Просмотр содержимого документа
«Геометрия боюнча тест»
1.Призма деген сөз кайсы тилден алынган жана кандай маанини түшүндүрөт ?
Грек сөзү, томпок көп грандык деген маанини түшүндүрөт.
Грек сөзү, кесилип алынган тело деген маанини түшүндүрөт.
Латын сөзү, кесилип алынган тело деген маанини түшүндүрөт..
2.Тик призманын негиздери көп бурчтуктар, ал эми калган грандары .....
тик бурчтуктар болушкан көп грандык
параллелограммдардан түзүлгөн көп грандык
үч бурчтуктардан түзүлгөн көп грандык
3.Кандай призма жантык призма деп аталат?
каптал кырлары негизинин тегиздигине перпендикуляр эмес призма
каптал кырлары негизинин тегиздигине перпендикуляр болгон призма
негизи n бурчтуу болгон призма
4.Тик призманын каптал бетинин аянты...
негизинин жагын бийиктигине көбөйткөнгө барабар
негизинин периметрин бийиктигине көбөйткөнгө барабар
негизинин аянтын бийиктигине көбөйткөнгө барабар
5.Призманын толук бетинин аянты...
негизинин аянтын каптал бетинин аянтына кошконго барабар
негизинин аянтын каптал бетинин аянтына көбөйткөнгө барабар
Негизинин аянтынан каптал бетинин аянтын кемиткенге барабар
6.Негизинин жактары 6см жана 4см, ал эми бийиктиги 8см болгон төрт бурчтуу призманын каптал бетинин аянтын тапкыла
7.Кубдун толук бетинин аянты 96см² ка барабар. Анын кырын тапкыла.
8.Призманын негизи 6см болгон квадрат. Эгерде анын бийиктиги 12см болсо, көлөмүн тапкыла
9.Эгерде призманын негизи үч бурчтук болсо, ал кандай призма болот?
Тик бурчтуу призма
Үч бурчтуу призма
Жөнөкөй призма
10.Тик призманын негизи үч бурчтук, бийиктиги 9см. Эгерде үч бурчтуктун периметри 16см болсо, призманын толук бетинин аянтын тапкыла.