СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эч ким,эч нерсе,эч качан унутулбайт!

Нажмите, чтобы узнать подробности

1941-1945-жылдар эч качан унутулбайт

Просмотр содержимого документа
«Эч ким,эч нерсе,эч качан унутулбайт!»

Эч ким,  эч нерсе,  эч качан  унутулбайт !  /5 Хуриев орто мектеби  Тарбиялык саат Муг.Убайдылдаева К.А.

Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт !

/5 Хуриев орто мектеби

Тарбиялык саат

Муг.Убайдылдаева К.А.

9-май –Жеңиш майрамы.Бул күндү кыргыз эли кары –жашы дебей баары майрамдашат.Ал кандай майрам экендигин билесиңерби?

9-май –Жеңиш майрамы.Бул күндү кыргыз эли кары –жашы дебей баары майрамдашат.Ал кандай майрам экендигин билесиңерби?

9-Май – Ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалаган, көп улуттуу элибиздин биримдиги жана ынтымагы менен жаркын жашоону тартуулаган Жеңиш күнү! Даңктуу тарыхыбызды элибиз дайыма тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары белгилеп келишет. Согушта эрдик көрсөтүп, өз жанын Жеңиш үчүн курман кылган, бүгүнкү бейпил жашоону тартуулаган жоокерлердин элеси ар дайым  жүрөгүбүздө !.

9-Май – Ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалаган, көп улуттуу элибиздин биримдиги жана ынтымагы менен жаркын жашоону тартуулаган Жеңиш күнү! Даңктуу тарыхыбызды элибиз дайыма тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары белгилеп келишет.

Согушта эрдик көрсөтүп, өз жанын Жеңиш үчүн курман кылган, бүгүнкү бейпил жашоону тартуулаган жоокерлердин элеси ар дайым  жүрөгүбүздө !.

    Сабактын темасы:  ЭЧ КИМ,  ЭЧ НЕРСЕ,  ЭЧ КАЧАН  УНУТУЛБАЙТ !

Сабактын темасы:

ЭЧ КИМ,

ЭЧ НЕРСЕ,

ЭЧ КАЧАН

УНУТУЛБАЙТ !

Сабактын максаты: а) Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө маалымат аласыңар.  б) Баатыр аталарыбыздын эрдиктери менен таанышасыңар.  в) Ата Мекенди сүйүүгө,коргоого эр жүрөктүүлүккө тарбияланасыңар.

Сабактын максаты:

а) Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө маалымат аласыңар.

б) Баатыр аталарыбыздын эрдиктери менен таанышасыңар.

в) Ата Мекенди сүйүүгө,коргоого эр жүрөктүүлүккө тарбияланасыңар.

1941-жылы 22-июнь күнү немецттик фашисттер биздин өлкөгө кол салды.Анда биз Совет өлкөсү деген чоң мамлекеттин курамында болчубуз.Фашисттер көптөгөн шаарларыбызды,завод-фабрикаларыбызды жана шахталарыбызды басып алган.

Советтик Армия душмандарга каршы баатырдык менен күрөш жургүздү.Бүткүл элибиз душманды жеңиш үчүн бардык күчтөрүн жумшашты.Армия менен элибиздин биргелешип жүргүзгөн күрөшү зор ийгиликке алып келди.

Советтик Армия душмандарга каршы баатырдык менен күрөш жургүздү.Бүткүл элибиз душманды жеңиш үчүн бардык күчтөрүн жумшашты.Армия менен элибиздин биргелешип жүргүзгөн күрөшү зор ийгиликке алып келди.

1945-жылы 9-Майда душман биротоло жеңилди.Ошондон тартып биздин эл ар жылы бул күндү Жеңиш майрамы катары майрамдашат.

1945-жылы 9-Майда душман биротоло жеңилди.Ошондон тартып биздин эл ар жылы бул күндү Жеңиш майрамы катары майрамдашат.

Улуу Ата Мекендик согуш 1418 күнгө созулган.Ага 61 мамлекет же дүйнө калкынын 80% катышкан.27млн.адам курман болгон.1540 согуштук самолет,170 дивизия,1800 танк,34695 замбирек, минометтор катышкан. Фашисттер менен салгылашууда 11667 жоокер Советтер Союзунун Баатыры наамына ээ болгон. Анын 3051 жоокерине өлгөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.107 жоокер эки жолу Баатыр наамына татыктуу болгон.90 аял Советтер Союзунун баатыры наамын алган.Алардын 49на бул наам өлгөндөн кийин берилген.

Улуу Ата Мекендик согуш 1418 күнгө созулган.Ага 61 мамлекет же дүйнө калкынын 80% катышкан.27млн.адам курман болгон.1540 согуштук самолет,170 дивизия,1800 танк,34695 замбирек, минометтор катышкан.

Фашисттер менен салгылашууда 11667 жоокер Советтер Союзунун Баатыры наамына ээ болгон.

Анын 3051 жоокерине өлгөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.107 жоокер эки жолу Баатыр наамына татыктуу болгон.90 аял Советтер Союзунун баатыры наамын алган.Алардын 49на бул наам өлгөндөн кийин берилген.

1941-жылы башталып, 1945-жылы аяктаган Улуу Ата-Мекендик согуштун аяктагына 76 жыл болду. Ага 365 миң кыргызстандык катышып, 100 миңдейи мерт болгон. Согуш учурунда 150 миң Кыргыз ССРинин тургундары орден жана медалдар менен сыйланып, 72и Соверттер Союзунун Баатырына татыган. Дүйшөнкүл Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Самат Садыков жана башка кыргыз жигиттеринин эрдиги тарыхта калды.

Эч ким,эч нерсе,эч качан унутулбайт!  1941-жылы 16-ноябрдагы салгылашууда Дубосеково разъездинде душмандын 50 танкасынын чабуулун токтотуу учурунда өлбөс-өчпөсэрдик көргөзгөн.  28 гвардиячы-панфиловчулардын арасында бир да огун сая кетирбей кашык каны калганча каңкор фашисттерди сулатып жатып теңдешсиз салгылашууда курман болгон. Көрсөткөн каармандыгы,эрдиги,баатырдыгы үчүн Дүйшөнкул Шопоков өлгөндөн кийин 1942-жылы 21-июлда Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болгон

Эч ким,эч нерсе,эч качан унутулбайт!

1941-жылы 16-ноябрдагы салгылашууда Дубосеково разъездинде душмандын 50 танкасынын чабуулун токтотуу учурунда өлбөс-өчпөсэрдик көргөзгөн.

28 гвардиячы-панфиловчулардын арасында бир да огун сая кетирбей кашык каны калганча каңкор фашисттерди сулатып жатып теңдешсиз салгылашууда курман болгон.

Көрсөткөн каармандыгы,эрдиги,баатырдыгы үчүн Дүйшөнкул Шопоков өлгөндөн кийин 1942-жылы 21-июлда Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болгон

1942-жылы 6-августта Воронеж Облусунун Лескинский районунун Селявной айылында Воронеж фронтунун 6-армиясындагы 160-аткычтар дивизиясынын 636-аткычтар полкунун жоокери Ч.Түлөбердиев Дон дарыясынын оң жээгине сүзүп чыгып,120 метрдей бийиктиктеги дөңсөөдө тынбай ок бүркүп жаткан дзотко граната ыргыткан. Бирок дзот жарылган эмес.Жарадар болгон Чолпонбай кыйынчылык менен жылып жетип,денеси менен дзоттун оозун басып жыгылган. Бул эрдиги үчүн ага 1943-жылы Советтер Союзунун баатыры деген наам берген.

1942-жылы 6-августта Воронеж

Облусунун Лескинский районунун Селявной айылында Воронеж фронтунун 6-армиясындагы 160-аткычтар дивизиясынын 636-аткычтар полкунун жоокери Ч.Түлөбердиев Дон дарыясынын оң жээгине сүзүп чыгып,120 метрдей бийиктиктеги дөңсөөдө тынбай ок бүркүп жаткан дзотко граната ыргыткан.

Бирок дзот жарылган эмес.Жарадар болгон Чолпонбай кыйынчылык менен жылып жетип,денеси менен дзоттун оозун басып жыгылган.

Бул эрдиги үчүн ага 1943-жылы Советтер Союзунун баатыры деген наам берген.

 1945-жыл 12-февралда Одер боюндагы салгылашта Калыйнур Үсөнбеков жоокерлерди чабуулга баштап анын ийгилигин камсыз кылган. Эртеси душмандын 2 батальондон ашуун жөө аскерин,9 танкасынын чабуулун 14 саат токтоткон,өзү 60 фашистти өлтүрүп,көбүн жарадар кылган.14-февралдагы бетме-бет салгылашта жалгыз өзү 7 фашистти жок кылып ,экөөнү туткундаган. К.Үсөнбеков Ленин,Кызыл Туу,1-даражадагы Ата Мекендик согуш,3 Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.

1945-жыл 12-февралда Одер боюндагы салгылашта Калыйнур Үсөнбеков жоокерлерди чабуулга баштап анын ийгилигин камсыз кылган.

Эртеси душмандын 2 батальондон ашуун жөө аскерин,9 танкасынын чабуулун 14 саат токтоткон,өзү 60 фашистти өлтүрүп,көбүн жарадар кылган.14-февралдагы бетме-бет салгылашта жалгыз өзү 7 фашистти жок кылып ,экөөнү туткундаган.

К.Үсөнбеков Ленин,Кызыл Туу,1-даражадагы Ата Мекендик согуш,3 Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.

1944-жылы Эстониянын Нарва шаарына жакын жердеги салгылашта кыргыз учкучу жалындап күйгөн самолету менен душмандын май куюучу станциясын сүзүп,анын жанындагы 6 танканы ,10 немец солдатын жардырган. Бул Таранчиев Исмаилбек болуучу

1944-жылы Эстониянын Нарва шаарына жакын жердеги салгылашта кыргыз учкучу жалындап күйгөн самолету менен душмандын май куюучу станциясын сүзүп,анын жанындагы 6 танканы ,10 немец солдатын жардырган.

Бул Таранчиев Исмаилбек болуучу

Согуш учурунда биздин полкто Самат Садыков 300 гө чейин немистерди ,анын ичинде 2 майор жана 15 офицерди жок кылган.12 ок атылып,7 унаа өрттөлүп,10 ок атуучу пункт жок кылынган.Польша аймагында Бромберг шаары үчүн болгон салгылашта взводдун капталына темир жолдун жээгине пулемот орнотуп 5 жеңил пулемет жана 30 га чейин немистер жок кылынган. Советтер Союзунун Баатыры наамын алган.

Согуш учурунда биздин полкто Самат Садыков 300 гө чейин немистерди ,анын ичинде 2 майор жана 15 офицерди жок кылган.12 ок атылып,7 унаа өрттөлүп,10 ок атуучу пункт жок кылынган.Польша аймагында Бромберг шаары үчүн болгон салгылашта взводдун капталына темир жолдун жээгине пулемот орнотуп 5 жеңил пулемет жана 30 га чейин немистер жок кылынган.

Советтер Союзунун Баатыры наамын алган.

Согуш –кайгы тынчтык эли жек көрөт, Согуш-тажаал,соо адамдар кан төгөт. Көңүл толгон көрктүү шаар заводду Күлгө айлантат кастык менен бүлдүрөт. Согуш-азап,өлүм оту жалындайт, Адам эмес айбандар да каалабайт. Эмгек менен бүткөн кооз жайларды, Бомба тийип,бордой кылып талкалайт.

Согуш –кайгы тынчтык эли жек көрөт,

Согуш-тажаал,соо адамдар кан төгөт.

Көңүл толгон көрктүү шаар заводду

Күлгө айлантат кастык менен бүлдүрөт.

Согуш-азап,өлүм оту жалындайт,

Адам эмес айбандар да каалабайт.

Эмгек менен бүткөн кооз жайларды,

Бомба тийип,бордой кылып талкалайт.

9-Май – Жеңиш күнү биз үчүн ыйык майрам. Ата Мекен жараланганын ар бир адам жүрөгү аркылуу өткөрөт деп тегинен айтылбаган чыгаар. Адамзаттын тарыхындагы эң кандуу жана эң катаал Улуу Ата Мекендик согуш жер жүзүндө терең жаракат калтырды. Кан кечкен кырк биринчи жылдары биздин ата-бабаларыбыз Мекенин коргоп жатып, жер жүзүн фашизмдин чумасынын сактап калганын сезбегендир. Эгерде ошондо жеңбесек, бүгүнкү дүйнө кандай болоорун чындыгында элестетүү кыйын.

  Карапайым советтик жоокерлер өз өмүрүн курмандыкка чалса дагы, Вермахттын тири укмуштай куралданган аскеринин жеңиштүү жүрүшүн токтотуп калууга жетишкен. Советтер Союзу деп аталган ошондогу жалпы мамлекетибиз айыгышкан мына ошол кармашта сөзсүз жеңишке жетишмек. Анткени киндик каны тамган жери үчүн кашык каны калганча салгылашып, жанын курман кылууга даяр тургандарды эч ким, эч качан жеңе албайт! Совет эли дал ошентип Мекени үчүн тикесинен тик турду. Ажалдын көзүн тик карап, өлүмдөн такыр жалтанбады!

  Биз ынтымак менен, биримдик менен жеңдик. Улуттарга жана аймактарга бөлүнбөгөндүгүбүз үчүн жендик, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда өлкөбүз бир, Мекенибиз бир болгондугу үчүн жеңдик. Кыргыздар, казактар, өзбектер, тажиктер, орустар, украиндер, белорустар жана Советтер Союзунун башка улуттарынын өкүлдөрү «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып», фашисттик баскынчыларга каршы чогуу салгылашкан эле.

Улуу Жеңишке жетиш үчүн миллиондогон адамдардын кырчындай өмүрү кыйылды. Ошол каардуу жана катаал согуштан жаракат алган миллиондогон жүрөктөр өмүрүнүн акырына чейин жараланып жүрүп өттү…   Эгерде аталар Мекенин сүйсө, балдарды Ата Журтту сүйүүгө мыкты тарбиялоого болот деп айтылат. Биздин ардактуу аталарыбыз, кадырман ардагерлерибиз жана ооруктун эмгекчилери Мекенди чындап кадырлаарын канжаны, бүтүндөй өмүрү менен, ак эмгеги менен далилдешти.

Улуу Жеңишке жетиш үчүн миллиондогон адамдардын кырчындай өмүрү кыйылды. Ошол каардуу жана катаал согуштан жаракат алган миллиондогон жүрөктөр өмүрүнүн акырына чейин жараланып жүрүп өттү…

Эгерде аталар Мекенин сүйсө, балдарды Ата Журтту сүйүүгө мыкты тарбиялоого болот деп айтылат. Биздин ардактуу аталарыбыз, кадырман ардагерлерибиз жана ооруктун эмгекчилери Мекенди чындап кадырлаарын канжаны, бүтүндөй өмүрү менен, ак эмгеги менен далилдешти.

Кыргызстандык жоокерлер жана ооруктун эмгекчилери жалпы совет эли менен бирдикте майданда кан кечип, фронтту ок-дары, жарак-жабдык жана азык-түлүк менен камсыз кылып, согуш азабын чогуу көтөрүштү. Советтик Армиянын катарында 360 миңден ашуун жердешибиз баатырларча салгылашкан. Алардын ысымдары ыйык согуштун даңктуу таржымалында түбөлүккө жазылып калды. Немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы согушта көрсөткөн каармандыгы, баатырдыгы жана эрдиги үчүн 150 миңден ашуун жоокерлер жана командирлер орден, медалдар менен сыйланган. 22 жердешибиз “Даңк” орденинин толук кавалери болуп, 73 жоокерге Советтер Союзунун Баатыры деген эн жогорку наам ыйгарылган.

Тынчтык менен биримдик – бабаларыбыздын баасы чыккыс баалуу белеги! Аталарыбыз, апаларыбыз кыялданып, умтулган жакшы заманды, төрт тарабы төп келген мамлекетти куруу биздин колубуздан келет. Ынтымакта жана биримдикте болсок, алакандай алтын бешигибиз - Кыргызстанды кубаттуу, гүлдөгөн мамлекетке айландырууга болот. Мына ошондо гана биз согуш майданында кан кечкен ата-бабаларыбыздын арбагы алдында тизе бүгүп терең таазим кылганыбыз болот деп эсептейм. Мына ошондо гана биз улуу муун алдындагы өз милдетибизди татыктуу өтөгөн болобуз.

Эрдигиңиздер  эч качан  унутулбайт  урматтуу  ардагерлер!   Сиздердин  эрдигиңиздерге  түбөлүк  т а а з и м !

Эрдигиңиздер

эч качан

унутулбайт

урматтуу

ардагерлер!

Сиздердин

эрдигиңиздерге

түбөлүк

т а а з и м !

 Жашасын улуу жеңиш  Каректей жерин сактаган, Касташкан жоосун таптаган. Элинин күткөн тилегин, Эсепсиз эрлер актаган.  Жашасын жеңген элибиз! Гүлдөсүн эркин жерибиз!  Жектесе жеңбей койбогон, Жеңилбес биздей эл кайда! Кеңдиги чексиз асманда, Биздин жер,сендей жер кайда!  Жашасын жеңген элибиз! Гүлдөсүн эркин жерибиз!   А.Токомбаев

Жашасын улуу жеңиш

Каректей жерин сактаган,

Касташкан жоосун таптаган.

Элинин күткөн тилегин,

Эсепсиз эрлер актаган.

Жашасын жеңген элибиз!

Гүлдөсүн эркин жерибиз!

Жектесе жеңбей койбогон,

Жеңилбес биздей эл кайда!

Кеңдиги чексиз асманда,

Биздин жер,сендей жер кайда!

Жашасын жеңген элибиз!

Гүлдөсүн эркин жерибиз!

А.Токомбаев

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!