Программа – маселени чечүүчү аракеттердин ырааттуулугунун компьютерге «түшүнүктүү» формалдуу тилдеги сыпаттамасы. Компьютерде аткарууга арналган бардык программалардын жыйындысын компьютердин программалык камсыздоосу деп атайбыз. Компьютер аппараттык жабдылыш жана программалык камсыздоо(ПК) болукторунон турат. Компьютердик программалардын бардык коп тилдилүүлүгү үч топко: системалык ПК, колдонмо ПК, программалоо системалары деп болүнот. Операциялык система (ОС) – бул компьютердин бардык Тџзџлџштөрнџн биргелешип аракеттенишин камсыз кылуучу жана колдонуучуга компьютердин ресурстарына жеткенге мүмкүндүк берүүчү программалар комплекси. Аппараттык интерфейс – компьютердин түзүлүштөрү арасындагы өз ара байланышты камсыз кылуучу каражаттар. Колдонуучулук интерфейс – адам менен компьютердин өз ара аракеттенишүүсүн камсыз кылуучу каражаттар. Азыркы мезгилдеги кеңири тараган персонал компьютерлер үчүн Windows, MacOS жана Linux (5-сүрөт) операциялык системалары болуп эсептелишет. Операциялык системаны компьютерге коюу учурундагы алгачкы ишке чегилген диск (оптикалык же катуу диск) системалык диск деп аталат. Сервисттик программалар деп компьютердин проблемаларын чечүүнү тейлөөчү программаларды (дисктерди текшерүү, кокусунан өчүрүлгөн файлдарды калыбына келтирүү, дискти тазалоо ж. б.), архиватор-программаларды, компьютердик вирустарга каршы күрөшүүчү программаларды д. у. с.айтабыз. |