СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Класстык саат "Сарык оорусу"

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Класстык саат "Сарык оорусу"»

дата: 29.11. 2019-жыл

Окуу тарбия иштеринин башчысы:________ Ш.Эргешов

Тарбиялык сааттын тема: Сарык оорусу.

Классы: 7-а

Сабактын максаты: 1)Билим бер\\ч\л\к: Окуучулар сарык оорусужън\ндъ жаёы маалымат билишет.

2)Ън\кт\р\\ч\л\к: Сарык оорусунун алдын алуунун жолдорун билишет.

3)Тарбиялуулук: Ар дайым ъзд\к гигиенаны сактоого тарбияланышат.

Сарык — өт пигменти — билирубин канда жана ткандарда топтолушунан теринин, көздүн агы жана былжыр челдин саргарып кетиши.
Сарык боорду жабыркаткан вирустуу гепатитте, боордун циррозунда жана өт жолдорунун таш оорусунда, айрым кан ооруларында семолиздик сарык болот. Боорду жабыркаткан ооруларда билирубин пайда болуу жана аны ичегиге бөлүп чыгаруу бузулат, заң агарып, заара кочкулданат. Өт жолдорунун таш оорусунда жалпы өткөөлдү таш бүтөп калып, өт ичегиге өтпөй, билирубин канда көбөйөт. Мындай сарыкта заң агарып, заара кочкулданат, тери дүүлүгүп кычышат.

Гемолиздик сарык

Гемолиздик сарык кандагы эритроциттер көп ажырап, андагы билирубиндин бөлүнүшүнөн болот. Ал көбүнчө тубаса же кийин пайда болгон гемолиздик аз кандуулукта байкалат. Мында заң агарбайт, заара сыяктуу эле кочкул түстө болот. Саргаруу адегенде көздүн агында, жумшак таңдайда, тилдин алдында, андан кийин териде байкалат. Сарык байкалар замат врачка кайрылуу зарыл. Себеби сарык вирустуу гепатиттин кесепетинен болсо айланадагыларга жугат. Эгер өт жолдорун таш бүтөп калуудан сарык болсо операция жасоого туура келет.

Ымыркайлар сарыгы

Ымыркайлар төрөлгөндөн 2—3 күндөн кийин физиологиялык сарык болот. Ал убактылуу боор начар иштегенден болуп, 1—2 жумадан кийин өзү жоголот. Эне менен баланын кан сыйышпастыгынан ымыркайлардын гемолиз оорусу пайда болот.

Сарык оорусун алдын алуу үчүн эмне кылуу керек? Андан айыгуу үчүн кандай аракеттерди көрүү зарыл. Бул суроолорго Баткен облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Каныгүл Жороева жооп берди.

Анын айтымында, сарык оорусунун 5 түрү болот. Алар вирустуу гепатит А, Е, В, С, Дельта болуп бөлүнөт.

А, Е вирустуу гепатити идиш-аяк, жаш балдардын оюнчуктары аркылуу, адам менен адам көрүшкөн учурларда жугат. А вирустуу гепатиттин өзүнө гана тиешелүү белгиси – бул теринин сары болушу жана көздүн агынын саргайышы, зааранын түсүнүн кочкул болуп өзгөрүшү. Е вирустуу гепатит көбүнчө кош бойлуу аялдар үчүн кооптуу.

Ал эми В, С, Дельта вирустуу гепатит кан аркылуу жугуучу оорулар. Эненин кош бойлуу учурунда баласына жугуп калышы мүмкүн же хирургия, стоматологияларда инструменттер аркылуу жугушу мүмкүн.

Ошондой эле сарык оорусу өрчүшү боюнча да өзүнчө убакыттарга бөлүнөт.

Биринчи вирус организмге кирип отурганга чейинки убакыт. Мында жуктурган адамдын оорусуна, иммунитетине байланыштуу болуп, А, Е вирустары орто эсеп менен 15-20 күнгө чейин болот.

Экинчи сарыкка чейинки убакыт 10-15 күн. Бул убакытта вирустар көп бөлүнүп чыгып, башка адамдарга жугат.

Үчүнчү сарык убагы.

Төртүнчү айыгуу убагы. Адам сакайып вирустар өлүп, жакшы болуп кеткен убагы.

- Ооруну кантип алдын алуу керек?

- Ооруну алдын алуу үчүн алгач өздүк гигиенаны сактоо керек. Дени соо адамдарга оору кир колдор, вирус алып жүрүүчүлөр, булганган тамак-аштар, тиричиликте колдонулган ар кандай буюм-тайымдар аркылуу жугат. Таза жуулбаган идиштер, балдардын оюнчуктары, жашылча-жемиштер жана термикалык жактан (кайнатуу-бышыруу) кайра иштетилбеген тамак-аш азыктары ооруну жугузуу булагы болуп саналат. Ооруну жуктуруп албайын десек, анда жогорудагы айтылган нерселерди таза колдонуу абзел.

Эгер үй-бүлөдө сарык оорусу менен ооруган адам бар болсо, бейтаптын буюм-тайымдарын, идиш-аяктарын 30 күнгө чейин хлорамин менен жууп туруу керек.

- Сарык оорусунан кантип айыгууга болот?

- Оорунун жеңил түрүндө үйдө эле дарылануу сунуш кылынат. Өзүнчө бөлмөдө төшөктө жатуу режими, сүттүү жана жашылча жемиштүү диета кармап, көп суу ичүү зарыл. Куурулган, ышталган, маринаддалган тамак-аштарды тизмеден чыгаруу керек. 6 айга чейин оор кыймыл аракеттерди азайтуу зарыл. Эгер бейтап буларды аткара билсе, анда сакайып кете алат. Оорунун оор түрүндө ооруса анда сөзсүз түрдө ооруканага жатып дарылануусу керек.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!