СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Дооронбек Садырбаев

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Дооронбек Садырбаев»

Дооронбек Садырбаев – кыргыз кинорежиссеру жана жазуучусу.


Сабактын максаты:
1. Дооронбек Садырбаевдин орноктуу омуру, чыгармачылыгы менен тааныштыруу.
2. Дооронбек Садырбаевдин чыгармачылыгынын маани-манызын талкуулоо менен окуучулардын искусствого кызыгуусун арттыруу.
3. Патриоттулукка ундоо. Кесиптик тарбия беруу. Кругозорун остуруу.


Сабактын жабдылышы: Дооронбек Садырбаевдин жана кинотасмадан алынган суроттор.


Сабактын журушу:

I. Уюштуруу.
Сабактын темасы, максаты боюнча тушунук беруу.

II. Киришуу учун суроолор.
Дооронбек Садырбаев ким болгон?
Анын кайсы тасмасын коргонсунор?

III. Жаны теманы баяндоо.
Мугалимдин созу:
   Быйыл кыргыз эли Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдык юбилейин белгилеп жатат. Садырбаев, Дооронбек Садырбаев - кыргыздын чыгаан кинорежиссеру, жазуучусу жана коомдук ишмери. Өлгөндөн кийин ага Кыргыз Эл Баатыры наамы (2008-ж.) ыйгарылган.
Дооронбек Садырбаев Кыргызстандын түштүгүндө, азыркы Жалал-Абат облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында (мурдагы "Бирлик" колхозунда)1939-жылы 13-февралда туулган. Аны урматтап "Доке" деп кайрылышаар эле. Анын классташтарынын бири кыргыздын коомдук ишмерлеринин бири Абдуразак Султанов болгонун Доке өзү эскергени бар.
Атасы "Бирлик" колхозунун төрагасы болгон. Ал он төрткө чыкканда атасы 45 жашында оорудан каза болгон. Ошол айылда 7-класска чейин окуган.
7-классты бүткөндөн кийин райондун борборундагы №1 орто мектебине кирген. Ал жерде ынтымактуу окушкан, себеби: ар улуттун өкүлдөрү окуган.
Мектеп жашында ал жакшы окуган жана орус жана өзбек тилдерин да жакшы өздөштүргөн. Ошентип 1957-жылы орто мектепти аяктаган.
Кийин Бишкектеги (ал кездеги Фрунзе шаары) Медициналык институтка окууга тапшырган.
Академик Иса Ахунбаев сыяктуу илимпоздордун дарсын уккан.
Студент кезинен эле режиссердук жана кино өнөрүно кызыга баштаган.
4-курстан мединститутту таштап, жаңы ачылган Кыргыз сыналгысына режиссердук ишке орношкон. Муратбек Рыскулов, Жамал Сейдакматова, Бакен Кыдыкеева сыяктуу устаттар менен чогуу көптөгөн көркөм тасмаларды кыргызчага которууга катышкан, диктор катары тексттерди окуган.

Дубляжда (тасмаларды которууда) Вячеслав Тихонов, Кирилл Лавров сыяктуу орусиялык "актерлордун" үнүнүн котормосун Доке окуп жүрчү экен. Анын эскергенине караганда, бул иш ага дурус маяна табууга мүмкүндүк берип, чыгармачыл эркиндик алууга өбөлгө түзгөн.
   Ал режиссердук кылган даңазалуу "Махабат дастаны" тасмасы 1983-жылы тартылган жана кыргыз көрөрмандарынын жылуу баасына арзыган.
Бул тасма жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытаар бир күн" романындагы бир окуяга негизделип тартылган.
   Ал өз замандаштары Төлөмүш Океев жана Болот Шамшиевдин кыргыз кино өнөрүндөгү улуу көчүн андан ары уланткандардын бири болду.
1992-93-жылдары Чеченстанда, Иракта, Грузияда болгон. Жохар Дудаев, Гамсахурдия сыяктуу саясатчылар менен маек куруп, кийинчерээк алар тууралуу макалаларын кыргыз тилинде жарыялаган.
Түркияда да "Ихлас фильм продакшн" кино студиясында иштеп, үйрөнчүктөргө кино өнөрү боюнча сабак берген учурлары болду.
Кийинчерээк эл-жерине кайтып келип, 1994-жылдан 1995-жылга караган кышта оппозициячыл саясатчы катары шайлоого катышып, жеңишке жетишти. 1995-жылдан тартып көзү өткөнчө ал Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты (1995-2008) болгон.
Дооронбек Садырбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өзгөчө жигердүү депутаты болгон. Ал депутат кезинде калыс сөзү, оппозициячыл маанайы менен айырмаланган. 21-кылымдын башында Кыргызстанда бир катар оппозициячыл нааразылык жыйындарын уюштурууга катышкан.
   2005-жылкы 24-марттагы элдик ыңкылапты колдогон коомдук ишмерлерден болгон.
2008-жылы 28-майда алтымыш тогуз жашында оорунун айынан Бишкек шаарында каза тапкан. Д.Садырбаевдин ысымы Бишкектеги мурдагы Бах көчөсүнө берилген.
  Анын айрым юмордук аңгемелери (маселен, "Сатин көйнөк" - «Ситцевый бумеранг» аңгемеси) 30дан ашуун тилге которулган.
  Кыргыз акыны Алыкул Осмонов туралуу кинороманы Москвада орус тилинде чыккан.  1916-жылкы кыргыз көтөрүлүшү жана 1990-жылкы Оштогу улуттар аралык кагылышуу тууралуу эскерүүлөр камтылган даректүү тасма (орусча "Песня памяти")даярдаган.

IV. Бышыктоо.
- Дооронбек Садырбаев ким болгон? -деген суроонун жообун толуктайбыз.
              (окучулар менен талкуулап, сабакты бышыкталат)

V. Уйго тапшырма беруу.
 Дооронбек Садырбаев жонундо теле, газета-журналдардан окуп, кобуроок билип келгиле.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!