Просмотр содержимого документа
«Физика ачык сабактар»
Үн толкундары жана анын мүнөздөмөлөрү
Үн толкундары деген эмне?
Үн – бул термелүү кубулушу,абада же башка чөйрөдө термелүү кыймылынын натыйжасында келип чыгат.
Үндүн булагы:
- Ар кандай термелүүчү заттар:
Табигый: Жасалма :
Сүйлөшүү ,
суунун шарпылдаганы . Машинанын үнү ж.б дүрүлдөгөнү
- Үн кубулуштарын окутуп үйрөтүүчү илим акустика деп аталат, Акустика гректин- «акустикос»деген сөзүнөн келип чыккан.
Үн толкундары:
Термелүүнү үндүн булагы деп айтабыз.Бирок бардык эле термелүүнү үн катары кабыл ала албайбыз.
Кулагыбыз жыштыгы 17 Гцтен 20000Гцке чейинки термелүүлөрдү үн катары кабыл алат.
- Үндү окуп үйрөнүүдө үн булагы катары комертондор колдонулат.
- Ун толкунун формасына жараша
- 1:Согуулудагы үндөр.
- 2:Шуулдаган үндөр
- 3:Музыкалык үндөр
Үн боштукта таралбайт!
Чөйрө канча тыгыз болсо,үн ошончо жакшы таралат .
Чөйрө канчалык серпилгичтүү болсо ал чөйрөдө үн эң жакшы таралат!
Нормалдуу басымда 10 5даражасындагы ПА,0 грдус цельсийде 322м/с ылдамдык менен таралат.
Абанын температурасы жогорулаган сайын үндүн таралуу ылдамдыгыда чоңойот.Мисалы:15 градус цельсийде 342м/с,100 градус цельсийде 385 м/с чөйрөнүн тыгыздыгы чоңоюшу менен үндүн ылдамдыгы да чоңоет. Ал эми сууда ушул эле температурада 1500м/сга барабар.
Үндүн касиеттери :
- Үндүн бийиктиги, катуулугу,тембри бар. .
- Үндүн катуулугу же(күчтүү же начар) чыгышы, термелүүнүн амплитудасынан көз каранды. , скорость звука в воздухе при температуре составляет 330 м/с, а в воде при той же температуре – 1500 м/с.
- Үндүн бийиктиги термелүүнүн жыштыгына жараша болот. Термелүүнүн жыштыгы канча чоң болсо,үн ошончолук ичке (бийик) болот, ал эми термелүү жыштыгы кичине болсо,үн ошончо акырын чыгат.
- Үндүн жагымдуу же жагымсыз,жумшак же чаңырыктуу болгон үндүн бул сапаты үндүн тембри деп аталат.
Үндүн резонансы,диффракциясы, интерференциясы:
- Резонанс(латынча резоно-үн чыгарып жооп берем)- жыштыктардын дал келүүсү.
- Үн толкундарынын тосколдукту айланып өтүшү диффракция деп аталат.
- Бир же бир нече толкундардын кабатталганда келип чыккан үн, үндүн интерференциясы деп аталат.
Ультра жана инфра үндөр:
- Инфраүн (от лат. infra — жапыз) — үн толкундары, термелүү жыштыгы 17Гцтен төмөн болгон үн толкундары. Мындай үндү жаратылышта иттер, пилдер, жолборстор, киттер уга алат.
- Ультраүндөр – Ал эми 20000Гцтен жогорку термелүүдөгү үндөр ультра үндөр деп аталат. Мындай үндү дельфиндер, жарганаттар чыгара алышат.
- УЗИ –медицинада диагноз коюда колдонулат.
Жаңырык:
Жаңырык — бул үн толкундарынын тосколдуктан чагылуусу.
Эхолокация - обьектилердин кайсы жерде турганы үн толкундарынын чагылышына жараша аныкталат.
Жаныбарлар эхолокацияны меейкиндикте бири-бирин табууга же тамак таап жеш үчүн колдонушат. Дельфиндер жана жарганаттар.
Кызыктуу фактылар:
- Абасыз мейкиндикте үн таралбайт, себеби таралуу үчүн чөйрө жок.
- Чымындар укпайт
- Кулагы чоңдор экулагы кичинекейлерге караганда эң жакшы угат.
- Түлкүнүн угу жөндөмдүүлүгү ушунчалык жогору 100метр алыстыктагы чычкандын жер казып жатканын угат.
- Эгерде адам 8 жыл, 7 ай, 6 күн боюу кыйкырса бир чыны кофени ысыткыдай энергия бөлүп чыгарат.
- Жаратылыштагы табигый эң катуу үн бул жанар тоонун жарылышы.
Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!