СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ийгиликке карай он кадам

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ийгилик деген эмне?

Просмотр содержимого документа
«Ийгиликке карай он кадам»

Бекитемин

2018

2019

2020

2021

2022







Физика 7-кл.Сабактын темасы :Нерселердин өз ара аракеттешүүсү.Күч.

Сабактын максаттары

Кутулуучу натыйжалар,корсоткучтору

Билим беруучулук:Окуучуларга күч - бул нерселердин өз ара аракеттенишүүсүнүн сандык мүнөздөмөсү экендигин түшүндурү ү оз ара аракеттенишүүнүн негизинде пайда болуучу кубулуштарды айкындап, анын пайда болуу себебин ачып көрсөтүү. Куч бул физикалык чоңдук болгондуктан, анын энчилүү белгиси жана бирдиги менен окуучуларды тааныштыруу.

Натыйжага жете алат эгерде окуучу: нерселердин өз ара аракеттешүүсүнүн физикалык маанисин жана эрежесин айта алса

Өнүктүрүүчүлүк:Окуучулар темага карата турмуштан мисал келтирүүгөкөнүгөт

Натыйжага жете алат эгерде окуучу:турмуштан мисал келтире алышса,алардын маанисин түшүндүрө алышса

Тарбиялык:жаратылышка аяр мамиле жасоого көнүгөт

Натыйжага жете алат эгерде окуучу:жаратылышка аяр сезим пайда болсо


Сабактын тиби: жаны билим беруучулук

Усулдар : салттык усулдар

Жабдылышы : окуу китеби,суроттор,анимациялар,видеоматериалдар,ж.б.



Сабактын жүрүшү:

Этап

Убакыт

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Компетенттуулук

баалоо

уюштуруу

3 мин

Саламдашат, жагымдуу маанай тузот

Саламдашат ,жагымдуу маанайда сабакка киришет,Окуу куралдарын даярдашат

НК3

ПК2

маанай

Уй тапшырмасын текшеруу

12 мин

Уйго берилген тапшырманы текшеруу,окуучулардын дептерлерин текшеруу,суроо беру,

-физика эмнени окутат

-физикалык чондуктарга мисалдар келтиргиле

Уй тапшырмасын кайталашат суроолорго жооп беришет,оз ара суроо беришет

Тапшырманы аткаруу б/ча жоопкерчиликке ээ болушат

НК2

ПК1

формативдик

Жаны теманы тушундуруу

20 мин

Нерселердин өз ара аракеттенишүүсү жөнүндө түшүнүк берилет. Турмуштан мисалдар келтирилет.


Окуучулар ой жугуртуп жооп беришет,турдуу жоопторду айтышат

Кайсы жооп туура экенине өздөрү ынанышат,кыймылды түшүнүшөт.

НК1

ПК1, ПК2


Бышыктоо рефлекция

6 мин

Суроолор берилет,проблемалар коюлат,

1.нерсенин кыймылга келүүсүнүн себеби эмнеде?

2. кайсы учурда нерсе кыймылга келет?

3.кыймылдап бара жаткан нерсенин токтоп калуусуна эмн« лер себеп болот?

4.кыймылдын ылдамдыгынын өзгөрүшүн кандайча түшүн дүрсө болот?


Жооп беришет талкуулашат,предметтер аралык байланыштырат,жооп беришет,суроо тузушот



суммативдик

Тапшырма баалоо

4 мин

Китептен тапшырма берет окуучуларды баалайт







Теманын кыскача мазмуну-

  • Жогорудагы суроолорго жооп табуу үчүн кинематика бөлүмүндөгү материалдарды билүү жетишсиз. Ошондуктан физика курсунун жаңы бөлүмүн окуу керек. Ал «динамика» деп аталат. Ал гректин сөзү. Бизче «күч» деген маанини берет.

Динамика - физиканын нерсенин кыймылынын ага араке жасоочу күчкө көз карандылыгын үйрөтүүчү бөлүгү болуп эсег телет. Демек, динамика курсундагы негизги түшүнүк - бул күч Күч деген эмне? Ал нерселердин ортосундагы кандай карым катнашты көрсөтөт?

  • Күч түшүнүгүн окуучуларга тааныштыруунун жана түшүң ДҮРҮҮнүн эки жолун сунуш кылууга болот. 1. Күч - нерселерди: оз ара аракеттенишүүсүн мүнөздөөчү физикалык чоңдук деген аныктаманы берип, андан кийин оз ара аракеттешүүнүн мүнөзүн түрлөрүн түшүндүрсө болот. 2. Алгач оз ара аракеттенишүүн^ анын негизинде пайда болуучу кубулуштарды түшүндүрүп, аны; негизинде күчтүн аныктамасы берилет. Андан кийин күч түшү нүгүнүн маңыздуу белгилери такталып, энчиленип берилге: белгиси коюлуп, анын бирдиги 1 ньютон айтылат.

Биздин оюбузча бул теманы өтүүдө экинчи жолду танда( алуу ыңгайлуу. Анткени бул жол окуучулардын ой жүгүртү мүмкүнчүлүгүнө дал келет. Белгилүү кубулуштарды, ар канда мисалдарды келтирүүгө ыңгайлуу. Алар окуучуларга жетки ликтүү. Физика илиминде коюлган суроолорго жооп берүү үчү! жаңы терминдерди, аталыштарды киргизүү ыкмасы бар экея диги айтылат да, күч түшүнүгү киргизилип, анын мазмуну түшүц дүрүлөт. Мындай ыкманы колдонуу окуу китебиндеги текстти; түзүлүш логикасына да туура келет.

Түшүндүрүүнүн башталышында эле мугалим окуучуларп «күч» түшүнүгүн өздөштүрүүнүн жалпы планын сунуш кылат Акырында пландын суроолоруна төмөнкүдөй жооптор алынат.

  1. Күч нерселердин өз ара аракеттенишүүлөрүн мүнөздөйт.|

  2. Нерселердин өз ара аракеттенишүүлөрүнүн натыйжасыи да алар деформацияланат же кыймылынын ылдамдыгы өзгөрөт,]

  3. Нерселердин өз ара аракеттенишүүлөрүн сан жагынан муноздеөчү физикалык чоңдук күч деп аталат.

  4. Куч F-тамгасы м/н белгиленет. Анын бирдиги 1 Н (Ньютон)









Бекитемин

2018

2019

2020

2021

2022







Физика 7-клСабактын темасы: Инерция. Инерттүүлүк. Ньютондун биринчи закону.

Сабактын максаттары

Кутулуучу натыйжалар,корсоткучтору

Билим беруучулук:Инерция жана инерттүүлүк түшүнүктөр жөнүндө алгачкы маалымат берүү. Алардын айырмасын, башкача айтканда инерция кубулуш, ал эми инерттүүлүк нерсенин касиети экендигин ачып көрсөтүү. Ньютондун биринчи законунун маанисин жөнөкөй мисалдардын негизинде түшүндүрүү.

Натыйжага жете алат эгерде окуучу: инерция менен инерттүүлүктүн айырмасын билсе.

Ньютондун биринчи законунун маанисин жөнөкөй мисалдарда түшүндүрө алса.

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар темага карата турмуштан мисал келтирүүгө көнүгөт

Натыйжага жете алат эгерде окуучу:турмуштан мисал келтире алышса, алардын маанисин түшүндүрө алышса

Тарбиялык:жаратылышка аяр мамиле жасоого көнүгөт

Натыйжага жете алат эгерде окуучу:жаратылышка аяр сезим пайда болсо


Сабактын тиби: жаны билим беруучулук

Усулдар : салттык усулдар

Жабдылышы : окуу китеби,суроттор,анимациялар,видеоматериалдар,ж.б.



Сабактын жүрүшү:

Этап

Убакыт

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Компетенттуулук

баалоо

уюштуруу

3 мин

Саламдашат, жагымдуу маанай тузот

Саламдашат ,жагымдуу маанайда сабакка киришет,Окуу куралдарын даярдашат

НК3

ПК2

маанай

Үй тапшырмасын текшеруу

12 мин

Уйго берилген тапшырманы текшеруу,окуучулардын дептерлерин текшеруу,суроо берүү,

-нерселердин бири-бирине жасаган аракетине мисал кел тиргиле;

-нерселер бири-бири менен өзара аракеттенишкенде кандай өзгөрүүлөр болот?

-күч деген эмне?

-күч түшүнүгү ылдамдык жана ылдамдануу түшүнүктөрүне эмнеси менен айырмаланат?

-күч чоңдугунун мүнөзү кандай? Вектордукпу же скаляр дыкпы?

-күч кандай тамга менен белгиленет?

-күчтүн бирдиги үчүн эмне алынат?


Уй тапшырмасын кайталашат суроолорго жооп беришет,өз ара суроо беришет

Тапшырманы аткаруу б/ча жоопкерчиликке ээ болушат

НК2

ПК1

формативдик

Жаны теманы тушундуруу

20 мин

Ньютондун биринчи закону боюнча түшүнүк берилет. Турмуштан мисалдар келтирилет.


Окуучулар ой жугур туп жооп беришет , тур дуу жоопторду айты шат Кайсы жооп туура экенине өздөрү ынанышат,кыймылды түшүнүшөт.

НК1

ПК1, ПК2


Бышыктоо рефлекция

6 мин

Суроолор берилет,проблемалар

-Горизонталдык түз жолдо кыймылдаткычы иштеген ав­томашина бир калыпта кыймылдап келе жатат. Бул кубулуш Ньютондун биринчи закону менен кандай байланышта. Закон- го каршы келбейби?

-Закондун эрежеси кандайча айтылат?


Жооп беришет талкуулашат,предметтер аралык байланыштырат,жооп беришет,суроо тузушот



суммативдик

Тапшырма баалоо

4 мин

Китептен тапшырма берет окуучуларды баалайт







Теманын кыскача мазмуну-

. Ар кандай өз ара аракеттенишүүлөрдү талдоонун негизш нерселер өзүнүн тынч туруу же бир калыптагы кыймыл абалы! сактай ала тургандыгы түшүндүрүлөт. Нерсенин өз абалын сактоого умтулуусу инерциядеп аталат. Ал физикалык кубулуш катары каралат. Инерция латын сөзү. Бизче тынч туруу же aракетсиз дегенди билгизет.

2. Тушундуруунун экинчи этабында инерттүүлүк жөнүндө айтылат.Инерттүүлүкбул—нерсенин тынч абалын же туз сызыктуу ылдамдыгын сактоо кубулушу



Ньютондун биринчи законунда эмне жөнүндө тыянак жасалат?

а) Эгерде нерсеге башка нерселер аракет этишпесе же алардын нерсеге

аракеттери өз ара компенсацияланышса ал нерсе ага салыштырмалуу

тынч абалын же бир калыпта түз сызыктуу кыймылын сактай ала

тургандай эсептөө системалары жашайт.

б) Нерсе ага салыштырмалуу багыты жана чоңдугу боюнча турактуу

ылдамдыкта кыймылдай алган эсептөө системалары жашабайт.

в) Нерсе турактуу ылдамдык менен алга умтулуу кыймылда болуусу үчүн

ага кандайдыр бир күчтүн таасир этиши зарыл.

г) Эгер нерсеге күч таасир этпесе, ал нерсе тынч абалда гана турат.

д) Нерсенин табигый траекториясы айлана болуп саналат. Эгер нерсеге күч

таасир этпесе, анда ал айлана боюнча кыймылдайт.

Инерциялдык эсептөө системасы деп эмнени айтабыз?

а) Турактуу ылдамдыкта инерция менен айлана боюнча кыймылдаган

эсептөө системасын.

б) Нерсеге сырттан күч аракет этпесе же алардын таасири өз ара

компенсацияланышса нерсе ага салыштырмалуу тынч абалын же түз

сызыктуу бир калыпта кыймылын сактай ала турган эсептөө

системасын

в) Нерсеге сырттан аракет эткен таасир жок болсо же алар компенсацияланса,

нерсе ага салыштырмалуу багыты жана чоңдугу боюнча турактуу

ылдамдануу менен кыймылда болгон эсептөө системасын.

г) Парабола боюнча кыймылда болгон эсептөө системасын.

д) Жылма ийри сызык боюнча кыймылдаган эсептөө системасын.



Бекитемин

2018

2019

2020

2021

2022







Физика 7-кл.Сабактын темасы: Нерсенин массасы. Нерсенин массасын тараза менен өлчөө.

Сабактын максаттары

Кутулуучу натыйжалар,корсоткучтору

Билим беруучулук:Окуучулардын.Масса нерсенин инерттүүлүк касиетин мүнөздөөчү физикалык чоңдук экендигин түшүндүрүү. Массанын негизги жана кошумча бирдиктери менен тааныштыруу.


Натыйжага жете алат эгерде окуучу: нерсенин массасы деген түшүнүктү түшүнсө, нерселердин массасын таразага тарта алса, таразалардын түрүн турмушта колдоно алса.


Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар темага карата турмуштан мисал келтирүүгө көнүгөт

Натыйжага жете алат эгерде окуучу:турмуштан мисал келтире алышса, алардын маанисин түшүндүрө алышса

Тарбиялык:тактыкка жана тыкандыкка тарбиялоо.

Натыйжага жете алат эгерде окуучу: таразага так жан тыкандык менен мамиле жасаса

Сабактын тиби: жаны билим беруучулук

Усулдар : салттык усулдар

Жабдылышы : окуу китеби,суроттор,анимациялар,видеоматериалдар,тараза, тараза таштары ж.б.



Сабактын жүрүшү:

Этап

Убакыт

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Компетенттуулук

баалоо

уюштуруу

3 мин

Саламдашат, жагымдуу маанай тузот

Саламдашат,жагымдуу маанайда сабакка киришет,Окуу куралдарын даярдашат

НК3

ПК2

маанай

Үй тапшырмасын текшерүү

12 мин

Уйго берилген тапшырманы текшеруу,окуучулардын дептерлерин текшеруу,суроо берүү,

-Инерция жана инерттүүлүк жөнүндөгү маалыматтар; алар- дын бири-биринен айырмасы.

-Нерсенин ылдамдыгынын өзгөрүшүнө эмне себеп болот?

-Ылдамдыктын өзгөрүшү менен нерсенин инерттүүлүгүнүн ортосунда байланыш барбы?

-Инерттүүлүк деген эмне?

-Инерция менен инерттүүлүктүн кандай жалпы жактары жана кандай айырмасы бар?


Уй тапшырмасын кайталашат суроолорго жооп беришет,өз ара суроо беришет

Тапшырманы аткаруу б/ча жоопкерчиликке ээ болушат

НК2

ПК1

формативдик

Жаны теманы түшүндүрүү

20 мин

Ньютондун биринчи закону боюнча түшүнүк берилет. Турмуштан мисалдар келтирилет.


Окуучулар ой жугуртуп жооп беришет,турдуу жоопторду айтышат

Кайсы жооп туура экенине өздөрү ынанышат,кыймылды түшүнүшөт.

НК1

ПК1, ПК2


Бышыктоо рефлекция

6 мин

Суроолор берилет,проблемалар

-Горизонталдык түз жолдо кыймылдаткычы иштеген ав­томашина бир калыпта кыймылдап келе жатат. Бул кубулуш Ньютондун биринчи закону менен кандай байланышта. Закон- го каршы келбейби?

-Бир калыпта кыймылдап бара жаткан теплоходдун каютасынын шыбына шарик илинген жиптин бир учу бекитилген. Эгер теплоходду оң жакка бурсак же тык токтотсок шариктин абалы кандайча өзгөрөт?

-Закондун эрежеси кандайча айтылат?


Жооп беришет талкуулашат,предметтер аралык байланыштырат,жооп беришет,суроо тузушот



суммативдик

Тапшырма баалоо

4 мин

Китептен тапшырма берет окуучуларды баалайт







Теманын кыскача мазмуну-

. Масса - материянын касиети жөнүндөгү фундаменталдуу түшүнүктөрдүн бири. Орто мектепте массаны нерсенин гравита­ции и ык жана инерциялык касиеттеринин чени катары түшүн-дүрүү керек. Ал эми 7-класста окуучулар нерселердин гравита­циялык касиеттери менен анча тааныш болбогондуктан, масса түшүнүгүн инерциянын, башкача айтканда нерселердин өз ара аракеттенишүүсүндө ылдамдыктарынын өзгөрүшү боюнча түшүндүрүүгө аракет жасоо зарыл. Буга керек болуучу тажрыйбалар окуу китебинде келтирилген. Андан сырткары төмөнкүлөрдү чечмекчибиз.

I тажрыйба. Жипке байланган эки шарды штативге бекитебиз, аларды бирдей аралыкка жылдырып, кайра коё беребиз.

Алар бири-бирине кагылышкандан кийин ылдамдыктарын өзгөртүшөт. Эгер шарлар бирдей болушса, кагылышкандан кийин алар болжол менен бирдей аралыкка жылышат. Эгер биринчи шар чоң, экинчиси кичине болсо, алар кагылышкандан кийин ылдамдыктары ар түрдүү болот. Анткени, шарлар аракетке келгенден кийин чоң шар кичине аралыкка, ал эми кичине шар чон аралыкка которулат.

2-тажрыйба. Бирдей өлчөмдөгү пластмассадан жасалган эки шарды жипке асып, штативге бекитебиз. Эгер бир шарды тең салмактуу абалында асылган боюнча калтырып, экинчи шарды кайсы бир аралыкка жылдырып барып коё беребиз. Экинчи шар келип биринчисине кагылышканда, экинчи шар токтоп калат да, биринчиси болжол менен ошондой эле ылдамдык менен кыймылга келет.

Мындан төмөнкүдөй жыйынтык чыгарууга болот: Эгер бир нерсе ылдамдыгын өзгөртсө, ага сөзсүз экинчи бир нерсе аракет эткен болот. Нерселердин ылдамдыктарынын өзгөрүшү ал нерселердин инерттүүлүгүнө жараша болот. Ал эми нерсенин инерт- түүлүгүн мүнөздөөчү физикалык чоңдук масса деп аталат.

Дагы бир тажрыйбага токтололу. Кичинекей желим топту жана ошондой эле көлөмдөгү пластмасса шарды бири-бирине желим жип менен арчындап танабыз. Желим жиптин учтарын чарык жип менен байлап бекитсе да болот. Эгер чарык жипти күйгүзүп жиберсек, желим жип чоюлуп, кысылган топ менен шар эки жакка кыймылдап кетет. Пластмасса шар аз эле ара­лыкка жылса, желим топ андан чоң аралыкка жылганы оңой эле байкалат. Мындан пластмасса шардын массасы желим топ­тун массасынан чоң экендигин белгилесе болот.

Андан кийин масса физикадагы негизги чоңдук экендиги эскертилет, т тамгасы менен белгиленери, чен бирдиги - кило­грамм жөнүндө айтылат. Килограммдын башка бирдиктер ме­нен болгон карым-катнашы көрсөтүлөт.







Бекитемин

2018

2019

2020

2021

2022







Физика 7-кл. Сабактын темасы: Ньютондун экинчи закону

Сабактын максаттары

Кутулуучу натыйжалар,корсоткучтору

Билим беруучулук:Механика курсундагы негизги түшүнуктөр болгон күч, масса жана ылдамдануунун ортосундагы байланышты көрсөткөн Ньютондун экинчи законун окуучуларга түшүндүрүү.


Натыйжага жете алат эгерде окуучу: Ньютондун экинчи законунун маанисин түшүнө алса

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар темага карата турмуштан мисал келтирүүгө көнүгөт

Натыйжага жете алат эгерде окуучу:турмуштан мисал келтире алышса, алардын маанисин түшүндүрө алышса

Тарбиялык:тактыкка жана тыкандыкка тарбиялоо.

Натыйжага жете алат эгерде окуучу:


Сабактын тиби: жаны билим беруучулук

Усулдар :

Жабдылышы : окуу китеби,суроттор,



Сабактын жүрүшү:

Этап

Убакыт

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Компетенттуулук

баалоо

уюштуруу

3 мин

Саламдашат, жагымдуу маанай тузот

Саламдашат,жагымдуу маанайда сабакка киришет,Окуу куралдарын даярдашат

НК3

ПК2

маанай

Үй тапшырмасын текшерүү

12 мин

Уйго берилген тапшырманы текшеруу,окуучулардын дептерлерин текшеруу,суроо берүү,

- Кыймылдын кандай түрлөрүн билесиңер?

- Бир калыптагы кыймыл кандай кыймыл болот?

- Нерсе кандай учурда ылдамданууга ээ болот?

- Күч деген эмне? Нерселердин оз ара аракеттенишүүсү ме­нен күчтүн кандай байланышы бар?

- Масса деген эмне?

- Ньютондун биринчи законунун мазмуну эмнени билгизет?

Уй тапшырмасын кайталашат суроолорго жооп беришет,өз ара суроо беришет

Тапшырманы аткаруу б/ча жоопкерчиликке ээ болушат

НК2

ПК1

формативдик

Жаны теманы түшүндүрүү

20 мин

Ньютондун экинчи закону боюнча түшүнүк берилет. Ньютондун экинчи закону механикада негизги деп эсептелген үч чоңдуктун, башкача айтканда ылдамдануу, күч жана массанын ортосундагы бай ланышты мүнөздөйт.

Турмуштан мисалдар келтирилет.


Окуучулар ой жугуртуп жооп беришет,турдуу жоопторду айтышат

Кайсы жооп туура экенине өздөрү ынанышат,кыймылды түшүнүшөт.

НК1

ПК1, ПК2


Бышыктоо рефлекция

6 мин

- Ылдамдануу күчкө кандай көз каранды?

- Ылдамдануу массага кандай көз каранды?

- Ньютондун экинчи законунун мааниси?

Жооп беришет талкуулашат,предметтер аралык байланыштырат,жооп беришет,суроо тузушот



суммативдик

Тапшырма баалоо

4 мин

Китептен тапшырма берет окуучуларды баалайт







Теманын кыскача мазмуну- Ньютондун экинчи закону механикада негизги деп эсептелген үч чоңдуктун, башкача айтканда ылдамдануу, күч жана массанын ортосундагы бай ланышты мүнөздөйт.Нерсенин ылдамдануусу ага аракет жасаган күчкө түз, ал эми нерсенин массасына тескери пропорциялаш.

3. Ньютондун экинчи законундагы көз карандылыкты далилдөөчү тажрыйбалар демонстрацияланат.

Ушул убакытка чейин окуучулар бир чоңдуктун экинчисине болгон көз карандылыгын гана карашкан. Мисалы, же S= ʋ·t

Акыркы формуларадагы ʋбир калыптагы кыймыл үчүн турактуу сан болот. Ошондуктан жолдун өзгөрүшү убакыттын өзгөрүшүнө көз каранды. Ньютондун экинчи законун далилдөөдө дагы, анда катышкан бир чоңдукту турактуу калтырып, экөөнүн бири-бирине көз карандылыгы аныкталат. Ошон үчүн мында эки тажрыйба жасалат.

т- const, а ~ F.Нерсенин массасын турактуу деп эсептеп, ылдамдануунун күчкө болгон коз карандылыгын изилдоо.

F-const, а ~ . Нерсеге аракет жасаган күчтү турактуу калтырып, ылдамдануунун нерсенин массасына болгон коз ка­рандылыгын изилдоо.

Ньютондун экинчи закону математикалык жол менен формуласы аркылуу жазылат. Физиканын тарыхында физикалык закондорду математикалык эрежелер аркылуу туюнтуу ушул закондон башталат. Улуу Ньютондун улуулугу мына ушунда турат. Ошондуктан бул жерде да Ньютон жөнүндө эскерип, анын өмүр жолу жөнүндө айтып коюу ашыкча болбойт.

Закондун практикада колдонулушуна арналган ар кандай маселелер чыгарылат жана ал бир эле сабакта эмес, кийин ки сабактарда да улантылышы зарыл.

Күч эмнени мүнөздөйт?

а) чоң жумуш аткаруу жөндөмдүүлүгүн

б) бир нерсенин экинчи нерсеге таасир көрсөтүү ченин

в) бир нерсенин экинчи нерседен канчалык күчтүүлүгүн

г) жумушту тез аткаруу жөндөмдүүлүгүн

д) нерсенин кубаттуулугун

Бекитемин

2018

2019

2020

2021

2022







Физика 7-кл. Сабактын темасы: Нерселердин Жерге тартылуусу. Эркин түшүү. Оордук күчү жана салмак.

Сабактын максаттары

Кутулуучу натыйжалар,корсоткучтору

Билим беруучулук:Нерселердин жерге тартылуусунун мисалында бүткүл дүйнөлүк тартылуу жөнүндө маалымат берүү. Эр­кин түшүү, эркин түшүүнүн ылдамдануусунун сан мааниси ме­нен окуучуларды тааныштыруу.

Окуучуларга оордук күчү жана салмакдеген түшүнүктөрдүнокшоштугунжана айырмачылыгын түшүндүрүү.

Натыйжага жете алат эгерде окуучу: нерселердин Жерге тартылуусун, эркин түшүү, оордук күчү, салмак боюнча кеңири түшүнүк алса

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар темага карата турмуштан мисал келтирүүгө көнүгөт

Натыйжага жете алат эгерде окуучу:турмуштан мисал келтире алышса, алардын маанисин түшүндүрө алышса

Тарбиялык:тактыкка жана тыкандыкка тарбиялоо.

Натыйжага жете алат эгерде окуучу:


Сабактын тиби: жаны билим беруучулук

Усулдар :

Жабдылышы : окуу китеби,суроттор,



Сабактын жүрүшү:

Этап

Убакыт

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Компетенттуулук

баалоо

уюштуруу

3 мин

Саламдашат, жагымдуу маанай тузот

Саламдашат,жагымдуу маанайда сабакка киришет,Окуу куралдарын даярдашат

НК3

ПК2

маанай

Үй тапшырмасын текшерүү

12 мин

Уйго берилген тапшырманы текшеруу,окуучулардын дептерлерин текшеруу,суроо берүү:

- Ньютондун экинчи законунун формуласын жазуу

-


Уй тапшырмасын кайталашат суроолорго жооп беришет,өз ара суроо беришет

Тапшырманы аткаруу б/ча жоопкерчиликке ээ болушат

НК2

ПК1

формативдик

Жаны теманы түшүндүрүү

20 мин

Окуучуларга тема боюнча түшүнүк берет. Эмне үчүн бардык нерселер Жерге тартылаарын мисалдар менен түшүндүрөт.

Окуучулар ой жугуртуп жооп беришет,турдуу жоопторду айтышат

Кайсы жооп туура экенине өздөрү ынанышат,кыймылды түшүнүшөт.

НК1

ПК1, ПК2


Бышыктоо рефлекция

6 мин

Нерсенин ылдамдыгы кандай шарттарда өзгөрөт?

Нерсенин ылдамдыгынын өзгөрүшүнө анын массасы таа сир этеби?

Берилген нерсеге күч аракет этет дегенди кандайча түшүн дүрүүгө болот?

Нерсеге күч аракет эткен чекит дегенди кандай түшүнө сүңөр?

Ньютондун экинчи законунун формуласын жазып аны талдагыла. Нерсеге аракет эткен күчтүн чондугун кантип анык тоого болот?

Нерселердин Жерге тартылуусунун себеби эмнеде?

Эркин түшүү деген эмне? Эркин түшүүнүн ылдамдануусу эмнеге барабар?


Жооп беришет талкуулашат,предметтер аралык байланыштырат,жооп беришет,суроо тузушот



суммативдик

Тапшырма баалоо

4 мин

19 параграфты окуу, 8-көнүгүү 5 чыгаруу.








Теманын кыскача мазмуну-

Кайталоо: окуучуларга чоңдуктарды таратып берип тушуна атын жазуу.

m –масса S –аралык υ – ылдамдык t – убакыт

F – күч V – көлөм ρ – тыгыздык a – ылдамдануу

Бирдиктери

m –кг S –м υ – м/с t – с

F – Н V – м3 ρ – кг/м3 a – м/с2

Жаңы тема:

Балдар силер бардык нерселер Жерге тартылаарын билесиңер. Бул Жерде жашагандар үчүн өтө маанилуу.

Жердин нерсени өзүнө тарткан күчү оордук күчү деп аталат.

Ал Fоордеген тамга менен белгиленет.бирдиги үчүн 1Н алынат. Оордук күчү ар дайым нерсенин борборуна тиркелген жана Жерге карай багытталган болот.

Оордук күчүнүн чоңдугун аныктоо үчүн Ньютондун экинчи законун F = ma формуласын алабыз. Оордук күчүнүн таасиринде нерсе Жердин бетине тик ылдый түшкөндүктөн, ылдамдануусу эркин түшүүнүн ылдамдануусуна барабар. a=g же оордук күчү F = m gформуласы менен аныкталат. Эркин түшүүнүн ылдамдануусу 9,8 м/с2 ка барабар. Жер шар формасында, бирок анын радиустары Жер бетинин бардык чекиттеринде бирдей эмес. Жердин уюлдарындагы радиустары экватордогу радиустарынан кичине. Ошол үчүн Жердин уюлдарындагы оордук күчү экватордогуга караганда чоңураак. Тоонун түбүндөгү оордук күчү тоонун чокусундагыга караганда көбүрөөк. Оордук кучү нерсенин массасына көз каранды. Массасы оор болсо ага көп оордук күчү аракет этет. Жеңил болсо аз оордук күчү аракет этет.

Жердин тартуу күчүнүн таасиринде нерсенин таянычка же асмага аракет жасаган күчү салмак деп аталат. Салмак вектордук чоңдук. Салмактын бирдиги үчүн да 1Н алынат.

Эгерде нерсе тынч турса же горизонталдуу багытта кыймылга келсе нерсенин салмагы оордук күчүнө барабар болот.

Р= m g= F

Оордук күчү менен салмактын жалпы белгилери:

  1. Экөө тең Жердин тартуусунун натыйжасында пайда болот.

  2. Нерсе тынч абалда же горизонталдуу багытта кыймылдаган учурда

Р= m g= F

  1. Экөөнүн тең бирдиги 1Н.

  2. Экөө тең Жердин борборуна багытталган.


Оордук күчү менен салмактын айырма белгилери:

  1. Оордук күчү нерсеге тиркелген.

  2. Нерсенин салмагы асмага же таянычка тиркелген

  3. Оордук күчү Жер менен нерсенин аракетттенишүүсүнөн пайда болот

  4. Салмак нерсе менен таяныч беттин же нерсе менен асманын аракеттенишүүсүнөн пайда болот.


Маселе чыгаруу:

  1. Массасы 4,5 кг нерсеге аракет эткен оордук күчүн эсептегиле.

Берилди:

m=4,5 кг

g= 9,8 м/с2


Fоор=?

Формула:


Чыгаруу:

  1. Адамдын салмагы 700 Н. Анын массасы канчага барабар?






  2. “Рига-16” мопединин салмагы 490 Н. Анын массасы кандай?







Суроолор:

  1. Эгерде жез тетикти ысытсак, муздатсак, эритсек, анда ага аракет жасаган оордук күчү өзгөрөбү? ( жок)

  2. Өлчөмдөрү бирдей болгон эки окшош брусоктун кайсынысына чоң оордук күчү аракет этет?


алюминий парафин

  1. Эмне үчүн тик өйдө ыргытылган топ жерге түшөт?


  1. Эгерде жез тетикти ысытсак, муздатсак, эритсек, анда ага аракет жасаган оордук күчү өзгөрөбү? ( жок)

  2. Өлчөмдөрү бирдей болгон эки окшош брусоктун кайсынысына чоң оордук күчү аракет этет?


алюминий парафин



  1. Эмне үчүн тик өйдө ыргытылган топ жерге түшөт?



















































Бекитемин

2018

2019

2020

2021

2022







Физика 7-кл. Сабактын темасы: Серпилгичтүүлүк күчү.

Сабактын максаттары

Кутулуучу натыйжалар,корсоткучтору

Билим беруучулук:Серпилгичтүүлүккүчү түшүнүгүн калыптандыруу. Серпилгичтүүлүк күчү менен нерсенин салмагынын ортосундагы карым-катнашты аныктоо. Себептик-натййжалык байланыштын жаратылыштагы байкалышын ачып көрсөтүү.

Натыйжага жете алат эгерде окуучу: эгер окуучу серпилгичтүүлүк күчүнүн физикалык маанисин түшүнсө

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар темага карата турмуштан мисал келтирүүгө көнүгөт

Натыйжага жете алат эгерде окуучу:турмуштан мисал келтире алышса, алардын маанисин түшүндүрө алышса

Тарбиялык:жаратылышка аяр мамиле жасоого көнүгөт

Натыйжага жете алат эгерде окуучу:жаратылышка аяр сезим пайда болсо


Сабактын тиби: жаны билим беруучулук

Усулдар : салттык усулдар

Жабдылышы : окуу китеби,суроттор,анимациялар,видеоматериалдар,ж.б.



Этап

Убакыт

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Компетенттуулук

баалоо

уюштуруу

3 мин

Саламдашат, жагымдуу маанай тузот

Саламдашат ,жагымдуу маанайда сабакка киришет,Окуу куралдарын даярдашат

НК3

ПК2

маанай

Уй тапшырмасын текшерүү

12 мин

Уйго берилген тапшырманы текшеруу,окуучулардын дептерлерин текшеруу,суроо берүү,

-Нерселер өз ара аракеттенишкенде, же болбосо нерсеге күч аракет эткенде кандай кубулуштар жүрөт?

- Деформация дегенди кандай түшүнөсүңөр?

- Салмак деген эмне?

- Нерсенин салмагы менен өз ара аракеттенишүүнүн байла- нышы барбы?

- Пружинага асылган жүктүн салмагы эмнеге аракет этет?


Уй тапшырмасын кайталашат суроолорго жооп беришет,өз ара суроо беришет

Тапшырманы аткаруу б/ча жоопкерчиликке ээ болушат

НК2

ПК1

формативдик

Жаны теманы тушундуруу

20 мин

Окуучуларга серпилгичтүүлүк жөнүндө кеңири түшүнүк берилет. Сүрөттөр менен көрсөтүлүп берилет. Тажрыйба жасалат (сызгыч менен)


Окуучулар серпилгичтүүлүк күчү жөнүндө түшүнүк алышат.

НК1

ПК1, ПК2


Бышыктоо рефлекция

6 мин

Суроолор берилет,проблемалар коюлат:

- серпилгичтүүлүк күчү деп кандай күчтү айтабыз.

-


Жооп беришет талкуулашат,предметтер аралык байланыштырат,жооп беришет,суроо түзүшөт



суммативдик

Тапшырма баалоо

4 мин

20-параграфты кайталоо. Көнүгүүлөрдү ат каруу, тажрыйба жасоо





Сабактын жүрүшү:

Нерсенин таянычка же асмага аракет жасаган күчү нерсенин салмагы деп аталат. Ушул учурда асма же таяныч деформацияланат. Башкача айтканда, күч аракет эткен нерсе формасы өзгөртөт. Күчтүн аракети токтогондон кийин кайсы бир нерселер мурунку формасына келсе, кай бирлеринин формасы ошол боюнча калат. Деформациялоочу күч аракетин токтоткондон кийин мурдагы калыбына ээ болгон нерселерди серпилгичтүү нерселер деп аташат. Демек серпилгичтүүлүк - бул нерселердин касиети. Мисалы, кургак чырпыкты ийсек, алкайра калыбына кетет. Парафин тилкени ийсек, ал ийилген абалын сактапкала берет. Ал эми болот сызгычты ийсек, күчтүн аракети токтогондон кийин түзөлүп, мурдагы абалына кайра келет. Демек болот сызгыч серпилгичтүүлүк касиетке ээ.Нерсе деформацияланганда кайра калыбына келтирүүчү күч серпилгичтүүлүк күчү деп аталат.

Серпилгичтүүлүк күчү жөнүндө окуу китебинде пружинаны чоюуда же кысууда пайда болгон күч жөнүндө кеңири берилген. Ошондуктан бул жерде башка мисалдарга токтололу. Алардын сүрөтүн чийип отурбастан, сөз жүзүндө эле жазып көрсөтөлү. Сабак учурунда алардын чиймесин доскага чийип, андан сырткары тажрыйбада да көрсөтсө, окуучуларга жеткиликтүү болот.

Штативдин илгичинде болот пружина илинип турат. Анын ы.пдыйкы учуна 100 г жүктү илсек, пружина кайсы бир аралыкка чоюлат. Бул учурда жүктүн салмагы пружинага аракет этет.Ушул учурда пружинада нерсенин салмагына карама-каршы багытталган серпилгичтүүлүк күчү пайда болот. Эгер жүктү пружинадан бошотсок, серпилгичтүүлүк күчүнүн натыйжасында деформацияланган пружина мурдагы абалына келет. Жипке асылган жүк жөнүндө да ушундай эле жыйынтык чыгарса болот.

Эки брусоктун үстүнө болот сызгычты коюп, сызгычтын ортосуна жүк койсок, ал ийилип формасын өзгөртөт. Демек жүктүн салмагы сызгычты деформацияга дуушар кылат. Жүктүн салмагынын багыты жогортон төмөн карай багытталгандыктан, нпида болгон серпилгичтүүлүк күчү төмөнтөн жогору карай багытталат. Эгер жүктү сызгычтын үстүнөн алып койсок, сызгыч түзөлүп, мурдагы абалына келет. Бул болсо серпилгичтүүлүк күчүнүн натыйжасы болуп эсептелет.

Ушундай эле мисалдарды келтирүү менен чектеле турган болсок, окуучулардын аң-сезиминде серпилгичтүүлүк күчү ардайым оордук күчүнүн же салмактын багытына карама-каршы багытталат деген бир жактуу жалпылоо пайда болушу мүмкүн. Мындай катачылыкты болтурбоо үчүн төмөнкүдөй тажрыйбаларды жасоо сунуш кылынат. Мындай ыкманы биз тескери образ деп атап жүрөбүз.

  • 8-сүрөттө серпилгич күчүнүн багыты туура көрсөтүлгөнбү? Эгер туура эмес бол со, туура жообу кандай?

Жообу:8-сүрөттө серпилгичтүүлүк күчүнүн багыты туура эмес көрсөтүлгөн. Ал оордук күчүнүн багытына карама-каршы эмес, деформациялоочу күчкө карама-каршы багытталган болот (9- сүрөт).

Адатта окуучулар серпилгичтүүлүк күчүнүн багыты жогору, төмөн, оңго же солго багытталган деп айтышат. Эгер коюлган маселенин шарты ошондой болсо ал туура. Бирок биздин максат серпилгичтүүлүк күчүнүн багыты деформациялоочу күчтүн багытына карама-каршы дегенди окуучуларга түшүндүрүү болуп эсептелет.

  • 10-сүрөттөгү пружинанын серпилгичтүүлүк күчүнүн багытын жебе менен көрсөткүлө.

Жообу: 11-сүрөттө көрсөтүлгөн. Мында да ал деформациялоо­чу күчтүн багытына карама-каршы багытталган болот.

Бекитемин

2018

2019

2020

2021

2022







Физика 7-кл. Сабактын темасы Күчтү өлчөө. Динамометр.

Сабактын максаттары

Кутулуучу натыйжалар,корсоткучтору

Билим беруучулук:Окуучуларды күчтү өлчөөнүн жолдору менен тааныштыруу. Динамометрдин түзүлүшүн жана иштөө принцибин түшүндүрүү.

Натыйжага жете алат эгерде окуучу: эгер окуучу күчтү динамометрдин жардамы менен кантип өлчөөнү үйрөнсө

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар динамометр менен күчтү өлчөшөт. Күчтүн маанисин айта алышат

Натыйжага жете алат эгерде окуучу:күчкө мисал келтире алышса, алардын маанисин түшүндүрө алышса

Тарбиялык:жаратылышка аяр мамиле жасоого көнүгөт

Натыйжага жете алат эгерде окуучу:жаратылышка аяр сезим пайда болсо


Сабактын тиби: жаны билим беруучулук

Усулдар : салттык усулдар

Жабдылышы : окуу китеби,суроттор,анимациялар,видеоматериалдар,ж.б.



Этап

Убакыт

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Компетенттуулук

баалоо

уюштуруу

3 мин

Саламдашат, жагымдуу маанай тузот

Саламдашат ,жагымдуу маанайда сабакка киришет,Окуу куралдарын даярдашат

НК3

ПК2

маанай

Уй тапшырмасын текшерүү

12 мин

Уйго берилген тапшырманы текшеруу,окуучулардын дептерлерин текшеруу,суроо берүү,

- күч деген кандай чоңдук.

- серпилгичтүүлүк күчү жөнүндө айтып бер.

- Оордук күчү менен салмактын кандай айырмасы бар?

- Өлчөөчү куралдардан кайсыларды билесиңер?

- Сызгычтын, мензурканын шкаласы, шкаланын баасы, физикалык чоңдук жөнүндө кайталоо.

- 1 Н күч эмнеге барабар?

- Ньютондун экинчи закону боюнча күч эмнеге барабар?


Уй тапшырмасын кайталашат суроолорго жооп беришет,өз ара суроо беришет

Тапшырманы аткаруу б/ча жоопкерчиликке ээ болушат

НК2

ПК1

формативдик

Жаны теманы тушундуруу

20 мин

Окуучуларга күчтү өлчөө жөнүндө тажрыйба жасалат. Динамометрдин көрсөткүчтөрү жөнундө айтылат


Окуучулар күчтү динамометрдин жардамы менен кантип өлчөй турганды билишет

НК1

ПК1, ПК2


Бышыктоо рефлекция

6 мин

Суроолор берилет,проблемалар коюлат:

- серпилгичтүүлүк күчү деп кандай күчтү айтабыз.

- күчтү кандай прибор менен өлчөйбүз.

- динамометрдин түрлөрү


Жооп беришет талкуулашат,предметтер аралык байланыштырат,жооп беришет,суроо түзүшөт



суммативдик

Тапшырма баалоо

4 мин

21-параграфты кайталоо. Көнүгүүлөрдү ат каруу, тажрыйба жасоо

Окуучулар үйгө берилген тапшырманы аткарышат




Жаны тема:

Динамометр - бул күчтү өлчөөгө арналган курал. Ал грек тилинен динамис - күч, метрео - ченейм, өлчөйм деген сөздөрүнөнтүзүлөт. Эң жөнөкөй динамометр - мектептеги пружиналуу динимометр болуп эсептелет. Анын түзүлүшү окуу китебинин 21- параграфында берилген.

Мында окуучулардын көңүлү динамометрдин иштеши жүктөрдүн аракетине жараша экендигине бурулат. Мисалы, пружинага жүктү илгенде ал өзүнүн салмагындай күч менен пружинаны чоёт.

Белгилүү массадагы жүктү илип, анын салмагын P=mg фор­муласы боюнча табабыз. Пружинанын чоюлган абалын белгилеп алсак, ал ошол нерсенин пружинага аракет эткен күчүнүн чоңдугун билгизет. Мындай пружинаны градуирлөө кийинки сабактагы лабораториялык иште окуучулар тарабынан аткарылат. Эгер пружинадан жүктү алып койсок, серпилгичтүүлүк күчүнүн аракети менен пружина баштапкы абалына келет.

Пружиналуу динамометрдин мисалында динамометрдин шкаласы, күчтү өлчөөнүн максималдуу мааниси, шкаланын баасы жана башкалар түшүндүрүлөт. Андан кийин мүмкүн болушунча түтүк түрүндөгү, лабораториялык, демонстрациялык, медициналык динамометрлер жана ар кандай машиналардын тартуу күчүн өлчөөчү динамометрлер көрсөтүлүп, алардын түзүлүштөрү менен окуучулар таанышат.





































Бекитемин

2018

2019

2020

2021

2022







Физика 7-кл. Сабактын темасы: Сүрүлүү күчү. Сүрүлүүнүн түрлөрү.Сүрүлүү коэффициенти.

Сабактын максаттары

Кутулуучу натыйжалар,корсоткучтору

Билим беруучулук:Сүрүлүүнүн мазмунун жана сүрүлүү күчүнүн пайда болуу себептерин түшүндүрүү. Сүрүлүүнүн түрлөрү: тайгаланып сүрүлүү, тоголонуп сүрүлүү, тынч туруудагы сүрүлүү жөнүндө маалымат берүү. Сүрүлүү коэффициенти жөнүндөгү алгачкы түшүнүктү киргизүү.


Натыйжага жете алат эгерде окуучу: эгер окуучу сүрүлүү күчүнүн пайда болуу себептерин түшүндүрө алса, Сүрүлүүнүн түрлөрү: тайгаланып сүрүлүү, тоголонуп сүрүлүү, тынч туруудагы сүрүлүү жөнүндө билсе.

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар тайгаланып сүрүлүү, тоголонуп сүрүлүү, тынч туруудагы сүрүлүүгө турмуштан мисал келитире алат

Натыйжага жете алат эгерде окуучу:тайгаланып сүрүлүү, тоголонуп сүрүлүү, тынч туруудагы сүрүлүүгө мисал келтире алышса, алардын маанисин түшүндүрө алышса

Тарбиялык:жаратылышка аяр мамиле жасоого көнүгөт

Натыйжага жете алат эгерде окуучу:жаратылышка аяр сезим пайда болсо


Сабактын тиби: жаны билим беруучулук

Усулдар : салттык усулдар

Жабдылышы :Штатив, темирден жасалган ноо, болот шар, кум, наждак кагаз, кездеме материал.


Сабактын жүрүшү:

Этап

Убакыт

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Компетенттуулук

баалоо

уюштуруу

3 мин

Саламдашат, жагымдуу маанай тузот

Саламдашат ,жагымдуу маанайда сабакка киришет,Окуу куралдарын даярдашат

НК3

ПК2

маанай

Уй тапшырмасын текшерүү

12 мин

Уйго берилген тапшырманы текшеруу,окуучулардын дептерлерин текшеруу,суроо берүү,

-Нерсеге аракет эткен күчтүн таасири эмне менен аныкталат?

- Оордук күчү, нерсенин салмагы, серпилгичтүүлүк күчү түшүнүктөрүнүн мааниси эмнеде? Аларды кантип өлчөөгө болот?

- Динамометрдин түзүлүшү кандай? Кандай бөлүктөрдөн турат?

- Динамометрдин иштөө принциби эмнеге негизделген?


Уй тапшырмасын кайталашат суроолорго жооп беришет,өз ара суроо беришет

Тапшырманы аткаруу б/ча жоопкерчиликке ээ болушат

НК2

ПК1

формативдик

Жаны теманы тушундуруу

20 мин

Окуучуларга сүрүлүү күчү жөнүндө, анын түрлөрү жөнүндө айтылат. Сүрүлүүнүн ар бир түрүнө турмуштан мисалдар келтирилет. Сүрүлүү - тийишкен беттердин майда бөлүкчөлөрүнүн өз ара аракеттеринин натыйжасы. Мында пайда болгон күч нерсени кыймылдатуучу күчтүн багытына карама-каршы багытталат?


Окуучулар сүрүлүү күчүнүн түрлөрүн ажырата билишет

НК1

ПК1, ПК2


Бышыктоо рефлекция

6 мин

Суроолор берилет,тест түрүндө тапшырмалар берилет. Сүрүлүнү качан азайтуу керек, качан көбөйтүү керек.

Жооп беришет талкуулашат,предметтер аралык байланыштырат,жооп беришет,суроо түзүшөт



суммативдик

Тапшырма баалоо

4 мин

22-параграфты кайталоо. Көнүгүүлөрдү ат каруу, тажрыйба жасоо

Окуучулар үйгө берилген тапшырманы аткарышат





  1. Тайгаланып сүрүлүү коэффициенти 0,2 ге барабар болгон автомобиль кандай ылдамдануу менен жүрөт?

а) 20м/с2 б)10м/с2 в)2м/с2 г)0,02м/с2


  1. Сурүлүү күчүнүн коэффициентин кайсы тамга менен белгилейбиз?

а) m б) λ в) μ г) q


.


























Бекитемин

2018

2019

2020

2021

2022







Физика 7-кл.Сабактын темасы:Аракет жана каршы аракет. Ньютондун үчүнчү закону

Сабактын максаттары

Кутулуучу натыйжалар,корсоткучтору

Билим беруучулук:Өз ара аракеттенишүүнүн эки жактуу процесс экендигин түшүндүрүү. Эгер бир нерсе экинчисине ара­кет этсе, экинчиси сөзсүз биринчисине аракет этет. Ал күчтөрдүн чоңдугун жана багытын кантип аныктоого болот? Ньютондун үчүнчү законун түшүндүрүү..


Натыйжага жете алат эгерде окуучу: эгер Өз ара аракеттенишүүнүн эки жактуу процесс экендигин түшүнсө, Ньютондун үчүнчү законун түшүндүрө алса.


Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар нерселердин өз ара аракетин түшүндүрөт, турмуштан мисал келтирет

Натыйжага жете алат эгерде окуучу:Ньютондун үчүнчү законуна турмуштан мисал келтире алса

Тарбиялык:жаратылышка аяр мамиле жасоого көнүгөт

Натыйжага жете алат эгерде окуучу:жаратылышка аяр сезим пайда болсо


Сабактын тиби: жаны билим беруучулук

Усулдар : салттык усулдар

Жабдылышы :Штатив, демонстрациялык динамо­метр, электрмагнит, металл пластинка, ток булагы, ажыраткыч, туташтыруучу зымдар ж. б.

.


Сабактын жүрүшү:

Этап

Убакыт

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Компетенттуулук

баалоо

уюштуруу

3 мин

Саламдашат, жагымдуу маанай тузот

Саламдашат ,жагымдуу маанайда сабакка киришет,Окуу куралдарын даярдашат

НК3

ПК2

маанай

Уй тапшырмасын текшерүү

12 мин

Үйгө берилген тапшырманы текшеруу,окуучулардын дептерлерин текшеруу,суроо берүү,

-Нерселердин өз ара аракеттенишүүсү. Күч темасы боюнча кайталоо.

-Күчтүн түрлөрү: оордук күчү, салмак, серпилгичтүүлүк күчү, сүрүлүү күчү жөнүндөгү маалыматтарды кайталоо.

-Ньютондун биринчи закону менен экинчи законунун байланышы эмнеде?

-Сүрүлүү күчү, сүрүлүүнүн түрлөрү жөнүндө кайталоо.

-Сүрүлүү коэффициента деген эмне? Аны кантип аныктоо­го болот?


Уй тапшырмасын кайталашат суроолорго жооп беришет,өз ара суроо беришет

Тапшырманы аткаруу б/ча жоопкерчиликке ээ болушат

НК2

ПК1

формативдик

Жаны теманы тушундуруу

20 мин

Окуучуларга Өз ара аракеттенишүүнүн эки жактуу процесс экендигин түшүндүрүү. Эгер бир нерсе экинчисине ара­кет этсе, экинчиси сөзсүз биринчисине аракет этет. Ал күчтөрдүн чоңдугун жана багытын кантип аныктоого болот? Ньютондун үчүнчү законун түшүндүрүү..


Окуучулар Ньтондун үчүнчү закону менен Ньютондун биринчи законунун айырмасын билишет.

НК1

ПК1, ПК2


Бышыктоо рефлекция

6 мин

Суроолор берилет:

-Ньютондун үчүнчү закону кандайча айтылат? Математикалык жазылышы кандай?

- Жер бетинде басып бара жаткан адам менен Жердин өз ара аракеттенишүүсүндө Жердин ылдамдануусу жөнүндө эмне айтууга болот? Жообуңарды далилдегиле.

-Эки нерсенин өз ара аракеттенишүүсүндө пайда болгон күчтөрдүн табияты бирдей болоруна мисалдар келтиргиле.

- Эмне үчүн нерселердин өз ара аракеттенишүүсүндөгү күчтөрдү тең салмактуу деп айтууга болбойт?

-Ньютондун үчүнчү законун демонстрациялоочу тажрыйба- ларды ойлонуп көргүлө. Жекече долбоор даярдап, аны презен- тациялагыла.


Жооп беришет талкуулашат,предметтер аралык байланыштырат,жооп беришет,суроо түзүшөт



суммативдик

Тапшырма баалоо

4 мин

Өтүлгөн теманы окуп келүү, Көнүгүүлөрдү ат каруу, тажрыйба жасоо , долбоор даярдоо

Окуучулар үйгө берилген тапшырманы аткарышат





  1. Ньютондун үчүнчү закону нерселердин өз ара аракетин мүнөздөйт. Аракет болгон жерде сөзсүз тескери аракет болот. Бирок ал, аракеттердин натыйжасы ар дайым эле байкала бербейт. Эгер эки таянычтын үстүнө болот сызгычты коюп, анын үстүнө женил пробканы койсок сызгыч эч канчалык ийилбейт. Андан кийин массасы чоңураак нерселерди биринен кийин бирин койсок, сызгыч улам чоңураак ийиле баштайт. Жерге урулган топ кайра өйдө көздөй ыргыйт. Демек топ жерге аракет этсе, Жер топко аракет жасайт. Мындай мисалдарды өтө эле көп келтире берсе болот. Бирок күчтүн аракетин түздөн түз байкоо кыйынчылыкты туудурат.

  2. Аракеттенишкен нерселердин күчтөрүнүн чоңдугун жана багытын көрсөтүүгө арналган тажрыйба окуу китебиндеги 60- 61-сүрөттөрдө көрсөтүлгөн.. Бирок физикалык кабинетте болгон куралдарды пайдаланып, ал түзүлүштү кол менен жасап алса болот. Сүрөттө көрсөтүлгөн тажрыйбаны демонстрациялоонун натыйжасында Нью­тондун үчүнчү законунун эрежеси берилет:

Эки нерсенин өз ара аракеттенишкен күчтөрү чоңдугу боюнча барабар, ал эми багыттары боюнча карама-каршы багытталган болот.



Бекитемин

2018

2019

2020

2021

2022







Физика 7-клСабактын темасыТекшерүү иши

Сабактын максаттары

Кутулуучу натыйжалар,корсоткучтору

Билим беруучулук:окуучулар буга чейин алган билимдерин текшерет

Натыйжага жете алат эгерде окуучу: өзүнүн алган билимин чагылдырып бере алса


Өнүктүрүүчүлүк:окуучу алган билимин турмушта колдоно билет

Натыйжага жете алат эгерде окуучу:алган билимин турмушта колдоно алса, маселелерди чыгара аласа

Тарбиялык:жаратылышка аяр мамиле жасоого көнүгөт

Натыйжага жете алат эгерде окуучу:жаратылышка аяр сезим пайда болсо


Сабактын тиби:текшерүү

Усулдар :

Жабдылышы :маселелер.


Сабактын жүрүшү:

Этап

Убакыт

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Компетенттуулук

баалоо

уюштуруу

3 мин

Саламдашат, жагымдуу маанай тузот

Саламдашат ,жагымдуу маанайда сабакка киришет,Окуу куралдарын даярдашат

НК3

ПК2

маанай


30 мин

Текшерүү иштин тапшырмалары берилет

Окуучулар тапшырмаларды аткарышат.

НК1

ПК1, ПК2


1.Массасы 80 т реактивдүү самолеттун кыймылдаткыч күчү 20 кН. Ал самолет күүлөнгөндөгү ылдамдануусу эмнеге барабар.


Берилди

Формула

Чыгаруу

m=80 т=80000 кг

F=120кН=120000 Н

а=?


а=

a= =1,5 м/с2


жообу: а=1,5 м/с2



2. 60 Н күч нерсеге 0,8м/с2 ылдамдануу берет. Ошол эле нерсени 2м/с2 ылдамдануу менен кыимылдатуу үчүн кандаи күч ке­рек? (150 Н.)


Берилди

Формула

Чыгаруу

а=0,8м/с2

F=60Н

а=2м/с2


F=?


m=


F=ma

m= =75кг


F=75 кг∙2м/с2=150 Н

жообу: F =150Н





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!