Просмотр содержимого документа
«Кислоталар жана алардын касиеттери»
Сабактын темасы:Кислоталар
Сабактын максаты:Окуучулар кислоталар жөнүндө кеңири маалымат алышат.Кислоталарды аныктаганды үйрөнүшөт.Окуучулар кислоталардын турлөрун билишет
Сабактын жабдылышы:Туз кислотасы,пробиркалар,цинктин порошогу,индикаторлор
Сабактын журушу:Уюштуруу
Алгач окуучулар менен амандашып,саламдашууну салтыбыздын биринчи орунда турган этикабыз экенин эскерте кетүү менен окуучулар менен саламдашуу.
Жаңы тема:
САбакты баштаардан мурда келгиле балдар силер ээмне жегенде кычкыл даамды сезесиңер ?
Окуучулар өз ойлорун айтышат.....
Демек силер жеген :лимон,киви,алча ж.б баардыгын жей турган кислоталар же кычкылдар бар экен.Ал эми даамын татууга ,керек болсо жыттап көрүүгө да болбогон кислоталар менен силер бүгүнкү сабакта таанышасыңар.
Кислоталар суюк,катуу жана газ абалында болушат.
Кислота деп кураамында бир же бир нече суутек атомунан жана кислота калдыктарынан турган тааал заттарды айтабыз
Кислоталар үчкө бөлунөт:
Бир негиздүү :HCL,HNO3
Эки негиздүү H2SO4,H2CO3
Уч негиздүу H3PO4болуп бөлүнөт
Жана дагы кычкылтектүу ,кычкылтексиз болуп бөлүнөт
Кычкылтектүүлөр:азот,күкүрт,көмүр,фосфор жана кремний кислоталары
Кычкылтексиз кислоталар:туз жана плавик кислоталары
Кислоталарды аныктоо үчүн индикаторлорду колдонушат
Индикаторлорго:лакмус кагазы,фенолфталейин ж.б
Идишке куюлган эритмелердин килота же кислота эмес экенин аныкташ үчүн суюктука лакмус кагазын салсак анн оңу кызарат же көк болот же такыр эле өңү өзгөрбөйт
Кызыл өң:кислота
Көк өң:щелочь чөйрө болуп эсептелет
Өңү өзгөрбөсө:нейтралдуу
Демек индикатордун жардамы менен биз колдонгон заттардын чөйрөсүнө карап,алардын кислота же негиз экенин билет экенбиз
Кислоталардын химиялык касиети:
Адегенде1- пробиркадагы туз кислотасына бир кесек цинк металлын салсак жана 2-пробиркадагы туз кислотасына темирдин күкүмүн салып ,алардын реакциясын байкайбыз.Реакцияда цинк салынган пробиркадагы реакция ,темирдин күкүму салынган пробиркада алда канча ылдам журөт.Демек реакциянын ылдамдыгы майда заттар менен бат кирет экен
Zn+2HCL=ZnCL2+H2
Mg+2HCl=MgCL2+H2
Fe+2HCL=FeCL2+H2
Cu+HCL=/