СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Иш кагаздары боюнча экзамендик тапшырмалар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Иш кагаздары боюнча экзамендик тапшырмалар 

Просмотр содержимого документа
«Иш кагаздары боюнча экзамендик тапшырмалар»

Иш кагаздары боюнча экзамендик тапшырмалар:

  1. Өмүр баян кайсы жактар тарабынан жазылат?

а) 1-3- жактар; б) 1-2-жактар;

в) 2-3-жактар; г) 1-2-3-жактар;

  1. Жарыя менен кулактандыруунун айырмасы эмнеде?

а) Кулактандырууда маалымат толугу менен берилсе, жарыя кыскача жазылат;

б) Жарыя жалпы көпчүлүккө, ал эми кулактандыруу белгилүү топко арналат;

в) Кулактандыруу мекемелерде колдонулса, жарыя соода-сатыкта пайдаланылат;

г) Эч кандай айырмасы жок.

  1. Арызда жетекчинин аты-жөнү кандай жазылат?

а) Жетекчинин аты жана атасынын аты фамилиясынан кийин берилет;

б) Жетекчинин аты-жөнү толугу менен жазылат;

в) Жетекчинин фамилиясы кыскартылып, аты жана атасынын аты толугу менен жазылат;

г) Жетекчинин аты жана атасынын аты кыскартылып, фамилиясынан мурун жазылат.

  1. Иш кагаздар стили башка стилдерден эмнеси менен айырмаланат?

а) Кыскалыгы жана тактыгы менен;

б) Байыркылыгы жана көп изилденгендиги менен;

в) Көркөмдүгү жана кыскалыгы менен;

г) Олуттуулугу жана белгилүү чөйрөдө колдонулгандыгы менен.

  1. Бирөөдөн буюм, акча ж.б. нерсени алгандыгын тастыктоо үчүн жазылуучу иш кагазы?

а) Ишеним кат; б) Маалымдама;

в) Тил кат; г) Аныктама.

  1. Мүнөздөмөдө адамдын ......

а)ишинде болгон ийгиликтери жана кемчиликтери, ишке, кесиптештерине болгон мамилеси көрсөтүлөт;

б) ишинде болгон ийгиликтери, ишке, кесиптештерине болгон мамилеси көрсөтүлөт;

в) ишинде болгон кемчиликтери, коомчулукта өзүн алып жүрүүсү көрсөтүлөт;

г) адамдын ишинде болгон маселелер, жолдошторунун арасындагы орду көрсөтүлөт.

  1. Чакыруу катында ........................ жана ............................... дайыма сакталат.

а) көркөмдүк // олуттуулук; б) расмийлүүлүк // салтанаттуулук;

в) ишенимдүүлүк // туруктуулук; г) сулуулук // кооздук.

  1. Төмөндөгү кайсы сүйлөм кулактандырууга тиешелүү?

а) Мен, Аманбаев Жайнак, 1997-жылы Талас облусунун Талас шаарында туулгам.

б) Тиешелүү чара көрүүӊүздү өтүнөм.

в) Аманалиев Бакыт эч себепсиз ишке келбегендигин билдирем.

г) Жолугушуу саат 12.00дө башталат.

9. Иш кагазында “тиркеме” кайсы учурда кошумчаланат?

а) Кошумча иш кагаздары болгондо; б) Кошумча иш кагаздары жок болгондо;

в) Иш кагазынын стилине байланыштуу; г) Иш кагазын жазган адамдын каалоосуна

байланыштуу.

10. Кызматкердин ишинде кемчилик болгондо жетекчи жаза катары жаздыруучу иш кагазы?

а) Тил кат; б) Аныктама;

в) Түшүнүк кат; г) Таржымал.

11. Кырдаалга жараша бир нече адам биригип жазган иш кагазы?

а) Протокол; б) Доо арызы;

в) Мүнөздөмө; г) Топтук арыз;

12. Мүнөздөмө-жолдомо менен өндүрүштүк мүнөздөмө эмнеси менен айырмаланат?

а) Өндүрүштүк мүнөздөмөгө эки жетекчи кол коёт, ал эми мүнөздөмө-жолдомого бир нече жетекчи кол коёт;

б) Өндүрүштүк мүнөздөмө мекемелерде колдонулса, мүнөздөмө-жолдомо жогорку жетекчиликте пайдаланылат;

в) Мүнөздөмө-жолдомо уюмдун жыйынында бекитилет, ал эми өндүрүштүк мүнөздөмөгө жыйындын чечими талап кылынбайт;

г) Өндүрүштүк мүнөздөмөгө чет өлкөгө бара турган адамга берилет, мүнөздөмө-жолдомо ишке орношуп жаткан адамга берилет.

  1. Башка адамга кандайдыр бир ишти дайындап, аны өкүл катары көрсөткөндө жазылуучу иш кагазы?

а) Тил кат; б) Кепилдеме;

в) Сураныч кат; г) Ишеним кат.

  1. Арызда канча маалым дарек колдонулат?

а) Он; б) Сегиз;

в) Жети; г) Он бир.

  1. Буйрук – бул ....................................................

а) Жогорку жетекчилик тарабынан колдонулган, бирок жалпы кызматкерлерге тиешелүү болбогон иш кагазы;

б) мекеме аралык колдонулуучу укук документинин бир түрү;

в) мекеменин башкаруу органдарынын жетекчилеринин жеке бийлигине негизделген укук документи;

г) Кызматка орноштурууда жана кызматтан алууда гана колдонулган иш кагазы.

  1. Өздүк иш кагаздарына кайсылар кирет?

а) арыз, өмүр баян, маалымкат, жарлык, тил кат

б) түшүнүк кат, арыз, өмүр баян, буйрук ж.б.

в) дарек, чакыруу, жарыя, жобо, кулактандыруу, тил кат ж.б.

г) өмүр баян, арыз. тил кат, таржымал ж.б.

  1. Каратма сөз колдонулган сүйлөм кайсы иш кагазында кездешет?

а) Өмүр баянда;

б) Чакыруу катта;

в) Тил катта;

г) Таржымалда.

  1. Төмөндөгү кайсы сүйлөм түшүнүк катка тиешелүү?

а) Мен, Аманбаев Жайнак, 1997-жылы Талас облусунун Талас шаарында туулгам.

б) Ден соолугума байланыштуу ооруканага барып, кармалып калдым.

в) Аманалиев Бакыт эч себепсиз ишке келбегендигин билдирем.

г) Жолугушуу саат 12.00дө башталат.

19. Адам өзү жөнүндө абдан кыска жана так маалымат бере алган иш кагазы?

а) Таржымал;

б) Өмүр баян;

в) Мүнөздөмө;

г) Кепилдеме.

20. “Доогер”, “жоопкер” деген сөздөр колдонулган иш кагазы?

а) Арыз; б) Доо кат;

в) Доо арызы; г) Сураныч кат.

21. Түшүнүк кат кандай болуп бөлүнөт?

а) Өздүк жана расмий; б) Жеке жана жалпы;

в) Ички жана тышкы; г) Жөнөкөй жана татаал.

22. «Кабыл алынсын», «дайындалсын» деген сөздөр кездешкен иш кагазы?

а) Арыз; б) Доо кат;

в) Доо арызы; г) Буйрук.

23. Буйруктун кандай түрлөрү бар?

а) Жалпы ишмердүүлүк боюнча буйрук жана өздүк курам боюнча буйрук;

б) Мезгилдүү буйрук жана мезгил чектелбеген буйрук;

в) Ишке алуу боюнча буйрук жана иштен алуу боюнча буйрук;

г) Көрсөтмөлүү буйрук жана буйрутма.

24. Иш кагаздарын жазууда кайсы сөздөр колдонулбайт?

а) диалектизмдер б) синонимдер

в) терминдер г) кызматчы сөздөр

25. Өндүрүштүк мүнөздөмө кандай максатта жазылат?

а) Адамдын мүнөзү, ишке болгон мамилеси жөнүндө маалымат берүү үчүн;

б) Чет өлкөгө чыгып жаткан адамга жолдомо катары жазылат;

в) Адамдын ишиндеги ийгиликтерин белгилөө үчүн;

г) Башка ишке өткөн учурда жазылат.









Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!