СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эне тилим-ыйыгым

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Эне тилим-ыйыгым»

Тема: Эне тилим-ыйыгым

Сабактын максаты :

Кыргыз тили улуу тил экендигин анын ыйыктыгын өлбөстүгүн даңазалоо.

Окуучулар подрмоттуулукка тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы: Көркөм китептер. Чынгыз Айтматовдун чыгармалары.

Сабактын журүшү:

Уюштуруу

Саламдашуу

К: Таңып байлап коер элем убакыт,

Же токтотуп кое албайсың суранып .

Мына ушундай касиеттүү кундөрдө,

Жуз көрүшүп турганыбыз зор бакыт.

Ф: Эчен элдер суктанышып калкыма,

Тилибизге, жерибизге, салтына.

Кел замандаш шугүрчүлүк кылалы,

Бүгүнкудөй улуу күндөр баарына.

К: Саламатсыздарбы замандын жаркыраган жарандары. Кутмандуу күнүнүздөр менен!

Б: Сиздерди алдыбызда келе жаткан Мамлекеттик тил майрамы менен куттуктап, Мамлекетибиздин эли-жерибиздин , улутубуздун , тилибиздин , туубуздун тубөлуктүү болоруна тилектеш экенибизди билдире кетмекчибиз.

К: Кымбаттан кыналышып бүткөн тилим,

Кылымдан азиз энем күткөн тилим.

Төрөлүп бул дүйнөгө көз ачканда,

Жаралып жаным менен бүткөн тилим.

Б: Көчүп жүрүп чамчарактуу үй менен,

Көчмөн кыргыз , кыргыз тилде сүйлөгөн.

Эне тилде туюнган да сыйынган,

Эл-эл болуп , байыр алган дүйнөдөн.

К: Кыргыз тили мамлекеттик тил

Кыргыз тили улуу тил.

Бул албетте биз үчүн сыймык .Аны түбөлүккө сактоо, аздектөө баарыбыздын милдетибиз. Ошондуктан сиздерди тилибиздин келечеги үчүн жана түбөлуктүүлүгү үчүн жана тазалыгы үчүн күрөшүүгө чакырабыз.

Жусуп Баласагын

Тил көпүрөө илим менен билимге,

Тил адамга кубаныч берет өмүргө.

Тил адамды бакыт, даңкка жеткирет,

Тил адамды шорго салат өлтүрөт.

Тил арстандай босогомдо көмдөгөн,

Байкабасаң өзүндүү да деп койгон.

Көп сүйлөбө , а көрөкчө так сүйлөө.

Түмөн сөздүн он мааниси бир сөздө

Өмур кыска туулган соң өлмөк бар,

Жакшы сөздөр түбөлүктүү өлбөйт ал.



Алыкул Осмонов

Тил үйрөнүү , жакшы көрмөк суймөктөн ,

Эне тилин жакшы көрүп урөткөн.

Ойротто жок оной тил дейм биздин тил,

Бир жашымда ат, апа ат, эт дегенди сүйлөткөн.



Бирге жүрсөм эне тилим кадырлайм,

Бул тил менен иштейм , суйлөйм ыр жазам.

Башка тилди кандай жакшы көрсөмда,

Эне тилим суйгөнүмдөн жаңылбайм.

Чынгыз Айтматов

Элди түбөлүкүү эл кылып турган анын тили. Ар бир улуттун эне тили ошол улуттун автопортирети болуп саналат. Ошондуктан силер да менин жаш окурмандарым, тилдин тазалыгы үчүн кам көрүүгө милдеттүүсүңөр. Мен чыгармаларымда тил маселесин көтөрүп , учурунда улутчул деп аталдым “Ак кеме” повестинде Бугу эненин сөзү аркылуу тилибиздин ыйыктыгын , улуулугун айтып өткөм. Мына ушул нерсе силердин каны-жаныңарга сиңип келечекке азык болот деп ишенемин. Кыргыз тили улуу тил. Ал эч качан өлбөйт.

Курманжан датка

Оо менин урпактарым, силер улуу кыргыз элинин урпагысынар,.Кыргыз тили кылымдарды карытып эл менен кошо оош –кыйыш тагдырларды башынан кечирген бүгүнкү кунгө келип жетти. Биз үчун эне тилибиз кандай ыйык болсо силер үчүн да ошондой болууга тийиш. Демек силер өзүңөрдөн кийинки урпактарга дагы өз эне тилиңерди кастарлап, аздектеп жеткирүүгө тийишсиңер. Мен ага ишенем.

Касым Тыныстанов

Кадырлуу кыргыз калкым, биз кыргыз элинин эн алдыңкы билимдүү адамдары , оз эне тилибиздин келечеги үчүн бир топ эмгек жаратканбыз, анын эртеси үчүн кам көрөбүз. Ошондуктан бизди улутчул деп күнөөлөп, ак жерибизден каралаган. Азыркы кыргыз тилибиздин абалын биз сезип жатабыз. Анын тагдыры силердин колуңарда , аны эч качан кар кылбагыла!

Силер да биз сыяктуу эне тилдин эртени учүн күрөшкүлө. Кыргыз тили түбөлүктүү тил. Ал өчпөөгө тийиш.

Инсценировка : Тил тагдыры-эл тагдыры.

Сахнага кайырчы кейпин кийген бала чыгат.

Мен дагы бир улуу элдин тилимин,

Мен болбосом кайда окуу , билимиң.

Көп учурда көңүлгө албай жерийсин,

Мен болбосом кайда болмок.

Улуу “Манас” кыргыз тилде жаралган,

Дүйнө элине кыргыз тилде таралган.

А мен болсо кайырчыдай бул күндө,

Мына мынтип сыздап турат кабыргам.



Оо жараткан , минтип турсам болбостур,

Ким эле деп эч ким көңүл бөлбөстүр.

А көрөкчө министрге барайын,

Мен байкушту ушу менен койбостур.

Министирге барат. Барганда анын катчысы да кыргызча билбеген кыз болот. Эч бир сөзгө түшүнбөй кыргызча сүйлөгөндугүңүз үчүн кирбейсиз деп киргизбей коет.

Көрдүнөрго мында жолум болбоду,

Кыргызча бир түшүнүп койбоду.

Акыбалга жардам берип калышар,

Депутатка мен барбасам болбостур.



Депутаттарга барса алардын жыйыны болуп жаткан болот. Эшиктин сыртынан тыңшаса орусча сүйлөп жатышат. Аларга кирбей эле эшиктен түшүнөт да артына кайтат.

Кыргызчаны өздөрү жакшы билбесе,

Бүт баарысы орусча сүйлөсө.

Кыргыз тилге кантип көңүл бөлунсүн,

Укканда эле көңүлдүү кирдесе.



Көчөгө чыгып ар кимден жардам сурап кайырчы кейпинде жүрөт. Алдынан окуучулар катышат, анын башына калпак колуна канат кийгизип бийик көтөрөт.

Оо кыргыз тил , эмне болгон абалын?

Муңайымдуу көрүнөт ко жамалың

Уччу элен бүт дүйнөну кыдырып.

Кана сенин көкөлөткөн канатың.



Кел курдаштар муну мындай койбойлу,

Бүт дүйнөгө абдан уят болбойлу.

Тилибизди көкөлөтүп бийикке,

Колуна кол, бутуна бут бололу.



Тилибизди урматтайлы сыйлайлы,

Тил болбосо кыргыз болбойт бир дагы.

Океандай Манас жашап бул тилде,

Мактанайлы бүт дүйнөгө биз дагы.



Калдайгандын баары эле канат эмес,

Кабыландын баары эле Манас эмес.

Калкын чанган , калкынын тилин чанган,

Хан болсо да кыргыздын баласы эмес.



Үйгө тапшырма: Эссе жазуу
























Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!