Робототехникага киришүү Биз азыр көптөгөн үйдөгү жана жумуштагы майда-барат иштерди интеллектуалдуу жардамчылардын мойнуна илип койсо боло тургандай заманда жашап жатабыз. Мындай учурларда бизге жардамга роботтор келет. Робот - бул программалануучу жана адамдын жардамысыз эле сырткы чөйрө менен аракеттешип, андан ары биз киргизген маселелерди аткаруучу механикалык түзүлүш. Робототехника - программалануучу механикалык түзүлүштөрдү - роботторду долбоорлоо, иштеп чыгуу жана пайдалануу менен байланышкан иштердин чөйрөсү. Бүгүнкү күндө роботтор көп милдеттерди аткарышат жана көптөгөн колдонулуштарга ээ. Роботтордун колдонулушу төмөнкүдөй аймактарга бөлүнөт: • өндүрүштүкроботтор - аларды колдонуукөптөгөн өндүрүштүкпроцесстер- дин (жыйноо, чогултуу, боёо жана таңгактоо) тактыгын жогорулатууга жана ылдамдатууга мүмкүндүк берди. Роботтун мындай түрлөрү техникалык көрүү системалары менен камсыз болгон жана билдиргичтерден (датчиктерден) келген татаал жооптун негизинде чечим чыгара алышат. Алар татаал, коркунучтуу тапшырмаларды аткаруу үчүн колдонулушу мүмкүн, андан тышкары адам аткара албаган тапшырмаларда (бомбаны зыянсыздандырууда, ядролук реакторлорду тейлөөдө, океандын тереңдиктерин жана космосту изилдөөдө) колдонулат; • изилдөөчү роботтор - опурталдуу жана татаал чөйрөлөрдө (космос мейкиндигин жана күн системасынын планеталарын изилдөөдө ж.б) тапшырмаларды аткаруу үчүн колдонулат; • билим берүүчү роботтор - окуу маселелерин аткаруу жана долбоорлоо үчүн колдонулат. Заманбап роботтордун негизги компоненттери: • механикалык түзүүчүсү (тулкусу/алкагы) - бул түздөн-түз роботтун конструкциясы, ал ар кандай формада жана өлчөмдө болушу мүмкүн. Роботтор адам түспөлдүү болушу да мүмкүн, ошол эле учурда адамга таптакыр окшошпошу да мүмкүн, анткени роботтун долбоорунда сырткы келбетке эң аз, ал эми анын түрдүү милдеттерди аткарышына көп көңүл бурулат. • Программалык түзүүчүсү (башкаруу системасы) - роботтун бардык элементтерин башкарат. Мисалы, роботтун билдиргичтери сырткы чөйрө менен аракеттенишкенде борбордук процессорго сигналды жөнөтүшөт, ал болсо программалык камсыздоонун жардамы менен берилиштерди иштетет да логиканын негизинде чечим кабыл алат. Ушундай эле көрүнүш колдонуучу тарабынан командаларды киргизүүдө да аткарылат. | Окуучулар тема боюнча билгендерин эркин айтып беришет. Мугалим теманы түшүндүрүп жатканда кунт коюп угушат. Теманын үстүнѳн талкууга активдүү катышышат. Түшүнбѳгѳн жерин мугалимден сурашат. Мугалимге суроо берүүнү үйрѳнүшѳт. |