СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Класстык саат Шабдан баатыр

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Класстык саат Шабдан баатыр»

Тарбия иштери б-ча директордун орун басары: Карагулова А.А.



Сабактын темасы: Шабдан Жантай уулу.

Сабактын максаты: 1. Окуучулар Шабдан Жантай уулунун омур баянын биле алышат.

2. Окуучулар Шабдан Жантай уулунун Орусия менен тузгон алакасы, ошол кездеги эл-журт учун кылган эмгегин, ошол кезде Кыргыздар учун канчалык маанилуу болгонун биле алышат.

3. Окуучулар эли –жерин ,мекенин суйууго, эли –жери учун кызмат кылууга, патриоттулукка тарбияланышат. Топто жана жекече иштешет.

Сабактын корсоткучу: 1. Эгерде окуучулар Шабдан Жантай уулунун омур баянын кенен окуп биле алышса.

2. Эгерде окуучулар Шабдан Жантай уулунун Орусия менен тузгон алакасы, ошол кездеги эл-журт учун кылган эмгегин биле алышса.

3. Эгер окуучулар эли –жерин ,мекенин суйууго, эли –жери учун кызмат кылууга, патриоттулукка тарбияланышса.

Сабакта колдонулуучу материалдар. Суроттор, карточкалар.

Сабактын журушу: Уюштуруу учуру.

Саламдашуу. Окуучулардын катышуусуна конул буруу. Класста жагымдуу маанай тузуу. Шабдан Жантай уулу (1839, Чүй өрөөнү, Көк-Жар жайлоосу, азыркы Чүй ооданы Он бир жылга айыл өкмөтү - 1912) - Чүй, Кемин өрөөнүндө жашаган сарыбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан манап, саясий, коомдук ишмер. Жантай Карабектин уулу. Жаш кезинен эле саясий турмушка аралашкан.

1860-жылдын акырында Кокон хандыгынын колбашчысы Канат шаага кошулуп, Ташкенге барган. Узун-Агачтын жанындагы орус аскерлерине каршы урушка катышкан. Ташкен шаарын коргоодо көрсөткөн каармандыгы үчүн Кудаяр хан аны Түркстан шаарынын беги кылып дайындаган. Бирок анда иштебей, атасынын таасири менен орустарга өтүп, өмүрүнүн аягына чейин ак падышага кызмат өтегөн. Ал Токмоктогу уезддин начальниги жана Жети-Су аскер губернатору менен тыгыз байланышта болгон.

1768-ж. орус букаралыгына өтүүгө каршы чыккан саяк уруусунун манабы Осмондун котөрүлүшүн басууга катышкан.

1876-77-ж. генерал Скобелевдин алайлык кыргыздарды Орусиянын карамагына өткөрүү ишине көмөк көрсөткөн.

1878-ж. жигитттери менен Ат-Башынын түштүгүндө орустардын чалгындоо отрядын коштоп жүргөн.

1883-ж. ал падыша Александр ІІІнүн тактыга отуруу аземине катышып, аскер старшинасы наамын алган, алтын саат менен сыйланган.

1884-ж. ага жылына берилүүчү 300 сом пенсия чектелген. 1909-ж. Чоң-Кеминде жаңы усулда сабак өткөрүүчү медресе салдырган. 65 жашында ажыга -Меккеге барган. Шабдандын өмүр баяны, ишмердиги Осмонаалы Сыдык уулунун «Тарых-и кыргыз шадманийа» аттуу 1914-ж. Уфадан басылып чыккан эмгегинде жазылган. Эстелиги Бишкек шаарында жана Кемин шаарчасына орнотулган.

Шабдан баатырдын өмүрү өзүнчө эле бир роман, болгондо да баш көтөрбөй окуп чыга турган роман; анын тарыхый инсан катары, саясий лидер катары өмүрү жана тагдыры ал жашаган доор сыяктуу өйдө жана ылдый, карама-каршылыктарга абдан бай.   
Шабдандын биографиясында чыныгы баатырлык да, көп нерсени алдын ала көрө билгендик да, ошону менен бирге орустун зордукчул колониалдык бийликтерине өтө эле жакындык, берилгендик, ыксыз компромисс да жок эмес. Башкача айтканда, чоң тарыхтын калыс таразасына салып карай келгенде Шабдан баатыр тууралуу жалаң гана оң пикир, же жалаң гана терс пикир айтуу эч бир мүмкүн эмес, себеби анын адам катары, инсан катары таржымалы ХIХ кылымдын экинчи жарымындагы улуттук тарыхыбыз кандай татаал, карама-каршылыктуу, азаптуу жана тозоктуу болсо, кудум  ошондой.
Ушул эле пикирди Алымбек датка тууралуу, Полот хан тууралуу, ал гана эмес ХХ кылымдагы эң эле белгилүү деген тарыхый инсандарыбыз, саясатчыларыбыз, лидерлерибиз тууралуу сөз кылганда да айтууга болоор эле. Көрсө, тарых деген маңдайдан сылаган ата, эмчек сүтүн берген эне эмес тура; тарыхтын өзүнчө логикасы, оош-кыйышы, аттап өтүүгө мүмкүн эмес мыйзамдары бар экен.
Шабдан баатыр 1840-жылы Ысык-Көлдүн күңгөй Ак-Сууга жакын Туюк-Булуң деген жеринде туулуп, бирок өмүрү Чоң-Кеминде жана Пишпекте өтүптүр. Анын жоокер катары, лидер катары, саясатчы катары калыптанган жана жетилген учуру Кокон хандыгы бара-бара ыдырап жана талкаланып, Орусиянын опсуз зор империясы Орто Азияга, анын ичинде Кыргызстанга да колониалдык бийлигин орното баштаган мезгилге туура келиптир. Бирок атактуу замандашы Курманжан даткадан, Калыгул олуядан, ак таңдай акын Арстанбектен айырмаланып, Шабдан башынан эле орусчул, башынан эле Кокон бийлигине душман адам болуптур. Канында сарбагыш уруусунан чыккан айтылуу Тынай бийдин, Атаке баатырдын, хан Жантайдын каны бар, илгертен кыргыздын эл бийлеген манаптарынын тукумунан чыккан ак сөөк Шабдан саясий тагдырын эң башынан эле орус администрациясы менен тыгыз байланыштырыптыр. Тээ 1786-жылы Санкт-Петербургга элчи жиберип, бир жагынан Кокон, экинчи жагынан Кытай империясы кыскан тоолук кыргыздарга орус протекторатын сураган бабасы Атаке баатырдын саясий жана стратегиялык линиясын Шабдан да өмүр бою улантып келиптир.      
Сыягы Шабдан башкаларга караганда Орусиянын зор экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн, потенциалын жакшыраак билип, Кытай менен Коконго караганда Орусияны алда канча артык көргөн окшойт. Бул үчүн ал колунан келгендин баарын жасап, атактуу орус аскербашчысы М.Д. Скобелевден тартып, Түркстандын эң биринчи генерал-губернатору фон Кауфманга, генерал-лейтенант И. Колпаковскийге чейин тыгыз мамиле түзүп, ошолордун ишенимине кирип, орус колониалдык бийлиги Кыргызстанга, ал гана эмес Ташкенге, Коконго, Алай менен Ошко орношуна жеке зор салымын кошуптур. Ошол көп жылдык кызматы үчүн ондогон орус сыйлыктарын, ар түрдүү медалдарды, кымбат баалуу чепкендерди алып, эң биринчилерден болуп орус аскеринин формасын кийген кыргыздардан болуптур. Ал гана эмес дворяндык наам алганга аракетин жасап, Орусиянын алдында өтөгөн зор эмгеги үчүн ак падыша Александр үчүнчүнүн 1883-жылдагы Москвадагы такка отуруу салтанатына катышууга делегат да болуп шайланган экен. Кыскасы, Шабдан Карабек уулу атактуу бабасы Атаке баатыр сыяктуу эле баары бир орус бийлиги Орто Азияга келээрин, келечек заман Кокондун артта калган феодалдык бийлигиники же Цинь империясыныкы эмес, Орусиянын заманы экенин алдын ала сезген жана билген деп эсептөөгө болот. Бул анын лидер катары, саясатчы катары кыргыз элинин тарыхындагы өтө маанилүү ордун жана салмагын аныктап турат.
Шабдан адам катары, инсан катары өтө көп кырдуу, өтө индивидуалдуу киши болгон экен. Бир чети атагы алыска кеткен баатыр, орустун тилин таап сүйлөшө билген дипломат, экинчи жагынан берешендиги, колу ачыктыгы жагынан чыныгы легендага айланган айкөл адам болуптур. Бир жолу астындагы атын кармата берип, үйүнө жөө келгени азыркыга чейин аңыз болуп айтылып келет. Ошону менен бирге жети атасына чейин өңчөй манаптардын тукуму болгон Шабдан орустун тилин эртерээк таап, элге-журтка колунан келген жардамын берген дипломат киши болуптур. Ошол кездеги орус администрациясынын өкүлдөрү жазгандай, баатырдын үйүнө ондогон эмес, жүздөгөн адамдар кирип-чыгып, тамак ичип, даам сызып, жардам алып, кеңеш сурап,  Шабдандын Чоң-Кеминдеги жана Пишпектеги орус стилинде салынган үйлөрүндө эч качан киши аягы үзүлчү эмес экен. Себеби баатырдын негизги жашоо принциби - элден алганын элге берүү экен.       

Ошентип жерге батпаган дүйнө-мүлк эмес же куржун-куржун акча эмес, аябагандай зор аброй жыйнап, кийин 1912-жылы каза болгондо Шабдан баатыр артына ат көтөргүс наамынан башка эч нерсе калтырбай өтүп кетиптир. Муну “Туркестанские ведомости” деген газетага чыккан орусча некрологдо да атайын баса белгиленип, “он умер бедняком” деп жазышканын эске сала кетпесек болбойт.
Сабакты жыйынтыктоо: Сабагыбыздын соңунда Шабдан баатырдын кыргыз тарыхындагы негизги ролу  жана мааниси эмнеде деген суроого жооп бере кетели. Анын негизги ролу - Кыргызстанды Орус империясынын курамына киргизүү жана ага мүмкүн катары жакындатуу. Аябагандай артта калган ХIХ жүз жылдыктагы Кыргызстанды, кыргыз элин орус маданиятынын гана опол тоодой энергетикасы, Европа цивилизациясынын күчтүү толкуну менен гана өйдө көтөрүүгө мүмкүн болгондугун чындыгында да кийинки тарых, айрыкча ХХ кылымдагы кыргыз тарыхы толугу менен ырастап, алаканга салгандай ачык көрсөткон.
Уйго тапшырма: Атактуу бир инсан жонундо жазып келуу.























Шабдан Жантай уулу

Шабдан Жантаев

Ишмердүүлүгү:

мамлекеттик жана аскер ишмери

Туулган жери:

Чүй областы, Кемин району,Чоң Кемин

Жарандыгы:

кыргыз

Атасы:

Жантай Карабек уулу

Сыйлыктары:

Төртүнчү даражадагы Георгий жылдызы

Shabdan baatyr 










Чынгыз Айтматов.

Ч.Т.Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Карабуура районундагы Шекер айылында репрессияга туш болгон мамлекеттик ишмердин үйбүлөсүндө туулган. 1948-жылы ал ветеринардык техникумду, 1953-жылы Кыргыз айылчарба институтун, 1956—1958-жылдары жогорку адабий курстарды (Москва) аяктаган. Андан кийин журналист, «Литературный Киргизстан» журналында редактор болуп иштеген. СССРдин ири адабий басылмалары — «Новый мир» жана «Литературная газетанын» редколлегиясынын мүчөсү, «Иностранная литература» журналынын редактору болгон, чыгармачыл союздарга жетекчилик кылган, ал эми 90-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган.Чыңгыз Айтматов — азыркы доордун көркөм сөз чеберлеринин ири өкүлү, саясий турмушка активдүү аралашкан ишмер. Анын калеминен жаралган прозалык, публицистикалык жана драмалык чыгармалар кыргызадабиятынын ургаалдуу өнүгүшүнүн кийинки бийиктиктерин белгилейт. Анын адабиятка болгон йшкысы 50-жылдарда Бишкектеги айылчарба институтунда окуп жүргөндө эле ойгонуп, мазмуну жана формасы жагынан да айырмаланган бир канчалаган аңгемелерди жазат.

Чынгыз Айтматовго дүйнөлүк кадырбарк алып келген, анын новаторлук калеминен жаралган 60—70 – жылдарда жазылган «Бетме-Бет», «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Жаныбарым, Гүлсары», «Ак кеме», «Эрте келген турналар» аттуу повесттери болду. Кийинки мезгилде жазуучу роман жанрынын үстүндө ийгиликтүү эмгектенип, «Кылым карыткан бир күн» (1980), «Кыямат» (1986) жана «Кассандра тамгасы» (1995) аттуу чыгармаларды жарыялады. Анын чыгармачылыгына коомдун орчундуу саясий, социалдык жана нравалык проблемаларынын курч коюлушу, интеллектуалдуулук, жалпы адамзаттык маселелердин философиялык өнүттө чечилиши, адам баласынын жан дүйнөсүн ичкериден психологиялык талдоолордон өткөрүшү жана жалпылоосу мүнөздүү.

Чынгыз  Айтматовдун эпосу лиризм менен драматизмдин, трагизм менен романтизмдин өз ара байланыштарына негизделген. Анда мифология, дин, фантастика, көркөм шарттуулук жана сүрөттөөнүн катаал реализми эришаркак жашайт.

Чынгыз Айтматовдун драматургдук өнөрү анын « Фудзиямадагы кадыр түн» (К. Мухаммеджанов менен бирдикте) драмасында жана өздүк повесттерин кино тасма үчүн  сценарийлерин жазуудан көрүнгон. Ал очерктер, публицистикалык жана адабий сын макалалардын чебери да болуп эсептелет

АЙТМАТОВ  ЧЫҢГЫЗ Кыргыз эл жазуучусу (1968), Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1979), КРУИАсынын анык мүчөсү (1974). Соц. Эмгек Баатыры (1978), Лениндик (1963) ж-а СССР мамл. сыйл.лауреаты (1968, 1977, 1983), Европа Илимдер, иск-во ж-а адабият академиясынын анык мүчөсү  (Париж, 1983), Бүткүл дүйнөлүк Илим ж-а иск-во академиясынын академиги (Стокгольм, 1987), "Ысыккөл форумунун” президенти, Австрия, Австралия, Америка, Индия, Италия, Түркия, Япония ж. б.  өлкөлөрдүн эл аралык сыйлыктарынын лауреаты. КыргызРеспубликасынын Эл баатыры (1997). Ч. 1948–1953-ж. Кыргыз мамл. айыл чарба ин-тунда окуган. 1956–1958-ж. Москва шаарындагы СССР Жазуучулар Союзунун алдындагы Жогорку адабий курстун угуучусу болгон. Ч. А. жазуучулук ишмердигин студент кезинде баштаган. Анын алгачкы чыгармасы "Газетчи Дзюйо”, "Ашым” аңгемелери 1952-ж. "Кыргызстан” деп аталган альманахка орус тилинде жарык көргөн. 1953-ж. "Ак жаан” аттуу аңгемеси кыргыз тилинде, "Сыпайчы” аңгемеси орус тилинде, 1954-ж. "Кайракта”, "Түнкү  сугат”, 1955-ж. "Асма көпүрө” аттуу аңгемелери жарыкка чыккан. Жазуучуга алгачкы чыг-лык чоң ийгиликти "Бетме-бет” (1957) ж-а "Жамийла” (1958) повесттери алып келген. Бул повесттер жарык көрөр м-н эле адабий коомчулук тарабынан кыргыз адабиятындагы жаңы сөз, жаңы көрүнүш катары баа берилип, жакшы кабыл алынган. "Бетме-бетти” жазуучу чыг-лык жолунун чыныгы башталышы, адабий дебюту катары атайт. Адабий дебют бул жерде жеке чыг-лык планда, жазуучунун чыг-лыктагы  өз чыйырын табуусу, алгачкы саамалыгы, ийгилиги маанисинде айтылат. Бирок бул башталышты, бул ийгиликти жалаң  эле Ч.Айтматовдун ийгилигинин жеке башталышы катарында эмес, о. эле улуттук көркөм адабиятыбыздын  өнүгүшүнүнжалпы табиятындагы жаңы сапаттык бурулуштун башталышы катары туюнууга да болот. Буга чейин кыргыз совет прозасында адамды жөнөкөйлөштүрүп, бир беткей, формалдык логиканын чегинде үстүртөн, жалпы сүрөттөө үстөмдүк кылып келген болсо, "Бетме-бетте” каармандын ички дүйнөсүндөгү  диалектикалык карама-каршылыктар көркөм изилдөөнүн негизги өзөгүн түзүп турат. 

"Жамийла” повести жазуучуга дүйнөлүк атак алып келди. Бул повесть өзүнүн идеялык-эстетикалык жаңычыл сапаты м-н кыргыз көркөм сөз  өнөрүн жаңы бир бийик баскычка көтөрдү. Казак окумуштуусу ж-а жазуучусу М. Ауэзов "Айтматовдун повести психологиялуу, табигый ж-а жөнөкөй... Бул кыргыз прозасындагы жаңы көрүнүш” деп жалпы союздук окурмандардын алдында адил сөзүн айтып чыкса, француз жазуучусу Луи Арагон француз тилине повестти которуп, аны "Махабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян” деп дүйнө жүзүнө жар салып, бийик баасын берген. Бүгүнкү күндө "Жамийла” дүйнөнүн жүз элүүдөн ашык тилдеринде жарык көргөн. 

1961-ж. "Делбирим”, "Ботогөз булак”, "Биринчи мугалим”, 1963-ж. "Саманчы жолу” повесттери, 1964-ж. "Кызыл алма” аттуу аңгемеси басмадан жарык көргөн. "Саманчы жолунда” жазуучу Адам м-н Жердин  өз ара сүйлөшүүлөрү сыяктуу шарттуу ыкманы чеберчилик м-н колдонгон. Алар замандын өзгөрүшү, саясаты м-н экономикасы, адам баласы, анын  өмүрү  ж-а жашоосу, кулк-мүнөзү, ой-пикири, келечеги ж-дө  кеңири сөз кылышат. Жазуучу бекеринен Жердин образын символдоштурбайт. Жер адам баласынын тагдыры м-н ортоктош. Жер-Эне м-н Адам-Эненин ортосундагысүйлөшүүнүн өзгөчөлүктөрүнүн бири – жалпы адамзатка орток идеялардын орун алышы. Чыгарманын бет ачарында эле улуу муундун кийинки муун үчүн жоопкерчилик парзы тууралуу филос. ой айтылат. Жер-Эне адамзаттын чектелген көз карашын жоюуга, нечен жылдар кыйнаган суроолорун чечмелөөгө жооп берет. "Саманчы жолунда” адам бекем эрки ж-а кайраты, жашоого болгон сүйүүсү м-н улуу ж-а сыймыктуу деген идеяны даңазалаган. "Делбирим”, "Ботогөз булак”, "Биринчи мугалим”, "Кызыл алма”  – нравалык-этикалык темага арналган чыгармалар. 1966-ж. "Гүлсарат” повести жарыкка келер м-н эле жергиликтүү ж-а борбордук басма сөздө рецензиялар, макалалар удаа-удаа жарыяланган. Повесть жазуучунун чыг-лыгындагы жаңы этаптын башталышы катары белгиленген. Себеби, ушундан баштап жазуучунун чыгармаларынын идеялык–эстетикалык мазмуну курч соц. мүнөзгө  ээ боло баштаган. "Ак кеме” (1970) повестинде өнүктүрүлгөн ойлордун борбордук түйүнүн Бугу-Эне жөнүндөгү жомок түзүп, жазуучу тарабынан миф м-н реалдуулук өтө чебер кыйыштырылып пайдаланылган. Жазуучу өзүнүн балалыгы туш келген согуштун катаал күндөрүнүн элесинен алып "Эрте жаздагы турналар” (1973) аттуу лиро-романтикалык стилдеги повестин жараткан. Жазуучу "Манас-Атанын ак кар, көк музу” аттуу автобиографиялык очеркинде повесттеги "Аксай десанттары”: Анатай, Эркинбек, Эргеш, Кубаткул өзүнүн классташ курбулары экендигин баяндайт. "Деңиз бойлой жорткон аладөбөт” (1977) повестинде алыскы Охотск деңизинин жээгиндеги нивх элинин турмушу сүрөттөлгөн. "Кылым карытар бир күн” (1980), "Кыямат” (1986),"Кассандра тамгасы” (1995) романдарында жазуучу учурдун актуалдуу проблемаларын: илим, техниканын, дүйнөлүк, эл аралык коммуникациялык байланыштын күчтүү  басымы алдында адам  өзүнүн жеке адамдык  өзгөчөлүгүн,индивидуалдуулугун, адамгерчилик сапатын,  өзүнө, келечекке болгон ишенимин сактап калуу аракеттерин Едигей, Бостон, Авдий, Филофей, Роберт Борк, Руна Лопатиналардын образдары аркылуу чагылдыруу м-н адамзатты ыймандык тазалыкка чакырат. 

Ч. А. о. эле публицистикалык очерктердин, адабий сын макалалардын, эссе жанрынын чоң  чебери. Жазуучунун ар кайсы жылдары жарык көргөн макалаларынын топтомдорунан түзүлгөн "Жер, суу менен авторлош” (орус тилинде), "Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө  бизди жыңыртат” (кыргыз тилинде) жыйнактары тематикасынын кызыктуулугу, проблеманы терең  ачып бере билүү  чебердиги, көркөмдүгү  м-н анын көркөм жанрдагы чыгармаларынан кем эмес окурмандарды  өзүнө  тартып турат. Япон философу Д. Икэда м-н "Духтун улуулугуна ода” (1993), казак акыны ж-а коомдук ишмер М. Шаханов м-н "Жар  боюнда боздоп калган аңчынын ыйы” (1996) аттуу диалогдору  –  да бүгүнкү күндүн актуалдуу проблемалары, дегеле турмуштук ар кандай көрүнүштөр зор философиялык тереңдикте, турмуштук-фактылык ынанымдуулукта көркөм чагылдырылган баяндар. 

Ч. Айтматовдун чыг-лыгы улуттук адабиятыбыз үчүн эле эмес улуттук иск-вобуздун башка түрлөрүнүн өнүгүүсүнө да өзүнүн зор таасири тийгизди. Ч. Айтматовдун чыг-ларынын негизинде музыкада чакан обондуу ырдан тартып симфонияга чейин жазылды, көркөм сүрөт иск-восунда ондогон, жүздөгөн эмгектер жаралды, театралдык спектаклдер, кино-фильмдер коюлду. ЮНЕСКОнун билдирүүсү  б-ча Ч. Айтматов бүгүнкү  күндө  чыгармалары көп басылган классиктердин бири. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилинде которулуп, бир нече ирет чоң тираж м-н (1998-ж. жалпы  саны 67,5 млн. экз.) кайталап басылган. "Айтматов таануу” деген илимий атайын дүйнөлүк адабий процессте кеңири колдонулууда. 1989-ж. Бишкекте эл аралык Айтматов клубу (негиздөөчүсү ж-а президенти окумуштуу А. Акматалиев) түзүлгөн. Анын Кыргызстандык ж-а чет өлкөлүк мүчөлөрү белгилүү илимпоздор, журналисттер, адистер ж. б. Клубдун жобосу, секциялары, адабият, көркөм өнөр ж-а маданият жагындагы эл аралык сыйлыгы бар. 1992-ж. Бишкекте коомдук Айтматов таануу ин-ту түзүлгөн. О. эле Бишкекте "Айтматов чыгармаларынын китепканасы”, 1993-ж. Эл аралык коомдук айтматовдук Академия уюштурулуп, анын анык, ардактуу академиктери шайланган.





 

Алыкул Осмонов

Таланты таш жарган акын Алыкул Осмонов Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында 1915-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал жаш кезинен эле ата-энесинен ажырап, жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да башынан өткөрөт. 1925-жылы Фрунзе шаарындагы балдар үйүнө кабыл алынат. Бир аздан кийин эле ал балдар үйү Токмок шаарына көчүрүлөт. 1925 - 1928-жылдары ошол балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр да жазып көрөт. Он төрт жашында Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы адабий ийримге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 1930-жылы "Сабаттуу бол" газетасынын сентябрь айындагы санында биринчи жолу анын "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары газета, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылык иштин артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет. Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар, Узак, узак, узак болсун бул сапар. Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да, Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар. Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт, Толкун урса тайызына сүрүлбөйт. Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей, Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт. 1935 - 1950-жылдардын аралыгында ал ондон ашуун ыр китептин ээси болду. "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан" , "Махабат" , "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери" деген жыйнактары жарык көрдү. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылды. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты. Алыкул Осмонов эң мыкты котормочу да болгон. Ал Пушкиндин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын көркөм дүйнөсү менен кыргыз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштырат. Айрыкча улуу акын Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасынын Алыкул таржымалдаган котормосу аңызга айланып, атпай Ата Журтубуздун бүт булуң-бурчуна жетти. Шекспирдин "Отелло" , "Он экинчи түн" сыяктуу драмаларын да кыргыз көрүүчүлөрү анын котормосу боюнча сахнадан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Улуттук сөз өнөрүнүн бүгүнкүсү менен эртеңкиси туурасында ойлонуу, өзүнө талап коюу А. Осмоновду көп нерсеге милдеттендирди. Ошондуктан мурдагы жазгандары такыр жакпай, өз жараткандарын өзү жериди. Нечен толгонуудан кийин басмага даярдаган ырларынын жаңы жыйнагын өрттөп да жиберди. Бул үчүн чоң жүрөк, ашкере баатырдык керек эле. Алыкулда андай касиет, сапаттардын баары бар болчу. Анын чыгармачылыгынын бурулуш учуру да дал ушул жылдарга туура келди. Бирок ажал арбайган ач колун ага сунуп, өлүм жакындап, суусу түгөнө берди. Ашкере айкөл, ташкындаган таланттын туз-насиби 35 жылга гана өлчөнгөн экен, залкар акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнөдөн кайтты.Калемдеш жана замандаштарына караганда Алыкул Осмоновдун таланты да, тагдыры да бөлөкчө. "Кудайга миң мертебе калп айтса да, ырына бир жолу да калп айта албаган" бул акын өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун не бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алган. Акын мөлү Алыкул өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Ошондуктан өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан. Кудурети күчтүү табияттан анын сураганы да бир гана нерсе эле. Ал ыр болчу: Мен турмушта сараң, ачкөз эмесмин, Өктөө кылып: "Ай, аз бердиң, - дебесмин. Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу, Мага берсе, эки сабак ыр берсин. А. Осмоновдун акындык жана адамдык сапатын мына ушул төрт сап ыр эле аныктай алат. Ал өмүр бою бул шертинен тайган жок. Улуу адамдар кайталангыс таланты менен өздөрүн өлбөс кылып жаратышат. Алыкул да ошондой таланттардын катарына кирет. Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар, Узак, узак, узак болсун бул сапар. Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да, Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар. Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт, Толкун урса тайызына сүрүлбөйт. Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей, Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт. Бул саптарды окуганыңда Алыкул Осмонов сенин жаныңда баягыдай эле тирүү бойдон тургансыйт, чыныгы поэзияга тизе бүгүп, таазим кылууга аргасыз кылат. Таланты таш жарган акын Алыкул Осмонов Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында 1915-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал жаш кезинен эле ата-энесинен ажырап, жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да башынан өткөрөт. 1925-жылы Фрунзе шаарындагы балдар үйүнө кабыл алынат. Бир аздан кийин эле ал балдар үйү Токмок шаарына көчүрүлөт. 1925 - 1928-жылдары ошол балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр да жазып көрөт. Он төрт жашында Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы адабий ийримге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 1930-жылы "Сабаттуу бол" газетасынын сентябрь айындагы санында биринчи жолу анын "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары газета, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылык иштин артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет. 1935 - 1950-жылдардын аралыгында ал ондон ашуун ыр китептин ээси болду. "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан" , "Махабат" , "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери" деген жыйнактары жарык көрдү. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылды. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты. Алыкул Осмонов эң мыкты котормочу да болгон. Ал Пушкиндин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын көркөм дүйнөсү менен кыргыз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштырат. Айрыкча улуу акын Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасынын Алыкул таржымалдаган котормосу аңызга айланып, атпай Ата Журтубуздун бүт булуң-бурчуна жетти. Шекспирдин "Отелло" , "Он экинчи түн" сыяктуу драмаларын да кыргыз көрүүчүлөрү анын котормосу боюнча сахнадан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.Улуттук сөз өнөрүнүн бүгүнкүсү менен эртеңкиси туурасында ойлонуу, өзүнө талап коюу А. Осмоновду көп нерсеге милдеттендирди. Ошондуктан мурдагы жазгандары такыр жакпай, өз жараткандарын өзү жериди. Нечен толгонуудан кийин басмага даярдаган ырларынын жаңы жыйнагын өрттөп да жиберди. Бул үчүн чоң жүрөк, ашкере баатырдык керек эле. Алыкулда андай касиет, сапаттардын баары бар болчу. Анын чыгармачылыгынын бурулуш учуру да дал ушул жылдарга туура келди. Бирок ажал арбайган ач колун ага сунуп, өлүм жакындап, суусу түгөнө берди. Ашкере айкөл, ташкындаган таланттын туз-насиби 35 жылга гана өлчөнгөн экен, залкар акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнөдөн кайтты. Көзү өткөндөн кийин, 1964 - 1967-жылдары чыгармаларынын үч томдугу жарык көрдү. 1984 - 1986-жылдары ырлары, котормолору, поэмалары менен драмалары кайрадан үч томго топтоштурулду. Күн өткөн сайын өзүнө койгон талабы катаалдап, акын улам жаңы бийиктикти самап, поэзиянын улам жаңы аралдары менен жээктерин ача берди. Ошенткен сайын анын адам менен Ата Журтка болгон сагыныч-кусалыгын билдирген, жашоо менен өмүргө кумары канбаган ырларынын ажары ачылып чыга келди. Акындын мындай тематикадагы не бир укмуштуу, не бир азем керемет сулуулугу, кооздугу менен өзүнө куштар кылып, төбөсү асман тиреп, шоодурап менменсинген мырза теректи эске салат. Бирок ал өмүрү өткөнчө өзүнүн чыгармаларына канааттанган жок, улам жаңы, жакшыларды жараткысы келди. Мына ушул умтулуу аны ыр жазууга гана эмес, жашоого да шыктандырды. Ошондуктан акын өзүн аябады, жанын жай таптырбай жабыркаткан ооруга карабай, күрс-күрс кан жөтөлүп отуруп да, кара жанын карч уруп, бир сап ыр үчүн түн күзөп көшөрө эмгектенди. Жогорку талап, тынчтык бербеген тынымсыз изденүү Осмоновдун чыгармаларын кулач жеткис, асман мелжиген алп чынарга айландырды. Дүпүйгөн чынардын сансыз бутактары бар сыңары А. Осмоновдун керемет поэзиясынын мазмуну да ар түрдүү жана өтө бай. Анда бирде Ата Журттун асылдыгы, ага деген сүйүүнүн ыйыктыгы даңкталса, бирде адам баласын дүйнөнүн ээси кылуудагы кудуреттүү эмгек ырдалат. Анын чыгармаларында кээде өмүр менен өлүм бой тирешип тура калат да, анан акын өмүрдүн улуулугун жана түбөлүктүүлүгүн не бир мукам кайрыктарга салат.Сүрөткердин кимдиги, кандайлыгы анын чыгармаларынын санында, тематикасынын ар түрдүүлүгүндө эмес, анда камтылган ой менен сезимдин күчтүүлүгүндө, жасалмалуу эмес табигыйлыгында, баарынан мурда, ал көркөм дүйнөнүн насили, нарк баасында жатат. Улуу акын үчүн майда, кичине деген нерсе болбойт, демейки окурман үчүн байкалып, кармалбаган нерседен ал ааламды кучагына сыйдырып, адамды түйшөлтүп ойлонууга аргасыз кылган улуулукту көрө алат. А. Осмонов деле башка акындар эмнени ырдаса, ошол нерселер жөнүндө ырдады, бирок башкача ырдады. Ал чыныгы поэзияны жалтыраган кооз сөздөрдөн, болбосо Ата Журт деп өпкө-жүрөгүн чаап, көкүрөк койгулоодон издебеди, анын поэзиясы ар бирибиздин жүрөгүбүздө уялаган, бирок оңой менен бере албаган букту, ойду таап, козгой алды. Ошондуктан Осмоновдун ырларын окуганда, ал ырлар сенин жүрөк сезимиңден жаралгандай болот. Акын адамдардын купуя жүрөк сезимин айттырбай туюп, билип тургандай. Анын ырларынын керемет сыры дал ушунда. Ар бир адамга Ата Журт кымбат. А. Осмоновдун ырларын окуганыңда, Ата Журт менен акын бири-бирине ээрчишип жүргөн ата-баладай көз алдыңа тартыла калат. …Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң, Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп… Суугуңду өз мойнума алайын, Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт! Бул саптар А. Осмоновдун белгилүү "Ата Журт" деген ырынан. Анын алгачкы эки сабын окуганда ырдын Ата Журтка арналып жаткандыгын сезбейсиң, ал саптар кадимки эле камкор эненин жалгыз перзентин алыс сапарга узатып жаткандагы мээримин элестетет. Ырдын акыркы эки сабын окуганыңда гана анын Ата Журтка арналып жаткандыгын билип, айланаңды өзгөчө сүйкүм менен эрксиз бир карап аласың. Анан жүрөгүңдө сөз менен айтып жеткире алгыс Ата Журтка деген сезим пайда болот да, тууган жердин элеси калдайып көз алдыңа тартыла түшөт. Ата Журтту аргасыздан өзүңдүн эң бир жакын, бир ыйык адамыңдай элестетесиң. "Бүт дартыңды өз мойнума алайын, сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт" деп, анын алдында адамдык парзыңды кылчактабай аткаргың келет. Ошентип акын Ата Журттун кооздугун, кымбаттыгын шөкөттөп-мактап да отурбайт, сенсиз жашай албайм деп жалынып-жалбарбайт. Бар болгону мээрман эненин күндө айтыла берип, анчалык элес да алынбай калган демейки сөзүн кайталоо менен гана чектелген. Бирок ушул карапайым сөздө камтылган эл-жерге болгон чыныгы сүйүү бизди аргасыздан өзүнө тартат, Мекен ааламдагы эң ыйык нерсеге айланат. Акындын "Ата Журтун" өзүнүн жалгыз кызына арнаган "Бөбөккө" деген ырынан жана жалгыз уулун күтүүдөн тажабаган Миңбай чал жөнүндөгү "Жеңишбек" аттуу поэмасынан ажыратып кароого болбойт. Булар бири экинчисин толуктап турат. Жаштайынан жалгыздыктын жабырын тарткан акын зарыгып жүрүп кыздуу болот. Ал төрөлгөндө күнү-түнү наристенин жанынан чыкпай, бир канча күн ага ысым издеди, акыры Жыпар деген ат көңүлүнө туура келди. Жыпары бар болгону он беш гана күн жашап, чарчап калды. Ал өзүнүн бул күйүтүн поэмага тете "Бөбөккө" деген ырында төктү. Күчтүү күйүттөн жаралган бул ырды акындын керт башынын арманы катары кароого болбойт. Анда жалпы эле адамзаттын балага болгон ыйык сезими, түбөлүктүү сүйүүсү берилген. Өмүр менен турмуш, жашоо менен тиричиликке арналган мындай мазмундагы ырлар акындын чыгармачылыгында өзгөчө бир өзөктү түзүп, орчундуу орунду ээлейт. Чыныгы талант өмүр бою өзүнө нааразы болуп жүрүп өтөт. Бир чети мүлдө кыргыз көтөрө алгыс ыр килемин кирпик менен согуп, бардыгынан танып, ырдан танбаган Алыкул да өзүнө ыраазы болбой, поэзиянын түпсүз терең көлүндө чабак уруп олтуруп, стол үстүндө ыр жазган калыбында, бар болгону отуз беш жаш курагында кете берди.







Музыка

Мен суу ичпейм, таңдай катып турганда,
Мен нан жебейм алдан тайып курганда,
Музыкадай мага таттуу суусун жок,
Берчи мага,
Берчи мага
Жарым кашык музыка!
Мен ыйлабайм, капа тартып турганда,
Мен кубанбайм, бак-дөөлөткө тунганда,
Дарым ушул, кайгы жана шаттыкка,
Берчи мага,
Берчи мага,
Жарым ууртам музыка!
Эмнелер жок, бул дүйнөдө–жарыкта,
Не бир сонун… не бир кымбат асыл баа…
Мен кетерде, ошончонун ичинен
Сагынарым,
Эң аярым
Эң кымбатым–музыка!



































































































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!