СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эмгек кылсан жашындан

Нажмите, чтобы узнать подробности

      Улуттук компьютердик гимназия    1-4-класстар

Башталгыч класстардын   мугалими: Асанкадырова Гүлүмкан Асанкадыровна

Тема: “ Эмгекчилдик адамдын көркү.”

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк:   А) Окуучулар эмгек, эмгекчилдик, мээнеткечтик, аракетчилдик  жөнүндө кеңири  түшүнүшөт. “Эр эмгегин жер жебейт”- дегендей, ар бир  жасаган эмгектин артында, ийгилик, ыраазычылык  болорун  билишет.

Өнүктүрүүчүлүк:  Б) Окуучулардын ой жүгүртүүсү, сүйлөө кеби өнүгөт,бири-бирине ойлорун айтууга көнүгүшөт, алган билимдерин турмушта пайдаланууга үйрөнүшөт.

Тарбиялоочулук: В) “Эмгек кылсаң өнмөк бар”- дегендей ак эмгек менен адамдын аты-атак-даңкка жетерин түшүнүп, бири-бирине жардам берүүгө  тарбияланышат.

Сабактын формасы: Тарбиялык саат.

Сабактын тиби: Интерактивдүү.

Сабактын жабдылышы: Класстер, синквейн, макалдар, ырлар, ар бир кесиптин ээлеринин сүрөттөрү,ватман, маркер,смайликтер.

Сабактын этаптары:

Сабактын жүрүшү:  1. Уюштуруу. Окуучуларга жагымдуу маанай тартуулоо. Окуучулар,мугалим менен чогуу музыка сабагында үйрөнгөн “Оп майда”ырын шаңдуу ырдашат.

Оп майда.

Оп майда, майдалай бассаң жаныңа пайда,

Орой, орой, оп майда, басканың майда.

Ороо  толсун, оп майда, оп майда,

Кырча, кырча, кырман толсун оп майда,

Кайырма: Топондору сизге пайда,

Жок, эгиндери бизге пайда.

Майда, майда,майдалай бассаң,

Жаныңа пайда, оп майда.

1, 2, 3, 4, 5, 6, Олтурабыз жалпы.

2. Жаңы тема. “Эмгекчилдик адамдын көркү”

а) түшүнүк берүү.

б) кластер түзүү.

в) синквейн түзүү.( талкуулоо)

г)сүрөттөр менен иштөө.

д) макалдар, ырлар айтуу.

Жыйынтыктоо:

Баалоо:

Үйгө тапшырма:

Мугалим:   1.    Балдар мына азар биз ырдаган ырда айтылгандай “Эмгек гана адамды бактылуу кылат” –экен. Бизге пайда алып келет экен. Кичинеңден эмгекчил болуп өссөң, кийин чоңойгондо жакшы жашоодо жашайсың. Ошондуктан көп окуп, билимдүү болууга аракеттенүү керек.  Эч убакта иш кылгандан жалкоолонуп, эринбе, тажаба,аракетчил,мээнеткеч бол. Сөзсүз аткара турган ишиңди өз убагында бүтүрүүгө үйрөн, бир ишти жасарда пландап алып аткар, болбосо ишиң чаржайыт, башаламан  болуп калат.”Эмгек гана адамды бактылуу кылат”- деп бекеринен айтылбайт. Ата-энең жумуш жасап жатканда бекер карап турба, сөзсүз жардам берип, билбегениңди сурап  үйрөн. Жасаган ишиң ата-энең  үчүн болсо, үйрөнгөнүң  өзүң үчүн болот. Бош убактыңды бекерге кетирбе,кечке телевизор көрүп же компьютерде ойноп отурба.” Адамды ак эмгек, тынбаган мээнет гана  бийик даражага жеткирип, бактылуу кыларын эч качан унутпа!”, “Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” – деп элибизде бекеринен айтылбайт, анткени ар бир адам көп өнөрдүн ээси болууга эмгекчилдиги менен жетет. “Алма жыгачын мөмөсүнө карап, адамды жасаган эмгегине карап баала”- деген накыл сөздү эсибизде сактап калалы, анткени ар бир кесиптеги иштерман адамдардын эмгектери бааланып келген. Эмгек деген сөз – адамдардын аң-сезимдүү максатка ылайык иш аракети, жумушу.

 Эмесе бүгүнкү темабызга карата билген ырларыбызды, макалдарыбызды айтып берелик:

2.“ Кыздар  эмгек жөнүндө  ырлардан айтышат:

1.Биз айтабыз, “Бирдик керек бузулбас!”,

Бирок ким бар аны колдон учурбас?

Эмгек менен достук үйүн тургузсак,

Бак-таалайдын күнү бүтпөс тутулбас

2.Эмгекти сүй! эмгек менен күн көргүн!

Өчсүн аты, бекер басып жүргөндүн.

Жумушчулар  дос болушкан эмгектен,

Кыйынчылык, оорчулукту бир көргөн.

3.Эмгек менен бакыт тапкан,

Тоо, талаанын кызымын.

Эмгек менен көрүп келем,

Бул дүйнөнүн кызыгын.

4.Жайсыз жагын тажабай таанып,

Адамды, адамкылган асыл эмгек.

Эмгекти урмат тутуп, тоңуп, тердеп,

Жакшы адам, жамаат, элге болот өрнөк.

5.Ырыс-бакыт таалайга,

Эмгек менен жетесиң.

Классыңдан класска,

“Төрт-беш” менен көчөсүң.

6.Жер жебейт,элдин эмгегин,

Эки эселеп кайтарат.

Эмгекчил болсо үй-бүлө,

Гүлдөй жайнайт ар тарап.

Күндө үйдө салтанат.

7. Эринчээк, жалкоо дедирбей,

Эмгекчил болсо балдары,

Ата-эне  турат кубанып,

Сыймыкка – сыймык уланып.

3. Эмгек, эмгекчилдик жөнүндө макалдар айтышат: Маанисин чогуу чечмелешет.

1.Эр эмгегин жер жебейт.

2.Эрдин даңкын, эмгек чыгарат.

3.Эмгегин адал болсо, тапканың таттуу болот.

4.Эмгегиң менен элге жак, кор кылбай асыл жанды бак.

5.мгегиңден баар тапсаң, мартабаң көтөрүлөт.

6.Эмгек кылсаң жашыңдан, дөөлөт кетпейт башыңдан.

7.Эмгек эрдикке жеткизет, эрдик элдикке жеткизет.

8.Эмгекчинин эмгеги түгөнгүс байлык.

9.Эмгектенсең элиңе, атың калат артыңда.

10.Эмгектен арыктаган, түшүмүнө семирет.

11.Эмгек эр таанытат, эр жер таанытат.

12.Эрдин даңкын эмгек чыгарат.

13.Эр эмгегин эл жебейт, эл эмгегин жер жебейт.

14.Эрдин көркү эл менен,эмгегиң менен элге жак.

- Азаматсыңар! Баарыңар эмгек, эмгекчилдик жөнүндө эң сонун макалдарды билет экенсиңер!

4.-Эми эмгек, эмгекчилдик жөнүндө ыр айтуу кезегин  балдарыбызга берели:

1.Эл ичинде карапайым бир адаммын,

Эмгекте ылай ийлеп сыккан майын.

Керек эмес атак,даңк. Чоң орундук

Тынчтык. Эмгек, нан керек мага дайым.

2.Эмгек, эмгек! Эмгек бул:

Курсагыңды тойгузат.

Бекер жатсаң ой басат,

Иштесең, сенден пайдасыз,

Сары санаа ой качат.

3.Кырман толгон кызыл дан,

Ар күнү өзүң жеген нан.

Ак эмгектин жемиши,

Жан курсакты тойгузат.

4.Элге кылсаң эмгекти,

Эмгегиң элде сакталат.

Акылман асыл адамзат,

Айткан сөзүн аткарат.

5.Кетмен, күрөк кармаган,

Алтын колдор турбайбы.

Ошондуктан унутпай,

Дыйкандарды сыйлайлы

6. Кен байлыктын мекени,

Биздин куттуу  жерибиз.

Чоң бакытка жетебиз,

Эмгектенсек баарыбыз.

7.Башта мээ,ооздо тилиң,бойдо күчүң барында,

Баарын жумша, жашоо үчүн, ден солуктун чыңында.

Эл менен жерге кылган эмгегиңден,

Эки эсе кайталанып келет энчиң.

5.Эмгек жана эмгекчил- деген сөзгө кластер түзүү.

Жалпы класс менен хор : “Шырылдаң” ыры ырдалат.

6.Эмгекчилдик   жөнүндө  тест:

-Ойлонгула жана жооп бергиле: төмөнкүлөр эмгекчил адам боло алабы?

-убактысын  жалаң майрамдоо менен өткөргөн;                                                         ооба          жок

-жалкоо, уйкучу, шалаакы;                                                                                                 ооба           жок

-шарт жок деп отуруп албастан, иш бүткөрүүнүн

жолдорун, каражаттарын издеген;                                                                                  ооба           жок

-бир иш жасоо үчүн көрсөтмөлөрдө күтпөстөн,

демилге көтөргөн;                                                                                                                ооба           жок

-кыйынчылыктардан коркпостон кайратман, өжөр;                                                  ооба            жок

-коомго жана өзүнө ак, адал,пайдалуу иштерди иштеген;                                        ооба             жок

-күндө бир шылтоо айткан;                                                                                               ооба             жок

                                                 7.Синквейн

                                                1. Эмгек

                                   2. сыймыктуу,  даңазалуу

                          3. сүйүнтөт,    кубантат,  байытат

                     4.Эмгек адамды кубанычка бөлөйт.

                                                   5.иш аракет

                                                 Синквейн

                                           1.Эмгекчил

                                  2. Аракетчил, билимдүү

                      3. Иштейт,  изденет,   багат

        4. Келечекке тынымсыз талпынган  адам.

                                    5   .Мээнеткеч

          8.  Биздин кыргызстаныбызда эмгеги менен элге таанылган инсандарыбыз абдан көп, санасак санагыбыз жетпейт. Силердин ата-энелер да эмгекчил, эмгекти сүйгөн адамдар. Биздин гимназиябызда балдарга билим-тарбия берип, эмгеги бааланган агай-эжейлерибиз да көп. Жакшы окуп бүтүп элине-жерине кызмат кылып жаткан көптөгөн  бүтүрүүчүлөрүбүз менен сыймыктанабыз. Силер да жакшы окуп, билимдүү болуп, ата-эненин, мугалимдердин үмүтүн актаган эмгекти сүйгөн эмгекчил, эли-жерине кызмат кылган, келечектин иштерман  ээлери болот деп ишенем.

Азыр биз эмгеги менен таанымал,  ар түрдүү кесип ээлеринен бирден санап көрөлүчү, сүрөттөрү көрсөтүлөт.

1.Чынгыз Айтматов Кыргыз элинин дүйнө элине таанымал залкар жазуучусу.

2.Салижан Шарипов биринчи кыргызстандык космонавт.

3.Мамбет Мамакеев белгилүү хирург.

4.Айдаркан Молдокулов  профессор, илимпоз.

5.Саякбай Каралаев манасчы

6.Курманжан Датка  ишмер

7.Алыкул Осмонов акын

8.Тургунбай Садыков көркөм өнөр ээси.

9.Сулайман Рыспаев  Алиппе китебинин автору, жазуучу, акын, мугалим.

10. Саламат Садыкова белгилүү ырчы, ырчы, төкмөчүлөрүбүз да көп.

11.Семен Чуйков көркөм өнөр ээси.

12. Таттуубүбү Турсунбаева актриса.

13.Сүймөнкул Чокморв сүрөтчү.скульптор, актер ..............  айта берсек белгилүү, эмгеги менен элибизге  таанымал инсандарыбыз көп. Биз алар менен ар дайым сыймыктанабыз.

Жыйынтыктоо:  Мугалим:  Балдар, бир адам  “Бул дүйнөгө келгенден кийин, канткенде өлбөй калуу керек”- деп ойлонуп, акылманга мындай суроо узаткан экен? “Өлбөй калуунун жолу барбы?”- десе, акылман “Ооба, ал эмгек”- деп жооп берген экен. Ак эмгеги менен элге кызмат кылган адамдын көзү өтсө да, өз элинеде аты түбөлүк  жашаарын айтып берген. Ошондуктан, биз көзү өтүп кеткен, элге эмгеги сиңген инсандарыбыздын атын түбөлүккө өчүрбөй алып жүрөбүз.

Хор: Баарына мээрман, ак пейил,

Элим аман болсо экен.

Эмгеги кайтып элимдин,

Жериме жемиш толсо экен.

         Балдар, бүгүнкү сабакта баарыңар эмгек, эмгекчилдик жөнүндө сонун ырларды, макалдарды, ойлоруңарды бири-бириңерге айтып бердиңер. Азаматсыңар! Дагы көп окуп, билимдүү, келечекте силер да ак эмгек менен нан таап жеген эмгекчил, атагыңар ааламга, даңкыңар далайга жеткен “Адам” боло аласыңар деп ишенем.

Баалоо:

Үйгө тапшырма:   Эмгекчил менен  жалкоолукка   Венндин диаграммасын түзүп, жазып келүү.

Просмотр содержимого документа
«Эмгек кылсан жашындан»

,

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!