СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Этиш сөз түркүмүн бышыктоо.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Орус классы үчүн кыргыз тили сабагынын иштелмеси.

Сабактын түрү: Сабак-мелдеш.

Сабактын тиби: Кайталоо, бышыктоо.

Сабактын усулу: Интерактивдүү.

Сабактын жабдылышы: Окуу куралы, таблицалар, дидактикалык материалдар, ватман жана түстүү сүрөттөр. Интернет булактары, проектор. Н.Манаев “Муз жаргыч”.

Просмотр содержимого документа
«Этиш сөз түркүмүн бышыктоо.»















































































2 Асан Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби





АЧЫК САБАК





Тема: Этиш сөз

түркүмүн бышыктоо





7 “в”-орус классы үчүн кыргыз тили сабагынын иштелмеси.





Кыргыз тили мугалими: Төрөгулова М.К.

Сабактын максаты:

  • Билим берүүчүлүк: Сөз

түркүмдөрү анын ичинен этиш сөз түркүмү, анын өзгөчөлүктөрү, этиштин аткарган кызматы, колдонулушу жана алган билимдерин эске салуу, бышыктоо, кайталоо.

  • Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын

алган билимин өз алдынча тереңдетүү, ой-жүгүртүүсүн, сүйлөө кебин өстүрүү, орфографиялык эрежелердин негизинде катасыз жана сулуу жазууга багыт берүү.

  • Тарбия берүүчүлүк: Окуучуларды

ынтымакка бири-бирин сыйлоого таза кыргызча адабий тилдин нормасын сактап сүйлөөгө, эл-жерди сүйүүгө, тазалыкка сулуу жазууга үйрөтүү.

Сабактын түрү: Сабак-мелдеш.

Сабактын тиби: Кайталоо, бышыктоо.

Сабактын усулу: Интерактивдүү.

Сабактын жабдылышы: Окуу куралы, таблицалар, дидактикалык материалдар, ватман жана түстүү сүрөттөр. Интернет булактары, проектор. Н.Манаев “Муз жаргыч”.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу. Класстагы окуучулардын окуу куралдарын көзөмөлдөө, гигиеналык абалын кароо, журнал боюнча жоктоо. Окуучуларга өтүлө турган сабактын темасын, максатын, өтүү тартибин, өзгөчөлүгүн, сабактын жүрүшүндө аткарыла турган тапшырмалардын мазмунун менен тааныштыруу.

  2. Үй тапшырмасын суроо.

-Кана , балдар, үйгө кандай тапшырма берилди эле?

– Этиштин мамилелерине сүйөм түзүп келүү.

-Кандай сөз түркүмүн өттүк эле?

-Зат атооч, сын атооч, сан атооч, ат атооч жана этиш.

3. Этиш сөз түркүмүн бышыктоо.

-Бизге бул сөз түркүмдөрү мейманга келишиптир.


А) ЗАТ АТООЧ:

Зат атооч деген мен болом,

Баарыңардан мен кыйын.

Бириңер менин санымсың,

Экинчиңер кыймылым.

Үчүнчүңөр менин затымсың,

Төртүнчүңөр сынымсың

Деги кимиңер менин теңимсиң?

Б) СЫН АТООЧ:

Сын атоочту билсең эгер, мен болом

Билдиремин ар бириңдин өңуңдү дагы, түсүңдү.

Бул турмушта кеңири, колдонулам күнүгө,

Тамак-аштын даамдарын сезип турам ар күнү.

Ар бир заттын формасын, сапатын да, түсүн да карап турам ар дайым,

Дүйнөнү каптайт сулуулук, баарына тиет керегим.

В) САН АТООЧ:

Заттын санын билдирем,

Эсепти так чыгарам.

Эсептүү дос айрылбас,

Менсиз тактык жаралбайт.

Айткылачы бириңер,

Тең келемин сага деп!

Г) АТ АТООЧ:

Ат атооч деген мен болом,

Атыма затым жарашкан.

Заттын атын жана белгилерин билдирем,

Кайсы бир мезгилди же окуяны атабай

Аларды жалпылап көрсөтө билген мен болом!

Д) ЭТИШ:

Кыймылын заттын билдирем,

Эмне кылды дедирем.

Мен болбосом эгерде,

Кайда кантип барасыз?

Кандай кызмат кыласыз,

Ошонун баарын аткарган,

Этиш деген мен болом...

-Эмесе балдар, Морфология атага жардам берели. Так айтып эреже суроону, бул сөз түркүмдөрүн жараштыралы. Буларсыз биздин сүйлөмдөрүбүз, тексттерибиз, ырларыбыз пайда болбойт. Эмесе эки тайпага бөлүнүп суроолорго так жооп берели. I тапшырма:

АДЕП” тайпасы:

  1. Зат атооч деп эмнени айтабыз?

  2. Кыргыз тилинде канча жөндөмө бар?

  3. Сын атооч деген эмне?

  4. Сын атоочтун канча даражасы бар?

  5. Сан атооч деп эмнени айтабыз?

  6. Эсептик сан атоочту пайдаланып сүйлөм түз.

ЫЙМАН” тайпасы:

  1. Сан атоочтун канча түрү бар?

  2. Заттын катарын, иретин көрсөткөн сан атоочтун түрү кандай сан атооч деп аталат? Мисал келтир.

  3. Ат атооч деп эмнени айтабыз?

  4. Көп чекиттердин ордуна тиешелүү ат атооч сөздөрдү коюп, тууралап оку. _______________ экскурсияга, тоого бардык. Самара , Гүлнара жана __________ болуп гүл тердик.

  5. Этиш деп эмнени айтабыз?

  6. Этиштин канча чагы бар?

II тапшырма:

Доска менен иштөө: Эки класстер илинет.

  1. Буудай”

  2. Суу” - бул сөздөрдүн кыймылын билдирген маанилерин жазгыла.

СЫР САНДЫКТА” катылган, чачылган сөздөрдөн макал куроо, маанисин айтып, чечмелеп берүү.

Тил көргө чейин түшүрөт,

Көккө чейин чыгарат.

Акыл күндө керек,

Ай тундө керек.

СИНКВЭЙН түзүү:

Адеп” тайпасына – “Жаратылыш”

Ыйман” тайпасына “Жылкы”.

КОНВЕРТ оюну: 1. (чачылган сөздөрдөн сүйлөм түзүү).

2.Уңгу жана мүчөлөрдү бириктирип сөз жазуу.

БОШТУКТАР желеси: (боштуктар желесине туура келген мүчөлөрдү койгула).

2.боштуктарга туура келген сөздөрдү койгула.


ТЕСТ тапшырмасы: (бош жерлерге керектүү ат атоочторду койгула).

2.Көп чекиттин ордуна ат атооч сөздөрүн койгула.


ПИРАМИДАЛЫК окуя” стратегиясына мисал; Бала.

2.”АРГЫМАКТАР” деген темага пирамидалык окуя түзгүлө.


Балдар, эми Касымалы Баялиновдун “Чабалекей жана жылан” деген аңгемесинен даярдалган чакан көрүнүшкө көңүл бурабыз. Силер бул көрүнүштөн

Этиш, зат атооч, сын атооч, сан атооч, ат атооч сөздөрдү таап, эки тайпа доскага жазасыңар, упайлар эсептелинет.














III тапшырма: БАШ КАТЫРМА ОЮНУ:

Адеп” тайпасы: Канчанчы бала этиштин ыңгай категориясынын үйүнө бара алат?





иштейт, барбас, отур

келбесмин, алыптыр, бармак, аткаргай эле барчу, олтурат калмак, укмакчы

Ыйман” тайпасы: Аркылуу мамиленин уйүнун кулпун канчанчы ачкыч менен ачса болот?





-гыз,- ыл, -ыт, -ар, -бас

-ыл, -ып, -са, -ыш,

-гыз, -дыр, -ыз, -т, -ыт -ып, -т.





















келбесмин, алыптыр, бармак, аткаргай эле барчу, олтурат калмак, укмакчы


Жыйынтыктоо:

Морфология: “Силердин келечегиңер кең болсун, баарыңар биригип, бир бүтүн сөз түркүмдөрү болуп элге кызмат кылгыла”.

Балдар, азаматсыңар баарыңар активдүү катыша алдыңар. Тапшырмалар боюнча берилген суроолордун жооптору эсептелип такталып жеңишке жетишкен тайпага бааларды коебуз.

Үйгө тапшырма: Этиштерди катыштырып “Ынтымак” деген темада эссе жазып келесиңер.

Баалоо, жетишкендиктерине карай...





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!