазгыла?
- Цилиндрдин негизинин аянты эмнеге барабар?
Тик бурчтуу үч бурчтукту анын катеттеринин айланасында айландыруудан пайда болгон тело конус деп аталат.
С – чокусу,
АВ=R –радиусу,
ВС – конустун огу,
АС – конустун түзүүчүсү.
Конустун диаметри 2АВ га барабар болот.
Конустун октук кесилиши тең капталдуу үч бурчтук болот.
Тик бурчтуу трапецияны анын кичине каптал жагынын айланасында айландыруудан пайда болгон тело кесилген конус деп аталат.
О 1 О 2 – кесилген конустун бийиктиги;
А 1 О 1 , А 2 О 2 – конустун радиусу;
EN – конустун түзүүчүсү.
Кесилген конустун октук
кесилишинде тең капталдуу
трапеция пайда болору
түшүнүктүү.
Конустун бетинин аянты
Конустун каптал бетинин аянты
Кесилген конустун аянты
1-маселе . Конустун радиусу 0,6дм, бийиктиги 0,8дм. Конустун түзүүчүсүн жана октук кесилишинин аянтын тапкыла.
Берилди: Чыгаруу:
АО=0,6дм
SО=0,8дм
__________
SA=?
S SAB =?
Жообу:
2-маселе. Кесилген конустун негиздерини радиустары 8 см жана 5 см, бийктиги 4 см. Анын: 1) түзүүчүсүн; 2) октук кесилишинин аянтын; 3) октук кесилишинин диагоналын тапкыла.
.
.
Берилди:
Чыгаруу:
Жообу: 1) 5 см; 2) 26
3)13,6см.
Бышыктоо
1-топ. 3-маселе . Конустун октук кесилишинин аянты 54м 2 , бийиктиг 9м. Конустун түзүүчүсүн жана радиусун тапкыла.
2-топ. 4-маселе . Конустун октук кесилишинин аянты 72 см 2 , түзүүчүсү см. Анын радиусун жана бийиктигин аныктагыла.
3-топ. 5-маселе: Конустун бийктиги 6 дм, түзүүчүсү 10 дм. Толук бетинин аянтын эсептегиле.
Үй тапшырма
6-маселе . Конустун бийиктиги 8м, диаметри 12м. Конустун каптал бетинин аянтын жана толук бетинин аянтын тапкыла.