СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Хан Академия сайты

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Хан Академия сайты»

Сабактын темасы: Хан Академия сайтын колдонуу.

Сабактын максаты: Мектепте математика мугалимдеринин математика сабагын окутууда дуйнолук тенденцияны айкалыштыруу.

Сабактын тиби: сабак тренинг

Усулдар: интерактивдуу, стем методу.

  1. Киришүү бөлугу (5 мүнөт, мини лекция)

Урматтуу кесиптештер, ал ар бир баланын таанып-билүүчүлүк кызыгуусун, интеллектуалдык-чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү биздин жамааттын ишиндеги милдеттерден экенин билесиздер. Когнитивдик кызыгуу, интеллектуалдык потенциалды ар кандай жолдор менен өнүктүрсө болот. Биз мектепте окуучулардын математика сабагыны бардык эле окуучу өздөштүрө албашын билебиз. Ошол эле учурда математика сабагына кызыктыруу ар кандай ыкмаларды, технолгияны пайдалануубуз зарыл. Балдар менен иштөө педагогикалык сабаттуу, максатка ылайыктуу жана балдар үчүн кызыктуу болушу үчүн турдуу формадагы сабактарды, иш-чараларды откорүүбүз зарыл. Ушул эле максат менен бүгүн биз сиздер менен "Хан Академия сайтын колдонуу" деген темада сабак тренинг отуп жатабыз. Илимдин жана техниканын өнүгүшү, жалпы компьютерлештирүү өсүп келе жаткан муундун математикалык өнүгүүсүнүн ролун аныктайт. Балдарды калыптандыруу жана математикалык өнүктүрүү маселеси мектепте билим берүү системасында актуалдуу маселелердин бири болуп саналат.

Атактуу агартуучу жана ишкер, 2012-жылы дүйнөдөгү 100 таасирдүү адамдын катарына кирген  Салман Хан АКШнын Жаңы Орлеанына келип отурукташкан мигранттардын үй-бүлөсүндө, 1976-жылы 11-октябрда төрөлгөн. Атасы Бангладештин Барисала, ал эми энеси Индиянын Калькутта шаарынан келген эле. Салман Хан математика, электротехника, компьютердик илим боюнча магистрдик даражага ээ.

Салман Хандын альтернативдүү билим алуу, болгондо да планшеттен алуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгышына жээни Надя себепкер болгон. Салмандын үйлөнүү үлпөтүнө келген 12 жаштагы Надя менен баарлашканда, анын математикадан болгон тесттин жыйынтыгынан басынып, өзүн өтө төмөн баалап турганын билет. Ал канчалык аракет кылса дагы математика сабагын өздөштүрүүдө эч майнап чыкпай кыйналып жатканын билет. Эгерде ийгиликтүү окубаса, улам артта кала берүүсү шексиз экендигин сезген Салман, анын апасына Надяны аралыктан (жээни Жаңы Орлеанда, Салман Бостондо жашайт эле) окутам деп убадасын берет.

Надяга өзүнө ишенүүгө, өз алдынча билим алууга жардам берип, өзүнүн күчүнө ишенимин кайтарып келүүгө шарт түзүү зарыл болчу. Ошентип алгачкы интернет аркылуу математиканы окутууну баштаган.

Албетте, алгач кызга да, Салманга да өтө оор болгон. Бирок натыйжасы өтө жогору болду. Надя математиканы эң мыкты өздөштүрүп, өзү каалаган окуу жайына өттү.

Хан өзүнүн жээнине математика сабагынан жардам берип, убактысы тардыгынан сабактарды видеого тартып, YouTube каналына жүктөп турууну сунуштайт. Видеосабактарды миллиондогон адамдар кызыгуу менен көрүп, татаал математикалык формулалардын жөнөкөй түшүндүрүлгөндүгү көпчүлүктү дароо өзүнө тарткан. Окуучулар жана алардын ата-энелеринен ыраазылык каттарын ала баштаган.

Алар мектептеги татаал, түшүнүксүз формулаларды Хандын видеосабактарынан оңой эле түшүнүп алышкандыктарын жазышкан. Бул ой-пикирлер Хандын пландарын кескин өзгөртүп, өз жумушун таштап, окуучуларга зарыл болгон видеосабактарды жаратууга бардык убактысын жумшоого түртөт. Ошентип беш "Хан Академиясын" негиздейт. 2021-жылдын июль айына карата “Хан Академиясынын” YouTube каналына 8035 видеосабак жүктөлүп, 6,7 миллион адам жазылып, 1,8 миллиарддан ашуун жолу көрүлгөн

Салмандын телефон, скайп анан барып YouTube каналына иштеп чыккан сабактарын учурда миллиондогон адамдар пайдаланып, ал сабактар 51 тилге которулуп, анын ичинде 51-котормо болуп кыргыз тилине которулган.

Хан Академия сайтына катталып, пайдалануу учун ишке киришели.

  1. Тушундуруу (Сайтка катталуу, презентация 20 мунот)

  2. Сайтта класс тузуу, тапшырма дайындоо ( 5 мунот, сайтта аткарылат)

  3. Конугуулорун иштеп коруу. (5 мунот, сайтта иштелет)

  4. Жыйынтыктоо болугу (кайтарым байланыш, талкуу 10 мунот)

Учурда мезгил, доор, экономика, технология озгоргон заманда дагы эле инсанды калыптандырууда жаратмандарды эмес аткаруучуларды даярдоого, инсандын эркиндигине эмес, аларды башкарууга ынгайлашкан, коп турдуу ой жугуртууго эмес, бир тараптуу гана коз карашка ээ, жеке позициясы жок, ээрчиме муноз калыптоого багытталган консервативдуу жана императивдуу ыкманын туруктуу жашап келе жатышы. Мезгил талабына ылайык, окуучулардын кызыгуусуна карап сайттар менен иштоону, оз алдынча изденууго багыт беруубуз керек.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!