СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Информатика аалам терезеси

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Информатика аалам терезеси»

Шапак Рысмендеев атындагы орто мектеби













«Информатика-аалам терезеси» аттуу конкурстун сценарийи









Мугалим: Касымбек кызы Зарина













Кара-Суу айылы 2018-жыл

Арыбаңыздар урматтуу коноктор, улуу журтубуздун уучун улап, илим үчүн талыкпай иштеп келе жаткан эже-агайлар жана окуучулар.

Бүгүн «Информатика- аалам терезеси» аттуу конкурсубузга куш келипсиздер!


Мугалим жан дүйнөнүн күзгүсү,

Сенде деймин жакшы өнөрдүн үлгүсү.

Сенден окуп чыкпагандар жокко эсе,

Аркалаган кесиптердин үлгүсү демекчи урматтуу эжей-агайлар! Бүгүнкү конкурска куш келиңиздер деп «Информатика-аалам терезеси» конкурсун баштоого уруксаат этиңиздер.


Анда эмесе 9-а классынын окуучуларынан түзүлгөн «Компьютер» командасын жана 9-б классынын окуучуларынан түзүлгөн «Chrom» командаларын дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алсак.

Анда эмесе бүгүнкү «Информатика -аалам терезеси» аттуу конкурстун программасы менен тааныштырып өтсөм.


1 Саламдашуу

2 Информатикага байланыштуу көрүнүш

3 Кол өнрчүлүк

4 Обондуу ыр

5 Филворддор


Майрам күндүн шарапатын билдирип,

Шаңдуу-шаңдуу чыксын үнүңөр.

Кана эмесе өтүп жаткан конкурска,

Келе турган калыстарды чакырсак.


Анда эмесе калыстар тобу менен тааныштырып өтсөм


Тактап иштеп келатат деп угамын,

Сабактардын сапаттарын текшерип.

Жыйынтыгын чыгарат деп угамын,

Алдыңыздарга мектеп директору Асанова Алма эжейди чакырып алсак.


Окуучуңду артык көрүп балаңдан,

Окуучулар чыкпайт такыр санааңдан.

Ызаат тапкын, урмат тапкын эң бийик,

Адамзатка билим берген калааңдан демекчи мектептин информатика мугалими Атаканова Клара эжейди чакырып алсак.


Мектеп, сабак , окуучу деп жанасың,

Өйдө көрүп өзгөлөрдүн баласын,

Арттырам деп сабактардын сапатын,

Мыкты-мыкты усулдарды табасың, алдыңыздарга ОВВР Акималиева Айнура эжейди чакырып алсак.




1Саламдашуу

Оо калайык калың журт

Саламдашуу салт экен.

Эң биринчи саламдашуу,

Бул майрамдын салты экен.

Кезек саламдашууда


Анда эмесе калыстар тобу «Компьютер» командасына берген бааңыздар, ал эми «Chrom» командасына берген бааңыздар.


2 Көрүнүш

Окуп билип алга карай баратам,

Келечекте көп нерсени жаратам.

Аман болсом кыргызымдын атагын,

Ант беремин бүт дүйнөгө таанытам.


Кезек көрүнүштө


Анда эмесе калыстар тобу «Компьютер» командасына берген бааңыздар, ал эми «Chrom» командасына берген бааңыздар.

3 Кол өнөрчүлүк

Өнөрүң болсо өргө чап ,деген сөз бар элимде,

Колунан көркү төгүлгөн ууздар бар жеримде.

Кана балдар келгиле, бүгүнкү кеченин көркүн ачып бергиле.

Колуңардан эмне келет бизге көрсөтүп бергиле.


Анда эмесе калыстар тобу «Компьютер» командасына берген бааңыздар, ал эми «Chrom» командасына берген бааңыздар.

4 Обондуу ыр

Булбул сайрайт миң кубултуп ыры менен,

Адамды да сергитет го ыры менен.

Биз угалы мукам үндүү ырлардан.

Эмесе кезек келди ырларага


Анда эмесе калыстар тобу «Компьютер» командасына берген бааңыздар, ал эми «Chrom» командасына берген бааңыздар.

5 Филворддор

Анда эмесе калыстар тобу «Компьютер» командасына берген бааңыздар, ал эми «Chrom» командасына берген бааңыздар.


Кезек калыстар тобунда.


Ушуну менен бүгүнкү кечебиз соңуна чыкты, көңүл бурганыңыздарга чоң ырахмат














Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!