СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Информатика сабагы 5-кл

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Информатика сабагы 5-кл»

Казат Чодошев атындагы орто мектебинин математика-информатика мугалими Бекмамат кызы Батма

Предмет:______________________Классы:_____________Мөөнөтү:”___”___________2023-ж.

Сабактын темасы:__Практикалык саат__________________________________





Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

Сабак максатына жетет дейбиз.

Эгерде окуучулар:

А) Графикалык берилиштер боюнча алган билимдерин бекемдешет. Бейсик программалоо тилинде кесинди жана тик бурчтукту сызуунун практикалык ыкмаларын көрсөтүшөт.

Экранды графикалык режимге өткөрүүнү билишсе;

Кесиндини жана тик бурчтукту сызуучу операторлорду билишсе;


Б) Компьютерде иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.

Компьютерде иштей алышса;

В) Жуптарда бири-бири менен мамиле түзүүгө, биринин оюн уга билүүгө тарбияланышат.

Эгерде окуучулар жупта биргелешип иштей алышса, башкалардын оюн уга билишсе;



Сабактын тиби: билимдерин,билгичтиктерин жалпылоо сабагы.

Сабактын формасы: жуптарда жана жекече иштөө.

Сабактын усулу: интерактивдүү

Сабактын жабдылышы: ноутбук,проектор,таркатмалар,карточкалар,баалоо баракчалары,ж.б.



Сабактын этабы

Мугалимдин иш-аракети

Окуучулардын иш-аракети

Баалоо

1.Уюштуруу.













2.Жагымдуу

маанай

түзүү













3.Алтын

эреже

кабыл

алуу

Мугалим класстын гигиеналык абалына, окуучулардын сабакка даярдыгына көз жүгүртөт, саламдашат.

-Саламатсыңарбы?

-Кутмандуу күн балдар.

-Кубанычтуу болсун күнүңөр.

Катышууну тактайт.

-Анда эмесе балдар,сабагыбызды маанай оюну менен баштасак.

  • Бүгүн маанайыңар кандай?

  • Эшикте күн кандай?

  • Өзүңөрдү жакшы сезип жатасыңарбы?

(Балдардын ордунан туруусу абдан маанилүү,анткени бул учурда алардын сабактагы маанайын байкоого болот)



-Балдар сабак баштоонун алдында алтын эрежелерди түзүп алалы.




Окуучулар саламдашат,окуу куралдарын алышат.

-Саламатсызбы!

-Кутман күнүңүз менен!



Кезекчи билдирүүсүн айтат.





  • Кол чабышат

  • Суук болсо эки колду ушалайт.

  • Ордунан турат









-Компьютерде отуруунун эрежелерин сактоо

-Активдүү болуу

-Кол көтөрүп сүйлөө

-Тынчтыкты сактоо

-Убакытты туура пайдалануу




Ыраазычылык билдирүү



Үй тапшырма текшерүү

Мугалим тик бурчтук формасындагы түстүү карточкалар аркылуу окуучуларды жуптарга бөлөт.

Баалоо баракчаларын таратат.

-Үйгө тапшырма эмне берилген?

Мугалим слайд аркылуу үй тапшырманын туура чыгарылышын текшерет.

Балдардан күндү сурайт жана доскага жазат.Сабактын темасын жарыялап, максатын айтат

Окуучулар бирден карточка алышат.Эгерде окуучулар-дын саны так болуп калса,анда мугалим да бир карточка алуусу тийиш. Карточкаларды көкүрөктө-рүнө илип алышат.

-Беш бурчтуктун сүрөтүн тартып келүү берилген.

Жуптар бири-биринин тапшырмаларын текшеришет

Балдар жооп беришет.

Дептерлерине жазышат.

Баалоо карточкалары берилет

Билимдерин

практикада

колдонуу

Эшик такылдайт. Катчы кат берет.

Балдар бизге мындай кат келиптир.

Катты ачалыбы?

Кызыктуу болуп жатабы?



Теориялык жана практикалык тапшырмалар берилет.

Теориялык тапшырмалар 10 суроодон турат.Слайд көрсөтүлөт.

Таркатмалар таратылат.

Практикалык тапшырмалар 3 шарт берилет.

  1. Кесинди сызуу

  2. Тик бурчтук сызуу

  3. Ичи боёлгон тик бурчтук сызуу

Көздү эс алдыруучу көнүгүү жасатат.


-катты угат;

-тапшырмаларга жооп берет



-балдар жекече иштеп, жуптары менен дептерлерин алмаштырып бири-бирин текшеришет.(ар бир туура жоопко 1 упай берилет)



Окуучулар жуптары менен биргеликте практикалык тапшырманы аткарып, жумуштарын монитордон көрсөтөт.

Көнүгүүлөрдү жасашат

Бири-бирин баалоо

Жыйынтык

тоо

Азаматсыңар!

а) Балдар бири-бириңердин ишиңерди текшерүүдө кандай пайдалуу жактары болду жана кандай сезимдерге туш болдуңар?

б) Программа түзүүдө кандай кыйынчылыктар болду жана аларды кантип жеңдиңер?


Мындай иш-аракеттер аркылуу окуучулар алган билимдерин бекемдешет, бири-биринин эмгегин баалоого,өзүнүн иштерин анализдөөгө үйрөнүшөт. Өзүнө болгон ишеними артат,өз ара жардамдашуу нун зарылчылыгын сезет.


Окуучулар-дын билимин

баалоо

Баалоонун критерийи:

1.Үй тапшырманы аткаруусу(3,4,5упай)

2.Теориялык тапшырмасы. (ар бир туура жоопко 1 упай берилет)

3.Практикалык тапшырма:

(3-“5”; 2-“4”; 1-“3”)

4.Жуптар менен активдүү катышкандагы үчүн (1 упай)

Окуучулар чогулткан карточкалар менен бааланат,кайсы жуп алдында экенин айтат.

Бүгүнкү сабакта эң көп упай топтогон окуучулардын иштерин келген дарекке жөнөтөбүз.



Топтогон упайларын санашат,төмөнкү шкаланын негизинде баалашат:

Упайлары: 19-21болсо,”5”

15-18болсо,”4”

12-14болсо,”3”



Бааларын күндөлүккө койдурушат.






Бири-бирин, өзүн-өзү

баалоо



Үйгө тапшырма



Үйдүн сүрөтүн тартуучу программа түзүү




Үй тапшырмасын белгилейт. Күндөлүктөрүнө жазат.






Түстөрдүн коддору



Код

Түстөр

0

Кара

1

Көк

2

Жашыл

3

Көгүш

4

Кызыл

5



Ток пушту

6

Күрөң

7



Ачык боз

8

Ток боз

9



Ачык көк

10



Ачык жашыл

11



Ачык көгүш

12



Ачык кызыл

13



Ачык пушту

14

Сары

15

Ак



Саламатсыңарбы балдар! Силер үчүн “Аймактарды өнүктүрүү жылынын” алкагында сынак жарыялаганбыз.Ал сынак 2 тапшырмадан турат:

  1. Теориялык

  2. Практикалык

Эгерде бул тапшырмаларды туура,так аткарсаңар, анда дүйнөнүн “Google” жана “Microsoft” компанияларында програмист болуп окуу жана иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ боло аласыңар.

Силер билгендей бул компанияларда жердештериңер иштейт.

Алар Абдухалиев Акжол “Google” компаниясынын, Жолдошев Эмил “Microsoft” компаниясынын эң алдыңкы програмисттери.исфана шаарындагы №1 гимназиянын бүтүрүүчүлөрү.

Билимдүү болсоң озосуң,билимсиз болсоң тозосуң.









Мугалим: Балдар бүгүнкү сабакта озобузбу же тескерисинчеби?

Балдар: озобуз

Мугалим: -Азаматсыңар! Анда бул сынакка тапшырмаларды так аткарган жана эң көп упай топтогон окуучулардын иштерин жөнөтөбүз. Макулсуңарбы?



























Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!