СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан»


ЭНЕ ТИЛИМ ЭЧЕН КЫЛЫМ КАРЫТКАН, ЭЧ КИМ АНЫ ӨЧҮРӨ АЛБАЙТ ТАРЫХТАН!


Сабактын максаты:

–Окуучулардын өз эли-жерин, эне тилибиз – мамлекеттик тилди, ата-бабадан калган улуу мурастарды урматтап аздектөөсү үчүн түрдүү булактардан маалыматтарды берүү;

–Мекен алдындагы алардын жоопкерчилигин арттыруу, атуулдук парзын аткаруу, ата мурастарын сактоо зарылдыгын туюндуруу, эне тилин сүйүүгө, сактоого умтулуу;

–Патриоттукка, намыскөйлүккө, ынтымак-достукка, ж.б. тарбиялоо.

Сабакта колдонулууучу дидактикалык каражаттар: КРнын Гимни, Кыргыз тилинин гимни, кыргыз комузу, «Манас», «Семетей», «Сейтек» жана да кенже баатырдык «Курманбек», «Эр табылды» ж.б. эпостору, Э.Ибраевдин, С.Рысбаевдин, Т.Арыковдун китептери, сүрөттөр, кыргыздын улуттук буюмдары, кийимдери, ж.б.

этнографиялык маани-маңызы терең экспонаттар, макеттер ж.б.

Сабактын жүрүшү:

Сабак Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруу менен башталат.

Андан соң магнит тасмасынан «Манас» эпосу уктурулат, же окуучу «Манас» эпосунан үзүндү айтат.

(Сахнага окуучулар катар тизилип турушат)

Үзүндү айтылып бүткөн соң, алып баруучу бул монологду айтуу менен сабакты баштайт:

Алып баруучу: Кыргыз эли үчүн эмне ыйык?

1-окуучу: – Кыргыз эли үчүн Ала-Тоо ыйык!

2-окуучу: – Улуу «Манасы» ыйык!

3-окуучу: – Ак боз үйү ыйык!

4-окуучу: – Ак калпагы, ак элечеги ыйык!

5-окуучу: – Эне тили ыйык!

Алып баруучу:

Эне тил!

Кандай жөнөкөй, кандай бийик, кандай улуу сөз! Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп, акылыбызды арыштатып турат.

«Элди түбөлүк эл кылып турган – анын тили»,

«Тилим барда улутмун, тилим менен улукмун,

Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун», – дегендей, эне тилибиз – кыргыз тилин, аны мамлекеттик тилибиз катары даңазалоо сабагын баштоого уруксат этиңиздер!

Алып баруучу:

Элибизди эл кылып, улут катары таанытып келаткан улуу белгибиз бул – эне тилибиз кыргыз тили.

«Элсиз тил болбойт, тилсиз эл болбойт». Анын сыңарындай, кыргыздын кыргыздыгы анын эне тили аркылуу билинет, эне тили аркылуу даңкталат. Дүйнөдө теңдеши жок алп «Манастай» дастандарды жараткан эне тилибиз кыргыз тили жөнүндө эмнелерди айта аласыңар?

1-окуучу:

«Кыргыз тили кылымдарды карыткан, Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан.

2-окуучу:

Кыргыз тили улуу «Манасын» сактап калды, «Манас» кыргыз тилин өчүрбөй улантып келди.

3-окуучу:

Абалтадан салт-санаасын сактаган, Акыл, оюн алыс жолдо тактаган. Кылымдардан кылымдарды карыткан, Кыргызымдын тили менен мактанам.

4-окуучу:

Эне тилим – өз тилим,

Эси жоктук иш кылат,

Өзүнүн эне тилинде Сүйлөбөсө сөздү ким.

5-окуучу:

Уккан сайын көшүгөн, Эне тилим – эгизим.

Сүзүп өттүм өзүнөн, Акыл-билим деңизин.

6-окуучу:

Эне тилим – намысым, Эне тилим – арым да. Билбейм жолдун алысын, Эне тилим барында.

7-окуучу:

Эне тилим – карегим, Сенде менин дарегим.

Сен турганда мен бармын, Сен турганда бар элим.

8-окуучу:

Эне тилге кайрылып, Бак-таалайлуу болмокмун.

Эне тилден айрылып, Калган күнү мен жокмун.

Алып баруучу:

Залкар жазуучубуз Ч. Айтматов: «Кылымдан кылым өтүп, кыргыз эли жер үстүндө жашап турса, кыргыз тили да жашай берет» – деп, абдан туура, таамай айткан. Ошондо да, кылымдан кылым өтүп, акын Шайлообек агайыбыз айткандай, «Кыргызым» деп жулунганы менен, бир ооз кыргызча билбеген «манкурт» кыргыз эмес, руху, духу таза кыргыз жашап турса гана кыргыз тили жашап турмагын эстейли.

Балдар, силердин да эне тил тууралуу кандай ой толгоолоруңар бар?

1-окуучу: Эне тилинде сүйлөбөгөн адам Ата Журтунда жүрбөгөндөн эмне айырмасы бар?

2-окуучу: Эне тилинде ыр укпаган, эне тилинде төрт сап ыр билбеген адам чет элде жүргөндөн эмне айырмасы бар?

3-окуучу: Энесинин бешик ырын укпай чоңойгон бөбөк энесиз жетим өскөндөн эмне айырмасы бар?

4-окуучу: Ата салтын билбеген, аны турмушунда колдонуп жашабаган адам Ата Журтун чангандан айырмасы кайсы?

4-окуучу: Эне тилин билбесе, аны ардактап сүйбөсө, Ата Журтумду сүйөм деп көкүрөк каккандын эмне пайдасы бар?

Дал ушул учурда ак көйнөк, ак элечек Умай эне сахнага чыгат. Балдар энеге таазим кыла артка чегинишет.

Умай Эне элге кайрылат:

– О, ыйык Энелер, уул-кызыңар Ата Мекенинин анык азаматы болсун десеңер, эне тилин ыйык тутуп, таза сактасын десеңер, тээ бешикте жаткан кезинде ырдап берген бешик ырыңарды эр жеткен чагында кайрадан бир ирет ырдап бергилечи! Ал ырдан уул-кызыңар Ата Мекенин, эне тилин сүйүү кандай ыйык экенин акыл-эси толгон кезинде дагы бир ирет билсин, туйсун, эсине салсын! Эне тилинин кандай ширин, кандай ыйык, кандай көркөм экенинине дагы бир ирет тамшанышсын! Суранам, ошенткилечи!

Эненин бешик «Бешик ыры» ырдалат (же магнитафондон уктурулат)

1-окуучу:

Эне менен эне тил, ата менен Ата Журт бирдей эле ыйык, бирдей эле кудуреткүчкө эгедер улуу түшүнүктөр адам өмүрүндө. Эне тили менен Ата Журтун ардактаган уул-кыздар – эл-журтуна улуу кызматын аябай кылган анык азаматтар!

2-окуучу:

Ошол үчүн мындай деп айткым келет: Энеден айрылган жетим эмес, эне тилинен айрылган – анык жетим. Атадан айрылган жетим эмес, Ата Журттан айрылган – анык жетим! Багыбыз тоодой болсун десең, энебиз да болсун, эне тилибиз да болсун!

Атабыз да болсун, Ата Журтубуз да болсун!

Жеке номер аткарылат:

«Эне тил»

Эне тилин өксүтүп көп кордогон, Анысына бир уялып койбогон. Андайлардын аты кыргыз болсо да, Эч убакта өзү кыргыз болбогон.

Кайырма:

Эне тилин билбеген, Эси жогун аныктайт.

Эне тилин сүйбөгөн,

Элин сүйүп, жерин сүйүп жарытпайт.

Алып баруучу:

Тилге жолдош, үнгө дем,

Комузду кошуп ырдайлы. Бабабыз черткен бул комуз, Баркына жетип сыйлайлы.

Кыргыз күүлөрүнөн уктурулат, же окуучулар аткарышат.

Алып баруучу:

Макал – тилдин көркү.

Макал – сөздүн каймагы.

Окуучулар бири-бири менен макал-лакаптар айтышышат. 1. Ааламдын көркүн көз ачат, 1.Адамдын көркүн сөз ачат.

2.Адамды даңазалаган да сөз, маскаралаган да сөз.

3.Адам тилинен табат.

4.Адамдын даңкын чыгарган да тил, Тарпын чыгарган да тил.

5.Адам сөзгө байланат, Айбан чөпкө байланат.

6.Адам сөзүнөн сынат, Уй мүйүзүнөн сынат.

6.Аз сүйлөсөң элиңе жагасың, Көп сүйлөсөн балээге каласың.

7.Ата сөзү алга сүйрөйт адамды, Эне сөзү эпке салат жаманды.

8. Ооздун көркү – тил, Тилдин көркү – сөз.

9. Билимдүүнүн сөзү өткүр, Өнөрлүүнүн көзү өткүр.

10.Бирөөнүн өзү баатыр, Бирөөнүн сөзү батыр.

11.Бутунан чалынган турат,

Сөзүнөн чалынган турбайт.

12. Өнөр алды – кызыл тил. Алып баруучу:

Кыргыз тили кылымдардан куралып, Нечен катал мезгилдерде сыналып. Бабалардан бизге калган таберик, Урпактардан урпактарга уланып.

Кезекте кыз-жигиттер «Шырылдаң», «Бекбекей» ырларын аткарып беришет.

Алып баруучу:

Көзгө сүйкүм кыргыз бийин Кимдер гана билбесин. Кыргыз кыздар кызгалдактай, Кулпурушуп бийлешсин.

(Кыргыз бийи кыздардын аткаруусунда)

Алып баруучу:

Сөз деген ачкыч – сырдашам десең, Сөз деген аткыч – чырдашам десең.

Сөз деген тапкыч – ырдашам десең, Сөз деген баскыч – кырды ашам десең.

Жаңылмачты бат айтып, тили жатык так айтып, Сынашалы келгиле, жаңылбастан шар айтып.

(3-4 окуучу жаңылмач айтышышып, бирин экинчиси жаңылбай кайталап

берүүсү керек)

Жалпы окуучулар хор аткарышат:

«Кыргыз калкым»

Кемер кур, кемсел, өтүк, ак калпагым, Кээ бирөө билбей жүрөт анын баркын.

Элиме белги берип тааныттырган, Атыңдан кагылайын кыргыз калкым.

Үйүнө мейман келсе, жүзү жарык, Мал союп, сактап келген ата салтын.

Кызытып кымыз берип, май жедирген, Салтыңдан кагылайын кыргыз калкым.

(Бул ырдын мазмунуна жараша кыргыздын улуттук кийимдери, буюмдары, каада-салты, нарк-дөөлөттөрү жөнүндө мугалим, окуучулар көрсөтмөлүү сүйлөп беришсе эң жакшы болот ) Алып баруучу:

Рахмат, силерге достор! Силер эне тилибиздин анык күйөрмандары, эне тилибизди таза, ыйык, бийик тутуп, ал гана эмес ата салтыбызды, улуу дөлөөттөрүбүздү сактай билгендигиңерди эл алдында далилдей алдыңар.

1-окуучу: Бирок да, өз эне тилине күйбөгөн, өз эне тилинде сүйлөбөгөн манкурттар арабызда жок эмес.

2-окуучу: Ооба, кызматтын кырына чыгып алып, кыргыз тилин шылдыңдай караган кыргыз жигиттерибиз далай эле бар. «Эмнени кор кылсаң, ошондон кордук көрөсүң», дегендей эне тилин ким кор тутса, ал ошонун эсесин тартпай койбойт. Эч нерсеси кемибеген хандын тузу кемиген сыяктуу, баары бир рухунун бир жери кемийт, аны өзү билбейт, салт-санаасынан алыстайт, тарыхынан алыстайт, айылапасына жат көрүнөт, тууган-туушкандарынан коомайланат, ата-бабасы сүйлөгөн эки ооз сөздүн сырын түшүнбөйт, өз элинин рухунда эркин балыктай сүзө албайт, эркин куштай уча албайт. Анан өз кандаштарынан акырындык менен четтей баштайт, ошондон чүнчүп-жүдөп, ошентип өз Ата Журтунда жүрүп андан билинбей өгөйлөнө баштайт. Анын өз эне тилинен запкы көргөнү – ошол эмеспи!

3-окуучу: Кээ бирөөлөр эне тилин чанып, башка тилде сүйлөсө эле тили буудай кууруп, торгойдой сайрап жатам деп ойлойт. Эне тилинде эки сөздүн башын тыңыраак кошуп сүйлөй албаган чалпоо башка тилде бакадай чардап жатканын байкабайт сыяктанат.

4-окуучу: Ошол үчүн публицист-окумуштуу С.Байгазиев айтып отурбайбы минтип: «Кыргыз тили пенделеринин кайдыгерлигинен азап чегип, өз Ата Мекенинде арыш керип өркүндөп өсө албай отурат. Мен Кыргызстандан кыргыз тилине кайдыгер академигин көрдүм. Кыргыз тилине кайдыгер көз менен караган министрди, депутатты көрдүм. Эне тилин унуткан Бишкектик Такинди көрдүм, эне тилим дебеген акимди көрдүм. Эне тил деп күйбөгөндү Оштон көрдүм, ошондой эле немени соттон көрдүм. Эне тилин сүйбөгөндү Чүйдөн көрдүм, ошондой эле манкуртту үйдөн көрдүм».

5-окуучу:

Аларга менин айтарым бул:

Атың кыргыз,

Затың башка,

Өзүң кыргыз,

Сөзүң башка,

Диниң кыргыз,

Тилиң башка

Болуп калсын дебесең –

Жыйындарда,

Курултайда,

Чогулушта,

Жолугушта,

Ажоң баштап, Кожоң коштоп,

Өз тилиңде сүйлөгүн сен?

Алып баруучу:

Туура айтасыңар, достор. Силер айткан бул сөздөр баарыбызга чоң сабак болсун дейли.

«Адамдын эне тили – анын жан тамыры», «Дил бермети – тил» дегендей, жан дүйнөдөгү ой-тизмектерин эне тил аркылуу билдирип жүрөлү.

Анда эмесе, тээ алмустактан бери келе жаткан булбул тилдүү таңдайынан чаң чыккан, күлкүлүү кеби күн батырып, тамаша кеби таң атырган кыргыз элимдин урпактарына касиеттүү Умай энебиздин бал татыган батасын алып берели.

Умай Эне:

Касиеттүү эне тилибиздин уюткусу, көрөңгөсү болгон ак калпактуу элибиз жашап турганда кыргыз тили эч качан жоголбосуна, дүйнөлүк башка тилдер менен теңтайлаша өнүгүп, келечек урпактарга аалам мейкиндигине көкөлөтчү канат-бутак болоруна ишенебиз. Ошондуктан улуттук дөөлөт уюган эне тилибизди ыйык тутуп, даңазалап, көккө көкөлөтүп туу кылып көтөрүп алалык!

Ушул тилекке жеткизген улуу жолубуз байсалдуу, ак жолтой болсун! О-о-мийин!

Баары чогуу айтышат: Ата-бабаң өткөн жериңди сүй, Түптүү КЫРГЫЗ элиңди сүй.

Элиң сүйлөгөн эне тилиңди сүй,

Ата Мекенге, элге, эне тилге Кошой, Бакай, Манас атаңдай күй!

Сабак Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили – Кыргыз тилинин Гимнин аткаруу менен жыйынтыкталат.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!