Кол эмгегинде коопсуз иштөө эрежелери.
Кайчыны столдун үстүнө өзүңдүн оң жагыңа кой.Алардын мизи жабылып ,ары карап турушу керек;
Кайчыны бергенде жабылган миз жагынан кармоо, б. А.шакекчелери алды жагында болушу керек;
Кайчыны столдон бийик көтөрбөгүлө жана аны менен шилтебе;
Кайчынын курч жагын өйдө көтөрүп кармаба;
Кайчыны белгилүү жерде сакта;
Жумушчу үстөлдө кайчыны ачык калтырба;
Ийне – курч курал ,ийнени кодонууда кылдат болуу керек;
Ийнени белгилүү жерде сакта;
Ийне жоготууга жол бербеш керек;
Ийнени оозго албаш керек ,аны ичкийимге, көйнөкө ж.б. сайбаш керек;
Сынган ийнени мугалимге тапшыр;
Тигип жатканда оймок кий;
Иш башталганда төөнөгүчтөрдүн дат баскандардын жана жарабагандарынташтандыга санап салып кой;
Иш учурунда төөнөгүчтөр атайын кутучада же ийне сактагычта сакталышы керек;
Төөнөгүчтү оозго албаш керек, кийимге сайбашкерек;
Иш бүткөндө төөнөгүчтөрдү санап,түгөлдөш керек.