Просмотр содержимого документа
«Көмүртек. касиеттери»
Көмүртек, касиеттери,алынышы жана колдонулушу
Химия 9-класс
Химия мугалими: Кимсанова Максуда
Көмүртек жөнүндө жалпы маалымат
- Көмүртек – (С) – Carbonium–(карбониум), латынча аталышынын биринчи тамгасы менен «Цэ» деп окулат.
- Көмүртек байыртадан бери белгилүү болгон, химиялык элемент катары 1775–жылы таанылган. (Лавуазье, Франция).
- Жер кыртышында таралышы боюнда 13 – орунда турат, эркин түрдө жана бирикмелердин курамында кездешет.
Көмүртектин таралышы
- Көмүртектин органикалык эмес бирикмелери – бор, акиташ, мрамор – (CaCO3), доломит – (CaCO3 • MgCO3), сидерит – (FeCO3) өзгөчө көп таралган. Ал эми атмосферада көмүртек көмүр кычкыл газынын курамында болот CO2 (0,03%). Көмүртектин бирикмелери кеңири таралган, аларга нефтини, жаратылыш газын, таш көмүрдү ж.б. заттарды киргизүүгө болот. Жер шарында көмүртектин бирикмелеринин саны 5–15 миллионго чейин болоору да белгилүү.
Көмүртек – IVА группанын элементи, 2,4 валенттүүлүккө ээ жана – 4 төн +2, +4 чейинки окистенүү даражаларын көрсөтөт .
Көмүртектин аллотропиялык түр өзгөрүүлөрү
- Көмүртек эркин абалында 5 аллотропиялык түр өзгөрүүлөрдү пайда кылат, алардын ичинен белгилүүсү алмаз жана графит .
- Жакында үчүнчү түр өзгөрүшү фуллерен ачылды. Көмүртектин аллотропиялык формалары бири–биринен кристаллдык торчолордун түзүлүшү менен айрымаланышат.
- Алмаз электр тогун өткөрбөйт, анын кристаллдары жарыкты күчтүү чагылдыруучу касиетке ээ.
- Графит – металлдык жалтырактыкка ээ, катмарларга бөлүнүп туран боз зат. Катмарларын өзүнчө бөлүп алууга болот. Графит электр тогун өткөрөт.
- Фуллерен – С 60 , С 70 деген курамдагы сфера формасындагы зат, жасалма жол менен алынган, кийинчерээк күлдүн курамынан табылган.
Кадимки шарттарда көмүртектин бардык аллотропиялык түрлөрү химиялык жактан инерттүү болот, бирок жогорку температурада бул заттар активдүү болуп калат. Ысытканда көмүртек жөнөкөй жана татаал заттар менен реакцияга кирет.
Графит
Алмаз
Фуллерен
Химиялык касиеттери
Көмүртек металлдар менен аракеттенишкенде карбиддерди – Al 4 C 3 (алюминий карбиди), Mg 2 C (магний карбиди), кычкылтек менен эки оксидди CO (көмүртек (II) оксиди), CO 2 (көмүртек (IV) оксиди), күкүрт жана галогендер менен да реакциялашып CS 2 (күкүрттүү көмүртекти) жана CCl 4 (тетрахлорметанды) пайда кылат. Көмүртек металлдардын оксиди менен реакцияга киргенде кычкылтекти өзүнө кошуп алып, металлдарды калыбына келтирет. Ал күчтүү калыбына келтиргич болуп саналат. C + CuO Cu + CO, 2C + PbO 2 Pb + 2CO От болуп кызарган көмүр аркылуу суу буусун өткөргөндө суу газы – ис газы жана суутектин аралашмасы алынат:
C + H 2 O (буу) CO + H 2 (суу газы).
Бардык органикалык заттардын курамында көмүртек болгондуктан, алар абада күйгөндө, көмүр кычкыл газы, суу жана жылуулук бөлүнүп чыгат.
Жер шарындагы эң чоң байлык – бул көмүр отундары болуп саналат. Алар төмөнкүлөр: катуу отундар – көмүр, чым көң, сланец, жыгач отуну, кокс; суюк отундар – нефть, нефть продуктылары; газ абалындагы отундар – жаратылыш жана жолбун газдар.
Көмүртектин алынышы
- Жогорку температурада (1000°C ден жогору) абасыз учурда метандын ажырашынан 2 учуру.
- Жай ажыроодон
- Тез ысытуудан ацетилен алынат :
Көмүртектин колдонулушу
бут кийим креми
адсорбент
типография
болот
ювелирдик буюмдар
медицина
айыл чарбасы
резина
отун