СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Китеп окууну көнүмүш адатка айландырабыз.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Китеп окууну көнүмүш адатка айландырабыз.»

Китеп окууну көнүмүш адатка айландырабыз.

Китеп окууну көнүмүш адатка айландырабыз.

Бүгүнкү сабакта Китеп окуунун пайдасын билишет. Китеп окууну көнүмүш адатка айландырышат Китеп окуу менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошушат

Бүгүнкү сабакта

  • Китеп окуунун пайдасын билишет.
  • Китеп окууну көнүмүш адатка айландырышат
  • Китеп окуу менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошушат
Китеп окуунун пайдалары:  Китеп окуу стрессти азайтат Китеп окуу — стресстен чыгуунун эң натыйжалуу жолу.

Китеп окуунун пайдалары:

  • Китеп окуу стрессти азайтат
  • Китеп окуу — стресстен чыгуунун эң натыйжалуу жолу.
Уйкусуздуктан арылтат. Китеп окуу — эс алуунун жана уйкуга жакшы камынуунун эң жакшы багыттоочусу. Уйку алдында телефон карап жатууда жана телевизор көрүүдө алардан чыккан ачык түстөр уйкуну качырып, мээге жакшы уктоо программасын түзүүгө жолтоо болот. Ал эми уйку алдында пайдалуу китеп окуу мээни тынчтандырып, жакшы ойлорду топтоп алуу менен уйкуга кетүүгө шарт түзөт.

Уйкусуздуктан арылтат.

  • Китеп окуу — эс алуунун жана уйкуга жакшы камынуунун эң жакшы багыттоочусу. Уйку алдында телефон карап жатууда жана телевизор көрүүдө алардан чыккан ачык түстөр уйкуну качырып, мээге жакшы уктоо программасын түзүүгө жолтоо болот. Ал эми уйку алдында пайдалуу китеп окуу мээни тынчтандырып, жакшы ойлорду топтоп алуу менен уйкуга кетүүгө шарт түзөт.
Акылыңызга акы кошот Китеп окуу маалында биз башкы каармандын кубаныч-кайгысын өзүбүздө жашатып, ага айланып кеткендей абалда болобуз. Көркөм чыгармаларды окуу менен адам жашоону, айланасындагыларды туура түшүнүүгө калыптанат.

Акылыңызга акы кошот

  • Китеп окуу маалында биз башкы каармандын кубаныч-кайгысын өзүбүздө жашатып, ага айланып кеткендей абалда болобуз. Көркөм чыгармаларды окуу менен адам жашоону, айланасындагыларды туура түшүнүүгө калыптанат.
Мээнин иштөөсүн жакшыртат Эмори университетинин окумуштуулары китеп окугандан кийин адамдын интеллекти канча бир деңгээлге жогоруларын далилдешкен. Ал изилдөөчүлөр окуу менен мээнин нерв байланыштарынын саны физиологиялык деңгээлде көбөйөрүн аныкташкан.

Мээнин иштөөсүн жакшыртат

  • Эмори университетинин окумуштуулары китеп окугандан кийин адамдын интеллекти канча бир деңгээлге жогоруларын далилдешкен. Ал изилдөөчүлөр окуу менен мээнин нерв байланыштарынын саны физиологиялык деңгээлде көбөйөрүн аныкташкан.
Депрессияны айыктырат Китеп окуу депрессияны айыктыруу үчүн жакшы ыкма экендиги окумуштуулар тарабынан аныкталган. Оор абалдан кутулууда бир жыл бою китеп окуу менен алек болгон оорулуулардын абалы китеп окубай дарыланган оорулууларга салыштырмалуу кыйла жакшыргандыгын практика көргөзгөн.

Депрессияны айыктырат

  • Китеп окуу депрессияны айыктыруу үчүн жакшы ыкма экендиги окумуштуулар тарабынан аныкталган. Оор абалдан кутулууда бир жыл бою китеп окуу менен алек болгон оорулуулардын абалы китеп окубай дарыланган оорулууларга салыштырмалуу кыйла жакшыргандыгын практика көргөзгөн.
Китеп окуу менен кызыктуу адамга айланасыз   Жогорку интеллектуалдык деңгээл сизди айланаңызга кызыктуу кылып көрсөтөт. Андан улам айланаңыздагылар талкууларда, таанышууларда, баарлашууларда сизге ишеним артып, сизге карата жакшы ойдо калышат.

Китеп окуу менен кызыктуу адамга айланасыз

  •   Жогорку интеллектуалдык деңгээл сизди айланаңызга кызыктуу кылып көрсөтөт. Андан улам айланаңыздагылар талкууларда, таанышууларда, баарлашууларда сизге ишеним артып, сизге карата жакшы ойдо калышат.
Китеп окуу жашоого максат коюуга көмөктөшөт. дам китепти канчалык көп окуса, ошончолук жакшы каармандарга окшошууга аракет кылып, жашоосун китептегидей кызыктуу кылып жашоого умтулат. Ошондой эле көп окуган адам максаттарды так коё билүү менен бирге кыйынчылыктардан оңой кутула алат жана сүйүүгө бай келет.

Китеп окуу жашоого максат коюуга көмөктөшөт.

  • дам китепти канчалык көп окуса, ошончолук жакшы каармандарга окшошууга аракет кылып, жашоосун китептегидей кызыктуу кылып жашоого умтулат. Ошондой эле көп окуган адам максаттарды так коё билүү менен бирге кыйынчылыктардан оңой кутула алат жана сүйүүгө бай келет.
Көп окуган адам жигердүү жашоо образына ээ болот Коомдук жана маданий органдардын жигердүү катышуучулары жашоосунда абдан китепкөй адамдар экендиги аныкталган.

Көп окуган адам жигердүү жашоо образына ээ болот

  • Коомдук жана маданий органдардын жигердүү катышуучулары жашоосунда абдан китепкөй адамдар экендиги аныкталган.
Эс тутумду жакшыртат Адам китеп окуган сайын жаңы маалыматтарды алуу жана эске тутууга аракет кылуу менен мээсин машыктырган болот. Бул китепти үндү сыртка чыгарып окуу менен ого бетер бекемделет. Андан улам угуп гана коюучуларга салыштырмалуу окуган жана көп жазган адамдардын эс тутуму жакшы, ой жүгүртүүсү тез болот. Андыктан көп окугандан эч качан качпаңыз.

Эс тутумду жакшыртат

  • Адам китеп окуган сайын жаңы маалыматтарды алуу жана эске тутууга аракет кылуу менен мээсин машыктырган болот. Бул китепти үндү сыртка чыгарып окуу менен ого бетер бекемделет. Андан улам угуп гана коюучуларга салыштырмалуу окуган жана көп жазган адамдардын эс тутуму жакшы, ой жүгүртүүсү тез болот. Андыктан көп окугандан эч качан качпаңыз.
Сөз байлыгыңыз кеңейет Китеп окуу маалында окурман көптөгөн жаңы сөздөрдү кезиктирет. Натыйжада аны сөздүктөрдөн карап сөз корун кеңейтет. Эч болбоду дегенде анча түшүнө бербей жүргөн сөзүнүн маанисин тереңден билип алат. Билип алган сөздөр менен адам сөз байлыгын гана кеңейтпестен, билимин да бекемдеген болот.

Сөз байлыгыңыз кеңейет

  • Китеп окуу маалында окурман көптөгөн жаңы сөздөрдү кезиктирет. Натыйжада аны сөздүктөрдөн карап сөз корун кеңейтет. Эч болбоду дегенде анча түшүнө бербей жүргөн сөзүнүн маанисин тереңден билип алат. Билип алган сөздөр менен адам сөз байлыгын гана кеңейтпестен, билимин да бекемдеген болот.
Китеп окуу, жазуу шыгыңызды арттырат.  Китеп окуунун сыйкырынан адам кантип автордун жазуу стилин өзүнө өздөштүрүп алганын байкабай калат. Маселен, бирөөгө кат жазууда жакшы көргөн авторуңуздун чыгармасындагы өзгөчөлүктөрдү өзүңүздүкү сыяктуу эркин колдонуп калган болосуз.

Китеп окуу, жазуу шыгыңызды арттырат.

Китеп окуунун сыйкырынан адам кантип автордун жазуу стилин өзүнө өздөштүрүп алганын байкабай калат. Маселен, бирөөгө кат жазууда жакшы көргөн авторуңуздун чыгармасындагы өзгөчөлүктөрдү өзүңүздүкү сыяктуу эркин колдонуп калган болосуз.

Китепкөйлөрдүн күч-кубаты туруктуу болот. Китеп окубаган жана аз окугандарга салыштырмалуу күн сайын китеп окууну адатка айландыргандар физикалык оорчулуктарды оңой көтөрүшөт. Ошондуктан машыгуу залында оор көнүгүүлөрдү жеңил жана узакка аткара алышат.

Китепкөйлөрдүн күч-кубаты туруктуу болот.

  • Китеп окубаган жана аз окугандарга салыштырмалуу күн сайын китеп окууну адатка айландыргандар физикалык оорчулуктарды оңой көтөрүшөт. Ошондуктан машыгуу залында оор көнүгүүлөрдү жеңил жана узакка аткара алышат.
Ачык айрым болууга жардам берет Китеп окуган адамдардын идеяга бай экенин байкап эле жүрсөңүз керек. Ырас эле китеп жаңы идеялардын булагы болуп саналат. Ошондуктан көп окуган адамдар кичинекейден чоң идея табууга жөндөмдүү келишип, кеңешчилерге анча муктаж болушпайт.

Ачык айрым болууга жардам берет

  • Китеп окуган адамдардын идеяга бай экенин байкап эле жүрсөңүз керек. Ырас эле китеп жаңы идеялардын булагы болуп саналат. Ошондуктан көп окуган адамдар кичинекейден чоң идея табууга жөндөмдүү келишип, кеңешчилерге анча муктаж болушпайт.
Чет тилин үйрөнүүгө жардам берет Дайыма китеп окуган адамдар жаңы нерсени тез түшүнө алышат. Ошондуктан китеп менен дос болгон адамдар чет тилин үйрөнүүдө кыйналышпайт.

Чет тилин үйрөнүүгө жардам берет

  • Дайыма китеп окуган адамдар жаңы нерсени тез түшүнө алышат. Ошондуктан китеп менен дос болгон адамдар чет тилин үйрөнүүдө кыйналышпайт.
Альцгеймер оорусунун алдын алат.   Альцгеймер – эс тутумдун кескин жоголушуна алып келген коркунучтуу оору. Бул оорунун китепти көп окуу менен алдын алса болот. Мээ да башка органдар сыяктуу эле мындай коркунучтуу оорулардан коргонууга муктаж. Андыктан бул абалдан сактанууда китеп окуу эң идеалдуу жол болуп саналат.

Альцгеймер оорусунун алдын алат.

  •   Альцгеймер – эс тутумдун кескин жоголушуна алып келген коркунучтуу оору. Бул оорунун китепти көп окуу менен алдын алса болот. Мээ да башка органдар сыяктуу эле мындай коркунучтуу оорулардан коргонууга муктаж. Андыктан бул абалдан сактанууда китеп окуу эң идеалдуу жол болуп саналат.
Бирге китеп окуу ата-эне менен баланы жакындатат.   Психологдор бала менен бирге китеп окуу аны менен болгон жакындыкты кыйла жакшыртарын байкашкан. Балаңыз менен мамилеңиз мээрим, сүйүү сезимдери менен жакындоосун кааласаңыз, анда аны менен ойноо, телевизор көрүү сыяктуу аракеттериңизди бирге китеп окууга алмаштырыңыз.

Бирге китеп окуу ата-эне менен баланы жакындатат.

  •   Психологдор бала менен бирге китеп окуу аны менен болгон жакындыкты кыйла жакшыртарын байкашкан. Балаңыз менен мамилеңиз мээрим, сүйүү сезимдери менен жакындоосун кааласаңыз, анда аны менен ойноо, телевизор көрүү сыяктуу аракеттериңизди бирге китеп окууга алмаштырыңыз.
Каржылык абалды оңдойт.  Китеп окуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланбаган адамдар 43 пайызды түзүп, натыйжада алар жакырчылыкта күн кечирип келишет. Ал эми каржылык абалды жакшыртууга жол көрсөткөн китептерди окуган адамдарда каржы маселеси аз экендиги маалым.

Каржылык абалды оңдойт. 

  • Китеп окуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланбаган адамдар 43 пайызды түзүп, натыйжада алар жакырчылыкта күн кечирип келишет. Ал эми каржылык абалды жакшыртууга жол көрсөткөн китептерди окуган адамдарда каржы маселеси аз экендиги маалым.
Окуудагы жетишкендиктер Китепти көп окуган балдар окууда жетишкендиктерге көп ээ болушат. Китепти көп окуган жана окуудан ырахат алган окуучулар мектепте артыкчылыктарга ээ болушат. Ошондуктан мындай окуучулар гуманитардык сабактардан гана эмес, илимдердин падышасы болгон математика сабагын кызыгуу менен окуп, оңой өздөштүрө алышат.

Окуудагы жетишкендиктер

  • Китепти көп окуган балдар окууда жетишкендиктерге көп ээ болушат. Китепти көп окуган жана окуудан ырахат алган окуучулар мектепте артыкчылыктарга ээ болушат. Ошондуктан мындай окуучулар гуманитардык сабактардан гана эмес, илимдердин падышасы болгон математика сабагын кызыгуу менен окуп, оңой өздөштүрө алышат.
Китеп жөнүндө кызыктуу маалыматтар М. Горький төрт миң сөздү бир минута ылдамдыкта окуган.  Сталин күнүнө эң аз дегенде 400 барак китеп окуучу.  Т. Эдисон 2-3 сапты дароо бирге окуп,ар бир бетиндеги тексти эстеп калчу. Ал ыкылас коюп, ойду бир жерге топтогонду үйрөнгөн  Ыкчам окуганда караганда жай окуганда көз тез чарчайт. . Адамдардын 95% өтө жай окушат - минутасына 180–220 сөз окушат.

Китеп жөнүндө кызыктуу маалыматтар

  • М. Горький төрт миң сөздү бир минута ылдамдыкта окуган.
  • Сталин күнүнө эң аз дегенде 400 барак китеп окуучу.
  • Т. Эдисон 2-3 сапты дароо бирге окуп,ар бир бетиндеги тексти эстеп калчу. Ал ыкылас коюп, ойду бир жерге топтогонду үйрөнгөн
  • Ыкчам окуганда караганда жай окуганда көз тез чарчайт.
  • . Адамдардын 95% өтө жай окушат - минутасына 180–220 сөз окушат.
Мектеп окуучулары бир сап окуганда 20 регрессивдүү кыймыл жасашат, ал эми студенттер -15  Наполеон бир минутада эки миң сөз ылдамдыкта окуган.  Адам китеп окуп жатканда көздөрү ар тарапты карай берет.
  • Мектеп окуучулары бир сап окуганда 20 регрессивдүү кыймыл жасашат, ал эми студенттер -15
  • Наполеон бир минутада эки миң сөз ылдамдыкта окуган.
  • Адам китеп окуп жатканда көздөрү ар тарапты карай берет.
Үйгө тапшырма Күнүнө канча убакыт китеп окуунун жадыбалын түзүү.

Үйгө тапшырма

  • Күнүнө канча убакыт китеп окуунун жадыбалын түзүү.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!