СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эссе санариптешүү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Эссе санариптешүү»

Санариптик билим берүү замандын талабы”

План:

  1. Санариптик билим берүү замандын талабы

  2. Санарип билим берүүнү жалпы билим берүү системасына киргизүү

  3. Концепциянын алкагында, санарип көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттар

1.Санариптик билим берүү замандын талабы.

Бүгүн санарип дүйнө биздин жашообуздун ар-бир бөлүгүнө кирип жатат, аны убактыбызды кантип колдонгонубуздан баштап, тапкан акчаларыбызды коротконго чейин пайдалануудабыз. Санарип технологиясы биздин адаттагыдай байланыш, көңүл ачуу жана жаңы маалымат алуу ыкмасын өзгөрттү. Биз санариптик маалыматты алуучу адамга айландык, жашоого керектүү нерселерди кагаз гезиттерден издебей, интернеттен издей баштадык.

Жаңы заманда баардык маалыматтар миллиондогон сайттарда жайгашкан, алар акырындык менен гезит-журналдарды жана телевизорду алмаштырганга бара жатат. Биз сүйлөшүү жана маалыматтар менен бөлүшүү үчүн мессенджерлерди жана социалдык тармактарды колдоно баштадык. Азыркы учурда эң маанилүү өзгөрүүлөр жүрүп жатат – адаттагыдай оффлайн жашоодон, онлайн жашоону көздөй, же болбосо санариптештирүү коомуна карай өтүп жатабыз.

Замандын талабы деген сɵзгɵ маани бере турган болсок, бул — заман агымы менен кошо жашоо. Кайсыл заманга туш болсоң, ошол замандын агымында агуу керек. Азыр технология ɵнʏккɵндʏгʏнɵ байланыштуу мамлекетибиздин ɵзʏ, баарыбызга санарипке ɵтʏʏнʏ буюруп жаткан соң эмнеге ɵтпɵскɵ болбойт? Техниканын жардамында окуучуларга билим берʏʏ да кыйла жеңилдеди. Теманы тʏшʏндʏрʏʏ ʏчʏн сʏрɵт, видео даярдап алып, жада калса кинодон бери кɵрсɵтʏп, ошолордун негизинде окуучуларга тʏшʏнʏк берип окутуп жатабыз. Анын ʏстʏнɵ санариптик окууга ɵткɵнʏбʏздɵн бери электрондук китептер да чыкканы кубандырат. Балдарыбыз сумкасын толтуруп беш, онго чейин китеп салып жʏдɵп жʏрʏшпɵйт, кичине бир чɵнтɵккɵ бата турчу телефонубузда кɵп маалымат бар. Ар бир нерсенин пайдасына жараша зыяны болот. Болгону биз балдардын эсине телефондун зыян экендигин тʏшʏндʏрʏп, эскертип туруубуз зарыл. Ɵз мерчеминде колдонулган болсо зыяны коркунуч жаратпайт. Эгер биз санариптик билим берʏʏгɵ ɵтпɵсɵк азыркы окуучулардын тʏшʏнʏгʏ да оор болот. Себеби, кɵпчʏлʏк ɵспʏрʏм жаштар телефонго байланып, ансыз окуп эле эмес, жада калса жашай да албай калышпадыбы? Айтор замандын, жаштардын талабы менен бизге эң ыңгайлуусу жана тʏшʏнʏктʏʏсʏ бул санариптик окутуу жана окуу.

2. Санарип билим берүүнү жалпы билим берүү системасына киргизүү

Мамлекет билим берүү системасын санарип экономиканын керектөөлөрүнө ыңгайлаштыруу боюнча биринчи кадамдарды таштады, тактап айтканда билим берүү системасынын бардык деңгээлдеринде: орто билим берүүдө, орто атайын жана жогорку кесиптик билим берүүдө эскирген программаларды жаңылоо боюнча иштер башталды. Эмгек рыногунун сандык-сапаттык күтүүлөрүнө максималдуу жакындоо үчүн МТ-билим берүүнү өнүктүрүү жаатындагы эксперттерди, индустриядан өнөктөштөрдү кошуп тартуунун эсебинен бул процесс күчөтүлүүгө тийиш.

Орто мектептин деңгээлинде билим берүү процессине санарип технологияларын киргизүү боюнча комплекстүү программа болуп саналган “Акылдуу мектеп” (“Умная школа”) программасын ишке ашырууну тездетүү зарыл, ал төрт негизги компоненттен турат:

• мугалимдердин МТ-компетенциясын өнүктүрүү;

• окуучулардын санарип көндүмдөрүн өнүктүрүү;

• санарип билим берүү контентин өнүктүрүү;

• мектептеги МТ-инфраструктурасын өнүктүрүү.

Билим берүү программаларынын актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн камсыздоо жана билим берүү системасынын рыноктун талаптарына ыңгайлашуу убактысын кыскартуу үчүн билим берүү жана изилдөө уюмдарынын бири-бири менен, бизнес-коомчулук жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү маанилүү.

Санарип технологияларды жана платформаларды өнүктүрүү жана киргизүү эмгек рыногуна оң таасир тийгизе алат, кадрларды издөө жеңилдейт, жумуш издөө мөөнөтү кыскарат, жумуш орундарында өндүрүмдүүлүк жогорулайт, аралыктык иш орундарын түзүүнүн жардамы менен иш менен камсыздандыруу кырдаалы (анын ичинен региондордо) жакшырат, квалификацияны жогорулатуунун жана кесиптик өз алдынча билим алуунун сапаттуу шаймандарына жеткиликтүүлүк жогорулайт.

Ушул Концепцияны ишке ашыруунун натыйжасында билим берүү системасынын бардык деңгээлдеринде “өмүр бою билим алуу”, “билим берүү траекторияларынын ийкемдүүлүгү”, “билим берүү курстарынын модулдуулугу” сыяктуу принциптердин негизинде масштабдуу трансформация жүрөт. Өздүк, социалдык көндүмдөрдү жана практикага, ошондой эле санарип билим берүү каражаттарын жана алыстан билим берүү форматын кошуу менен, заманбап окуу усулдарын, форматтарын жана куралдарын колдонууга багытталган предметтер аралык маселелерди чечүү көндүмдөрүнө көңүл бурулат.

Санарип сабаттуулук боюнча жаңы билим берүү стандарттары зарыл, ага окуу биздин өлкөнүн ар бир жараны үчүн жеткиликтүү болот. Маалыматтык технологиялардын доорунда калктын санарип көндүмдөрүн өнүктүрүү өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн маанилүү түзүмү, жаңы жумуш орундарын түзүү, социалдык көйгөйлөрдү чечүү, ошондой эле жарандык коомдун тартылышын көбөйтүү жана анын активдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

  1. Концепциянын алкагында, санарип көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттар



Концепциянын алкагында, санарип көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттар аныкталды:

• билим берүү системасынын бардык деңгээлдерине санарип билим берүүнү киргизүү жана санарип көндүмдөрүн өнүктүрүү;

• МТ-билим берүүнү өнүктүрүү, МТ-индустриясы үчүн жогорку класстагы МТ-адистерин кеңири масштабда даярдоо;

• бүтүндөй калк үчүн, аярлуу топторду кошуу менен, санарип көндүмдөргө окутуу жана кайра окутуу системасын иштеп чыгуу;

• улуттук санарип контентти жергиликтүү тилдерде өнүктүрүү.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!