СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Достук байлыктан кымбат.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Достук байлыктан кымбат.»

Сергек жашоо образы. 8-класс

2 Тема: Достук байлыктан кымбат.

Максаты:

"Достук" түшүнүгү – бул достуктун башка мамилелерден

жана үйрөнүп калуудан айырмасы

Күтүлгөн

жыйынтыктар:

Нравалык сапаттарын көрсөтөт: дос күтө билүү, достукту

баалоо. Бири-бирин колдоону билүүсү жана өз ара сыйла-

шууну көрсөтөт.

Жабдуулар:

Жазуу кагазы, маркерлер, «Мыкты кеңештер» кутучасы,

флипчарттагы «Байыркы свиток», «Аалам», «Достук», түстүү

кагаз жылдызчалары.

Класстык сааттын жүрүшү:

Киришүү

Адам коомдо жашайт. Аны үй-бүлөсү, достору, кошуналары, классташтары курчап турат. Адамдар ортосунда тигил же бул топко тиешелүүлүгүнө жараша белгилүү бир мамиле куруу жана жүрүм-турум эрежелери бар.

Чакан топтор менен иштөө.

Тапшырма: Сүйлөмдү аягына чыгаргыла

1-топ. Дос - бул,...

2-топ. Мен көбүнчө досум менен ......

3-топ. Дос менен жолдош бирдей эмес, анткени....

4-топ. Досуң менен ... болот.

5-топ. Мен... үчүн достошом...

Топтордун ишин коргоо.

Мугалим: Дос - бул баарына ишенүүгө мүмкүн болгон сага ынанымдары жана жан дүйнөсү жактан

жакын адам.


Негизги бөлүм

1-кадам

Достук-байлыктан кымбат".

Достук деген эмне?

Достук - бул өз ара ишенимдерге негизделген жакын мамиле.

Достук – бул өз ара бекем мамиледе болуу, жалпы кызык чылыктарга ээ болуу мамилеси. Достук - бул акыйкаттыкка жана мыкты мамилеге карата биримдикт е болуу. Бардык адамдардын бири-бирине болгон мамилеси кайсы бир деңгээлде достуктун элементтерин билдирет. Достук бул бири-бирин урматтоонун, бири-бирине болгон ишеничтин, жалпы көз караштын, жалпы кызыкчылыктын аркасында келип чыккан бири-бирине болгон ажырагыс мамиле. Адатта бири-бирине окшош адамдар дос болушат, мүнөздөрүнүн дал келүүсү алардын мамиле куруп кетүүсүн жеңилдетет. «Досуңдун ким экендигин айтып берсең, мен сенин ким экениңди айтып берем" деп бекеринен айтылбаган». Достук – бул, баарынан мурда чын дилинен мамиле кылуу, досунун каталарын сындоо. Кетирген катаңды оңдоо үчүн достош эң биринчи катуу сын айтуусу керек. Балдар достук силерге бактылуулук сезимин бере алабы? (балдардын жообу: ооба).

“Бакыт” деген сөздө "чогуу катышуу" деген маани жатат-бул сөздүн түпкү мааниси ушундай. Ушул чогуу катышуунун өзү достукту камтыйт. Аны жоготпоо керек. Сен буга макулсуңбу?

2-кадам

Жекече иштөө "Достуктун бекемдиги"

Тактайда (флипчартта) байыркы свитоктун (түтүкчө сымал оролгон кагаз) сүрөтү илинген. Окуучулар стикерлерге алардын оюу боюнча достукта эң негизги нерсени мүнөздөгөн критерийди жазат жана аны "свитокко" чапташат.

Балдардын болжолдуу жооптору:

  • кайгысын жана кубанычын түшүнө,

  • уга,

  • бөлүшө билүү,

  • сиздин жан дүйнөңдү сезе жана ага таасир эте билүү,...

Мугалим: Бизде дос-достук менен байланыша билген адам, бири-бири үчүн жанын

берүүгө даяр адам деген жыйынтыкка келдик.

3-кадам

Мээ чабуулу: «Мааниси жагынан жакын...

Мааниси жактан бири-бирине жакын сөздөрдү тапкыла:

  • Дос-(сен үчүн отко да сууга да даяр адам)

  • Жолдош – (жашоо шарты боюнча ишмердигинин түрү, алектенүүсү боюнча сага жакын адам): мектептеги курбуң, уруш талаасындагы жолдош, жумуштагы жолдошуң ж.б.).

  • Курбу – (сени менен мыкты, жөнөкөй мамиледе, бирок өтө жакын мамиледе болбогон адам).

  • Теңтуш - (сени менен бир курактагы адам, б.а. бир жылдагы, бир курактагы адам).

Жоопторун бардык варианттары тактайга же флип-чартка жазылат.

Мугалим: Дос, курбу, теңтуш, жолдош -бул сөздөр мааниси жагынан жакын, синоним сөздөр.

Канткен менен жөнөкөй эле курбулукка караганда достук башка адамдын жан

дүйнөсүнө кайгы-кубанычын тең бөлүшүү сезимин ойготкон жан дүйнө абалы менен

айырмаланат. Курбулар көп, ал эми дос бирөө гана болот. «Жолдош» сөзү алгач

«компаньон, биргелешкен иштин катышуучусу» деген түшүнүктү берген.

4-кадам

(Мугалимдин тандоосу менен эки көнүгүү тандалат.)

Көнүгүү 1. «Жылдыз»

Алынган жылдызчаларга анын ар бир нурчасына ансыз достукту элестетүү мүмкүн болбогон сапаттарды жазгыла.

Болжолдуу жооптор:

  • өз камын ойлобоочулук,

  • жоопкерчилик,

  • урматтоо,

  • ишенимдүүлүк,

  • сабырдуулук,

  • ак көңүлдүк,

  • тактык,

  • алдын алуучулук,

  • чынчылдык,

  • эмгекчилдик,

  • тырышчаактык,

  • умтулуучулук,…

Жылдызчалар ааламдын сүрөтү тартылган флип-чартка чапталат.

Мугалим: Мына биздин Аалам эң кыйын учурларда дагыт биздин жолду жарыктандырып

туруучу “Достук жылдыздары”менен толтурулду.

2-көнүгүү

Чакан топтор менен иштөө: Кырдаалдык тапшырмалар.

Топторго бөлүнүү: «Мага колдоо керек...» деген оюнду колдонуу менен, өз топторун түзүүчү

5 алып баруучуну тандайт. Ар бир алып баруучу кезеги менен

окуучулардын биринин жанына барып, ал окуучунун атын атап "Мага сенин колдооң

керек, анткени сен сүрөттү жакшы тартасың.. ж.б. деген сөздү айтып, өзүнө жардамчы

тандайт ». Кийинки колдонмону жасоо керек: «Алып баруучу өз досторунан эмес, ал

аз мамиле кургандардын аарасынан тандайт, анткени ар бир адамдан байкоого

маанилүү болгон оң, баалуу сапаттарды табууга болот.

Тапшырма: кырдаалды карап көрүп чыныгы дос алдын ала кандай чара көрөөрүн талкуулагыла. Проблеманы чечуу боюнча топтун бардык мүчөлөрү бир пикирге келүүсү керек.

1-топ: Сенин досуң үй тапшырмасын аткарган жок жана көчүрүп алуу үчүн сенин дептериңди

сурады. Макулсуңбу?

2-топ: Сенин досуң жаман сөздөрдү сүйлөйт. Сен да ошондой сөздөрдү колдоносуңбу?

3-топ: Сенин досуң жаман баа алат жана аны менен достошууга тыюу салышты. Сен ал

тыюсалууга макул болот белең?

4-топ: Дос күтүү үчүн алардын эркин бийлей билүү керек. Ceн буга макулсуңбу?

5-топ: Дос күтүү үчүн дос боло билүү керек. Ушундайбы?

Кырдаалды талдоонун жыйынтыктарын жактоо.

Мугалим: Проблеманы чече билген ар бир адам өз тагдырынын куруучусу болуп саналат. Досуна жардам берген адам алардын достугу чыныгы, туруктуу экендигин далилдейт.

5-кадам. (Мугалимдин тандоосу боюнча 2 көнүгүү сунушталат)

Көнүгүү 1

Жуп-жубу менен иштөө: Эмне үчүн достук бузулат?

Тапшырма: адамдын кандай сапаттары жана жоруктары достукту бузат, аныктагыла.

Окуучулардын болжолдуу жооптору:

  • Жеке кызыкчылыктарынан, алсыздыгынан достук бузулатортосунда кастык пайда болот.

  • Атак-данк учун атаандашуудан улам айрым достордун

  • Достук качан кандайдыр бир тартипсиз жоруктарга түүртүүдөн бузулат.

  • Жароокер жагынуучулук.

Эгер окуучулар жогоруда көрсөтүлгөн себептерин айтышпаса, анда аларды ушуга жеткируу керек.


Мугалим: Достук бузулуусу мүмкүн. Эмнегедир жок нерселерден, тушунбөстүктөн көбүнчө ортодогу мамиле сууйт: адилетсиздик, кенул бурбоочулук, унутчаактык, милдетин билбегендик -ага карата айтылган жана айтылбаган таарынычтар жана кайгыруу. Алардан улам бекемдей көрүнгөн мамиле бузулат. Достукту сактай билгиле.

Көнүгүү 2

Практикалык иш: «Мыкты кеңештер» кутусу. "Мыкты кеңештep" kyтycyнaн"Достуктун башкы мыйзамдарын" табасыңар. Өз каалоосу боюнча кеңештер жазылган бирден жалбыракчаны алышат жана ал эмнени түшүндүрө тургандыгын айтышат, андан сон плакатка ромашка түрүнде чапташат.

Достуктун мыйзамдары:

  • Досуна кыйынчылыкта жардам бер.

  • Кубанычынды досуң менен бөлүшө бил.

  • Досундун кемчилигине кулбө.

  • Досун жаман иш кылып жатса токтото бил.

  • Кеңешинди, жардам бере бил, сын айтууга таарынба.

  • Досунду алдаба.

  • Досунду сатпа.

  • Досундун сенден башкалар менен да достошуу укугун урматта.

  • Өз убаданды дайыма аткара бил.

  • Өзүндүн катанды сезе бил жана досуң менен элдеше бил.

Мугалим: Достукка олуттуу карагыла. Достукту ыйык тутуу керек.Достукту сaктай билгиле.

Жыйынтыктоо

Жекече иштөө:

Тапшырма: Түстүү кагаздын ортосуна ар бириңер өз алаканынарды түшүргүлө жана анын ортосуна досуңарга жакшы сөз жазгыла. Алаканчалар "Достук" плакатына жайгаштырылат.

Мугалим: Бизде эң сонун "Достук" бурчу пайда болду. Бул бурчту досторубуздун сүрөттөрү, аңгемелери менен толуктайбыз.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!