СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Доклад "Эч ким, эч нерсе , эч качан унутулбайт".

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Доклад "Эч ким, эч нерсе , эч качан унутулбайт".»


Эч ким Эч качан унутулбайт

Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында”

1941-жылы22-июнда фашисттик Германия жана анын союздаштары Советтер Союзуна кол салган.Ошентип,бир топ жылдарга созулган,кырчылдашкан согуш башталды.Совет өлкөсүнүн тынчтык өнүгүүсүн бузган бул окуя тарыхта Улуу Ата Мекендик согуш деген ат менен белгилүү болду.

Ал согушта 62 мамлекет катышкан- 110 млн адам тартылган, -анын 62 млн курман болгон(а.и. 27 млн СССРдин жараны).

Бул кан майдан-1418 күнгө созулган. Кыргызстандын калкы бүткүл өлкөдөгүдөй эле,фашисттердин кол салуусун өз башына түшкөн кырсык катары кабыл алды.Согуш аракеттери жүрүп жаткан аймактардан алыс тургандыгына карабастан,Кыргызстанда күжүрмөн катарга кошулду


Натыйжада, бул эрдиктер үчүн Кыргызстандык жоокерлердин арасынан 76сы Советтер Союзунун Баатыры деген наамга ээ болушту алардын 13ү кыргыз жигиттери эле. Мындан тышкары 34 жоокер «Данк» орденденин үч баскычын да алышкан .

  • Бул кандуу согушка биздин айылдан 32 жаран катышып алардын 10у кайтып келген.

  • Байматов Гаппар

  • Жаманбаев Маматкарим

  • Кадыров Жарыбек

  • Курманбеков Анаркул

  • Маматкулов Муса

  • Тагаев Шайбек

  • Хакимбеков Хожомир

  • Шамшиев Ороз

  • Амираев Эргеш

  • Назарбеков Айитбек ж.б.


Ошентип,1945-жылы 9майда фашисттик Германияны Советтер Союзу талкалап,борбору Берлин шаарында Жеңиш туусун желбиретип,фашисттерди мындан кийин баш көтөргүс кылып,эркиндик менен теңдик жана тынчтык алып келди. Бул тынчтык менен жеңиш апаларыбыздын көз жашын,аталарыбыздын канын агызды.Далай жандардын өмүрүн алды,нечени колу-бутсуз мунжу болду,эсепсиз адам жетим-жесирге айланды.Кантсе да,трагедия менен УлууЖеңишти алып келген аталарыбызга түбөлүк даңк.Ар дайым бар болуңуздар,урматтуу согуш ветерандары!

Жеңиш! Жеңиш! Жер дүңгүрөп чыгат үн.

Жеңиш! Жеңиш! Төрт жыл бою күткөн күн.

Жеңиш туусун тиккен кезде Берлинге,

Фашизмдин ичер суусу бүткөн күн.

























.

Кадыров Жарыбек 1918-жылы туулган. 1941- ж согушка оз ыктыяры менен жазылып ата –Мекенди коргоого аттанган.

Сталинград шаарына жанын аябай душман менен кармашта асколка тийип жарадар болуп госпиталга тушуп калып 1943 -жылы кайтып келүүгө мажбур болгон.

Чоң атам көптөгөн орден медалдардын ээси болуп, согуштан кийин кохоздо иштеп , бүлөө күтүп, 5 баланы 3уул, 2 кызды тарбиялап өстүрдү.

1990-жылы каза болгон

Бизге жаркын жашоо алып келген

чоң атамдын эрдигине таазим этебиз!!!


Небереси 10а-класстын окуучусу

Мурзалиев Кадырбек.

2.Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери менин үй-бүлөмдө.

Чон атам Маткулов Муса 1916-жылы

Ош облусунун Баткен районуна караштуу Кожошкен кыштагында туулган.

1942-жылы Улуу Ата-Мекендик согушка барып эли жерин коргоп, 1956-жылы жениш менен аман эсен өз жерине кайтып келип , колхоз совхоздо совферма бригадири болуп иштеп, өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Бир канча орден медалдардын ээси, эмгектин ардагери болгон.

Чоң атам эки уулду, эки кызды мыкты тарбиялап остуруп эрезеге жеткирген.

1988-жылы 22-мартта 72 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Чоң атамдын жаркын элеси дайыма жүрөгүбүздө сакталат.

Небереси 10а-класстын окуучусу

Тугуналиева Айдай.

3.Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери менин үй-бүлөмдө.

Чоң атам Жаманбаев Маматкарим 1920-жылы 6-мартта туулган.

1942- жылы Улуу ата-Мекендик согушка өзү суранып барып, элин жерин коргоп душан менен согушуп жатып бир көзунөн ажыраган.

1945-жылы кайтып келген.Үч уулду тарбиялап өстүрдү.

1994-жылы 74 жашында дүйнөдөн кайткан.

Чоң Атамдын жаркын элеси дайыма жүрөгүбүздө сакталат!!!

Небереси 8а-класстын окуучусу Каримова Нурсулуу

4.Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери менин үй-бүлөмдө.

Мен Тагаев Шайбек Тагаевичтин небересимин

Таятам 1923-жылы Тажигистандын жергетал районунун Ярмазар айылында туулган.

Улуу Ата –Мекендик согушка эл жерин коргоо үчүн 1942-жылы аттанган Таятам Белоруссиянын Гамель Брест шаарларына чейин барган . 1945-жылы эине жениш менен кайтып келген.Согуштн кийин жаркын жашоону алып келген жеңишке кошкон салымы учун көптөгөн орден медалдар менен сыйланган. М: Улуу жеңиштин

20-25 -30 –жылдыгына арналган орден медалдар менен сыйланган.

Таятам 1991-жылы 72 жашында дуйнөдөн кайткан.

Мен таятам менен сыймыктанам!

Таятамдын жасаган эрдиги эч качан унутулбайт!!!

Небереси 8б-класстын окуучусу Надирова Асема.


5.Менин чоң атам Хакимбеков Кожимир

1922-жылы 15-январда Тажикстандын Жергетал районунда жарык дүйнөгө келген.

1942-жылы фронтко эл-жери үчүн күрөшүү үчүн барган. Согушта жүрүп он көзүнөн жараат алып келген.

1944-жылы өз каалосу менен арыз жазып кайра согушка кеткен Согушта Берлинге чейин барган.

1946- жылы жениш менен кайтып келген.

Улуу Ата мекендик согуштун 20 жылдыгында жана 25 жылдыгында орден менен сыйланган. Чон атадын 3 уулу 3кызы болгон.

Чон атам 2013-жылы 20-апрелде 91 жашында каза болгон. Биз чон атам көрсөткөн эрдиктери үчүн түбөлүк сыймыктанабыз.

Небереси 10б-класстын окуучусу

Атаназаров Адилбек


6 Менин чон атам Байматов Гапар .

1918-жылы 1-июнда туулган .

Чон атам согушка 1943-жылы барып Растровдо согушат.

Ал жерде 2жыл согушуп жүрүп эрдик көрсөтүп күч тирешип эли жери үчүн жанын аябай күрөшөт.

Ошентип күчтүү согуш мезгилинде 2 бутуна ок тийип жарадар болуп госпиталда жатып калат.Чон атам согушка өз ыктыяры менен барган болчу.

Жениш күнүн госпиталда күтүп алат.Госпиталдан чыгып эле үйгө келген.Чон атам көп орден медалдар менен сыйланган .

Мен чон атам менен сыймыктанам.

Небереси 10а-класстын окуучусу Жакшыбаева Жанара


7Чоң таятам Шамшиев Орозбай 1917- жылы Баткен районуна караштуу Кожошкен кыштагында туулган.

1941- жылы фашистик Германия менен болгон согушка бир тууган иниси Шамшиев Бердибай менен

Чогуу аттанышкан.Согушта тынчтык үчүн мекен үчүн катардагы автоматчик болуп согкшка кирет.

1943-жылы башынан жараат алып госпиталга түшүп калат .Бирок ушул эле жылы кайрадан суранып

жатып согушка кайткан .

1944-жылыфашмстердин снаряттан жаракат алып ошол жерде инисин жоготот. Айыккандан кийин кайрадан согушка кирүүгө уруксат сураганда уруксат бербей коюшат.Бирок чоң таятам кетпеймин деп туруп алганда аскердик жетекчиликке кызмат өтөөгө уруксат беришкен.

1946-жылы согуштан жеңиш менен туулуп өскөн айылы Кожошкенге келип Кызыл Кыргызстан колхозунда жумушчу болуп иштейт .

1991-жылы согуштан алган жараатынан улам каза болот.

Небереси шамшиева Албина



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!